Алтай жомогу

Байыркы-байыркы заманда ат менен уй бир өзөндөн суу ичип, бир чыйыр менен жайытка барчу экен.

Бир жолу, жайкы күндүн биринде, ат уйга минтип калды:

— Эжекебай, экөөбүз бир аңга түшүп көрбөйлүбү? Аякта салкыныраак.

Экөө эрчишип төмөн түшө баштады. Бир убакта уй озондойт:

— Ой, ой, ат байке, мында өрт болуп аткан турбайбы!

Жылкы жаныбар не болду деп таноолорун дердейтип жыттады, көзүн кайра-кайра ирмеп, алайтып тиктесе, чын эле аңдын түпкүрүндө жылдыздар чачылып жатыптыр.

— Кел, ушул жылдыздарды кармап калабыз, алар жер бетинде калсын.

— Мен биринчи көрдүм, мен биринчи барам!

— Сенин туягын жука, буттарың күчсүз – кармай албайсың.

Бирок уй өзүнүн айтканын бербей, жылкы байкесинин кебин укпай койду. Анан төмөн секирди, жымыңдаган жылдыздарды туягы менен басып калды. Жылдыздар бир селт этип жоголуп кетип, анан мурдагыдан да жарык жанды. Уйдун туягы экиге ажырап, анан калтырап турду. Жылдыздар болсо аңдын түпкүрүнөн көктүн терең жерине барып алды.

— И хо-хо! Эми сенен туягың айрыга окшоп калбадыбы.

— Мо-о, му-у-у… – Уй ыйлап кирди. – Ат байкебай…

— Мындан ары биз бир тууган эмеспиз. Сенин бажаларын эми айры туяктар.

Ошондон кийин ат менен уй достугун үзүптүр, асманда болсо Үркөр жылдыз пайда болуптур.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *