Авиакырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жамы журт кайышып турган маалда өлкө президенти өзүнүн азадар кайгысын билдирбей отурганына сиз кандай пикирдесиз?

Болот АБДЫЖАПАРОВ, журналист: Улуттук лидери эмес экенин көргөздү. Улуттун лидери ушундай учурда эл менен бирге болуп, башын бириктирип чыйралтып турушу керек эле!

Базарбек КЫДЫРАЛИЕВ, убактылуу жумушсуз: Эл кайышып турганда башына күн түшүп кайгыргандарга канат болуп берсе болмок.

Айзада КАСМАЛИЕВА, журналист: Окуя болгон жерге дароо жетип барып, каза тапкандардын жакындарына кайрат айтып, жөнөкөй эле адамдык жылуу ишаратын көргөзсө болор эле. «Силер жалгыз эмессиңер, бул жалпыбыздын кайгыбыз» деген колдоого, камкордукка абдан муктаж болуп турбадыбы жабыркагандар.

Аким КОЖОЕВ, жазуучу: Кырсык баскан жерге биринчи кезекте жетип барыш президенттин парзы болчу. Же бир элге теле аркылуу болсо да көңүл айтканга жарабады. Мамлекет башчы үчүн андан зарыл иш бар беле?!

Аскер САКЫБАЕВА, журналист: Эми президент кайгысын такыр эле билдирбей койду десек болбойт ко. Президент өз кызматтык милдетине ылайык иштерди аткарды. Аза күтүү күнүн жарыялады, өз фондунан ар бир кырсыкка учураган үй-бүлөлөргө жардам бөлдү дегендей. Биз баарыбыз эле президент демейкиден башкача кийинип алып, аман калгандардын абалын сурап, колдорун кармап койсо жакшы болмок деп ойлоп жаттык. Бирок ал антпеди. Эми кайгыны ар ким ар кандай кабыл алат, көтөрөт. Биз деле фейсбукта канча деген адамдар жөн эле туура келген, келбеген жерден деле ажылдап, тиги кана, бу эмнеге көрүнбөйт, эмне үчүн баланча акчаны бере коюшпайт деп кыйкырып жаткандарды көрүп, окуп жатпадыкпы. 25 сом которгонун мактаныч же өзүн көрсөтүп коюу үчүн, мына мен моминттим дегендерди да көрүп жатпайбызбы. Ар бир адам өз абалына, эмоционалдык чыңалуусуна жараша тиги неге минтпейт, бул эмне ал жерге барбайт деп, ар кимди атап, өйдө-төмөн сөз айтып жатышат, азыр деле.

Сөздүн кыскасы, президент эмнеге анткен жок, минткен жок деп жөөлөй берүү туура эмес. Ал өз эли менен эле болду. Сөзсүз эле көрсөтмө кылыш үчүн эл алдына чыгып шолоктоп ыйлаш керек беле?

Айнура АБДИЛАЗИЗОВА, жеке ишкер: Өлкөбүздөгү бул окуяга өлкө башчысы, журт башчысы катары элге чыгып кайрат айтып, кайгысын бөлүшүүсү керек болчу. Ошондон улам президентибиздин үн катпаганын түшүнүү кыйын болуп турат.

Мелс КАДРАЛИЕВ, жөнөкөй жаран: Өкүнүчтүү. Жалпы эл аза күтүп, жабыр тарткандарга колунан келген жардамын берип атканын көрүп, мындай элибиз менен сыймыктансак болот. Ал эми А.Атамбаев мамлекет башында туруп, кайдыгерлик мамиле жасаганы көрүнүп эле турат. Айтор, А.Атамбаев өзүн көрсөттү: элине күйө турган эмес…

Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист: Элин кайгы басып, чыркыраган жандар там алдында талкаланып, кышкы аязда армандуу одүйнө салып турган маалда Атамбаев мүңкүрөгөн элине кайрат айтып, эл арасында жүрсө болмок. Ал анткен жок, куру дегенде көчүгүн өйдө көтөрүп видео кайрылуу кылганга да жарабады! Атамбаев өзү сүйлөгөн сайын сындаган мурунку президент Курманбек Бакиев буга караганда боорукер, адамкерчиликтүү экен. Ал кырсык болгон жерге өзү барып, тикесинен турчу.

Тахмина НУСУПОВА, мигрант: Ар бир инсандын өзүнүн жеке адамдык уятында бул иш. Жумурай журттун башына кайгы түшүп турганда ажобуз барган-барбаганы да өзүнүн жеке иши чыгар? Ошон үчүн кандай кылса туура болмок, билбейм.

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ, укук коргоочу: Катардагы адамдарды кайдыгерлер деп тилдеп калабыз, президенттин бул жоругу кайдыгерликтин бийик фазасы болуп калды. Журт башчысы катары эли кайгырып турганда үн катпаганы баарыбыздын көңүлүбүздү оорутууда…

0 Replies to “Сурамжылоо: Калк башына кайгы түшкөндө ажо неге үндөбөйт?!”

  1. Ошентсе да эл алдына бир чыгып кайгыны тен болушсо болмок !ал эми маркумдардын уй булосуно акчалай жардам беруу кайсы президент болсо да кылмак !

  2. Бутундой Кыргыз эли кайгырып турганда ун катпай койуу бул туура эмес А Ш АТАМБАЕВ бул жоругу менен оз денгелин бут дуйного коргозду. Кошуна олколор да оз ажообуз ун катпаганы учун алар да Кыргыз элине конул айтпады . Бул А Ш Атамбаевтин шермендечилиги!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *