БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Орус математиги Иван Матвеевич Виноградов 1891-жылы 14-сентябрда Великие Лукиге чукул Милолюб деген айылда (азыркы Псков облусу) туулган. Атасы дин кызматкери болгон. Энеси Александра Федоровна Псков гимназиясын бүткөн. Ал математиканы абдан жакшы көрүүчү, ошондуктан өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдү уулума бере алдым деп эсептөөчү. Ал эми атасы болсо “адам айбандан мээси менен гана айырмаланат. Ваня, оку, эч качан акчанын артынан түшпө…” – деп үйрөткөн.

Ваня кичинекей кезинде сүрөт тартканды өтө жакшы көргөн. Ошондуктан аны ата-энеси Великие Луки шаарындагы окуу жайга беришет. Ваня ал жерден математикага кызыгып калат. 1910-жылы ал Петербург университетинин физика-математика факультетине тапшырып, аны 1914-жылы ийгиликтүү аяктайт. Студент кезинде эле сандар теориясы боюнча мурда чыгарылбаган оор маселелерди чыгарып, мугалимдерге таланттуу студент катары таанылган. Ошондуктан окууну бүтөрү менен университетте калтырылган.

1918-жылы Перм университетинин доценти болуп дайындалат. Көп өтпөй профессор наамын алат. 1920-жылы Петроградга которулат да, политехникалык институтта, университеттерде лекция окуйт. 1929-жылы СССР ИАга академик болуп шайланган. 1934-жылдан СССР ИАнын В.А.Стеклов атындагы математика институтунун директору болуп иштеген. Бул орунга бир нече жолу кайра шайланган. Ал Лондон королдук коомунун жана бир нече дүйнөлүк коомдордун ардактуу мүчөсү.

И.М.Виноградовдун эмгектери негизинен сандардын аналитикалык теориясына арналган. Сандардын аналитикалык теориясынын суммалоо методун түзгөн. Бул метод аркылуу сандар теориясынын Варинг проблемасы, Гильберт-Камке проблемасы, Вейль суммасынын баалоо проблемасы жана Гольдбах проблемасы деп аталган маселелерди чечкен.

Мындай бир тарыхты эскерели. 1742-жылы Петербург Академиясынын алгачкы академиктеринин бири Христиан Гольдбах (1690-1764) белгилүү математик Л.Эйлерге кат жазат. Ал катта беш жана андан чоң ар кандай так санды үч жөнөкөй сандын суммасы, ал эми төрт жана андан чоң ар кандай жуп санды эки жөнөкөй сандын суммасы түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө боло тургандыгы айтылган (бул Гольдбах проблемасы деп аталат). Эйлер ага жооп кылып анын жуп сандар үчүн туура экендигин, бирок далилдей албастыгын билдирген. Мына ошентип белгилүү Гольдбах-Эйлер проблемасы пайда болгон. 200 жыл бою бул маселени эч ким чече алган эмес. 1912-жылы эл аралык конгрессте сандар теориясы боюнча адис, белгилүү немец математиги Эдмунд Ландау “Гольдбах проблемасына азыркы математиканын күчү жетпейт” деп билдирген, 10 жылдан кийин англис математиги Горальд Харди да ошол тыянакка такалган. Бул проблеманы чечүүгө таланттуу орус математиги Л.Г.Шнирельман (1905-1938) туура аракет кылган жана айрым натыйжаларды алган. Бирок күтүлбөгөн ажал анын проблеманы аягына жеткиришине жолтоо болгон.

1937-жылы бүткүл дүйнөнүн математиктерине күтүлбөгөн окуя болду. Гольдбах проблемасын жаңы метод колдонуу менен И.М.Виноградов далилдеди. Бул бир гана мисал. Ал мындай ачылыштардын далайын жасады.

И.М.Виноградов 1971-жылы М.В.Ломоносов атындагы алтын медаль менен сыйланган. “Аналитикалык сандар теориясындагы жаңы метод” деген китеби 1941-жылы 1-даражадагы СССР Мамлекеттик сыйлыгына арзыган. Ал эми 1972-жылы Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон. Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган. 4 Ленин ордени менен сыйланган. 1977-85-жылдары чыккан 5 томдук “Математикалык энциклопедиянын” башкы редактору болгон.

Дагы бир кызыктуусу – И.М.Виноградов ар дайым спорттук көнүгүүлөрдү жасап, лыжа тээп, тоого чыкканды жакшы көргөн. Музыканы да берилип угуп, көркөм адабиятты окугандай эле талдай билген. Сүрөттү да жакшы тарткан.

Академик Ю.В.Линник И.М.Виноградовду “Жогорку математиканы өзгөрткүч”, М.В.Келдыш “өзү тирүү кезинде классик болгон адам” деп аташкан.

Ал 1983-ж. 20-мартта Москвада каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *