Шиңгил аңгемелер

ГҮЛ

Эй, розалар – ачылмай да, соолумай,
Жүргөн желден бүрүң түштү оорудай.

Бажырайып турбадыңар бир апта,
Көңүл сынды, көрктү мүшкүл тооруду ай.
(Омор Хайям)

Бул – гүл. Биз жашаган жарыктыкка чыгып келүүгө ашыгып, гунчалары акырын ачылып, биринчи жолу күндүн нурун сүйдү, ошол нур, ошол тап жакты баарынан.

«Саламатсыңбы, Күн!» – деди ал гунчаларын жазып-түзөй, ачылып чыгары менен. Анан жел сокту, желге эркеледи, жел аны аймалап, жытын уурдап, кандайдыр бир жактарга алып кетти.

Гүл жытын уурдатып жиберди. Көп жыттар биригип, башкача бир тазалык, пакизалык орноп калгансыды бул аймакта.

Кийин аары конду. Ал байкуш гүлдүн сөлдөрүн шимире-шимире соруп капилеттен эле мас болгонсуп, ызылдап ары-бери уча баштады. Көйрөң көпөлөк келди, өзүнө кошо башка бир гүлдүн жытын ала жүрүптүр, чамасы көпөлөк жыт менен деле иши жок ко, тез эле гүлдү кайра танып, канаттарын каккылап учуп кетти, ага башка бир гүл артык көрүндү…

Шамал жүрдү. Гүлдүн башы жерге тийип, үзүлүп кете жаздады, жан-алы калбай ийиле берди, болбосо бели мыйрыйып сынып кеткидей…

Анан шамал тык токтоду да, жамгыр төгүп кирди. Гүлгө конгон көпөлөктүн заңын жууп салды, ичиркенип үшүп кетти гүл. Өткүн өттү. Аба укмуштай тазарды. Башка гүлдөрдөн да жыт келди, гүлдө жамгырдын кош тамчысы калды – эки окшош тамчы, гүл ошону сүйдү, ошонун тура беришин каалады…

Эртеси гүлдү үзүп ташташты, аны балдар экзаменде агайынын астына хрусталь вазага салып келип коюшту. Агайы гүлдү карап отуруп көп нерселерди ойлоду…

Кийинки күнү гүлдү мектепти жууган аял ыргытып салды, артынан бир нерселерди сүйлөнүп койду, гүл болсо жерде жалпайып калды, а мектептен чыккан балдар анын белин майыштыра басып өтүп жатышты…

 

ТУМАН

Азыр мектептин терезесинен балалык өткөн Көкдөбө көрүнүп турат. Көкдөбөнүн булагы бар коктусу менен бир үзүм булут жогору карап жөрмөлөп чыгып баратат. Көз алдыма бир элес тартылды…

…Чатырдын үстү дыбырап, жамгырдын күүсүнөн тургуң келбейт, жылуу төшөк, жылуу жай. Сырттан чатырдын оозун көтөрдү да, энем кирип келди:

— Айтпадым беле, кечээ Алтынказыктын үстүн булут басты, бизди көрүп кетти, эми жамгыр жаайт деп… а силер тил албайсыңар, кечээ караган, тезек терип койсоңор го, бүгүн минтип үшүп жатпайт элеңер!

— Тур, Адиш, кеттик! Туман түшүптүр, булактын көзүн бекитебиз, анан булут суу ичпей, жамгыр жаабай калат! – дедим мен үкама.

— Жүр, кеттик!

— Эй, эй, булут, туманыңды алып кет, жамгыр бизге жетет эми! – Жаман сартчапандарыбызды жаап, булактын көзүн калкаладык.

— Ичпе, туман, ичпе, булактан, булакты биз ичебиз, мал ичет, а сен баарын түгөтүп кетип каласың, анан булутка барып кошулуп, биздин булактын суусун уурдап келгениң үчүн булуттан ыракмат аласың. А биз ылдыйкы булактан суу ташып калабыз. Токто, туман, токто, ичпе булактан!

— Эй, Адиш, ичпе булактан десең туманды? Азыткы жокпу?!

— Жок! Беките бер, булактын оозун! Эй-эй, албарсты келбе, биздин жаныбызга келбе дейм, Аттокур куугунчу бар, келбе, чачыңды кыркып кетет.

— Эй, туман, кет, сүрүлүп кет, албарстыңды ала кет, сен кетсең, биз торпокторду агытабыз, көпөлөктөр чыгат, көпөлөк кубабыз, кымыздык издейбиз, талаага берип ийгени кызгалдак теребиз, кет, туман, кет!

— Оо, балдарым, каяктасыңар, Абан, Адиш, каердесиңер?! – Аңгыча энемдин доошу чыгат.

— Быяктабыз, эне!

— Эмне кылып атасыңар?

— Булактын көзүн бекитип атабыз, туман суу ичпесин деп.

— Оо, кургурлар, мен силерди издеп… Эне-атаңарга эсен-соо тапшырсам экен… Азыткы адаштырып кетет эми, келгиле…

— Кет, туман, кет, ичпе суудан, азыр биз чай ичип, энемдин жомокторун угабыз, а сен кет, сага булут болуп асманда жүрүш жарашат, кет. Мен сага ошондо «Саламатсыңбы, менин булутум!» деп кол булгалап кыйкырам. Сен ошондо мени тааныйсыңбы? А азыр кет! Кет, туман!

… Азыр мектептин терезесинен куду ошол балалык өткөн Көкдөбө көрүнүп турат, Көкдөбөнүн ошол булагы бар коктусу менен бир үзүм булут жогору карап жөрмөлөп чыгып баратат.

Дагы бир мен ошол коктуда жүрөт болду бекен?..

 

БУЛБУЛ

Булбулдан чечен бир куш жок
Кол башындай карасы
.

(Жеңижок)

Кызылбулактын багы. Таң сүрүлүп келатат. Булбул сайрап жатат. Менин көздөрүм булбулду издейт. Ал чыгарган үндөн улам аны тоодой элестетсем, а ал жалбырактардын далдоосунан көрүнбөйт. Кантип эле ушул бир кичинекей макулук ушундай керемет үн чыгарсын?! Балли, баракелде, булбул дос! Табийгат сага пилдей чоңдук бербептир, табийгат сага безеленген, өзүңдөн башка эч кимде жок укмуш үн бериптир. Бир гана сени жаратканы үчүн биз, адамдар, табийгатка жатып-туруп шүгүр кылсак болот.

Кичинекей кезибизде Мамадияр абанын багына булбул үнүн укканы барар элек, бир убак булбулдар безеленип сайрап кирчү, биз дем тарта албай, кулагыбызга кумдай куюп, муюп олтуруп калчубуз. Булбулдун үнүн туурайбыз деп көпкө убараланар элек. Мамадияр аба, жарыктык киши, өмүр бою булбул үнүн угуп жашады, ал токсон жетиге чыкты, ошол жашка чейин кайраттуу жүрдү, эшегине минерде колтуктап койсоң «өзүм эле» деп калчу, «менде жигиттин күчү бар» деп койчу ыраматылык. Өзүмчө ойлойм: балким, ошо кишиге булбул үнү кыйла жаш, кыйла күч кошуп берсе керек…

Жакында Мамадияр абанын багына бардым. Булбул да жок, булбул ээси Мамадияр аба да жок, өрүкзар да айдоо жерге орун бошотуп бергени жатыптыр. Менин ичимден үн чыгып кетти:

— Кайдасың, менин балалыгымдын булбулдары?!

 

КАЙТКАН ТУРНАЛАРГА КАЙРЫЛУУ

Кеттиңерби?! Ай барып, аман келгиле!.. Садага кетейиндерим! Чурулдашкандарын! Сапарга аттанып калыпсыңар? Түгөлсүңөрбү? Биздин жер силерди түгөл сактай алдыбы? Таарынбадыңарбы? Силерге карап эч ким мылтык кезебеди бекен? Үнүңөрдөгү, катар учушуңардагы сулуулукту, чырайды менин журтташтарым баары көрүштүбү, турналарым?

Алыс жолго баратасыңар, арыбагыла, бир боорлорум. Силерге биздин жердин деми кубат берсин. Силер көп нерсени билбейсиңер: айталы жолуңарда чегара деген болорун, андагы бардык былк эткен кыймыл ар кыл аспап, аппараттардын көзөмөлү, текшерүүсү алдында жүрөрүн, көп түркүн өлкөлөрдү кыдырып өтөрүңөрдү… Муну ойлобойсуңар да. Ылайым силердин жолуңарды эч ким тоспосун. Силер бараткан жагыңарга биздин жердин бейпилдигин, адилеттигин, ак дил, кең пейилин ала учкула. Барар жериңерге кыргыз тоосунун ак карынын демин, Ысыккөлдүн шапатасын жеткиргиле! Анан биз тарапта көктөм башталганда силерди көпкө күтпөгүдөй бололу, анда менин жүрөгүм сагынычтан жарылып кетет. Кайра түгөл келгиле! Биздин жерди сагынып, саргайып, эңсеп келгиле! Бизге жаз жытын, бейпилдиктин, актыктын сүйүнчүсүн ала келгиле!

Кошкула, анда, үнүңөрдөн ананайын, бир боорлорум, эсен барып, аман келгиле! Ак жолуңар ачылсын! Асманыңар – бардык тирүүлүктүн көк теңири түбөлүк силердин ээлигиңерде болсун!

 

ЖИЙДЕ

Көр тиригликтин көйгөйүн ойлоп көңүл чөгүп көчө менен илкий басып бараттым, бут араң шилтенет, баш зыңылдайт. Бир убакта мурунга башкача бир жыт келди. Кадамым шилтенбей дендароо болуп туруп калдым. Жыт. Укмуш жыт. Ошондо мен көп дарактардын ичинен бозоргон жийдени, анын бариктеринин арасынан жылдыздай жыбыраган майда сары гүлдөрдү көрдүм. Ошол жийде жыттанып жатыптыр. Жакындадым, мурдумдун таноолорун дердеңдетип, кайра-кайра жыттадым. Кангыдай эмесмин, жытка кумар болдум, мас болдум…

Мен баарын унуттум: баш оорумду да, көңүл чөгөргөн көр тиричиликти да, жумуштан кийинки чарчоону да. Башкача, жаңыча болуп калгансыдым.

Кийин жай өтүп, күз жакындап келатты. Башкалардын катарында жийде бышты. Аттиң, бири кем дүйнөң эй! Мөмөсү жытындай болуп калса эмне, бар болгону экини араң жедим да, басып кеттим…

 

БАКТЕК        

Жерде бир тоголок дан жатты. Бактек аны көрүп, оозуна салды, сугунуп жибербей, уясына, кызыл эт балапандарына алып баргысы келди. Экөөнө тең бөлүп бермек… Балдары чыйпылдап кубана тосуп алышат, алар эненин тамак алып келгенин сезишет, байкуштар ачка жатышат, эптеп темир канат кылып койсо, өз жемдерин өздөрү таап кетишет эле.

Бактек кубана, шашыла уясын көздөй учуп келатты.

Жерде бир даана ок жатты. Өспүрүм бала аны тапты, колуна алды, үйдөн мылтык алып чыгып, аны атып көргүсү келди. Мылтыкка окту салды. Атууга эч нерсе көрүнбөдү. Туш келди атып ийгиси келбеди, жандуу бир нерсеге сарптайын деди.

Шашып учуп бактек келатты, элеп-желеп болуп өспүрүм аны мээлеп калды. Мылтык тарс этти. Бактекке коргошун жабышты, оозунан бир тоголок дан ыргып кетти, маша алдынан коргошундан бошогон калай учуп түштү.

Өспүрүм колунун түздүгүнө кубана басып кетти, уяда кызыл эт балапандар энесин күтүп атты, жерде бир тоголок дан жатты…

 

КЫЗЫЛ

Ал мени уулдуу кылып сүйүнттү. Мен тоого чуркадым. Тоонун эң сүйкүмдүү, эң чырайлуу, биринен бири өткөн гүлдөрүнүн кыпкызылдарынан терип келдим.

Ана, ал келатат, акырын басып, мага окшош наристемди көтөрүп, терезеге келатат. Мага келатат, анын колундагы чүрпөмдү алдым да, гүлдү сундум.

— Мен өзүм терип келдим, өз колум менен үзүп келдим, сенин эсен-аман көз жарышың менен куттуктайм, — энтиге сүйүнчүлөдүм кызыл гүлдөрдү сунуп.

— Сенби?.. Сен үздүңбү?.. Бекер кылыпсың!.. Кайра ушул гүлдөрдү ордуна коюп келчи? Мени ушинтип куттуктабай эле койчу? Азыр жакшы көрүнгөнү менен сен аларды өлтүрүп койдуң да, — деди  да  ал терс бурулуп кетти.

Биринен бири өтүп жайнаган кыпкызыл гүлдөр, кызыл эт наристе, кызыл бет мен – баарыбыз кыпкызыл дүйндө турдук…

Азыр эле уятым тараганда бетимдин кызылы кетет, кызыл эт ымыркай чоңоёт, кызыл гүл…

 

МАЖРҮМ ТАЛ             

Башыңды неге жогору көтөрө албай, төмөн ийип, сууга денеңди тутуп бутак-шактарыңды самсаалатып турасың, мажрүм тал? Эмне болду, ыйлап атасыңбы? Болбосо дайранын шарпылдаган доошуна кумар болуп, ага жакын келип тыңшап жатасыңбы? Же кимдир бирөөнүн алдында айып кылып, күнөөңдү чөгөлөө менен жуугуң келдиби? Же бу турушуң сени ыктай далдоого келишкен сүйүшкөндөргө таазимиңби? Бул эмнең, мажрүм тал? Неге башкалардан өзгөчө болуп жаралдың?

Табият бар сулуулугун сенден аябаптыр, сага келгенде өтө эле марттык кылыптыр. Сенин сулуулугуңду көл боюнда киринип бүтүп, таранып жаткан пери кызга салыштыргым келет, сулуу талым.

Жайкы желге ичке ноодаларыңдын акырын ыргалышынан, бариктериңдин бири бирине тийишип чыгарган үнүнөн жаратылыштын укмуш обонун угам, ырчы талым.

Суу боюн байырлап, башыңды ийип турушуңдан бир өксүктү, оомал-төкмөл дүйнөнүн көйгөйүн артынып, азаптын баарын денеңе сиңирип, ошон үчүн боюңду көтөрө албай калган го деп ойлойм, ыйлаак талым.

Көңүлүмдү бир муң басып, көзүм караңгылап турганда сага барам, мажрүм тал. Сен дайыма бооруңа кысып, туруш-турпатың менен мени жаңылап, сулуулугуң, ырчылыгың, ыйлаактыгың аркылуу өмүр-жашоомду толуктап турасың…

 

ЧЫРЫЛДАГАН ЧЫМЫНДАР

Багбан балтасын чарыктайт, араасын курчутат. Эртең таңдан туруп ушул өзөгү чириген карт талды кышкы отунга деп кыйып таштаганга камынат.

Чырылдаган чымчыктар бейкапар өзөгү чириген карт талды тандап, ошол талга уя салып, жаңы тирилигин баштаган атат…

 

КОЛУМДАГЫ ЧЫМЫН

Оң колума конгон чымынды сол колум менен чабайын деп карасам, байкуштун буттары титиреп, канаттары дирилдеп кетти…

Боорум ооруду. Чаппадым…

 

МАЛАКААКЫМ

Биз, адамдар, «Теректей бой бергенче, теменедей акыл бер» дейбиз. Сен боюңдун кыскалыгына таарынба! Биринчи болуп гүл ачканыңа ыраазы бол! Адамдар жазды сагынып, бук болуп жүргөнүбүздө сени көрөбүз, жан-жаныбар эң алгач сага ашык болушат, а сен баарына дем-күч бересиң, андан кийин сенден башка гүлдөр бийиктеп өсүп кетет, ошондо сен капа болосуңбу? Кейийсиңби? Андай болбо!

Сен бактагы гүлдөрдүн биринчисисиң, сен башталышсың!

Жаман жери өз күнүңдү көрүп бүткөндөн кийин гүл болбой эле каакым бүрүнө айланасың, баягы гүлүңдөн үлбүрөгөн бир нерселер калат, анан аны да шамал учуруп кетет, сен ошого туруштук бере албай учуп кетесиң, антсе да, дүйнөдөгү бир келип-кеткен табият кулундарынын бири катары адамдардын көңүлүндө жакшылыктын, башталыштын белгиси катары жашап жүрө бересиң, досум малакаакым…

 

ТЫТ

Сени кесип кетишти.

Сопоюп карт дүмүрүң, мыйрыйган белиң, жоон денең гана калды. Кунигиңди чыгарышып, али көгөрүп-көктөп, саратан жей элегиңде эле жалбырактарыңды тоноп коюшту. Жылда ушинтет. Жылда ушул акыбал.

Көрсө, сен бир гана нерсеге – жалбырактарыңды жибек куртуна жем кылып беришке гана жаралган турбайсыңбы, жалбырак бербей калгандан кийин сени отун кылып кесип ташташат, андан башкага жарабайсың.

Көчөдө келин-кыздардын жибек көйнөгүн, жибек жоолугун көргөндө сени эстейм, ошолорду чырай менен көрсөтөм деп сен жалбырак-бутагыңдан айрылып, көркүңдөн ажырап калдың. Мейли, ага кейибе, карт тыт, бу дүйнөгө сендейлер да керек.

Бирөө өзүн курмандыкка чалбаса, бирөөгө күн жок да…

 

КУУРАГАН ДАРАК

Сен неге турасың, куураган дарак?!

Жаздын келгенине денең жибип, бүчүр байлабасаң, жалбырак чыгарып, аны чоңойтуп, шамалга дирилдетпесең. Көпөлөктөр менен аарылар конуп, канаттуулар сага байыр албаса… Күздө саргарган барактериңди самсаалатып агызбасаң, койлор келип жалбырактарыңды терип жебесе, балдар башыңа чыгып бекинбечек ойнобосо… Турганыңды кара, адамдын ыйлагысын келтирип. Сен жок болгонуңда, сенин ордуңа миңдеген чөп чыкмак, карачы, канча чөпкө көлөкөң түшүп, бакуштарды саргартып ийдиң.

Кой, сенин жазаң – өлүм!.. Келе балта?!

Бир секунд?!

Кээде мен да ушул куураган даракка окшоп кетем.

Ошондо мага да өлүмбү?!..

 

АК БУБАК ӨРҮКЗАР

Биздин маалада ууру жок. Ууру болсо уурдайт эле да апрелдин соңундагы ак бубак өрүкзарды…

 

НӨШӨР

Нөшөрдү жакшы көрбөйм. Анын эмнеси жакшы, былчылдата чөөт кечип, аярлап жер тандап, каалаган жолдо баса албай, же кол чатырың жок, же плашың жок, көйнөгүң этиңе тийип ичиркентип, былжырап кийимиң сыгып алма суу болуп, төбөңдү карай албай баратсаң. А төбөңдө капкара булут үстүндө салаңдап, эми эле басып кала тургансып айбат кылып атса…

Бирок нөшөрдү жаан тийбес бийик жерде туруп алып, же троллейбустун, автобустун айнектеринен, болбосо үйүңдүн эле терезесинде башкалардын жаанда калганын тамаша кылып, алардын нөшөрдөн жан-алы калбай аркы-терки качканына маашырланып турсаң, кандай ырахат! Мындайда сүйүшкөн эки жашка карабай эле кой, баары бир алар жамгырдан качышпайт, машинанын дөңгөлөктөрү чачып өткөн көлчүк сууларды да байкашпайт. Алардын тилеги: «нөшөр куя берсин, жамгыр төгө берсин, сен эле болсоң – болду!» Ансайын бири бирине ыкташат, денесине чыпталып калган көйнөктөрүнөн айбыгышат…

Анан да нөшөрдө мен жайлоодо, алачыктын ичинде тамчылар эми гана тыбырап киргенден тартып ойлонуп жатканды жакшы көрөм… Мындайда эмнени гана ойлобойсуң…

Соң жамгырдын сыйкырына, анын күүсүнө термелип уктап кеткениңди билбей каласың…

Баарынан да нөшөр төгүп өткөндөн кийинки табийгатты сүйөм. Кандай тазалык, аруулук! Жер-суунун бары жуулуп, ыраңына чыгып калат, жандуулардын тиричилиги кайрадан башталат, эгер табият дайыма ушундай болсо, адам чиркин түк да картайбаса керек эле деп ойлоп кетем, арман дүйнө ай, бул жаратылыштын жашарышы, бул пакизалык тез эле жоголот да, төгүп өткөн нөшөр да эстен чыгат…

 

КҮН ЖЕЛЕСИ – АСАН-ҮСӨН

Дүйнөнүн тазалыгын ушунчалык сүйөсүңбү? Жамгыр жаап, аалам тазарып-тазаланып, ары-бери учкан чаңдар, ызы-чуулар басылган соң кайдан-жайдан келгениң белгисиз бет маңдайыма пайда болосуң. Көк, кызыл, пушту, кырмызы, сары, жашыл… деги койчу, биз таппаган түстөрдүн баарын өзүңө чогултуп алгансың да, асман мейкиндигине желеңди тартып, Жер менен Асманды бириктирип, анын баарына ээлик кылып турасың. Бир көрүнөсүң да, сулуулук кандай экенин, тазалык деген не болорун, дүйнөдө кандай ыраңдар бардыгын адамдарга айтып, ааламдын сыйкырдуу таберигиндей, кол жеткис ыйык нерседей, кишинин таңкы түшүндөй жок болосуң да, сагындырып, сагындырып, сагындырып… көрүнбөй, көрүнбөй кетесиң…

Келчи. Асан-Үсөн, бир көрүнүп кетчи?!

Сени сагындым…

 

ҮЛҮЛ

Кечирип кой, үлүл, сени теңсинбей, сени байкабай жүргөнүмдү кечир?

Жылтыраган жолуңду көрдүм да, эки карегим менен сени издеп жөнөдүм. Ана, сен сапарыңда баратасың. Түгөнбөс сапарың.

Балалыктагы ойногонум эсими түштү: «Үлүл, үлүл, кош мүйүзүңү чыгар!»

Сен кош мүйүзүңдү чыгарып, мени куду бала кездегидей кубантып, сапарыңды андан ары уладың. Кызык, кайда шашып бараттың? Кайда жете коёр экенсиң? Сенин сапарың качан түгөнөр экен? Мынча ашыкпайсың же балким жолду жүргөн арбытат деп жүрө бересиңби, анда жүрө бер, мен да сага окшоп жүрө берейин.

Кел, жолго чыгалы?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *