Людвик БЕРНЕ
(1786-1837), немис публицисти  

 Байрон адамзатын сүйгөн үчүн адамдарды жеккөргөн.

* * *

Эгерде жаратылыш мыйзамдары мамлекеттин мыйзамдарындай толтура болгондо, анча мыйзамды аткарууга Теңирдин да кудурети жетмек эмес.

* * *

Кээбир адамдан акча сурасаң, кээсинен акыл сурасаң тырышат.

* * *

Жек көргөнүңдү жашырган оңой, сүйүүңдү жашыруу кыйын, а экөөнө тең кош көңүлдөй көрүнүү – барынан кыйын.

* * *

Министрдин кызматтан кулаганы – колуңдагы бутербродду жерге түшүргөндөй кеп. Бирок кудай жалгап, таза жерге куласа десең.

* * *

Баш тартсаң биринчи рюмкадан баш тарт, а экинчисинен пайда жок.

* * *

Эл деле уңулдаган же ыржактаган баладай. Анын ыйлап же ыржактап атканын ажыратуу кыйын эмес. Бирок көп учурда баланын эмнеге ыржактап же уңулдаганын билүү кыйын. Эл да ошол.

* * *

Тулку боюбуз чоңойгон сайын жандүйнөбүз тарый баштаарын өз жонтеримен улам сездим. Ой-оой… азыр ойлосом, бала кезимде гений болуптурмун!

* * *

Бийлик көп учурда өз эрки менен иш жүргүзбөйт. Ишти элден коркконунан теңирден тетири жасайт.

* * *

Начар иштеген өкмөттү мыкты иштетиш үчүн чексиз бийлигин чектеш керек.

* * *

Акылдуу адам акылсыз кепти айтмак түгүл акылсыз кепке да кулак түрбөйт.

* * *

Даанышмандыктын чегине жетиш үчүн пендечилик пастыктын баарын калпып алыш керек.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *