Кыргыз жомогу

Илгери  бир  кемпир-чал  болуп,  алардын  жалгыз  кара  ую  болуптур. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү экен. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.

Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди. Каймак  табакта  эмес,  көнөчөктө  экен.  Түкөң  жанталашып  атып көнөчөккө  башын  салып,  каймакты жеп  алды.  Анан башын  кайра чыгармакчы болду эле, болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти:

— Көнөчөк  аке,  эми тамашаңды  кой.  Ушунчалык убара  кылганың  да жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз, — деп жалынды.

Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.

— Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле, эми  кое  бер  дебе.  Каймак  жейм  деп  үйгө  киресиң,  анын таттуу  экенин билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, «үйгө барайын, балдарым бар» деп чебелектейсиң!  Жок,  сен  үйүңө  барбайсың,  экинчи  көнөчөккө  башыңды да салбайсың!

Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:

— Эмесе  сенин  жазаңды  берейин  да,  сууга  агызып  жиберейин, — деп өзөндү карай жөнөдү.

Түлкү  келип  башын  сууга  салды.  Көнөчөккө  суу  толуп,  түлкү тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *