О. Ге́нри, чыныгы аты Уи́льям Си́дни По́ртер – америкалык жазуучу, аңгеме жазуунун таанылган чебери. 1862-ж. 11-сентябрда Гринсборо шаарында (Түндүк Каролина) врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Үч жашында энесинен ажырап, эжесинин колунда тарбияланган. Фармацевттин окуусун бүтүп, Техаста ар кандай жумуштарда иштеген. Адабий чыгармаларды 1880-жылдан жаза баштаган. Андан кийин банкта иштеп, акча жетпей калгандыгы үчүн соттолгон (1898–1901). Түрмөдө Портер аңгемелерди жазып, О. Генри деген псевдоним менен чыгара баштаган. Анын «Королдор жана капуста» деген жалгыз романы (сатиркалык икаясы) 1904-ж. жарык көргөн. Андан кийин «Төрт миллион» (1906), «батыштын жүрөгү» (1907), «Тандалмалар» (1909) сыяктуу көптөгөн аңгемелер жыйнагы чыккан. О. Генри 273 аңгеме жазган, чыгармаларынын толук жыйнагы 18 томду түзөт. Портер 1910-ж. 5-июнда Нью-Йорк шаарында 47 жашында каза болгон. Сөөгү Түндүк Каролинанын Эшвилл шаарына коюлган.

АҢГЕМЕ

Бир доллар сексен жети цент. Болгону ушул. Мунун да алтымыш центи бир центтик тыйындар. Булардын ар бири үчүн бакалчылар, жашылча саткандар, касапчылар менен кызыл кекиртек болуп соодалашканын, алардын унчукпай жийиркене карагандарын ойлогондо, жети өмүрү жерге кирет.

Делла кайра-кайра үч жолу санады. Баягы эле бир доллар сексен жети цент. Эртеӊ болсо — Рождество. Эски диванга отура калып, буркурап ыйлагандан башка айла жок. Делла да ушундай кылды. Жашоо дегениӊ көз жаш менен үшкүрүктөн жана да күлкүдөн турат, бирок үшкүрүгү көбүрөөк деген бүтүм аргасыздан эске түшөт.

Үй айымы көз жаштан үшкүрүккө өткөнчө, үйгө көз чаптыралы. Жумасына сегиз доллар төлөй турган эмеректүү чакан батир. Итке минген кедейлик деп айта албайсыӊ, бирок аны жашырганга да болбойт. Төмөндө кире бериште кат аттуудан бири кирбей турган кат кутусу жана пенде аттуудан бири чала албай турган электр коӊгуроосу бар. Буга «Мистер Жеймс Диллингхем Юнг» деген жазуу кошумча болуп турат. Жазылган аттын ээси аптасына отуз доллардан алып турчу жыргал заманда «Диллингхем» деген ат бадырайып батпай турчу. Эми ал жыйырма долларга түшкөн соӊ, «Диллингхемдеги» тамгалар өзүнөн өзү корунуп, кичирейип, «Д» болуп эле кыскарып алсакпы дегендей түрү бар. Бирок мистер Жеймс Диллингхем Юнг үйгө келип, экинчи кабатка чыкканда, сөзсүз «Жим!» деген жароокер үн чыгып, сизге азыр эле Делла деген ат менен тааныштырган миссис Жеймс Диллингхем Юнгдун назик кучагында калар эле. Мындан өткөн жыргал барбы. Делла ыйлап бүтүп, бетине упа сүрттү. Терезеге барып, бозоргон короону бойлой кеткен боз дубал менен бараткан боз мышыкты карап турду.

Эртеӊ Рождество болуп калды, анын болсо Жимге белек алайын деген бир доллар сексен жети гана центи бар! Айлар бою ар бир центти үнөмдөп жүрүп, чогултканы ушул болду. Жыйырма доллар менен бир жума жыргап жашаш кыйын. Чыгымдар ал ойлогондон ашып түштү. Чыгым деген дайым ушундай болот эмеспи. Эми болсо колунда Жимге белек алам деген бир доллар сексен жети гана центи турат. Анын жанындай жакшы көргөн Жимине! Рождестводо эмне белек кылсам деп кыялданып, канча бактылуу сааттарды өткөрдү. Сейрек жолуга турган, өзгөлөрдөн өзгөчө, Жимге кичине да болсо татыктуу боло турган бир белек берсе, атаганат!

Терезелердин ортосунда трюмо бар эле. Сегиз долларлык эмеректүү батирдеги трюмодон каранып көрдүӊүз беле? Абдан арык, чапчаӊ кыймылдаган киши тар суурмалардан өзүн улам көрө берип, өзүнүн кандай экенин так элестетип калат. Арык чырай келген Делла бул өнөрдү качан эле үйрөнүп алган. Ал бир маалда терезеден күзгүгө чуркап барды. Көздөрү жанып, өӊү кубара түштү. Кыпчыгычтарын сууруп алды эле, чачы төгүлүп кетти. Айта кетчү нерсе, жубайлардын сыймыктана турган эки кымбат нерсеси бар эле: бири – Жимдин чоӊ атасы менен атасынан калган алтын сааты, экинчиси – Делланын чачы. Эгер Сава канышасы маӊдайкы үйдө жашаса, башын жууп, терезеде чачын жайып кургатып отурган Делланын жанында канышанын кийим-кечеси менен жасалгалары шоона эшпей калмак.

Эгер Сулайман падыша ошол үйдө швейцар болуп, казынасын жертөлөгө катып жүрсө, ары-бери өткөн сайын алтын саатын карамыш болгон Жимди көрүп, ичи күйгөндөн сакалын жулмак. Мына эми Делланын ошол айтылуу чачы кара-күрөӊ тартып кубулуп, төгүлүп турду. Тизесинен ылдый түшүп, бүт денесин жаап калды. Бирок ал шашып-бушуп чачын кайра жыйды. Анан олку-солку болгонсуп бир аз туруп калды эле, эскирген кызыл килемге эки-үч тамчы жаш түштү. Көөнөргөн күрөӊ жакетти ийинине салып, эски күрөӊ шляпасын кийди да, юбкасын буластатып, жашы кургай элек жалооруган көзү менен көчөгө чыкканы ылдый түштү.

«M-me Sophronie. Чачтан жасалган буюмдар» деген көрнөккө барып токтоду да, анан экинчи кабатына атып чыгып, энтигип туруп калды.

— Менин чачымы аласызбы?- деп сурады ал мадамдан.

— Чач алам,- деди мадам. – Шляпаӊызды алсаӊыз, мен адегенде көрүшүм керек. Баягы кара-күрөӊ кайран чач кайра төгүлүп кетти. — Жыйырма доллар,- деди мадам, көнгөн колу менен коюу чачты салмактап көрүп.

— Анда тезирээк болуӊуз,- деди Делла.

Кийинки эки саат көз ачып жумганча өттү. Делла дүкөндөрдөн Жимге белек издеп желип-жортуп жүрдү. Акыры тапты. Шек жок, бул Жим үчүн, ошол үчүн гана жаралган экен. Башка дүкөндөрдөн канча издесе да мындай неме жок болчу. Бул платинадан жасалган чөнтөк саат чынжыры эле, жылтыр-жултур эмес, жөнөкөй көрүнгөнү менен сапаты бир көргөндө билинип турат. Жакшы буюмдар өзү ушундай болот эмеспи. Муну айтылуу алтын саатка ылайыктуу десе да болот. Делла бир көргөндө эле чынжыр Жимдики болуш керек экенин түшүндү. Жимдин дал өзүндөй экен. Жөнөкөйлүк жана асылдык – экөө ушул эки сапаты менен айырмаланып турат.

Кассага жыйырма бир доллар төлөш керек болду. Анан чөнтөгүндө сексен жети центи калган Делла үйүн көздөй учуп-күйүп келатты. Мындай чынжыр менен Жим ар кандай чөйрөдө саатын тартынбай карай берсе болот. Ал сааты мыкты болгону менен көбүнчө уурданып карачу, анткени тигиниси эскилиги жеткен кайыш боого асылып турар эле. Үйгө келген соӊ учуп-күйгөнү басылып, ойлонуп калды.

Анан чач оромолорун алып келип, газды күйгүздү да айкөлдүк менен сүйүүнүн айынан майып болгон кайран чачын оӊдоп-түздөгөнгө киришти. Мунун өзү оӊой иш эмес, кымбаттуу достор. Кырк мүнөт өтүп-өтпөй эле башында кичинекей тармалдар жайнап кетти да, сабактан качкан өспүрүм балага окшоп калды.

Ал өзүн күзгүдөн бир топко кунт коюп, сынай карап турду. «Жим мени дароо өлтүрүп салбаса, —  деди өзүнө өзү, — экинчи ирет карайт да, Кони-Айленддеги хордо ырдаган кызга окшошуп калыпсыӊ деп айтат. Анан эми болгону бир доллар сексен жети центим болсо, башка эмне кылмак элем, кудай ай!»

Саат жетиде кофе кайнап, газ плитасындагы кызыган таба кой этинен жасалган котлеттерди зарыга күтүп турду. Жим эч качан кечикчү эмес. Делла платина чынжырды кыса кармап, үстөлдүн четине, эшикке жакыныраак отурду. Көп өтпөй эле тепкичтен анын келатканы угулуп, купкуу боло түштү. Анын күндөлүк турмуштагы майда-чүйдө нерселер үчүн жаратканга жалынып иймей адаты бар эле. Азыр да шашкалактап шыбырап ийди:

— О жараткан, жакпай калбасам экен.

Эшик ачылып, Жим кирип келди. Арык, чаалыккандай түрү бар. Жыйырма эки жашында үй-бүлөлүү болуш оӊой бекен!

Пальтосу алда качан эскирген, мээлейсиз колдору да үшүп калган. Жим бөдөнөнү сезген машке иттей эшиктин жанында катты да калды. Делла анын көз карашынан эч нерсени аӊдай албай, жүрөгү опкоолжуй түштү. Күткөн сезимдердин бири да — ачуу да, таӊ калуу да, айыптоо да, жүрөк түшүү да жок. Ал болгону көзүн албай тиктеп тура берди, таӊ калыштуу жүзү да өзгөргөн жок. Делла ордунан учуп туруп, жетип барды.

— Жим, алтыным,- деп кыйкырды ал, — мени минтип карабачы. Мен чачымы кестирдим да, сатып ийдим, анткени сага Рождестводо белек бербей коё алмак эмесмин. Чачым тез эле өсүп калат. Мага жиниӊ келген жок да, чынбы? Башкача кыла албадым. Менин чачым абдан тез өсөт. Кел эми, мени куттуктап койчу, Жим, анан майрамдайлы. Мен сага ушундай бир сонун белек алып койдум дейсиӊ!

— Сен чачыӊы кестирип таштадыӊбы? — деп сурады Жим, дагы эле өзүнө келе албай. Ал дагы эле жакшы аӊдай албай турду.

— Ооба, кестирдим да, сатып ийдим, — деди Делла. – Бирок сен мени баары бир сүйөсүӊ да? Чачым эле кыска болбосо, мен баягы эле менмин да.

Жим эч нерсени түшүнбөгөндөй бөлмөнү тегерете карады.

— Издебей эле кой, баары бир таппайсыӊ,- деди Делла. – Айтпадымбы: сатып ийдим: кестирдим да сатып ийдим. Эртеӊ майрам, Жим. Мени эркелетип койсоӊ, анткени муну сен үчүн жасадым да. Балким, менин башымдагы чачтарымы санап чыгыш мүмкүндүр, — деп баратып анын назик үнү олуттуу боло түштү, — бирок менин сага болгон сүйүүмү эч ким ченей албайт! Котлеттерди куурайынбы, Жим?

Жим өзүнө келе түштү да, Делланы кучагына кысты. Эми бир аз башка бир өӊүттөн карап көрбөйлүбү. Кайсыны көп: жумасына сегиз долларбы же жылына миллион долларбы? Математик же акылман сизге жаӊылыш жоопту берет. Көзү ачыктар кымбат баалуу белектерди алып келишкен, бирок алардын арасында бир нерсе жок болчу. Эми бул бир аздан кийин түшүнүктүү болот.

Жим пальтосунун чөнтөгүнөн орогон бир нерсе алып чыкты да, үстөлгө койду.

— Мени туура түшүн, Делла,- деди ал. – Эч кандай чач менин сага деген сүйүүмө жолтоо боло албайт. Муну ачып көрсөӊ: менин эмне үчүн дендароо боло түшкөнүмдү аӊдайсыӊ.

Эпилдеген апакай манжалар орогон кагазды ачып ийди. Ушуга удаа таӊ калган кыйкырык чыкты да, анан аялдын буркураган көз жашы менен улутунган үшкүрүгүнө айланып кетти. Үй ээси болгон айла-амалын жумшап атып эптеп жубатты. Мунун себеби үстөлдө тарактар, Бродвейдин витринасындагы Делла суктанып карачу, бири артын, экөө капталын тарачу баягы айтылуу тарактар жаткан эле.

Накта таш баканын сөөгүнөн жасалып, четтерине жалтылдаган асыл таштар чегерилген татынакай тарактар. Өӊү да анын кара-күрөӊ чачына бап болчу. Баасы абдан кымбат эле…

Делла муну билгендиктен, ой жеткен менен кол жетпей турганын ойлоп, жүрөгү сыздап кетчү. Мына эми, тарактар өзүнүкү болду, бирок эми муну көркүнө чыгара турган баягы кара-күрөӊ кайран чач жок. Бирок болбой эле тарактарды көкүрөгүнө кысып турду да, бир маалда жаш аралаш:

— Менин чачым абдан тез өсөт, Жим! — дегенге жарады. Анан чок баскандай секирип, кыйкырып ийди: — Иий, унутуп калган турбаймбы!

Жим анын сонун белегин көрө элек да. Шашкалактап алаканындагы чынжырды суна койду. Асыл металл анын кубанычын коштогонсуп нурданып турду.

— Сонун бекен, Жим? Бүт шаарды кыдырып жүрүп араӊ таппадымбы. Эми саатыӊы күнүнө жүз карасаӊ да болот. Саатыӊды берсеӊ. Кандай келер экен, көрөйүн.

Бирок Жим аны укпай, диванга эки колун жазданып жата кетти да, жылмайып койду.

— Делла, — деди ал, — азырынча белектерибизди ката туралы, бир аз жата турсун. Азыр алар экөөбүзгө көптүк кылат. Саатты мен сага тарак алайын деп сатып ийдим. Азыр болсо котлет кууруй турган кез келди.

Жалпыга маалым, бешиктеги ымыркайга белек алып келген олуялар акылман, абдан акылман адамдар болушкан. Рождестводо белек берүү салтын ошолор башташкан. Алар акылман болгондуктан, алардын белектери да жөндүү болуп, жарабай калса, алмаштырып алганга мүмкүн болгон. Мен азыр эӊ кымбат нерселерин аӊкоолук кылып бири-бири үчүн курмандыкка чалып коюшкан сегиз долларлык квартирадагы эки апендинин жоругун баяндап бердим. Бирок азыркы акылмандардын кулагына күмүш сырга: белек бергендердин эӊ акылдуусу ушул экөө.

Белек берип, белек алгандардан ушулар сыяктангандарын гана чыныгы акылман десек болот. Кайсы жерде, кайсы заманда болбосун. Олуялар мына ошолор.

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *