Чал укмуш сүйлөйт экен. Аны менен башында бакылдашып сүйлөшкөнүм үчүн кийин оңтойсузданып калбадымбы. Чалдардын баары эле сүйлөшкөндү жакшы көрөт дешке болбойт тура. Шаар турмушуна көнбөгөн чал сөздү сагынгандыр депмин. Шаарда бук болуп, айылды сагынып тургансыганынан аны аяп, зериккен экенсиң деп аны-муну кеп кылып отургам. Ал дагы көзүн чылк жумуп, башын ийкеңдетсе, сөз тыңшап отурат деп ойлодум да. Угуп отуруп эле, кептин кызуусуну келгенимде:

— Балам, эмне иш кыласың? – деди.

Жазмакер экенимди угуп, – А-ап, билгем… – деди, – сөздүн кыраатын келтирет турбайсыңбы. Ошо сүйлөгөнүңөн эле иш кылбаган адам экениңди түшүнгөм… Бу жазган адамдар сөз багып, сөз талашкандан башка пайда кылабы элге? Мен ушу сөз жараткан силерди түшүнбөйм, жок эмес, бар нерсени талашып, бири андай эмес, мындай дейт. Даа бири башка бокту жейт. Анан ушу сөз баккан адамдар «Манасты» эле канча китеп кылып жазышты. Ой, деги бар Манастын эмнесин талашып, эмнесин жазасыңар? Аны эми башка Манас кылалбайсыңар да! Сөз баккыча, ой баксаңар боло. Көжөлүп ойлонуп, өнүгөлү деп техника же башка балээ ойлоп тапканыңар барбы? Кыргыз сөз бакканы менен жанын багалбаган эл. Агер бул эл сөз талашканын койбосо, бирди көрөт ко. Жашоо көтүнө кетсе деле сөз багып, сөз талашканыңар бүтпөйт. Азыр ким көп бизде? Сөз талашкан, сөз бербеген чилистен. Жалаң окумуштуу, жалаң генералдар… телеңерден деле, радиаңардан деле сөз бербейт, кысталак! Бизде айылчарба, малчарба жагын өстүрөр академиктер өсөбү деги? Кайсы согуштан кыйратып генерал болгондорун улуу согушка катышып келген ушу мен билбейм, деги генералыңар канча?! Өмүрүмдө сөз талашып телевизор менен радиадан сайраган генералдарды көргөн эмесмин. Азыркы генералдарыңардын эле телевизордон чыкса, жаагы тынбайт экен, энеңди! – деп эле ордунан кагынып туруп кетти.

Чал сыртка насыбайын түкүргөнү чыккандан кийин тил-ооздон калгансып отуруп калдым. Ал сыртты карай дыр койгону үчүн өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Өзүм чалга кереги жок кесибимди кайдан айта койдум дейм да.

Анысы ал, кайра үйгө киргендегиси укмуш. Чал өлгөндөй кежир экен. Бирок мага ушул кежирлиги жакты. Жакшылап баамдасаң, кежир дегенге деле болбойт, түпкүлүгүндө тектүү кары экен. Тек гана тектүүлүгүн бекем кармаган үчүн кежир көрүнөт окшойт. Же акылы тунук жандар ушул чалдай кежир келеби, түшүнбөйм. Эгер акылдуулар кежир болсо, ушул чалдай болсун.

Ал бир күрсүнүп алып, кейип баштады:

— Өткөндө телевизор карап отурсам, бир жазуучуңар сүйлөп атат. Ким эле?… Белгилүү эле жазуучу… Жанагы атың өчкүр, кимисиле? – Чал мени карайт, мен аны. Көпкө күймөлүп, жазуучунун ысымын таппай калды.

— Эл жазуучусу деген эле наамы бар неме… эк… атың өчүп калгырдыкы…Кимисиле?.. Ошол жазуучуңар «бизге өкмат карабай калды, китебибиз чыкпайт, акчабыз жок же наам берилбейт» дейби, деги койчу, айтса арманы көп. Аны угуп отуруп, атаңдын оозун урайын, ушинтип жазуучу болбой кал дедим. Элге андай наалыма жазуучунун турмушунун имине кереги бар. Анын телевизорго чыкканынан элге жакшы сөзүн айтабы десем, былжырайт. Каржалып турган элге акылдуу кебин айтабы десем, даттанат кайра.

Чал мени зекип карады да, менден үн чыкпасын туйду.

— Эл өзү ачка отурса, бети кызарбай, чоңдорду күүнөөлөп атат, китеп окубаган элди күнөөлөп атат. Анан да мени күйгүзгөнү – «жазуучу деген элдин сыймыгы, анан ошол сыймыктуу кесиптин ээлерин эл багарлар менен чоңдор унутпаса, эл унутпаса…» — дейт. Ок атаңдын оозун урайын дедим. – Кежир чал бугу чыкканча сүйлөдү да: – Балам, ачуу сөзүм сага тийген жокпу? – деп коёт дагы. Кантип тийбейт, бирок мен үндөгөнүм жок. Үндөсөм эле жалпыйта чабар сөзүн айтканы турат. Тек, жазмакер болуп калганым үчүн чалдын маңдайында арданып отурдум.

Чалдын кежирлигин өмүр бою тарткан кемпири жакында эле акка моюн сунуптур, аны балдарын жемелеп киргенде түшүндүм. Бир жагынан муну мага даттангандай айтты.

– Балдарым мени сойдурганы шаарга апкелишиптир, атаңдын оозун урайындар. Кемпиримдин көзү тирүү болсо, ушулардын мага алы жеткенин көрөт элем! Төрүмөн көрүм жакын калганда айылдан ушул жакка апкелишип, апирацыйа кылдырат элек дешкенин кантейин… мени алдашып. А мага бычак тийгенден кийин жарым жанмын да. Апирацыйа кылынсам эле буларга кор болгон атпаймбы. Булар мага бир күн түтөбү! Менин дартымды бычак менен кестирип салышып, мага бир сооп иш кылышабы ушуларың?!

Чал туталанып, «кебимди угуп атабы» дегенсип, мени бир карап алды да, наалыганын улады:

– Ушуларды билимдүү болсун деп жогорку окуу-жайлардан окутуп-чокутуп жүрбөймбү. Мына эми булар өз башыма муш кылып отурушабы… Булардын билим алгандан кийинки кейпи ушул, мени сойдурушат экен. Деги бу билим алгандын баары келесоо болуп калабы, карыган мага апирацыйанын эмне кереги бар? Андан көрө жүгүрүп жүрүп өлгөнүм жакшы эмеспи, а булар төшөктө балыктай ооз ачып жатсам, оозума суу тамызсак дейт ко, – деп балдар-кыздарына тикирейе карады эле, алар да ымандуу немелер экен, баштарын шылкыйтып үндөбөй угушту. Ордунан бирөө акырын козголсо эле чал «чүш-шш» дегенде, лыпыйып отуруп калышат экен.

Чал кебин улады:

– Ушундан көрө билим-силимди коюп, колдоруна кетмен алып жанымда жүрүшсө, дан өстүрүп, мал багып, айылды шаар кылышпайт беле…

Чалды андан ары наалытпай, «ава, – деп кеп баштадым. – Сизди сойдурбай деле дарылатканга жардам бералам, – дегениме көңүлү бурула калды. – Сиздей согуш ардагерлерине каралган жеңилдиктерди пайдаланууга бираз гана кагаз даярдаш керек.

Бу кепке чочуп кетсе болобу.

– Аныңды гой, айылдагылар муну укса, ба-аягы карыганда шаарга барып, өкүматка арыз кат жазып, билимдүү болуп кетиптир дешпейби. Кой, антип шерменде болгум келбейт. Бөөдө ушул жашка келгенде арызчыл болуп, жаман атты менен өлбөйүн. Мунуң болбойт, өмүрүмдө бирөөгө датымды угузган эмесмин, балам. Үшүнтүп койгонуңале ыракмат, – деп сөздүн ток этер жерин айтты.

Кежир чал айылына кетмей болуп уулуна күңк этти:

— Келин баланы айтчы, жана көйнөгүмдү жууп салыптыр эле, кургаса берсин, жөнөйүн.

— Ата, бүгүн эми кетпей эле турбайсызбы, келин балаңыз алдагы үстүңүздөгү кир-кечегиңизди бир сыйра жууп берсин, эртең деле кетиңиз.

Муну уккан чал келин балам эшитип калбасын дегенсип, уулунун кулагына шыбырады:

— Ошо кантип болсун! Келинчегиңе ыштанымды жуудурган күнү жүзүн карай аламбы? Кудай антип кор кылбасын мени. Богумду мыкчып калар андай карылыкка жетпей эле өлөйүн… – Сөзүн кесе айткан чал жолго камынып алганына биротоло көзү жеткен уулу бөлмөгө баш баккан келинчегин шаштырды.

— Атама берип жиберчүлөрүң даярбы?

Муну уккан чал сүбөгө сайгандай секирди:

— Койгула көтөрүнчөгүңөрдү, алалбайм. Кара жаныма өзүмдүкү жетет. Салпайын көтөрүнүп жүрөмбү… Мынабул ымандуу бала экен, мени ушул бала автобуска салып жиберет, – деп кемселин колума карматып койду.

— Силер мага алагды болбой, ишиңерди бүтүрө бергиле.

— Ай ата-а… дайым эле… – Уулу ойдолоктоп, сөзүн улай албай калды.

— Эмне дайым эле?.. – Чал уулуна мээримдүү тиктеп, суроолуу кадалды.

— Дайым эле ушинтип жүрөсүз…

Чал уулунун кебине кулак какпастан, мага жөнөдүк дегендей ишаратын берип, балдары менен коштошкондон кийин экөөбүз көчөгө чыктык.

Вокзалга келип түшөрүбүз менен автобус күтүп отургандардын арасынан сакалы куу бир карыя биз жакка басып, учурашып калышканынан – булар бир айылдан экенин түшүндүм. Сакалы куу карыя кейип калды:

— Эки сааттан бери бир да автобусу жок, күтүп отурабыз. Качан кетерин да билген киши жок.

Муну уккан кежир чал күймөнүп турбастан мага кайрылды:

– Уулум, өмүрлүү бол, бара бер эми. Автобусу жок болсо күтүп отурмак белем, эрте күндү кеч кылбай, жолго чыга берейин. Ысыкта тажадым шаардан. Силер көргөн шаарды кежигемдин чуңкуру көрсүн экинчи… – Кемселин ийнине илип, шарт эле жөнөп бергенин көргөн тиги карыя артта башын чайкап, кыйкырган бойдон калды:

— Өй, биртке чыдап… эл менен автобусту күтө турсаң боло, келип калгысы бардыр…

— Ээ, күткөндө… Кудай берген эки бут турбайбы.

Кежир чалдын карааны бир далай узагандан кийин жанымдагы карыя автобус күткөндөргө минтип кобурап отурду:

— Бул кежирдики өмүр бою ушу, айтканына кайтпайт. Буга окшогон согуштун катышуучулары өкүматтан каралган жеңилдиктерди пайдаланат экен, ушул эле көкбеттигинен кайтпады да. Бу кежирге өкүмат согуштун катышуучусу деп тээ илгери «Запорожец» берсе да албай койгон, мына эми, жөө жүрөт. Бирдеңке болсо эле «Мекенимди коргош үчүн согушка барганымды бетиме кармап, сый-урмат көргүм келбейт» деген эле кеби бар бир. Өзүнүн айтымында бу кежир үчүн болгону бир гана сый бар экен. Анысы союз мезгилиндеги мектеп окуучуларына барып согуш жөнүндө куруп берген түгөнгүс баяны. Муну мага өгүнү өзү айтат, «мага мындан өткөн салтанат да, сый да жок эле» деп. Качан болсо төшүнө ордендерин шагыратып илип алып, Берлинге чейин барганын мектеп окуучуларына жүз ирет кайталагандан тажаганын көрбөдүм. Мектеп окуучулары жаадырган суроолор анүчүн эң кымбат белек имиш. Эми ошол сыйдан ажыраганына дайыма капа болуп жүрөбү, мампайлаштарына: «Азыркылар согуш ардагерлери менен мектеп окуучуларын жолугуштурбай калды, а балдарыбыз өткөн тарыхты ушинтип унутат» деп эле качан болсо кейигени кейиген…

Кежир чалдын Кант шаарын көздөй кеткен карааны кыйма-чийме шаар кыймылынан бөлүнгөн бир башкача караан эле. Ал Бишкектин эмес, Афинанын көчөлөрүнүн биринде өз өлүмүнө карай салтанаттуу бараткан Сократтай көрүндү. Өзү айткандай, уул-кыздары сойдура тургандай чал эмес экен: дени-карды соо адамдардан да шайдоот. Эки колу абаны жара шилеп, техникасыз деле далай жолду арбыта турган. Абаны жара шилтенген эки колу мелмилдеген деңиз үстүндөгү кайыкты бир калыпта алыс жолго жеткирер калактай шиленип баратты…

2003-2011-ж.ж.

One Reply to “Олжобай ШАКИР: «Кежир чал»”

  1. Олжоке! Соз гулунун берметтерин берсем да аздык кылар.Кандай соз менен ыраазычылыгымдв билдиреримди билбей жатам. Бар болунуз! Жазуу ыкманыз сиздин чебердигиниз ачылып,журокторго кубанычты,суйунучту тартууласын!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *