Бурят жомогу

Бир жетим кыз болуптур. Аны жеткен карөзгөй өгөй энеси жанын койбой түйшүккө сала берчү экен. Күндө укканы ушул:

– Жашабагыр тигини кыл, муну кыл!

Таң эртеден кечке укканы ушул болуптур.

Бир күнү бечара кызды өгөй эне булактын суусун алып келгенге жөнөтөт. Кыз чакасына толтура суу сузуп, кайра артына кайтты. Бирок чака көтөрөр дарманы калбаптыр, улам тынып, улам көтөрүп, буттары араң шилтенгендиктен жолдо көпкө кармалат.

А өгөй энесинин жаалы кайнап, бозүй ичинде тегеренип карганып-шиленип жүрөт:

– Жер жуткур кайда житти? Эмне мынча жоголду?!

Акыры чыдамы кеткенде бозүйдөн атып чыкса, алыста ыргалган жетим кыз келатат. Өгөй эне айкырыкты салды:

– Жаның асманга учуп, Айга, Күнгө жабышып калсаңчы!

Өгөй эненин оозунан ушул кеп чыгар замат көктөн Ай менен Күн түшүп келди. Аны көргөн кыз коркконунан жапан талга жармашты. Ай менен Күн анын жанына түшүп келишти.

Жетим кызды Күн ала кетмек болду эле, Ай ага минтип кайрылды:

– Сен күндүзү жарыкта жүрөсүң, а мен түндөсү жалгыз болгондуктан дайыма кусалуумун. Кызды мага берчи!

– Туура айтасың, – дептир Күн да, – Сөзүңдө калет жок, мейли анда, кызды сен ал!

Ай сүйүнүп кетти да, ошол замат жетим кызды суусу толо көнөгү жана жапан талы менен бирге алган бойдон көккө карай көкөлөп, көкөлөп жылып кетиптир.

Ошон үчүн биз көктөгү Айды караганда – кызды жана суу ташыган көнөктү көрөт экенбиз. Жана да кыздын колунда жапан тал көрүнөт дейт.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *