ЖОМОК

Оо качандыр бир заманда Жапониянын тоолорун байырлаган таш кескич болуптур. Анын аты Йоши экен. Ал такай таш кесип же таш чегип күн көргөндүктөн бели бекчейип, колунун манжаларын жана алаканын чор басып калыптыр. Жергиликтүү эл Йоши таш кескен тоолордо адам жаны жашайт деп ишенчү. Күндөрдүн биринде Йоши бир бай адамдын үйүнө тоодогу таштардан көтөрө келет. Себеби байдын көркөмдүү курулган заңкайган үйүн, жибек кийимдерин, кебездей жумшак назик колдорун жакшы көрчү. “Эх, мен да бай адам болгонду тилейм», — деп күбүрөнөт ал.

Күтүүсүздөн шамал жүрүп, тоодо жан пайда болот. Ал Йошиге: “Сенин тилегиң аткарылды. Йоши, эми сен бай адам болосуң», — деди шыбырап. Йоши үйүнө келсе, эски жер кепесинин ордунда ченде жок кооз үй туруптур. Өзү да бай болуп калат. Ал таш кесчү аспап-шаймандарын көздөн далдаа жайга жашырат да, шашпай каадалуу эс алып, терезеден сыртка көз чаптырат. Күн ысык. Көчөдө принц ат минип баратыптыр. Принц ысыктап кетпес үчүн малайлары аны алтын кол чатырлар менен калкалап алышкан. Муну көргөн Йоши: “Мен принц болгум келет», – дейт. Бир көз ирмем өтпөй тоонун жаны: “Йоши, сенин тилегиң орундалды. Сен эми принц болосуң», — дегенин угат. Йоши принц болуп калат. Малайлары аны адеми жасалган замбилге отургузуп, көтөрүп жөнөшөт. Принц Йоши алтын кол чатырлардын далдасында жыргап баратты.

Телегейи тегиз Йоши малайы алтын чөйчөккө куюп берген сууну жыргап ичет. Бир убакта Күн аябай кактап киргенде, Йошиге кол чатырлар да жардам бералбай калды. Ал муздак сууну өзүнө чачса да, Күн аны дамамат кургатып коюп жатты. “Күн менден да кубаттуу экен», — деп наалыды Йоши. “Мен Күн болгонду каалайм». Тоонун жаны кайра сүйлөдү: “Сенин тилегиң кабыл болду. Йоши, сен эми Күн болосуң». Ошо замат Йоши өзүнүн көк асманга көтөрүлүп, ааламга жарык нур чача баштаганын сезди. Ал, ырас эле, Күн болуптур! Ал өзүнүн кубаттуу нурларын Жерге да чачты. Йоши-Күн болуп көрбөгөндөй жаркырады. Адамдар ысып тердеп, алардын териси Күнгө тызылдап күйө баштады. Жер кургап, чөптөр соолуду, дарактар сөлбүрөп, сынын жоготту. Тирүү жандын баары Йошинин күчүн сезди.

Бир күнү Йоши-Күн канча тигилсе да Жерди көрө албады. Жердин үстүн булут каптап алган экен. Ал бар кубаты менен нурун чачса да, булут ордунан козголбоду. “Булут менден дагы кубаттуубу?» — деп айкырды Йоши-Күн. “Анда мен булут болгонду каалаймын!.» “Сенин тилегиң кабыл болду. Йоши, сен эми булутка айланасың!» – деди тоонун жаны. Йоши-Күн болсо учу-кыйры ай-ааламга чалкыган күрөң булутка айланды. Ал Күндүн бетин жаап, калайык журт асманды көрбөй калды. Жер бети салкын тартып, жамгыр көнөктөп берди. Йоши пайда кылган жамгырдан улам суулар кирип, дарыялар азоо болуп теминди, жээктерди жемирди. Эсеп жеткис көп көлмөлөр пайда болду. Анан тез эле чөптөр мурдакыдай жапжашыл болуп, дарактар кайра чыйралды. Эгин талааларына да жан кирип, арпа-буудай көйкөлүп өстү. Йоши-Булут жамгырды ого бетер нөшөрлөтүп жаадырды эле – колот-жылгалардагы билектей суулар чоң шаркыратмага айланды. Дарыялар дагы ашып-ташып, эгин талаалары мелмилдеген суу астында калды. Буркандаган сел жолдорду бузуп, айыл-кыштактарды жайпап кирди. Бийик аска зоолор гана эч нерсени сезишпей, солк этпей турушту. “Аскалар булуттан алда канча кубаттуу турбайбы!» –деди Йоши-Булут наалып. “Мен аскар тоо болгум келет.“ “Сенин тилегиң орундалды. Йоши, сен мындан ары аскар тоо болосуң! — деп үн кайтарды тоонун жаны.

Йоши төбөсү көктү тешкен жана капталдары көк муздай жалтыраган аска зоого айланды. Ал эми Күндөн да, жамгырдан да коркпой калды. “Менден кубаттуу эч ким жок! — деп мактанды ал. Анан эле Йошка-Аска өз боорундагы борчукту кимдир бирөө аспап менен чегип атканын туйду. “Таш кескич менден да кубаттуу экен да!» — деди Йоши. “Мен кайра адам болгонду каалайт элем!» Тоонун жаны жылмайды. “Сенин каалаганың аткарылды. Йоши, сен эми адам болосуң».

Ошентип Йоши таш кескич өз аспап-шаймандарын торбосуна салды да, кайра эзелки жумушун кылып калды. Анын бели бекчейип, мурункудай эле жарды жашайт. Бирок Йоши бактылуу.

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *