Поэзия таануу

Адамзаттын тарыхында байыркы кытай философиясынын, анын ичинде конфуцийлик окуунун, даоизмдин, ойчул-насаатчыл поэзиянын орду чоң болгондугу улам жыл өткөн сайын баса айтылууда. Мына ошолордун катарында Тао Юань-мин (Тао Цянь) деген акындын да үнү угулуп турат.

Азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча айтканда Кытайдын Түштүк жагында Чыгыш Цзинь империясында 365-жылы туулган. Цзинь доорунда, IV кылымда, жашап өткөн акындын болгону 160 ыры жана анча-мынча карасөз менен ыр аралаштырып жазган мурастары гана калды. Түпкүлүгү башкаруучулардын үй-бүлөсүнөн чыкса да, анын мезгилинде ата-энеси анча чоң эмес мансапта турган. 29 жашында иштей баштайт да 41 жашка чейин кичирээк бир аймакты башкарууга чейин өсүп жетет, анан күтүлбөгөндөй сексен күндө эле жеткен мансап даражасын таштап, ээн-эркин эл кыдырып, ыр жазууга өтөт. Кырк төрт жашында үй-жайы аябай катуу күйүп, эч бир буюм-тайымы калбайт.

Анын поэзиясында өзүнүн акындык личностту ар тараптуу чагылдырылат. Капастагы куш – бийлик, андан учуп чыгуу – эркиндик, акын ою мына ушул философияга багытталган. Азаттык, өзүнчөлүк, көзкарандысыздык анын идеалы болгон. Адам дегенди ал эркин болууга тийиш деп түшүнгөн.

Бийик жардын башында бир жаш эмен,
Бир жаш эмен термелет жумшак желге.

Бою бийик, а өзү али бала,
Боло албастыр көлөкө – чаалыкканга.

Туш-тушунан угулуп, ыргап, каарып,
Сындырчудай уңулдайт кээде шамал.

Үстү жагы мелжиген асман көпкөк,
Көк асманга серпилип турат көктөп.

Өзү мында, кыялы миң жол кезип,
Шул турушу сыймыктуу, шул сөөлөтү –

Жашыл суудай илеби, бир дем берип,
Жаркыта да, толкута алат сени.
(Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА)

Мында кандай философиялык ой бар: биринчиси табият менен адам ассоциацияланат, б.а. суу боюндагы жаш эмен, бул – жаш жигиттин символикалык образы. Ал али чырпык экен, ошон үчүн өткөн-кеткенге көлөкө боло албайт, ошол сыңары жигит да али жаш, ал да азырынча элге-журтка түркүк болуп берүүгө жарай элек, шамал бул – саясат, мансапкорлор, бийлик оюндары, алар туш-тушунан каарып турат, бала ага туруштук бербей бороонго кабылып жоголчудай болот. Ушул жерде Көк, Теңир сыяктуу философиялык маанидеги көрүнүштөр көз алдыга келет, жаш эмен (демек, жаш жигит) ошол Көккө жеткиси келет, актыкты, чындыкты, идеалды ошол бийиктен, көк асмандан издештирет. Мелжиген асман акындын башына жөн гана келе калган поэтикалык бир табылга эмес, бул жерде ал кытай философиясынын окуусунан келип чыккан натыйжа.

Жаш эмендин (лирикалык каармандын) өзү мында «кыялы миң жол кезип» жүрүшү Тао Юань-миндин акындык жалпы кредосу менен байланышат. Ал дыйкан арасына, бактарга, талааларга кайткысы келет. Анын поэзиясы да жөнөкөй, карапайым эл тили менен жазылганын кытайтаануучу адистер далилдеп жүрөт. «Төмөнкүлөрдүн» сөзүн колдонгону үчүн өз кезегинде ачуу кептерди укканы менен ошол кездеги формасын өтө эле ойкуштантып-кайкыштантып жазып ийген кытай акындарынан айырмаланып ал салттуулукту да сактаган, жаңычылыгын да поэзияга киргизе алган.

«Шабдалылуу булакта» деген чыгармасында бир балыкчы адашып Таоюань деген жерге түшүп калат, көрсө, ал жерде согуштан жадагандар, элден оолак болгусу келгендер өздөрүнчө эле бир ажайып мекен-жай куруп алып жашап жатыптыр. Эгер Кытай тарыхын барактап көрсөңүз, эң эле уруш-талашы көп мезгил Тао Юань-мин жашаган Цзинь доору сыяктанат, андыктан да акын утопиялык мамлекет тууралуу европалык утопист-социалисттерден эчен кылым мурда эле ушундай бир идеалдуу мамлекет тууралуу ой жүгүрткөн.

Тао Юань-мин атайылап бечара, карапайым жашоону тандап алган, анын жашоо философиясынын маңызы ошого түрткөн, жокчулук дайыма адамдын жан-жолдошу болот деп айткан. Адамга жашоо азга гана берилген, а ошону ал маңыздуу жашоо керек деген. А маңыздуу жашоо – ыймандуу болуу, бирөөлөргө жакшылык кылуу, «асманда Ай менен жылган жылдар адамды күтпөйт» деген. Эртең сөзсүз алдыңдан кезикчүү нерсе – бул өлүм, демек, ага сен кадимки келе турган нерседей карагын дейт. Анын «Аза ырларынан» окуп көрөлү:

Тогузунчу ай туулуп, күз келгенде,
Күз келгенде беришти мени жерге.

Дөбө болуп бир жаңы дөң үстүндө,
Кала бердим караңгы көр ичинде.

Шуудурашат кандайдыр шибер чөптөр,
Шуулдашат кайдандыр тал-теректер.

Кайдасың деп мени издеп ат кишенейт,
Кайдасың деп даракты шамал термейт.

…Көзүң өтүп дүйнөдөн бир кеттиңби,
Көрө албайсың кайрылып чыккан күндү.

Агат сенсиз шаркырап агын суулар,
Агат сенсиз аркырап сан миң жылдар.

Бир өттүңбү дүйнөдөн, кай күч сени,
Кай акылман тирилтет, кай теңири?!

…Коюп, тарап кетишкен калайык-калк,
Кайгысы жок кайра эле жатат чардап.

Эске салып өзүмдү сур ай нуру,
Муңайса бир дос-тууган муңайгандыр.

…Кандайча мен туюнтсам өлүм жөнүн –
Топуракка айланды денем менин.
(Сагын АКМАТБЕКОВАНЫН котормосу)

Мындагы философиялык башкы ой эмнеде? Албетте, ал дүйнөгө оптимисттик жана чынчыл көз караш: өлүм – ак, ал бир күнү келет, анан сен жок болосуң, денең болгону бир топуракка айланат, сен өткөн менен дүйнө бүтүп калбайт («шуудурашат кайдандыр шибер чөптөр», «шуулдашат кандайдыр тал-теректер»), кыргыз макалы айткандай «өлгөндүн өз шору», «көргө коюп тарап кеткен» калк «кайгысы жок кайра эле жатат чардап». Өлүм деген материалдык бир нерсе – киши жок болот, эми аны дүйнөдө бир да акылман, бир да теңир тирилте албайт. Ансыз эми жашоо токтоп калбайт, дале «аркырап миң сан жылдар агат», «шаркырап агын суулар» токтобой, аалам өз диалектикасында тиричилигин өткөрө берет.

Кытай философиясында, деги эле Чыгышта табиятка жакындык ушунчалык күчтүү, бул өзгөчө поэзияда ушундай бир бийиктигине жетет (Ли Бо, Ду Фу, Сайгё, Басё, кыргыз эпосу «Манаста» каарман өлгөндө «карагай ыйлап, тал ыйлап» турушу ж.б.), карабайсызбы, Тао Юань-миндин «Аза ырларындагы» өлгөн кишини жоктоп «сур ай нурунан» төгүлүшү, «кайдасың деп даракты шамал термеши» (дарак менен адамдын ассоциациялары), деги эле Дарактын (Дерево) Чыгыш ойлоо маданиятындагы образы өзүнчө чоң сөз кылууну талап этет.

Тао Юань-мин өзүнө чейинки кытай ойчулдарынын, акындарынын өмүр жолдорун, чыгармачылыгын бүт өзүнө сиңирип, Адам менен Жаратылыштын өлчөөсүз чоң гармониясын көрө билген: «аялымды алып, балдарды кошуп, шапар тээп, алыс-алыс жактарга кетип калабыз» деген саптарды жараткан.

«Шабдалылуу булакта» деген проза жана поэзия аралаш фантазиясында 500 жыл илгери кайсыл бир өлкөнүн каардуу башкаруучусунун кордугуна чыдабай качып келип мында жашап жаткан балыкчынын бул жердеги дыйкандар, алардын мамлекети, башкаруучусу, салыгы, аскери болбосо да жашоосу укмуштай ажайып экенин баяндайт.

Тао Юань-миндин философиялык көз карашы «За вином» деген циклдеги бир ырында мындайча ачылат:

Я поставил свой дом
в самой гуше людских жилищ,
Но минует его
стук повозок и топот коней.
Вы хотите узнать
отчего это может быть
Вдал умчишься душой,
и земля отойдет сама.

Хризантему сорвал
под восточной оградой в саду,
И мой взор в вышине
встретил склоны Южной горы.

Очертанья горы
так прекрасны в закатный час,
Когда птицы над ней
чередою летят домой!

В этом всем для меня
заключен настояший смысл.
Я хочу рассказать,
и уже я забыл слова…
(Перевод Л.Эйдлина)

Тао Юань-миндин концепциясы кургак ураандардан, болбогон окуулардан, ар кандай насааттардан качуу, даңктан оолак болуу, андан көрө талаага чыгуу, дыйкан менен дос болуу, эгин эгип, түшүм өстүрүү, элди багуу, маңдай тер төгүп иштөө, кыял-оюнда «жакыр аалымдар» менен сукбат куруу.

Бекеринен бул акындын поэзиясы Тан менен Сун доорундагы кытай акындарынын чыгармачылыгына чоң таасир тийгизбеген чыгар, анткени ал өзүнүн элге жакын көз карашын иштеп чыкты, поэзияны жөнөкөйлөштүрдү, бирок ошол жөнөкөй поэзияга терең ой сиңдирди.

Ал өзүнүн поэзиясы менен гана эмес жеке турмушу менен да Адам жөнүндөгү философиялык түшүнүгүбүздү бир кыйла өзгөрттү, өз ыктыяры менен башкаруудан, бийликтен баш тартты, табият койнуна кетүүнү баарынан артык көрдү.

Ал абдан жакыр турмуш кечирип, 427-жылы каза болгон.

Реалдуу адамдын кадыресе күнүмдүк тиричилигин, анын кайгы-капасын, ой-санаасын, ички толгонууларын, турмуш жөнүндө, жашоонун маани-маңызы жөнүндө ой жүгүртүүлөрүн жөнөкөй поэзиянын тили менен баяндап бергендиги, идиллиялык жанрдын негиздөөчүсү болгондугу менен анын чыгармачылыгы өзүнүн жашоосун бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк поэзияда токтотпой келе жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *