Жазуучу, публицист, тарых, философия жана табигый ар тармак илимдеринин синтезине чыгып ой калчаган энциклопедист-аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ 1952-ж. 10-январда Фрунзе шаа-рында төрөлгөн. Автор өзүнүн үй-бүлөлүк эскермелеринин биринде жазгандай, ал эки күчтүү таза булактын туундусу.

Биринчиси өз башаты, ата теги. Чоюн Өмүралиевдин бабасы сопу Дыйкан деген аты менен эл оозунда калган. Кийин сопулук илим-билим уулу Өмүралыга өткөн. Нарын өрөөнү боюнча биринчи чоң мечит 1905-жылы Куланакка салынган. Өмүралы молдо автордун чоң атасы, ошол мечитте он эки жашынан асанчы болуп, кийин өмүр бою имамдык кылган, заманына жараша терең билимдүү, сопулук илимге (суфизм) кыйла каныккан, бир өрөөнгө кеңири таанымал рухий киши болгон. Илим, билимге тынымсыз берилгендик, атадан балага оошкон окумалдык, автордун өз атасы Макыйга (азан чакырылган аты Ысмайыл) да мүнөздүү. Ал 1936-40-ж.ж. Фрунзе педтехникумунда окуган, Ата Мекендик Улуу согушка катышкан. Кан күйгөн майданда жоокерлик милдетин өтөп, Улуу Жеңишти Чехословакияда тоскон.

Аскерден келгенден кийин терең билимге суусаган Макый ата кайрадан окуусун улантып, Кыргыз мамлекеттик университетин 1953-жылы аяктаган. Жаштайынан ыр жазган, он тогуз жашында биринчи романын жазып бүтүргөн. Ал табигый илимдерге да өтө кунттуу, шыктуу болгон. Областтагы эң мыкты физик-математик мугалими, эң биринчилерден болуп «эл агартуунун отличниги» наамын алган. Автордун өзүнүн баамында аналитикалык ой жүгүртүү, окумалдык, табигый да, рухий да илимдерге ынтаа ушинтип ага өз ата-тегинен келген.

Экинчиси тайы журту. Чоюн Өмүралиевдин тайы журту да көркөм сөздүн, чечендиктин үлгүсүн алып жүргөн кишилер болгон. Чоң таяталары Төкө, анын уулу Элеман ажы сөздүн көзүн таап сүйлөгөн акылгөй, чечен, иштин көзүн таап аткарган илээкор кишилер эле дешет айылдаштары. Кезинде кыргыздын кыйла жерине өзү да, күлүк аты да (Кара ат) кеңири таанымал болгон киши, Куланак болуштугунун болушу Касымалы ажы кеңешип иш кылган акылчысы Төкө эле. Ал эми Төкө уулу Элеман ажы Касымалынын эл ичиндеги, дубандар арасындагы ишин алдын алып жөндөп турган элчи өкүлү (элдик дипломат) болгон. Чоюн Өмүралиевдин өз апасы Татты (азандагы ысымы Канымбүбү, тили ширин, чечен, таттуулугу үчүн эл ичинде жаштайынан Татты атыгып кеткен) ошол аталарынын касиетин өзүндө мол алып жүргөн, аны эне сүтү менен кошо баласына берген, өзү уз, кошокчу, сөзмөр адам болгон. Өмүр бою китепканачылык кесипти аркалап, баласынын эртелеп китептин сырдуу дүйнөсү менен алпурушуп жашап калышына себепчи болгон да эки башкы кишинин бири ушул, апасы эле. Демек, көркөм сөзгө шык, тилдик туюм, жатыктык авторго тайы журтунан оошкон деп айтууга болот.

Ата-энеси Макый, Татты борбордогу окуу, тирлигин жыйышкан соң, өзүлөрү туулуп өскөн айылына келишкен. Ошентип, болочок жазуучу-ойчул айылда өскөн. Ал 1968-ж. Тянь-Шань районундагы Куланак орто мектебин аяктап, 1973-ж. КМУнун кыргыз филология факультетин бүтүргөн, аскерде офицердик кызмат өтөп келгенден кийин журналисттик кесипте эмгектенүүгө өткөн.

Башында Кыргыз Мамлекеттик телерадиокомитетинде редактор, соңунда, Нарын областтык радиосунда узак жылдар бою кабарчы болуп иштеп, кийин Нарын музыкалуу драма театрында директордун орун басары болгон, 1986-1995-ж.ж. кайрадан Фрунзеде Мамлекеттик телерадио-комитеттин адабий драмалык башкы редакциясында редактор, 1996-97-ж.ж. Бишкектеги «Кыргыз Жер» мамлекеттик эмес университетинин Самат Кадыров жетектеген «Уңгуталаа теориясы жана философиясы» илимий лабораториясынын ага илимий кызматкери болуп эмгектенген. Белгилеп кетээр жагдай, лаборатория окумуштуу Самат Кадыров түзгөн Уңгуталаа физикалык теориясын (ТЕП – теория единого поля) андан ары философиялык аспектиде өркүндөтүп кетүүнү максат кылган жана анын ишине ошол кездеги ойлонгон, изденген аалымдардын өзгөчө катмары тартылган эле.

Ч.Өмүралиевдин чыгармачылыгы мектеп жылдары башталган. Алгач «Тилегим» аттуу ыры 1966-ж. «Жаш Ленинчи» журналында жарыяланган. Студенттик жылдары көркөм чыгармалары республикалык басма сөздө, «Темир Канат», «Учкун» жаштар альманахтарында басылган. Узак жылдар бою журналисттик кесипти аркалоо ага эл турмушу менен терең таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Кыргыз элинин каада-салт, этнографиясы, тарыхы көрүнөө көз жаздымда калтырылып, «совет турмушу», «совет адамы» деген кооз чүмбөттүү саясаттын көшөгөсүндө улуттук өзгөчөлүктөр атайын, максаттуу жок кылына баштаган кезеңдерде ал улут маселесин, түрк элдеринин тарыхын жигердүү козгоп чыккан авторлордон болгон.

Эскирип, жоголуп бараткан тарыхый китептерди, кол жазмаларды, элдик мурас, фольклордук чыгармаларды эл ичинен жыйнап, аларга кайра экинчи өмүрүн тартуулоодо кыйла эмгек сиңирген. Натыйжада, жалпы түрк тилдеринин орток мурастарын изилдөө жана жарыялоо ишинде белгилүү салымын кошкон. Маселен, ал революцияга чейин Казань, Уфадан жарык көргөн жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал автор Абулгазы бахадур хандын атактуу «Түрк санжырасын», казак Шаакерим Кудайберди уулунун «Түрк-кыргыз-казак жана хандар санжырасын», кыргыз Осмоналы Сыдык уулунун «Кыргыз, Шабдан тарыхын» ошондой эле белгилүү татар, башкыр агартуучулары Ибрагим Халфин, Габбаши Хасан, Гайнутдин Ахмаров, жааңгер акын Салават Юлаев жана башкалардын түрк элдеринин тагдыры-тарыхына арналган чыгармаларын түп нускаларынан окуп, кыргызчалап мезгилдүү басма сөз беттерине үзбөй жарыялап турген.

Анын орто кылымдагы түрк маданиятынын өчпөс жылдыздарынын бири Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын менен даражалаш турган улуу ойчул, бирок чыгармаларын окууга тыюу салынып келген сопу акын Кожо Ахмед Яссави тууралуу жазган ой толгоосу, андан которгон хикметтери совет мезгилинде Борбор Азия аймагында жазылган эң биринчи бараандуу жана жаңычыл эмгектерден болгон («Ала-Тоо», ж.1989, №10).

Автор тарабынан эски түрк тилинен түз оодарылган «Огуз намэ» эпосу тууралуу да ушунун өзүн айтууга болот. Көркөм жаңыланган жана «Осуят» аттуу фундаменталдуу ой толгоо менен коштолгон бул тарыхый материал атамекен тарых илиминде биринчи жолу тарыхый фактыларды маданий мурас, оозеки адабият жана элдик санжыра менен байланышта комплекстүү изилдөөнүн өзгөчө үлгүсүн берди, тарыхты жаңыча изилдөө гана эмес, тарыхтын философиясы проблемасын койду. Методологиялык өңүтү жаңычыл бул эмгек азыр мектеп окуулуктарына киргизилген, жогорку окуу жайларында окутулат. «Ала-Тоо» журналынын 90-ж.ж. сандарында үзбөй, байма-бай жарыяланып турган улуттун тарыхына, маданиятына арналган ой толгоолору да коомчулукта кызуу пикирлерди жаратып келген.

Оригиналдуулук, жаңычылдык жана тынымсыз изденүүчүлүк Ч.Өмүралиевдин көркөм чыгармачылыгына да мүнөздүү. Мисалы, анын 70-ж.ж. ортосунда жарык көргөн «Прозадагы ырлары» («Стихи в прозе») улуттук адабиятта мурда жок, кездешпеген жаңы көрүнүш эле. Ошол кездери жазылган анын аңгемелери 1977-ж. жаш жазуучулардын республикалык кеңешмесинде жогору баага арзып, авторду көптү үмүттөндүргөн таланттуу жаш жазуучу катарында тааныткан. «Эне» (1977-ж.), «Чабарман» (1986-ж.) аттуу алгачкы аңгеме жыйнактары адабият майданына жаңыча дүбүрттүү, өзгөчө стилге ээ жазуучу келатканын кабарлаган эле.

Совет державасынын олку-солку жылдары, соңку ыдырашы, эгемен кыргыз мамлекетинин саясый сахнага чыгышы автордун жеке чыгармачылыгын да өзгө нукка бурду. Ал ошол кездеги эң окумдуу гезит «Асабада» баяндамачылык кылып, учурдун өктөм, көйгөйлүү маселелерине жооп кылып, курч ой толгоолорун жазган, коомдук аң-сезимдин улуттук жаңы, жаратман нукка бурулушуна орчун салым кошкон саналуу, белгилүү авторлордун бири болгон. Улуттук мамлекеттин өз жолун издеген машакаттуу жаңы тарыхый сапарында автор өзгөчө жарандык позицияны – жаңы тарыхый сынды туруктуу тутунду. Жаңы Башмыйзам, жер менчиги, улуттук идеология маселелерине байланыштуу жазылган ой толгоолору ошол кездеги саясый бийликтин расмий багытынан өзгөчөлөнүп, эл кызыкчылыгын талашкан ойчул материалдар катары көпчүлүктүн эсинде калган.

Ал эми 1993-ж. башында «Асаба» гезитинин сандарында жарым жыл бою үзбөй жарыяланып, кийин өзүнчө жарык көргөн «Теңирчилик» аттуу ой толгоо китеби заман өтө зарылдап турган кезде көз жарган, өз мезгили үчүн олуттуу жаңылык, ири ачылыш – улуттук философиянын уңгусун ачууга белсенген бирден бир бараандуу алгачкы илимий эмгек катары тарых бетинде катталып калды. Эмгектин тарыхый баасы, жаңычылдыгы мында эле – социализм кыйрады, капитализмден жеңилди, коомдук өнүгүү базар экономикасыз мүмкүн эмес экен; мындай болсо коомдук-экономикалык бүтүндөй бир формацияны – капитализмди баспай туруп, түбөлүк көчмөн замандан, феодализмден социализмге карай секирип өтүп кеткен элдер (кыргыз, казак, түркмөн ж.б.) эми кандайча өнүгүшү керек же чын эле үч жүз жыл кайра артка кетип, «жапайы капитализм» доорун кайрадан басып өтүшү керекпи? Көчмөндүк биздин бүтпөс көйгөйүбүзбү, тагдырыбызга түбөлүк басылып калган каргыш тамгасыбы?

Ошол кездеги кыргыз коомчулугун, интеллигенция катмарын апкаарыткан да, терең түйшөлдүргөн да суроо, коомдук аң-сезим капталган жаңы туюк ушул эле. Буга автор учурунда өзүнүн чечкин жообун айткан. Жаш эгемен кыргыз мамлекетинин келечегине элдик ишенимди ойготкон, элдин үмүтүн тирилтип, алдыга басаар жолдун багытын белгилеген, көчмөн цивилизациянын чыныгы маңызын ачкан:

«Көчмөн болгонбуз – көчмөн калабыз; көчмөндүк кечээ жашоо гөйүбүздө болсо – бүгүн жандүйнөбүзгө оошкон. Демек, миңдеген жылдык көчмөн тагдырыбызда, тарыхыбызда топтолгон, калыптанган улуу руханият эми алдыңкы өнүгөр жолубузга өзүнүн кайталангыс жарыгын чачат. Кечээги көчмөн жашоо цивилизациясы – эртең рухий цивилизация тегиздигинде ойгонот!»

Бул чынында, өз учурундагы чечкин революциячыл ой эле жана мезгилден канча алдыга озгон прогрессивдүү көз караш болчу (көчмөндөр цивилизациясына азыр бүткүл дүйнөлүк кызыгуунун уламдан улам өсүп баратышы – мунун ачык-айкын күбөсү).

Көчмөндөр цивилизациясынын дабышы караңгы тарыхта калып калбай, улам алдыдан күчөп жаңырары тууралуу ой автордун кийинки китебинде («Теңирчилик. Көчмөн цивилизациянын тереңин көздөп». Б., 1995. Сорос ф.) кызуу улантылган. Бул жаңы китебинде автор Батыш цивилизациясында узак кылымдар бою калыптанган, асыресе, марксизмде материалисттик өңүттө тереңдетилген: «базиснадстройка», «жеке менчик», «тап», «укуктук мамлекет, граждандык коом» ж.б. фундаменталдуу маселелерди, окуу-түшүнүктөрдү түбүнөн кайрадан караган, батыш ойчулдары менен илимий полемикага чыккан, көчмөндөр философиясынын, цивилизациясынын позициясынан туруп, аларга өз баасын берген. Жаңы Улуттук Идеяны көтөрүп, мезгилге чакырык таштаган.

Автордун мындай жаңычыл ойлорун камтыган эмгектери көзжаздымда калган жок. Балдардын «Мээрим» фонду тарабынан кызуу колдоого алынып, «Теңирчилик» китеби республикабыздан ичкери гана эмес, чет аймактарга да (Москва ш.) таркатылды. Ал эми «Сорос-Кыргызстан» фонду «жаңыча билим берүү» программасына ылайык аталган китептин экинчи бөлүгүн бастырып, республикабыздын бардык булуң-бурчундагы мектептерге, жогорку окуу жайларына кошумча окуу курал катары таратты.

Автор андан берки жыйырма жыл аралыгында элдик дүйнөтааным маселесин иликтөө менен тынымсыз алпурушуп келүүдө. Натыйжада, «Теңирчилик» анын иликтөөсүндө азыр улуттун миң жылдардан бери түптөлүп, үзүлбөй уланып келе жаткан рухий-философиялык дүйнөтааным системасы катары жалпы ачыкталып калды. Универсалдуу система катары ал өз кучагына камтыбай калган бир да бир тармак калбайт. Алсак, 2012-ж. «Кыргыз Жер» илимий-агартуу коому Ч.Өмүралиевдин «Теңирчилик. Коом–Мамлекет» аттуу жаңы чыгармасын жарыкка чыгарган. Мында теңирчиликтин нугунда Укук философиясы козголгон. Болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга улуттук укук философиясынын өңүтүнөн баа берилген.

Бул илимий эмгекте эгемендүүлүк жылдардагы мамлекеттин көйгөйлөрү жыйынтыкталган. Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу анын мамлекеттүүлүк таржымалына байланышкан соңку кыска тарыхы; отурукташкан жана көчмөн мамлекеттүүлүктүн салыштырмалуу генезиси жана философиясы; конституциялык оңдоолоруна системдүү анализ; улуттук башкы символиканын табияты; мамлекеттүүлүк жана идеологиялык өнүгүү программасы – ушунун баары автордук бирдиктүү концепцияда берилген. Аталган концепция тегерегинде 2012-ж. 31-мартта УИАнын Философия жана саясый-укуктук изилдөөлөр институту, И.Арабаев, К.Карасаев атындагы, Чүй университеттери «Кыргыз Жер» коому менен биргелешип «Кыргыз мамлекетүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең (философиялык өңүт)» деген темадагы чоң илимий-теориялык конференция өткөрүшкөн. Конференцияда Ч.Өмүралиев «Укуктук мамлекет – улуттук көз караш» деп аталган олуттуу илимий баяндама жасаган жана автордун жаңы китебинин бетачары өткөн.

Автордун кийинки китеби «Теңирчилик. Бурут Тамга – Төрөн тил». (Б., 2012, «Кыргыз Жер»), бул да өзүнүн чабытынын чалкарлыгы, жаңычылдыгы, дүйнөлүк табигый илим, философия илимдеринин азыркы ал-абалын «Уңгуталаа» теориясы жана теңирчил философия нугунан чыгып аңдаган, баа берген бирден бир олуттуу эмгек катары ойчул окурмандардын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты.

Маселен, КТУнун профессорлору, физиктер Жамийла Асанбаева жана Райымкул Жапаров мындайча жазышат:

«Бул китепте Чоюн Өмүралиев тил менен философиянын байланышын, философия менен табигый илимдердин жуурулушун өзгөчө ыкма менен мүнөздөйт. Бул мүнөздөмө алгачкы маданий байланыштардан тартып, азыркы илимий жетишкендиктерди камтып, өтө бай мазмунду түзөт. Көпчүлүк учурда окумуштуулар али өздөштүрө элек, илимий журналдардын гана бетинен орун алган жаңылыктарды изилдеп бүтүп койгону таң калтырат» (аталган китепке жазылган «Баш сөздөн»).

Суроо туулат: автор буга кандайча жетишти? Өзү филолог боло туруп, табигый да, рухий да илимдерди мынчалык жуурулуштуруп кантип жазды? Алардын синтезине кандайча чыкты?

Сөз башында автордун ата-тэги жөнүндө кеп болгондо учкай белгиленген эле, автор кичинекейинен эле сырдуу китеп, журналдардын сыйкырдуу курчоосунда өскөн. Кыргызча басылмаларды айтпаганда да, башкы борбор Москвадан жарык көргөн илимий-агартуучулук деңгээли эң бийик басылмалар: «Знание – сила», «Техника молодежи», «Физика в школе», «Вокруг света», «Природа», «Наука и религия», «Китай», «Огонёк» ж.б. журналдардын улам кийинки, кызыктуу, жасалгалуу, жаңы сандары ал кездери периферия саналган алыскы Тянь-Шандын бир айылындагы интеллектуал-мугалим Макый атанын китеп текчесин ийилтип, каз-катар жыйылып турар эле. Айрыкча, «Өрнөктүү адамдардын өмүрүнөн» (ЖЗЛ) сериясынан жарык көргөн немец классик философу Ф.Г.Гегелдин өмүрү, ишмердүүлүгүнө арналган А.Гулыганын илимий-популярдуу чыгармасы жаш уландын сүйүп окуган китептеринен болгон. Чоюн Өмүралиев жаштайынан кызыккан дүйнө ушулар эле. Адам акылы ай чапчып өнүгүп турган туштагы 60-жылдардын ушул эң кызыктуу дүйнөсү автордун жаш сергек жан дүйнөсүнө түптүз да, кыйыр да (подсознательно) агылып кирген. Анын табигый илимдерге, философияга шыгын, кунтун эң эртелеп ойготкон. «Теңирчилик. Бурут Тамга Төрөн тил» китебинин тунук булагы ушинтип тээ эртеги күндөн, тамчыдан тамчы куралып отуруп, сызылып түзүлгөн. Бир сөз менен айтканда, автор бул китебине да эң алыстан, олуттуу камылгалуу келген.

Андыктан, китепке Киришүү сөз жазган белгилүү эзотерик-ойчул Мамат Болоттун тили менен айтканда:

«Мына ушул маселеде да Чоюн Өмүралиев Борбор Азия, КМШ жамааттарында, атүгүл евразия ойкумен очогунда биринчилерден болуп азыркы илим-маданияттын, айрыкча гуманитарий салааларынын толуккандуу илимий-тарыхый заманбап анализин жасап чыкты.

Философияда – Кант, Фихте, Спиноза, Шеллинг, Гегельден Маркс, Энгельс, Ленин, Мах, Авенариус, Эйнштейн, Борго чейин; филологияда – Гердер, Гумбольдтон азыркы универсал тил системаларына; психологияда – Аристотель баш болгон эллин-латындардан Фрейд, Юнгга чейин дегендей адамзаттын эки миң жылдык илимий-руханий табылгаларын теңирчил универсал дүйнөтаанымдын баарын көрө жана баарын ийитип-имере билген усул үлгүсү менен миңкулак салаалата анализдеп жана кайра Абсолюттук Жолдун өзөкбир принцибине салып синтездеп чыкты, б.а. дүйнөлүк даанышмандыкты Ааламдын Эси – Акыйкаттын Көзү менен ичтен карап, бурушу менен дурусун, керчили менен өрчүлүн ылгап чыкты.» 

Буга кошумча сөз айтыш кыйын. Ошентип, китептин аннотациясында так белгиленгендей, бул эмгекти буга дейре табият таануу илиминде үзүл-кесил башталып-ташталып келген, ал эми өткөн ХХ кылым аягынан тарта кыйла жигерлешкен Дүйнөнүн Илимий Толук Биртуташ Жалпы Бирдиктүү рухий-материалий көрүнүшүн ачып-түшүнүү аракетине кошулган автордук жеке салым жана кыргыздык жетишкендик  катары баалоого болот.

Жогоруда аталган китептерде айкын көрүнгөн Чоюн Өмүралиевдин тынымсыз изденгичтиги, жаны жай албас жаңычылдыгы, жана эң башкысы, терең аналитик-ойчулдугу анын кийинки эки китебинде («Теңирчилик. Бурут тамга. Жандырмак» Б., 2014; «Теңирчилик. Бурут Тамга. Баянкат» Б., 2015) жаңы тереңдигинде ачылды. Бул китептеринде Чоюн Өмүралиев чыныгы, сөздүн толук маанисиндеги илимий революционер катары көрүндү. Жазуу тарыхына, кытай иероглификасынын табиятына байланышкан бул фундаменталдуу эмгектерде дүйнөлүк илимдин тарыхында, биринчи жолу, Борбор Азия мейкининде тамга-жазуулардын, иероглифтердин келип чыгуусуна байланыштуу феноменалдык ачылыш жасалды. Эмесе, ушул жерден дагы эле баягы суроо туулат: автор буга да кандайча жетишти? Жооп, дале болсо, Ч.Өмүралиевдин буга чейинки терең-терең изденүүлөрдү баштан кечирген өз чыгармачыл жолунан табылат.

Ал узак жылдар бою Ыраакы Чыгыш көркөм дүйнөсүн, айрыкча поэзиясын (Япон, Корей, Кытай), философиясын (дзэн, чань буддизм, даосизм, конфуцийчилик), каллиграфия, живопись, графикасын (Ми Фу, Су Ши, Хокусай) өз алдынча терең өздөштүрүп үйрөнгөн. Ушунда ал бир нерсени байкаган – иреоглификанын табиятын так билбей, түшүнбөй туруп иероглификалык поэзияны, символдуу тексттерди таасын түшүнүү мүмкүн эмес экен. Анткени, иероглифтер, мында, ойду, идеяны, сезимди, интуицияны сүрөттөөчү сөз, каражат, курулуш материалы эле эмес, өзүлөрү мазмун экен, – ошол милдетти, кызматты аткарып турушкан. Иероглифтердин сын-сыпаты, архитектоникасы, тулкусу өзү – туюнтуучу каражат; өзү поэзия, өзү сүрөт, өзү ритм-ыргак экен. Башка калктардын поэзиясынан (м.: европа, орус) айырмаланып, мында форма да, мазмун да чылк чырмалышып, биригип калган.

Иероглификанын ушундай эң тереңдеги ички өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө умтулуусу, тарыхый тексттердеги эл, жер, киши аттарын так чечмелөө аракети табиятынан жаңычыл, аналитик ойчул авторду бара-бара күтүүсүз жаңы мейкиндикке алып чыкты – иероглифика тереңдигиндеги түрк мейкиндигине. Ал кытай иероглификасынын негизин түзүп турган 214 ачкычтык мааниге ээ башкы иероглифтердин тэгинен – түркү тилдүү агглютинативдүү окум-угумду ачып чыкты.

Бул феномен – тамга-жазуулардын, анын ичинде байыркы кытай жазуусунун башаты алтай доорундагы алтай тилдүү калктар жайлаган мекен – Борбор Азиянын аска таш сүрөт-петроглифтеринен башталма алары менен түшүндүрүлөт. Иероглифтердин түбүндө түркүчө окум-угум катылып жатканы буга дейре дүйнөлүк илимдин капарында да жок болчу. Өз окумунун, методунун тууралыгына ынандырыш үчүн автор иероглифтик-ачкычтардын ар бирин эки тараптуу – фонетикалык жагынан да (Үн); графикалык жагынан да (Сын) окуйт жана бирдей мазмунду алат. Эске алчу нерсе: иероглифтерди минтип эки өңүттөн тең чыгып (Үн, Сын) окуу – дүйнөлүк синологиянын тарыхында буга дейре кездешпеген көрүнүш.

Иероглифтердин өз ичинен түркү тилинде окулушун биротоло бекемдеш үчүн автор «Байанкат» китебинде, эми, айрым-айрым иероглифтерге эмес, бүтүндөй келки-келки тексттерге кайрылган. Аларды өзүнүн ачкан усулунда ыраттуу окуп чыккан. «Шицзин» – «Ыр Баян», «Луньюй» – Конфуций айтымдарынан үзүндүлөрдүн жана гунндардан калган жападан жалгыз кош сап ырдын түркү тилинде окулуш фактысы буга дейре дүйнөлүк илимдин алдында тура элек жаңы маселени – түркү-кытай билингвизм проблемасын илимдин күн тартибине алып чыкты.

Филология илиминин доктору, Кыргыз УИАнын корреспондент-мүчөсү Сыртбай Мусаевдин китепке жазылган баш сөзүндө айтылгандай:

«Чоюн алп алптыгын көрсөттү. Бул эмгектин натыйжасында дүйнөлүк чыгыштаануу илими бир баскыч өйдөлөдү, бери болгондо окумуштуулардын козголушуна, ойлонушуна өбөлгө түзүлүп, же колдошко, же четке кагышка далбастаган аракеттердин арбыырына өбөлгө жаралды, чыгыштаануу илиминде төңкөрүш жасалгандай эле болду…»

Кийинки кездери автор коомдук-саясый турмушубузда жүрүп жаткан окуяларга карата кайрадан өзүнүн кайдыгер эместик позициясын билдирип жүрөт. Кыргыз Республикасынын Президенти А.АТАМБАЕВ «2014-ЖЫЛ – КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН БЕКЕМДӨӨ ЖЫЛЫ» деп жарыялаган. Президенттин Жарлыгына жооп кылып Ч.Өмүралиев «Кыргыз Туусу» гезитинин эки санына дээрлик толук (2014-ж. 25-29.04) «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең …» деген аталышта үч бөлүктөн турган («Кургуй», «Теңирчилик жана ислам», «Теңчил мамлекет») мазмуну боюнча фундаменталдуу ой толгоосун чыгарды.

Толук масштабдуу илимий эмгек деп айтарлык бул көлөмдүү ой толгоонун биринчи бөлүгүндө – мамлекетибиздин чейрек кылымдан берки көзкарандысыз шартта өнүгүү жолу тыкыр изилденет; экинчи бөлүмүндө – азыркы илимде биринчилерден болуп теңирчиликтин жана исламдын коомдук турмуштагы маңызы, мааниси жана орду салыштырма илимий талдоого алынат; үчүнчүсүндө – автор өтмүш менен азыркы учурду объективдүү талдоо аркылуу келечектеги биздин мамлекеттүүлүгүбүз кандай болушу керек, мамлекет менен коомдун, бийлик менен элдин өз ара гармониялуу аракеттенүүсүнө кантип жетишүүгө боло тургандыгы тууралуу өзүнүн көз карашын берген.

Кыргыз элинин жана башка түрк элдеринин миңдеген жылдардан бери басып өткөн тарыхый жолун дыкат изилдөөсүнүн натыйжасына таянуу, ошондой эле кыргыз элинин менталитетин, дүйнөтаануусун жана философиясын аңдоо аркылуу биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегин көрө билүүсү Ч.Өмүралиевдин феномендүүлүгүн белгилеп турат. Кырк жылдан ашуун мезгилден бери автор Кыргызстандын жана СССРдин мамлекеттик китепканаларынан жана архивдеринен, адабий жана илимий кайнарлардан, Алтайдагы жана Пекиндеги илимий жана музей мекемелеринен кыргыз, орус, кытай, эски түрк (чагатай) тилдеринде, байыркы бөйөн (ин жазуусу), араб жана кирилл ариби менен жазылган бай материалдарды чогулткан, алардан келип чыккан изилдөө натыйжаларын чейрек кылымдан бери Кыргызстандын мезгилдүү басма сөз жана илимий басылмаларында байма-бай жарыялап келе жатат.

Ал Түркияда жана АКШда болуп өткөн илимий жыйындарга катышып, өзүнүн өзгөчөлөнгөн баяндамаларын жасаган. Азыр да болгон мүмкүнчүлүгүн, өмүрүн бир гана ушул асыл ишке – кыргыз элинин байыртан калыптанган улуттук дүйнөтаанымын изилдөөгө жана калыптоого жумшоодо.

Ч.ӨМҮРАЛИЕВ Кыргызстан Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык коомдук Ч.Айтматов жана Манас Академияларынын Академиги, «Манас – 1000» юбилейлик медалынын, «Теңир-Ордо» коомдук фондунун «Эл куту – Даанышман» ардактуу наамынын ээси. Алты уул-кыз, он беш неберенин атасы.

Эмесе, жаңычылдык бүт өмүрүн коштоп жүргөн авторду мында ары да алдыда жаңы ийгиликтер жылоолосун.

Назгүл РЫСМЕНДЕЕВА, «Кыргыз Жер» коому
21-ноябрь 2016-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *