Менин айылым

Мен Эркинова Аймээрим 2006-жылы Шамалдуу-Сайда төрөлгөм. Азыр Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы №38 Алтай Осмонов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйм. Конкурс тууралуу таежемен уктум.

Азыр таене-таятамдын колундамын.Үч-Булакта. Айылдын башында суу үчкө бөлүнүп, анын бирөөсү бизге келет. Антейин десем, бизде дагы да булактар бар. Мисалы: Дары-Суу, Фанталей, Дары-Булак деп сыймыктанган булактарыбыз бар. Аны кант диабети, кан басымы барлар алып кетишет. Бизден ылдыйда Кара-Булак деген булак бар. Бирок сайдагы шагылдарды кетмен менен тартып койсо эле булак чыга берет. Агып жаткан суудан тунуп анан чыкса керек.

Айылдагы балпайган байбичелер, аппак сакалдуу карылар, келинчектер, жаш бөбөктөр да ынтымактуу. Алар урушушат, бирок кайра эле жарашышат.

Кечээ биздин кунаажын эркек тууду. Эртең таенем эжигей (быштак) кылып берет. Мен кошуналарга таратам. Жылда кошуналардын деле ую тууса, таратып беришет. Алардын ую тууса дагы сүйүнөбүз, эмнеге дегенде: айран, тартылган сүт сурап келем. Акчага эмес бекер. Негизинен айылда ач калышкан адамдар аз. Себеби, эл бар да.

Айылдын оң жагында да, сол жагында да адырлар бар. Алар кышта сулуу. Биз Баястан, Дияна болуп кышта пакет менен сыйгаланабыз. Жазда торпокту адырга айдап, өскөн чөптөр менен «оокат-оокат» деп апасы-кызы болуп ойнойбуз. Ноорузда сүмөлөк кылышат. Сүмөлөккө тилек айтабыз, бийлейбиз. Эртеси эрте менен сүмөлөккө сүрөт түшүп калат. Сүмөлөктү элге таркатып берет.

1-май күнү шаардагы, айылдардагы, райондогу мектептерден окуучулар келет. Алар ырдап, күлүшүп кетет. Биз да чыгабыз. Былтыр эжекелерибиз менен алы-ыс, сулуу жактарга барганыбызды эч унутпайм.

Айылда сөзсүз ар бир экинчи адамда мал бар. Малга кам көрүүдөн сырткаркы да жүгөрү эгишет же башка түйшүктөр менен алектенишет. Жайда аларды чаап, паластарды жууп, салкындап жатабыз. Суу чачышмай ойнойбуз. Күздө кышка даярданып, кышта сериал көрүп жатабыз. Мага айылдагы жашоо жагат.

Шамалдуу-Сай шаарына каникулдарда барып келем. Ал жак абыдан ысык, кышта да кар аз жаайт. Келатканда:

Аппак жоолук салынган,
Алтын шакек тагынган,
Үч-Булакта тайнем бар
Көрбөй калсам сагынам, сагынам, сагынам… – деп ырдаганча келем.

Эркинова Аймээрим, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району 

P.S. Балдар чыгармачылыгы боюнча сынактын жобосун береги шилтемден тааныша аласыздар: КОНКУРС

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *