АҢГЕМЕ

«Чачтарачкана» деген жазуусу өчөйүн деп калган, тактайларынын жарымы чирип, өзү бир жагына ооп турган, ичи эски-куску кайчы, устара, аларды курчута турган кайыштарга жана дагы ыбырсыган майда нерселерге толгон, анча-мынча атыр-упасы бар бул эски будкадан чыгып баратып анын эски ээси – ушул будкасындай бир топко барып калган сакалчан неме артына бир кылчайды да четтери карала-торала болуп кеткен күзгүнүн аркасына колун салып, ал жактан небак ачылып, жарымы түгөнгөн арагын алып чыкты.

Алып чыкты да, советтен калган кырлуу стаканга толтура куюп, билинер-билинбес калтырыган колдору менен оозуна жакындатып барып, анан чымырканып тартып жиберди. Тартып жиберди да, арагынан бошогон стаканга чоргодон суу агызып куюп, артынан шимирди. Шимирди да, ичи өрттөнүп, ичегилери курулдап, көзүнө ысык жаш алып, аз-маз турду, анан будкасынын жарыгын да өчүрүштү унутуп, таза абага чыккысы келди. Таза абага чыкты да, көп ары барбай арыктын четине кулады…

* * *

Азанчы чачтарачканын жанынан өтүп баратып, анын свети күйүп турганына баам салды. Саарлап короз кыйкырары менен мечитке барып азан айтуу бул кишинин адаты. Мисирден жогорку диний билим алып келген азанчы ушул мартам да он беш жылдан берки ишин аткармакка шашылбай келатып, арык боюнда жаткан адамды көрүп калды окшойт, биралдын карбаластап, коркуп да кетти, алласы оозуна келип, келме келтирүүгө үлгүрдү. Мас экен деди анан, жанынан өтө берди, арык боюнда жаткан адамдан азанчы жийиркенип, анын бир нерсеси ак чапанына жугуп, андан селдесине өтө тургандай шашып баратты…

Оо бир кезде арыкта жаткан адам менен азанчы да кездешкен.

Анда арыкта жаткан адам атагы таш жарган уста эле. Чочок кесчү. Жаз келип балдардын эти жибигенде ушул «Чачтарачкана» анда жаңы, күркүрөп турган убагы, райондун бардык айылдарынан «баламды сүннөткө отургузат элем», «жээнимди алалдап бериңиз», «уулумду мусулман кылып коюңуз», «ырымдатат элем» деген таклибдер менен тааныш да, бейтааныш да адамдар үзүлбөй келип-кетип турчу. Ал учурда гап кайтармай жок, чочоккесер наштарын жанга салып, кебезин, кийизин, спиртин даярдап, камышын камдап жөнөп калат. «Келиң, уста, келиң» деп барган жерлер ызааттап тосуп алып, тонун кийгизип, түйүнүн түйүп берип, колунан келгендер беш-он сомун да аябай, устанын зоболосун көтөрчү.

Ананчы, анда хирургдар жок, райондо чочоккесер жалгыз уста ушул эле. «Колу жеңил, баарыбыз ушул кишинин колунан чыкканбыз» деп калышчу райондун эркектаналары. Кайда барса, «келиң-келиң», кайда барса «төргө чыгың».

Ошол киши ушул – арык боюнда чаңга оонап, денеси муздап баратат.

Жанагы азанчынын ата-энеси балага зар болуп беш жылдай жүрүшүп, перзенттин айынан оту өчө жаздар кезде келинге кимдир бирөөлөр шыбырап, ырымдалган баланын чочок этин жесең ал жагы алладан го, бирок ушинтип балалуу болгондор бар экен дегенинен эркеги устаны бир жума ээрчип жүрүп, сүннөткө отурган баланын жумшак этинен экини кыйла адамдан кийин кезеги жеткенде эптеп устага акелеп-жакелеп жүрүп алып келген. Ошону жегендин демиби же кудайдан болдубу, соңку жылы эле келиндин боюна бүтүп, кийин ушул бала – азыркы ушул жерден өткөн азанчы төрөлгөн. Жашынан молдолукка окуп, аалым аталып, эми мынтип кырааты жамаатка жагып, азан айтууга өтүп кетти…

* * *

Мечит жактан азан угулганда намазга кечиккен дагы беш-алты киши арыкта жаткандын жанынан өтүп баратып, тигиге жалт-жалт карап, бирок ар кимиси көрбөмүш болуп жолун улай берди. Багымдатка даарат алып бараткан булардын баарын тең ушул уста алалдаган. Коркуп турган, ыйлап аткан, апалары аппак шейшептүү төшөк салып саздап турган баланын үстүнө уста кирери менен ал жерге жарык таң киргендей башка бир жылуулук, сүйкүмдүүлүк орноп калчу. «Бул устанын башкача бир жылдызы бар дешчү», «балдарды мээр чөбү менен багындырып алат дешчү», «ушул устаны бизге берген аллага ыраазыбыз дешчү».

Ушул тапта ушул жерден өтүп бараткандардын баарынын тең ата-энеси ошентишкен. «Кана, балам, чочону көрүп, бир майлап коюлучу» деп баштачу уста сөзүн. Анан чын эле майын алып чыгып баланын чочогун майлап, жумшак этин башкача бир жагымдуу укалап-укалап, териси кызыганда кичине кыпчып туруп, колун спирттеп жууп, анан курч устара менен бир тартып койчу. Балдардын билгени билет, билбегени апасы берген оюнчуктарга алаксып жата берет, уста болсо курмушусун күйгүзүп, кан чыгып аткан жерге акырын басып коёт. Ошондо гана «мусулман болушуң менен», «жигит болушуң менен», «алалданышың менен» деп туугандары балага акчасын да, тапкан-ташканын да көтөрүп келишет, устага болсо алдына аш, үстүнө тон тартылат. Андан ары уста эшикте кезерип күтүп турган дагы башка баланын атасын ээрчип кетет.

Ошентип уста келген айылдагы үч же беш жаштагы балдар жапырт сүннөткө отургузулуп жатып калат. Балдар бири-биринен “сени ким отургузган” деп сурашат, сыймык менен паланча уста дешет биздин устанын атын айтып. Сагыр балдардын, атасы алыс сапарга кеткендердин үйүнө өзү эле кирип барып, аердин шарты болсо балдарын алалдап чыгып кетет, шарты болбосо өзү менен ээрчитип кетип үйүнө алып барып, мусулман кылып жөнөтүп ийет.

Ошол балдар – азыркы чоң кишилер мына устанын жанынан топтошуп намазга өтүп баратат…

* * *

Дагы төртөө кетип атат. Эки ата, эки бала. Аталар картаң. Балдар орто жаштан ооп калган. Бул бараткан орто жаштагы балдардын экөөнүн тең жанындагы кары аталары кезегинде бардар кишилер эле, экөө тең коммунист болчу, бирөөсү райкомдо инструкторбу, башкасыбы, айтору, бир балекетинде иштөөчү, экинчисинин атасы болсо колхоздо парторг эле. Экөө тең оо жогору жактан чочуп, баласын отургузду деген партиялык жалаадан коркуп, ушул балдарын ушул устанын үйүнө алып келип, оңбогон көп оокат менен таштап кетишкен, уста өзү ырымдап, баарын бүтүрүп, анан чоңдордун колуна салып берген. Эми бул экөөнүн ошондогу «коммунизмди курчу» аталары да молдо болуп, бул алал-бул арам деп масала айтып отурат, кез-кез дааватка да чыгып калат. Ошондо устанын колуна балдарын тапшырган эски коммунист – эмки молдолор да, он күндөй ак тузун таткан эки бала да минтип ата ордуна аталык парызын аткарып алалдаган адамдын жанынан жийиркенип өттүп кетти…

* * *

«Уста» аталып, «уста» даңкы менен далайга жеткен бул кишинин ишин кийин врачтар бүтүрүп калды, адамдар эскинин калдыгы деп устаны чакырбай койду, а түгүл аны «чочоккесер» деп шылдыңдап карагандар да табылды. Ошондо ал эл кыйналбай тапсын үчүн калп эле ачып алган «чачтарачканасын» жаппай, өткөн-кеткендин чачын алуу менен алектенди, канткен менен бара-бара чач алдыргандар да бул кишиге кем каттоо болуп, акыры барып күнүнө келсе бир-экөө келип, келбесе жок, бекерчилер аз-аздан арак ичүү жайга айландырып, соңунда өзү да кантип аларга аралашып кеткенин билбей калды. Багат-көрөт деген балдары да коммерсант болчубуз деп биргөргө тентип жоголду.

* * *

Намазкөйлөр сааркы намаздан кайтты. Алар арыкта жаны чыгып аткан устаны көрбөмүш болуп ылдыйкы көчөдөгү өлгөн жерге көз көрсөтүү үчүн өтүп кете берди…

А устага эртең келишет…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *