Улуттук дүйнөтааным, өзүн-өзү таануу, өзүн өзгөгө таанытуу жана өзгөнү өздөй таануу уңгусуна сүңгүп кирип, көчмөн дүйнөнүн түпкүрдөгү түбүн аңтарып, андагы оош-кыйыштарды бүгүнкү дүйнөтааным илиминин бийик сересинде саресеп салганга батыл киришип, бадырактай барсайган оригинал ойлорду ортого таштап, «мына, бүгүнкү аалымдар, ушуларды аңдоого акылыңар жетеби, кабылдоого кабыргаңар менен кеңеше аласыңарбы» — дегенчелик кылып, кыргыз эле эмес 21-жүз жылдыктын дүйнөтаануучуларынын алдына үзүктөй-үзүктөй собол таштаган ойчул (минтип атагандан жазгана албайм), өзөктүү чындыкка өчү бардай умтулган өжөр, улуттук чектеги алкактан эле угут алып, бирок дүйнөлүк рухий-нравалык жана табигый илимдерди жуурулуштура жумуру башына сиңирген аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ чыгыш таануу илиминин, жалпы эле дүйнө таануу илиминин өзөктүү көйгөйлөрүнүн бир өңүрүн түрө салган экен.

Дегеним, Теңирчилик окуусуна (учение, наука), философиясына таянуу аркылуу улутту улут катары сактап өнүктүрүү, карама-каршылыктын күрөшү жана биримдиги диалектикасы менен Теңирчиликтин диалектикасын айкалыштыруу идеясын көтөрүп чыгып, аны тарыхый, маданий, руханий, нравалык мурас материалдар менен далилдөөгө аракеттенип келет. Бул багытта 1994-жылы улуттун философиялык уңгусуна киришүү катары «Теңирчилик» деген дүйнөтаанымдык эмгегин жараткан. 2012-жылы «Коом – Мамлекет», «Бурут тамга – Төрөн тил», андан кийин «Бурут тамга – Жандырмак» (2014), «Бурут тамга – Баянкат» (2015)  деген фундаменталдык эмгектерин жарыка чыгарды.

Арийне, ачык айтыш керек, Чоюн ӨМҮРАЛИЕВдин түмөн түйшүк тартып түйшөлүүсүнөн жаралган жогорку эмгектерди аңдап-түшүнүү үчүн бери эле болгондо Чоюналп турган тепкичке бут коюу зарыл. Ансыз ал айтайын, билдирейин деген ой-пикирди түшүнүү мүмкүн эместей, бери болгондо байыркы кытай тилин, анын ачкычын билиш керек, андан бери болгондо табигий илимдердин фундаменталдык маселелерин, Уңгуталаа теориясы жана практикасы жадыбалдай жадыңда турушу керек, философиянын мыйзамдары, категориялары менен ойлонушуң жана аларды мыкты колдоно билишиң керек, андан калса Теңирчилик окуусун, Теңирчилик цивилизациясын, Теңирчилик философиясын терең өздөштүргөн болушуң керек. Мен мындай эмесмин, боло да албайм. Бирок тил илиминин теориялык жана практикалык маселелери менен алектенип жүргөн адам катары Теңирчилик дүйнөтаанымынын алкагында каралган «Бурут тамга – Баянкат» эмгегине байланыштуу айрым бир лингвистикалык маселелер жаатында айрым бир пикирлеримди билдиргенге мүмкүнчүлүгүм жетет ко деп ойлойм…

Теңирчилик окуусун туу туткан Чоюн алп окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн «бурут тамга», «төрөн тил», «баян кат» терминдерине кыскача түшүндүрмө берет: «бурут тамга» аталышына келсек – көңкү жазуу тизмегинен «Кыргыз каан» деген касиеттүү ысым мындан беш миң жыл арыдан (катка түшкөнү) булактап агып чыга келгени…! «Бурут» деп башка калктар Азиянын байыркы жоокер бөрү элин – кыргыздарды атаган. Борбор Азия мейкининдеги бул жазуу Алдыңкы Азия мык (шынаа — С.М.) жазууларынан (клинопись) да ары жатат. Азыркы Монголия аймагындагы Хойт Цэнхэр-Теңир үнкүрүндө мындан 20-15 миң жылдар мурда чегилген эзелки уруг тамгалары (руна) алигүн дапдаана, туру. Демек, байыркы көчмөндөрдүн бул жазуусун «бурут тамга» деп атасак жарашат…». «Төрөн тил» бул атамага биз эми көндүм боло келгендей түрк элдеринин эң байыркы жалпылыгын гана эмес Алтай тил тобу уюткан элдерди, андан да ары артылып кара кытай, б.а. эң байыркы эски кытай элин-тилин камтып, батырып айтып жатабыз. Азыркы илим үчүн түк белгисиз калып келе жаткан талуу маселелердин бири – байыркы кытай цивилизациясынын башаты саналган Шаң-Индиктердин (б.з.ч. XVII-XI) тили. 214 ачкычтын ошол Ин жазуусунан берки эволюциясында чечмелениши бизди кара кытай жана түрк тилдеринин түпкү биримдигине (астын биз сыздык – С.М.) алып чыкты.

Мына ушул Алтай тил тобунан да ары жаткан зор жалпылыкты туюнтуш үчүн биз «Төрөн» деген терминди баштагыдан да кеңитип колдондук.» Ал эми «Баянкат» терминин Кытайда XX кылымга чейин колдонулган, бирок жаралуу башаты байыркы кытай тилине негизделген жана түздөн-түз ошого барып такалган жазма тили «вэньяньдын» кыргызча окулушу катары сунуштайт. Автордун окуусунда вэнь иероглифи бизче бий, бэй, бай-бай деп окулат, ян иероглифи үн, аң, йан/жан-ан деп окулат. Экөөнү кошсо байан болот деп түшүндүрөт.

Арийне, байан катка байланыштуу автордун төмөнкү оюн келтире кетүүнү зарыл деп турам:

«… Биз эмес билимдин ээси саналган зор кытай өзү түпкү чындыктын көзүн таба албай кайсалап турса, бизге не шам? Бирок ошол белгисиздик, кытайдын өзүнө да беймаалым керең кезең бир жагынан ички бир ишенимге алдыртан от коюп, түрткү, шыкак берип, түпкүрүндөгү бир күчкө, умтулушка шоонадай жылчык калтыргансыды. Иероглиф башаты ин жазуусуна кызыгуум артты… Ин жазуусуна чындап үңүлдүм… Бул жол мени бара-бара бүткүл дүйнө калкына «байыркы кытай жазуусу» деп таанылып кеткен, аныгында бабаларыбыз калтырган тарыхый улуу издин жайыгына алып чыкты… Иероглифтин тегин биздин бабаларыбыз түзгөндүгүнө, агер иероглифтин ичине кирсең эле ал кызылдай кыргызча (түркчө) сайрап кирээрине ишендириш керек экен… Ата-бабаларыбыздын жазуу түзгөндүгүнүн, бержагы, төрт миң (!) жылдык тарыхы ачылып жатса, иероглиф уңгусу түркчө түзүлсө, байыркы түрк руникасынын жашы азыркы илим айтып жүргөндөй 1400 жыл менен чектелбей дагы эки миң жыл нары жакка аргып жатса, анан да анын чыныгы генезиси эми эч кандай арамей, ассирий, согдусу жок эле бурут элдин өзүнөн ачылып отурса…, тамга-иероглифтерди түркү тилинде жандырууда биз жалаң гана өзүбүздүн эне тилдин, б.а. кыргыз тилинин гана өңүтүнөн чыктык… » («Бурут тамга – Төрөн тил», 2012, 14-17-бб.).

Мына, бул изилдөөнүн түпкү маңызы, көздөгөн максаты – кыргыз (түрк) тили менен байыркы кытай тилинин ортосундагы тектик жалпылыкты, типологиялык эмес, тектик, тектештик жалпылыкты, үн менен сөлөкөттүн, байыркы ин жазуусу менен сөздүн карым-катышын, өтмө-катар байланышын аныктоо. Менимче, Чоюн алп ал максатты аткарып, кытай иероглифтерин 214 ачкычтын негизинде кыргызча чечмелеген. Анткени чыгыш таануу илиминде б.з.ч. XVII-XI кылымдар аралыгында өкүм сүргөн Шаң-Ин цивилизациясы, аны түзгөн элдин дареги, ал эл колдонгон ин жазуулары алигиче так чечмелене элек болучу. Демек, аталган эмгектин жарык көрүшү менен ин жазуусу жаралган иероглифтик белгилер Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ тарабынан биринчи ирет кыргызча сөз тибинде, тагырагы, муун тибинде окулду. Муну биротоло тамам окулган чечмелениш деп айтууга менин билимим анча жете бербейт, бирок байыркы ин жазуусун окуунун ишенимдүү, негиздүү бир окулуш варианты деп айтканга толук негиз бар деп эсептейм.

Себеби ин жазуусу жаралган мезгил менен Чоюн алп аны окуган мезгил аралыгы 4 миң жылга жуук убакытты камтыйт. Бул убакыт аралыгын синология илими, негизинен, үч доорго бөлүштүрүп карайт: байыркы кытай доору, орто кытай доору, жаңы кытай доору. Бул үч доорду туташтырып, 4 миң жылга жуук аралык бою (б.з.ч. XVII кылымдан б.з. XX кылымга чейин) колдонулуп келген жазма тил – оболу ин, соңунда вэньянь-байанкат (б.з.ч. биринчи миңжылдыктагы жазма эстеликтердин тили) болду. Мында эки маселенин башы чыгат: ин – жазуу, жазма эстелик, ал эми вэньянь – жазма адабий тил. Ин жазуу, жазма эстелик катары эч өзгөрбөйт, Байыркы кытай доорунда жазылган бойдон кала берет, ал эми вэньянь жазма адабий тил катары жай өзгөрүп, бирок оозеки тилден кескин айырмаланган абалга жетиши да мүмкүн.

Ушул өңүттөн караганда б.з.ч. IV-III кылымдарда кытай жазма адабий тили менен оозеки кытай тилинин ортосунда айырмачылык бир топ жогорку деңгээлге чыгат. Байыркы кытай тилинин негизин сактаган вэньянь жазма адабий тили XX кылымга чейин Кытайда колдонулат да, оозеки кытай тилинен айырмаланып турат. Ошондуктан бүгүнкү кытайлар ал жазма тилди түпкү өз добушунда окуй алышпайт. Ал үндөбөс «дудук» тил саналат.  Себеби вэньянь байыркы классикалыкка чейинки кытай тилинде жазылган, жазуунун ошол формасы аз өзгөрүү менен XX кылымга чейин сакталып кала берген. Синологдордун белгилөөсүндө б.з. VII-VIII кылымдарында кытай жазма адабий тили менен оозеки кытай тилинин ортосундагы айырмачылык ачык сезиле баштайт да, жазуучулар өз мезгилинде оозеки колдонулуп жүргөн тилди жерип атайын аң-сезимдүү түрдө эле бир нече кылым мурда жазылган жазма эстеликтердин тилин туурап жазууга аракеттенишет (С.Е.Яхонтов «Древнекитайский язык». М. 1965). Бул жазма адабий тил менен оозеки тилдин ортосундагы ажырымды дагы тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Ушул жерде бир жагдайга көңүл бура кетүү өтө зарыл. Тарыхта элдин көбү тарыхый, байыркы, маданияттуу эл экендигин тастыктоого катуу далалаттанып ык коюшат. Ошол тарыхый, байыркы, маданияттуу эл экендигин даңазалап далилдөөнүн бирден бир башкы башаты катары жазууга ээлиги, жазуу эстеликтеринин бар экендигин белгилешет. Туура. Бирок ошол жазуу, жазма эстеликтер тилдин өзү эмес, жандуу тилдин гана көлөкөсү, көчүрмөсү экендигин, айрым бир шарттарда жазуу жандуу тилдин өзүн кысып-чектеп өнүктүрүп-өстүрбөй коюучу да, анын алкагын тарытуучу да, консерватизм калыбына салып таштоочу да курал экендигине маани бербей келебиз. Башканы жөн койгондо да кыргыз элинин улуттук жазуусунун жаралышы элдик оозеки чыгармачылыктын жаралышын, өнүгүшүн, күрпүлдөп күкүктөгөн суудай күпүлдөгөн күч-демин соолтуп койгону жалган эмес. Бирок албетте, жазууда оозеки жандуу тил өзүнүн табият-мазмунуна мүнөздүү ички кудурет-күчүн, боюна сиңген бар байлыгын толук ачып бутактап-шактап тураары да ачык. Муну тилдеги ички асимметрия же карама-каршылык деп коёлу…

Арийне, Кытай жазмасы, алгач сүрөт жазмасы катары жаралган (пиктография), өнүгүүнүн кийинки баскычында идеографиялык жазуу тибине өтүп, сүрөттүк белги сөздүк же иероглифтик белги менен алмашат. Сөөккө, ташка, коло идиштерге, кабырчыктарга жазылган «байыркы жазуу», б.а. ин жазуусу б.з.ч. XVII-XII кылымдар, андан кийин «чоң жазуу» б.з.ч. VIII-II кылымдар, «кичине жазуу» б.з.ч. II к., б.з. III кылымдары, биздин замандын IV кылымдарында расмий-иштиктүү жазма, кийин «уставдык жазма», «үлгүлүү» жазма деген жазуулар пайда болгон. Б.з.ч. IV-III кылымдарда мурдагы алты бөлүк эл биригип, бир гана мамлекет түзүшөт. Ошол мамлекетте жашагандардын баарына бирдей түшүнүктүү болгон жазуу белгилерин жаратуу зарылдыгы келип чыгат. Бул зарылчылык Цинь Ши-Хуанди императордун реформасында ишке ашат. Мунун негизинде ар бир иероглифтин жазылышы бирдей болгон жалпы мамлекеттик графикалык система пайда болот.

Ошол мезгилде жазуу үчүн колдонулган 10 миңге жакын иероглиф 540 гана белгинин ар түрдүү айкашы, тизмеги, комбинациясы экендиги белгиленет, иероглифтер жөнөкөй жана татаал белгилерден турары жана алар иероглиф билдирген сөлөкөт менен ал белгилеген сөздүн (муундун) ортосундагы карым-катыш аркылуу жиктелээри аныкталат да, муундун чеги сөздөрдүн же уңгунун морфологиялык чегине дал келет. Уңгулар, негизинен, бир муундуу келет, муун эки бөлүккө бөлүнөт: муундун башкы бөлүгү бир үнсүздөн турат, калган тыбыштар муундун аякы бөлүгүн түзөт. Муунду туюнткан иероглифтик белгинин аяккы тыбышы экинчи иероглифтин башкы тыбышы менен жуурулушуп окулат, кийинкиси да ушундайча тизмектеше келе берет… Байыркы кытай жазма тилинин иероглифтик белгилерин так түшүнө билген аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ ин атын алып жүргөн байыркы кытай жазуусундагы, андан кийинки вэньянь жазмасындагы ачкычтык иероглифтик белгилердин абалкы добушун жана маанисин таап, жөнөкөйү түгүл татаал иероглифтерди муунга ылайык чачырата кыргызча окуп жатпайбы.

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВдин изилдөөсүндөгү дагы бир өзгөчө ачылыш – ал жазууларды пиктографиялык же идеограммалык тизмектешүүлөрдүн бирдиги катары карабай добуштук муун тизмектешүүсүнүн биримдиги катары окугандыгында болсо керек. Анткени пиктограммаларды, идеограммаларды ар ким ар башка кабылдап, ар башка окушу мүмкүн, ал эми добуштук муундук тизмекти окуганда добуш менен чийменин, үн менен сөлөкөттүн биримдиги ажырагыс маани туюнтат. Ошондо гана жазуу туура окулган болот.

Жыйынтыктап айтканда Чоюн ӨМҮРАЛИЕВдин Теңирчилик окуусунун методологиялык базасында жүргүзүлгөн жогорку илимий-теориялык жана илимий-практикалык изилдөөлөрү илимий гипотезаларды теорияга айландырган, анын негизинде практикалык мүнөздөгү илимий сунуштар, далилдер келтирилген фундаменталдык мүнөздөгү иштер экендигин мен илимий далил, жөндөм аркылуу эмес, жүрөк менен, ички туюм-сезимим (интуиция) менен баса белгилегим келет. Анткени аталган эмгектерде илимий изилдөөлөргө мүнөздүү методологиялык күчтүү база, негиздүү гипотезалар жана аларга шайкеш төп келген теориялык ой-толгоолор берилүү менен, байыркы кытай жазмасы аталган ин жазуулары, анын кийинки өнүгүшү катары таанылган чжоу жазуулары, вэньянь деп аталган жазуу тилинин тексттери терең талдоого алынып, 214 ачкычтын негизинде алар кыргызча окулуп, ал жазуулар биздин ата-бабаларыбыз тарабынан жазылгандыгы сунушталат.

Албетте, бул өтө чоң ачылыш, буга ишенип-ишене албай, муну түшүнүп-түшүнө албай турсам да Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ улуу, алп иш жасагандыгын моюндап, талыкпас тажаалдыгынын, көгөргөн көктүгүнүн, өнтөлөгөн өжөрдүгүнүн аркасында жеткен ири ийгилиги дүйнөлүк чыгыш таануу илиминин кыймылга келип козголушу, кийинки өнүгүшү үчүн чоң түрткү болорун белгилемекчимин…

P.S.

Чоюналп алптыгын көрсөттү. Бул эмгектин натыйжасында дүйнөлүк чыгыш таануу илими бир баскыч өйдөлөдү, бери болгондо окумуштуулардын козголушуна, ойлонушуна өбөлгө түзүлүп, же колдошко, же четке кагышка далбастаган аракеттердин арбыырына өбөлгө жаралды, чыгыш таануу илиминде төңкөрүш жасалгандай эле болду…

Сыртбай  МУСАЕВ,
КР Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү,
КР Илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илиминин доктору, профессор,
Ишеналы АРАБАЕВ атындагы Мамлекеттик университетинин «Лингвистика» институтунун деректири.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *