Карачай жомогу

Качандыр бир заманда тоолуу айылда жашаган үйбүлө болуптур. Ал үйдө карыя, анын байбичеси, уул-келиндери жана кыз-кыркыны жашаптыр.

Карыя бир күнү таң эрте туруп, түндөсү калың жааган карды көрөт. Босогодон сыртка аттап, короодогу жаңы түшкөн изди көрдү. Из дарбазага чейин кеткенин байкады. «Таңатпай кимдин изи болду экен?» Кооптонгон карыя издин артынан жөнөдү.

Кете берди, кете берди, узакка барды. Из итмурундар коюу өскөн талаага дейре барып, жок болуп кетти.

– Бул ким экен? – карыя итмурундардын түбүнө эңилди. – Үн чыгарып койчу! Сенин изиң менин үйүмдөн бери келиптир го?..

– Мен сенин Дөөлөтүңмүн, – деген үн чыкты – Сенден кетип баратам! Бирок сен мени ушунча кубалап келдиң, эми айтчы, саа эмне калтырайын: малбы, жерби же кымбат кийимдердиби?

– Дөөлөт болсоң токтой турчу, – карыя ойдолоктоп калды. – Мен үйдөгүлөр менен акылдашып келе коёюнчу.

Дөөлөт макул болду. Карыя үйүнө шашты, баарын айтып берди. Үйбүлөсү кеп-келең куруп кужулдашып калышты. Көпкө ойлонуп, бүкүл чечимге келалышпады. Байбичеси – мал-сал, балдары – жер, кыздары – кымбат кийимдерди каалашты. Аягында эң кичүү келининен сурады эле, анысы:

– Намыс эле сураңызчы! – деди.

– Ой, кагылып кетейин, туура айтасың! – деди муну уккан карыя жетиналбай.

– Чын эле, туура айтат! – баарысы кичүү келиндин жообун эп көрдү.

Карыя калдаңдап шашып, итмурундардын арасына энтеңдеп жетип барды.

– Атыңан айланайын Дөөлөт! – деп кыйкырды. – Мал-сал, жер, көйнөк-көчөктүн баарын өзүң ал! Биздин үйгө намыс эле калтырып кетсең жетет.

– Сен мени колу-буттан кармап алдың, – деди Дөөлөт. – Намыс бар жерде – мен бармын. Мен эми силердин үйдөн кеталгыс болуп калдым.

Дөөлөт ошентип карыянын үйүнө кайра кайтыптыр, ошондон бери ал бүлө телегейи тегиз жашап калган дейт.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *