posts_Амброз БИРС
(1842-1914), америкалык жазуучу

 Аялдын кучагына кабылсак да, аттиң, колуна түшүп калбасак кандай сонун болмок!

* * *

Аял менен түлкү канчалык алсыз болбосун, баарыбир артыкчылыктарын көрсөтөт.

* * *

Алдында шараптын бош бөтөлкөсү турган аял беделинен тез айрылат.

* * *

Эгерде сыркоолоп калсаңыз, душмандарыңызды кечиргенге шашылыңыз: кокус дартыңызга шыпаа болуп калгысы бардыр.

* * *

Сага операция жасайбыз десе, эң мурда короо-жайыңды иретке келтиргенге шымалан. Тырбалаңдап атып, айыгып кетишиң ажеп эмес.

* * *

Шайлоо: өлкөңдүн түбүнө жетүүнү турмушка ашыруу жана укугу эркин жарандардын мээсин айлантуу.

* * *

Парламент: мыйзам алмаштыруу үчүн убактылуу башы бириккендердин тобу.

* * *

Оппозиция: өз билгенин жасаган өлкө башындагыларды тарамыштан тиштеп турган күч.

* * *

Чегара: көз алдыга бирөөсү башка, бирөөсү дагы башканы элестеткен эки өлкө ортосундагы сызык.

* * *

Дипломатия: өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн калп айттырган патриоттордун искусствосу.

* * *

Саясат: коколой баштын кызыкчылыгы үчүн коомдук иш менен шугулдануу.

* * *

Кудайсыздык: дүйнөдөгү улуу диндердин негизгиси.

* * *

Адамгерчиликсиздик: адам сыягынын анык белгиси.

* * *

Мээ: баарын биз жасап атабыз деп ойлогон булчуң эт.

* * *

Келечек: ишибиз илгерилеп, досторго кадырыбыз артып, бакытка балкыган учур.

* * *

Сыпайыгерчилик: эки жүздүүлүктүн жеткен чеги.

* * *

Согуш: тил менен чечилбеген саясый түйүндү тиш менен чечүү.

* * *

Жыл: 365 жолу көңүлүңдү сууткан балээ.

* * *

Күндөлүк: жасаган жана ойлогон иштериңди кийин окуганда бетиң кызарбаш үчүн эрксизден кагазга түшүргөн насыяттар.

* * *

Берешен: айрым учурда алкымын тыйган адам.

* * *

Кекирейме: башкалардын эмес, өзүнүн гана кебине кулак түргөн адам.

* * *

Тааныш: өзүбүзгө карыз акча сураганга көзүбүз жеткен, бирок өзүбүз ага карыз акча бергенге ишенбей турган адам.

* * *

Кечирим суроо: кийин да жазып-таяр ишиңдин алдын алууга көрүлгөн кам.

* * *

Чечен: бейакылдарга акты ак, ал эмес караны да апапак деп ишендирген адам.

* * *

Макал-ылакап: кем акылдар кемирчү сөөк.

* * *

Сулуулук: ойношунун оозун ачырып, күйөөсүн кызганычтан чочулаткан зор күч.

* * *

Көралбастык: өзүңдөн өйдө тургандардын артыкчылыгына ичиң сыйрылган эле табигый сезим.

* * *

Никелешүү: бактылуу күндөрдү артка калтырган саат.

* * *

Чечкиндүүлүк: көзүң жеткен максат үчүн көкбет болуу.

* * *

Көк беттик: көзүң жетпеген максат үчүн чечкиндүү көрүнүү.

* * *

Кеңеш: кээде сокур тыйынга күнүң түшкөндөй кеп.

* * *

Көк мээ: көзкарандысыз күчтүү интеллектуалы менен азап чеккен өзгөчө адам.

* * *

Көптү билемдик: көңдөй башка көрүнгөн китептен жыйналган ыпыр-сыпыр.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *