БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Италян физиги, химик жана физиолог Вольта Алессандро 1745-жылы 18-февралда Италиянын Комо шаарында туулган. Кичинекейинен эле ар нерсеге дилгир болуп өскөн. 12 жашында суу ичиндеги жылтыраган нерсенин сырын ачам деп, сууга чөгүп кетип араң аман калган. 1774-79-жылдары Комодогу гимназияда физика мугалими, 1779-жылы Павия университетинде профессор, 1815-19-жылдары Падуян университетинин философия факультетинде директор болуп иштеген.

1791-жылы Лондон королдук коомуна мүчө болгон. Ал электр жөнүндөгү илимди негиздөөчүлөрдүн бири. Электр тогунун жандуу организмге тийгизген таасирин, түрдүү металлдарды беттештиргенде пайда болуучу тиймектүү электр тогун изилдеген. Биринчи химиялык ток булагын жасаган. Илимде ал Вольта мамычасы деп аталат. Потенциалдардын тиймектүү айырмасын ачкан. Электрофор, сезгич электроскоп, конденсатор, электрометр ж.б. физикалык приборлорду ойлоп тапкан. Электр чыңалуусунун бирдиги Вольтанын ысмынан вольт деп аталган. 1827-жылы 5-мартта каза болгон.

 

ГАЛИЛЕЙ

Италян илимпозу Галилей Галилео 1564-жылы 15-февралда Пиза шаарында туулган. 1589-жылдан Пизада, 1592-жылдан Падуяда математика кафедрасын жетектеген. Ал табият таануу илимдерине негиз салуучулардын бири катары белгилүү.galileo-picture

Аристотелдин динамикасынын туура эмес учурларын четке кагып, азыркы кездеги механикага негиз салган. Кыймылдын салыштырмалуулугу жөнүндөгү идеяны сунуш кылган, инерция законун, эркин түшүүнүн жана нерсенин жантык тегиздик боюнча кыймылын, ошондой эле кыймылдарды кошуу закондорун ачкан. Гидростатикалык тараза жасаган. Маятниктин термелүүсүнүн изохрондуулугун аныктаган. Устундардын бекемдигин биринчи жолу изилдеген. Биринчи телескопту жасаган.  Ал жасаган 2 телескоптун бири болгону 3 эсе, экинчиси 32 эсе гана чоңойтуп көрсөтсө да, бул илим үчүн улуу ачылыш болгон.

Н.Коперниктин ишин улантып, тажрыйбада далилдеген. 1609-жылы өзү жасаган телескоп менен Айда тоолор жана кратерлер бар экенин, Чолпон фазаларын, Юпитердин 4 спутнигин байкаган. Саманчы жолу көптөгөн жылдыздар тобунан турарын айткан. Күн өз огунун айланасында айланаарын ачкан. Механика, оптика жана астрономиянын өнүгүүсүнө зор салым кошкон.

Галилей Н.Коперниктин гелиоборбордук системасын жайылткандыктан чиркөө кызматкелери ага астрономия боюнча иштөөгө жана жазууга  тыюу салган. Үйүнө эч кайда чыкпоого аргасыз кылышкан. Ошентип улуу окумуштуу өмүрүнүн акыркы жылдарын куугунтукта өткөрүп, эки көзү азиз болуп калган. Бирок эмгектерин кийин белгилүү физик болгон Торричелли сыяктуу шакирттерине айтып берип жаздырган. 1642-жылы 8-январда каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *