Алтай жомогу

Алыс-алыс жакта, асман менен жер ашташкан аймакта, көгүлтүр тоолордун этегинде, кереметтүү сүт көл жээгинде бир бала жашаптыр. Ал баланын бою улактыкындай эле экен. Эки тыйын чычкандын терисинен тумак тигип, эчки терисинен жумшак өтүк ултарган ошол баланын эки бети толгон айдай тоголок. Анан дагы бул бала өмүрү ыйлап көрбөгөн, балким кантип ыйлашты да билбесе керек.

Бала канаттуу куштар менен жырткычтардын тилин жакшы билген, аарылар менен чегирткелердин дабышын да абайлап укчу. Кала берсе ал өзү да дыңылдап, ызылдап, чымчыктар сыяктуу чырылдап үн салып, булакка окшоп шыңгырт добушу менен кулдурап турчу. Бала чөптүн куру сабагын бир коюп өтсө, дыңылдап ал ырдап, жөргөмүштүн уясына манжасын тийгизсе андан мукам үн чыгып, анын жүргөн жери өзүнчө эле бир жыргал, бир ажайып болчу.

Бир күнү ак боз атын алкынта минип, сүт көл бойлоп Ак-каан өтүп калат. Ал өтүп баратып бир назик үндү кулагы чалгансыйт.

«Бул же бир канаттуу куштун доошу эмес, же бир өстөндүн чулдур үнү эмес» деп ойлонуп калат хан.

Хан ээрден ийилип, бадалдарды оодарып, табак бет баланы көрөт. Бала чөк түшүп отуруп, куру сөңгөктү үйлөп, анысы алтын чоор сыяктуу үн чыгарып атыптыр.

— Атың ким, уулум?

—  Ырыстуу.

— Атаңдын атычы? Апаң кайда? Сени ким карап, ким кийиндирип, ичиндирет?

— Менин атам – көгүлтүр тоолор, апам – сүт көлү.

— Сен, Ырыстуу, менин сүйүктүү балам болосуңбу? Мен сага илбирс тери тигип, анын четин таза жибек менен шөкөттөтөм. Жорго мингизип, алтын чоор тартуу кылам. Кел, балам, менин атыма учкаш да, бекем кучакта, анан биз шамал менен жарышып, менин ак өргөмө заматта барып калабыз.

Ырыстуу айткандай эле атка ыргып минип, Ак-каанды бекем кучактады, жылкы жаныбар шамал менен жарышып сызып жөнөдү.

Хандын эки баласы бар эле: бирөө уулу – Кез-кичинек, экинчиси кызы – Кара-чач. Алар атасынын атынын дүбүртүнөн билип чуркап чыгышты да, атты тизгинден алып, атасын түшүрүүгө көмөк кылышты.

— Сен бизге эмне алып келдиң, атаке? – дешти алар чурулдашып.

Ак-каан болсо Ырыстууну жакадан алып атынан түшүрүп, балдарынын алдына коюп:

— Мына силерге мындай белек алып келдим! Силер ага күмүш чоорду бергиле, ал силерге күнү-түнү ажайып күүлөрдү чертип берсин.

Ырыстуу күмүш чоордо ойногусу келбеди. Таарынгансып туруп алды.

— Эгер менин балдарымдын көңүлүн ача албасаң, анда малымды кайтар! – Хан каарданып ачуулуу айтты.

Ошентип Ырыстуу хандын бадасын кайтарып калды. Кайда жайыт от болсо, кайда суу тунук болсо малды ошол жакка айдап барат. Жайкы аптап жанын куйкалап, кышкы суук сөөккө өтүп баланы биротоло кууратты. Чокою жыртылып, буттан суурулуп, тону куурап, жонунан сүрүлдү. Ыйлап көргөн жан эмес дебедик беле, ыйлаганды үйрөндү. Бирок анын ыйлап атканы менен кимдин иши бар, же бирөө аны көрбөсө, же бирөө анын көз жашын сүртпөсө…

Бир жолу жайында бала уй жайып жүрүп бутун чөңөргө илиндирип алат, тартат чыкпайт, тартат, араң турган жаны шалдырап жыгылып түштү. Ошентип ал ошерде канча жатканын билбейт, бир убакта эле кумурскалардын шыбыры угулат:

— Ушул Ырыстуу көгүлтүр тоолордогу сүт көлдө жашаганда ый деген эмне экенин билчү эмес.

— Азыр неге мынча өксүп ыйлайт?

— Анын буттары чор болуп, колдору туурулуп ооруп атпайбы.

— Ырас эле түнү-күнү темселеп мал артынан жүрсө…

— «Пып!» деп койсо болмок, уйдун баары кыймылсыз туруп калмак.

— «Тап-тажлан!» десечи, уйлар аны угуп жайытта жайылып оттошо бермек.

Ушуларды угуп турган Ырыстууга кайрат кирди. Акырын үн чыгарып, уйларды карап:

— Пып! – деп кыйкырды эле малдын баары жатып калды.

Анан ал:

— Тап-тажлан! – деди эле уйлар акырын туруп, жуушап кирди.

Бала сүйүнүп кетти. Ананчы, жакшы болбодубу. Суунун жээгине барып кум ойноп, чабалекейлер менен даң салды. Уйлар болсо жайытта ырдап, бийлеп, тим эле жыргап жүрүштү.

Ушундай болуп атканын уккан Ак-каан булуттай көгөрүп-татарып, чагылгандын күркүрөгүндөй каарданды:

— Уй кайтаргың келбейби? Анда май чыгарасың!

Баланы ичине сүт толтурулган аябагандай чоң жыгач идиштин жанына коюп, колуна бишкекти карматты. Бала күндүр-түндүр сүттү бышканы бышкан. Анын колу андан бетер туурулуп, көзүн жумууга дарман жок, кирпиктери ирмелбей калды.

Хандын үй ичиндегилери, коноктору нанга май сүртүп жешсе, а бала май түгүл нанды анда-санда көрөт.

— Каалайсыңбы, сыйлайын! – Кара-чач шылдыңдап күлөт. – Күмүш чоор тартып ойной кой! Мына нан, мына чоор!

— Чоорду буга мен алып келдим! – кыйкырат Кез-кичинек.

— Жок, мен! – Кыз андан өтүп кыйкырып, бир тууганынын чачына асылат. Ошентип экөө жакалашып, бири-бирин урмак болду эле Ырыстуу кыйкырды:

— Пып!

Ошо кезде кыздын колу баланын чачында, ал эми баланын колу болсо кыздын жакасында каткан бойдон калды.

— Силерге эмне болду? – Ханыша өң алеттен кетип балдарын бооруна кысып чуу түшүрдү.- Неге минтип калдыңар? Силерди ушул жетим кылдыбы? Андан көрө өзү бишкегине жабышып калбайбы!?

— Пып!

Баятан бери оозуна эмне келсе оттоп аткан ханыша эми өзү барып балдарына жабышып калды.

— Биздин өргөөдө не болду!? Неге баары ыйлашат да, сен гана каткырып күлөсүң, ырысы жок Ырыстуу? – Хандын ачуусу аябай келди, ал билинер-билинбес титиреп турду. – Ханышага эмне болду!? Балдарга не болду!? Айт, Ырыстуу, айтпасаң бышыңды жулуп, жүрөгүңдү иттерге берем!

— Пып!

Эми хан да тиги катып тургандарга кошулду: бир колунда бычак, бир колунда найза.

Ырыстуу болсо колдогу сүт куйган идишти ары түртүп, сүт бышкан бишкегин алыс ыргытып, чоор жасап, аны үйлөп кирди.

Анын ырын угуп хан чычканга окшоп калтырап-титиреп, ханыша кур бакадай кыңкыстап, балдары болсо көзүнөн жашын агызып ыйлай баштады.

Бул көрүнүштү карап турган баланын тигилерге боору ооруду, оң колун акырын өйдө көтөрдү, тоголок бети тамылжый жай үн чыгарды:

— Тап-тажлан!

Хан, хыныша, Кез-кичинек, Кара-чач – бары тең калтырап-титиреп айылдан[1] атып чыкты.

Ырысына маашырланган Ырыстуу алтын босогону аттап өтүп, хандын алтын секичесине бут таштады. Бир жолу тайгыланып, экинчисинде көмөлөнүп түштү да, өзүнөн өзү коомайланып, өзүн өзү жекирип, анан «Пып!» деп жиберди эле, ошол замат алтын секичеде катып калды.

Отурду-отурду, туш тарапты карап чыкты. Хандын өргөөсүнүн кийизи узун ууктар менен бекем тартылыптыр. Асман болсо боз үйдүн төбөсүндөгү түндүктөн гана анча-мынча көрүнөт.

Балага хан өргөөсүндөгү алтын секичеде отуруу жакпай калды, анын үстүнө ысык да экен.

— Тап-тажлан!

Балага жан кирип, алтын секичеден аттап, түндүктөн чыкты, өргөөнүн үстүнөн жерге түшүп, ооруксунуп туруп, андан ары чуркап жөнөдү. Ал өзүнүн көгүлтүр тоолоруна, сүт көлүнө чуркап баратты. Сүт көлүнө барып, тизелей отуруп, суудан канганча шимирди. Көгүлтүр тоодо өзүнө алачык тикти. Ал бала ошерде азыркы күнгө чейин жашайт. Өзүнүн ырыстуу ырларын созуп, гүл сөңгөктөрүнөн жасаган чоорун сыбызгытып, жөргөмүштүн торлорун акырын ойноп койсо, андан укмуш үн чыгарып…

А эгер силер да ошол ажайып керемет үндү уккуңар келсе асман менен жер бириккен жерге барып туруп көргүлө. Сөзсүз угасыңар…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Айыл – кайың жана карагайдын кабыктарынан жасалган, асты көк чөп болгон убактылуу жашоочу кепе.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *