ЭССЕ

Эгерде жука тактайга жоон мыкты каксаң жарып кетет. Ичкесин каксаң өзү ийрейип-мыйрыят. Туура келгенин тандап каксаң гана жымыйта бекитет. Чындык дал ушул сыяктуу. Айтылбачу жерде чындыкты айтсаң, же бирөөнүн жарасына тиет, же өзүңдү жарадар кылат. Керектүү жерде таамай айтылганда гана бутага тийип, чындыктын күчү көрүнөт. Ошондуктан, “сөздү сөз келгенде айтпаса, атасы өлөт” деп бекер айтышпаса керек.

*   *   *

Атамды көпкө күттүк. Адаттагысындай эле бир учурда кызуу келди. Апам жадырап-жайнап тосуп алып, ичпей күтүп отурган тамагыбызды куйду. Атам бир-эки ууртап, эмне тузу ачуу деп апамды акшырая карады.

Сени күтүп отуруп бир аз акталанып кетсе керек, кичине кайнак суу демеп коёюн дегенине карабай жаткан бөлмөсүнө кирип кетти.

Мен атамды курсагыбыз ачканына карабастан күтүп отурганыбызга ыза болуп, жаман көзүм менен карап калсам керек.

— Атаңды антип карабай жүр балам, ал сенин атаң. Кичине ичсе ичип койгондур, — деди апам бизди жайгара. – Үй-бүлөдө мындай учурлар боло берет. Атаңды жаман көрүп, каргышына кала көрбө. Атанын каргышы ок болот.

Атам качан ичип келсе да, апам бизди ага каршы койбой, кайра бизди ага жакындатканга аракет кылуучу. Өзү да атамды кагып-сокпой, жаман сөз айтпай, атам катуу айтса да каяша кылбай, кайра ага өнтөлөп, бир жериң ооруп калган жокпу деп туруучу. Атам дагы эртеси уялып, бизди карай албай көзүн ала качып, апамдын айтканын илгиртпей аткарып, үй-бүлөгө күйүмдүү, адамдарга мээримдүү бир момураган жанга айланып калуучу. Ушунданбы же башка бир себеби барбы, айтор биздин үйдө чыр-чатак деген болчу эмес.

*   *   *

Кээде “нысапсызга кашык салса беш ууртайт”  дегенди кандай түшүнсө болот деп сурап калышат. Менин баамымда илгери кашык, табак өтө эле аз мезгилде, кесме, атала, көжө, ботко сыяктуу тамактарды чарага куюп, ортого коюп, бир кашык менен кыдырата кезектешип уурташкан. Ошондо нысапсызы, опкогу кезеги келгенде беш ууртап жибергенден лакап катары айтылып калса керек.

*   *   *

Көнгөн адатыбыз боюнча көчөнүн боюнда өткөн-кеткенден кеп салышып, ары-бери өткөндөрдү тамашалап, бири-бирибизге шакаба ыргытып коюп турсак, көптөн бери суу ичип, жаңыдан эле тамакка аралаша баштагансып кынжыйган, чүкөсү чыккан, кан-сөлү жок кубарган бетине жарашпаган шуңшугуй малакайын бир кулагына баса кийген бирөө келип кошулду. Ал дүйнөлүк илим-билимден, саясаттан сүйлөп оозубузду ачырды. Аңгыча анын тескерисинче берекенин символундай болуп  балпайган дагы бирөө келип, тез эле сөзгө аралашты. Мурунку кынжыгый айткандай эле жаңылыктарды андан да кооз, ишенимдүү сүйлөп жатты. Абдан чечен адам болуп чыкты. Мурун бизди сөзмөрлүгү менен таң калтырган кынжыгый балпагайдын сөзүн уккандан кийин өчүп, бир момун жоош адамга айланды да калды. Көрсө өзүнөн күчтүүнү сезе билүү дагы чоң адеп турбайбы.

*   *   *

Кулактын кумарын кандырган сөздү айта билүү, уккандарды өзүнө тарта билүү адабият, ал эми сөздү уга билүү маданият экенин эми гана түшүнгөнсүп келатам.

*   *   *

Байлар рухий жактан өсүп жетилип, искусство түбөлүк экенин түшүнгүчө көп барбы?

*  *  *

Кийинки мезгилде адам укугун коргогондор көбөйдү. Туура. Мыйзамды сактаган абдан жакшы дечи. Бирок эчен кылымдап калыптанган, элди эл катары сактап келген элдик салтты элес албай, “менин укугумду бузуп атасың!” деп  мектеп окуучусу мугалимине, өспүрүм бала атасына, секелек кыз энесине, келини кайненесине опурулуп турганын көргөндө, адам укугу адам кылбай эле, жаман кылып атабы деген да ой келет экен.

*   *   *

Кыргыз мектептеринде чет тилдер, орус тили, орус мектептеринде кыргыз тили окутулат. Бирок мектепти бүткөндөн кийин ошол окуган тилинде эркин сүйлөп калган бир да баланы көрө элекмин.

*   *   *

Мен орусча, казакча, өзбекче чала моңол сүйлөй алам, ал түгүл айрым ырларын ырдай да билем, бирок анын ошол элдердин мамлекетине кымындай да таасири жок, дал ушул сыяктуу эле башка улуттарды кыргызча сүйлөтүүдөн, кыргыз ырларын ырдатуудан кыргыз мамлекетине кандай пайда болоруна, кыргыз тилинин өнүгүшүнө таасири тиер-тийбесине акылым жетпейт.

*   *   *

Биз иш кагаздарын орус тилинен кыргызчага которуп, мамлекеттик тилди өркүндөтүп жатабыз деп дердеңдеп келебиз. Ал эми чындыгында биздин котормобуз келегей, академиялык тил менен жазылган. Анткени биз орусча ойлонуп, орусча тексттин алкагынан чыга албайбыз. Маселени кыргызча ойлонуп, документтин түпнускасын кыргызча жаза баштаганда гана мамлекеттик тилибиз оңолот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *