ГАЛСТУК ТАГЫНСА ЭЛЕ…

Алексей Федорович ЛОСЕВ – (1893–1988) 400гө жакын илимий эмгектин автору. Алардын ичинен «Ысымдар философиясы» (1927), «Тарых өнүгүшүндөгү антика философиясы» (1957), айрыкча кайра жаралуу доорун бүт камтыган «Кайра жаралуу эстетикасы» (1977) аттуу китептери дүйнөгө белгилүү. Ал «Антика эстетикасынын тарыхы» аттуу 6 томдугу үчүн 1986-жылы СССР мамлекеттик сыйлыгын алган. А.Ф. Лосев 1921–1930-жылдар аралыгында 8 диний-философиялык китеп чыгарганы үчүн 1931-жылы Беломор лагерине кесилип, жаза өтөгөн. Өмүрүнүн акыркы жылдары Москвадагы Ленин атындагы педагогикалык институтунда профессор болуп иштеген.

Дерзание духа» китебинен)

  1. Интеллигенттүүлүккө эмне өгөй? Өрнөктүү окууга ээ болуп, тигил же бул кесипти жакшы өздөштүрүп алса, же жалпы маданий процесске аралашып, үлгүлүү жүрүм-турум, көркөм талант күтсө, же кандайдыр бир коомдук-тарыхый тек, коомдук-тарыхый катмардан чыкса эле интеллигенттүүлүккө эгедер болуп калбайт. Мындай сапаттар менен өзгөчөлүктөр, албетте, интеллигенттүүлүк жышааны, бирок интеллекттүүлүктүн өзү эмес, мүмкүн кыйыр белги, мүмкүн ага таптакыр эле кайнаса каны кошулбас касиет.
  2. Интеллигенттүүлүк жана личность. Интеллигенттүүлүк эң оболу тигил же бул личносттун жашоо турмушу, андан да нары айтсак, озуйпасы. Арийне, личность деген эмне? Личность деген табигый, коомдук, тарыхый мамилелердин индивидуалдуу уюткусу (түйүн, байланыш, тузүлүш, система, окшоштук же айрым мыйзамченемдүүлүк). Бирок интеллигенттүүлүккө булар да жетишсиз, не дегенде бардык адам, а тургай интеллигенттүү эместер санда жок болсо да, личность.
  3. Интеллигенттүүлүк жана идеология. Интеллигенттүүлүк – тигил же бул идеологиядан гана жарала турган личносттук озуйпа экендиги түшүнүктүү. Мындай термин «интеллигенттүүлүк деген эмне?» маселесине келгенде көп колдонула бербейт. Ал адатта аздыр-көптүр кездеше калган адамдык жеке сапаттар менен алмаштырылат. Айталы, интеллигенттүү десе эле акылдуу, билимдүү, башкаларга сергек, боорукер, сылык-сыпаа, элпек, ой жүгүртө билген, келбеттүү, өзүнүн өзгөчө дүйнөсү менен жашаган, адамдардын жеңилин жерден, оорун колдон алган, ишенимдүү, арамчылыгы жок, ич дүйнөсү терең, көз карашы кенен, өзүмчүл эмес ж.б. ж.б. адамдык сапаттарды айтышат.

Ооба, андай сапаттар көпчүлүк учурда туура, а тургай керек, ал эми көпчүлүк учурда жөнеле бир кокустук же анчалык деле зарылчылыгы жок болушу ыктымал. Бул жерде идеология тармагына айкын мамилени жалпылоо зарылчылыгы келип чыгат. Кайрадан жалпы эле идеологияга эч тиешеси жок маселеге кайрылууга туура келет. Анткени мындай жалпы идеология бардык адамдарга, а тургай интеллигенттүүлүктөн куржалактарга да мүнөздүү. Андан да нары айтсак, адам дегеле идеологиясыз жашай албайт. Таптакыр эле жерде калган, таптакыр эле пас, тар, ырааттуу ой жүгүртүүдөн ат чабым алыс адамдар албетте, кандайдыр бир аң-сезимдүү идеологияга эгедер болушу мүмкүн эмес, анткени ал идеологияны анын ордуна биз кыска, так кылып айтып, жазып беребиз.

Андай болсо интеллигенттүүлүк идеологиясы кайсы? Бардыгын сыгып, бир сөз менен жалпылай келгенде, ким жалпы адамзат жыргалчылыгын туу тутса, интеллигенттүү адам ошол экенин эскерте кетүү зарыл. Келечектеги адамзат жыргалчылыгы шартында адам кандай иштеп жашаса, интеллигент өз мезгилинде дал ошондой иштеп жашайт. Арийне, интеллигент анын майда-чүйдөсүн же бардыгын ачык-айкын аңдап жашашы анчалык зарыл эмес. Андай сергектик, тескерисинче, интеллигенттүүлүктү турмуш агымынан алаксытып салышы ыктымал…

  1. Интеллигенттүүлүк жана турмушту кайра куруу. …Жалпы адамзат жыргалчылыгы сезиминен жанган интеллигенттүүлүк турмуштун туура эмес жактарын эч качан көрбөй койбойт жана ага эч качан кайдыгер калбайт. Ага интеллигент анчалык баш катырыштын кажети аз. Тек, турмуштун жетишпеген жактарын табигый сезип, инстинкттүү жек көрүү – интеллигенттүүлүктүн баш белгиси. Ушундан соң интеллигент турмуштун караңгы жактарына кайдыгер калат деп ким айтат?

Адамзат жашоосунун жадыраган бакчасындагы отоо чөптөрдү жулуп салууга кантип эңкейгенин интеллигент өзү да сезбей калат.

  1. Интеллигенттүүлүк жана маданият. «Маданият» деген сөздүн латынча («культура») мааниси «иштеп чыгуу», «оңдоп-түзөө», «кайрадан өзгөртүү», «кайра айдоо» дегенди билдирет. Демек, маданият эч качан аңкоо, баёо болбойт. Ал – өзүн өзү өнүктүрүү үчүн духтун тынымсыз иш-аракети, ал – адамды курчаган бардык чөйрөнү ыраатка салуунун ыкмасы. Ушул жаатынан алганда интеллигенттүүлүк да эч качан аңкоо болбойт. Интеллигенттүүлүк жаралган жасаты боюнча гана баёо, аңкоо, ал эми реалдуу турмуштук милдетинде ал ар дайым аң-сезимдүү, сергек, көрөгөч, керек учурда сак, кылдат, керек учурда өрттөн кайра тартпаган көк…

Интеллигент болуу – тынымсыз каражанды карч уруп иштөө. Ошол эле учурда интеллигенттүүлүк жөнеле куралданып коюу эмес, ар кандай чабуулга даяр туруу да. Чабуулга өтүү үчүн албетте, коомдук-тарыхый кырдаалдын тамырын кармай билүү зарыл. Ал эми тамырын кармаш үчүн турмуш чындыгына сынчыл мамиле жасаш керек, демек, интеллигенттүүлүк сынчыл ой жүгүрткөн коомдук адамга гана мүнөздүү. Сынчыл ой жүгүртө албаган интеллигентти көк мээ, өзүнүн интеллигенттүүлүгүн көрсөталбайт, башкача айтканда, интеллигент болалбайт деп койсо болот…

  1. Интеллигенттүүлүк жана коомдук-жеке эрдик. …Бул чыныгы интеллигенттүүлүк жалаң эрдиктен жаралат, өз керт башынын кызыкчылыгын унутуп, кырчылдашып чабышып турат деген кеп эмес, тек, ар кандай чабуулдарга духовный жактан да, чыгармачылык куралдануу жагынан да ар дайым даяр турат деген кеп. Интеллигенттүүлүктүн мындай маани-маңызын «эрдик» дегенден башка элестүү сыпаттоого мүмкүн эмес. Интеллигенттүүлүк – бул көп учурда потенциалдуу гана болсо да, күн сайын, саат сайын эрдик ташып туруу.
  2. Интеллигенттүүлүк жана жөнөкөйлүк. …Жогоруда айткандай, тынымсыз максаттуу тытынып иштеп, изденип тургандар интеллигент, бирок алардын жандүйнөсү ушунчалык жөнөкөй болот, ал эч качан интеллигент эместердин арасынан коркоюп бөлүнүп турбайт. Ушул маанисинен алганда, интеллигенттүүлүктү үйрөтпөйт, окутпайт, ал узак, эң узак тарбияны жана өзүн өзү тарбиялоону талап кылат. Бул интеллигенттүүлүк жөнүндө философиялык трактат эмес, ал адамдар дем алган маданий атмосфера, ал качандыр бир, кайдандыр бир пайда боло калган, эмне үчүн пайда болгонун, эмне үчүн адамды интеллигент кылып жибергенин өзү да түшүнбөгөн жөнөкөйлүк…
  3. Интеллигенттүүлүктү өздөштүрүүгө болобу. …Мындай интеллигенттүүлүккө ой жеткен менен бой жетпейт, өтөле асмандаган талаптар дегендер да бар. Буга менин айтарым, калктын калың катмары үчүн, эсеби маселен, дифференциялдык-интегралдык эсептөө окуу китебин өздөштүрүү деле өтө татаал, анүчүн өтө көп эмгек, элементардуу математика тармагын тырышып үйрөнө турган көп жылдык эмгек талап кылынат. Ага карабай ошого окшогон окуулуктарды терең өздөштүрүп, атүгүл адис математик болуп жатышпайбы. Айрымдары аны астрономия менен техникага тирукмуш айкалыштырууда… Интеллигенттүүлүк теориясы түз же бачым өздөштүрүүгө эмес, белди бекем байлап, башты сайган тарбия аркасында гана реалдуулукка айланат. Анүчүн көп жыл керек десеңиз, көп жыл керек.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *