Белорус жомогу

Чал-кемпир жашаптыр. Экөөнүн тирлиги кепедей үйдө өтчү экен. Жерлери да кенедей, короолорунда кирип-чыгар чычкак улак болбоптур. Анык итке минген муңдуу турмуш ушу эмеспи.

Экөө эптеп акча топтойт. Чал анан базарга жөнөйт. Ак кула ат сатып алып, үйүнө кайтат.

Жолдон өгүз кайтарган бадачыларга кезигет.

– Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз? – дешет.

– Базардан.

– Эмне сатып алдың?

– Мынабул жылкыны.

– Келиңиз, өгүзгө алмашабыз. Бизде өгүз көп, ат-көлүгүбүз жок эле.

Өгүз да тирликке керек экенин ойлонгон чал:

– Алмашса, алмашалы, – дейт шар эле.

Бадачыларга жылкысын кармата берет да, өгүздү жетелеп жөнөйт.

Жолдон кой кайтарып жүргөн чабандарга кезигет.

– Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз?

– Базардан.

– Эмне сатып алдыңыз?

– Жылкы.

– А жылкыңыз көрүнбөйт ко?

– Өгүзгө алмаштым.

– Биз менен да алмашуу кылбайсызбы: биз кой берели, сиз өгүзүңүздү.

– Кой деле жаман мал эмес, алмашса алмашалы. – Өгүзүн койго алмашып, үйгө жол улайт. Жолдон үндүк кайтарып жүргөндөргө кезигет.

– Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз?

– Базардан.

– Эмне сатып алдыңыз?

– Жылкы.

– А жылкыңыз кана?

– Өгүзгө айырбаштадым.

– Өгүзүңүз көрүнбөйт ко?

– Аны койго алмаштым.

– Коюңузду үндүккө айырбаштабайлыбы?

– Үндүк деле үйгө керектүү канаттуу, – деп койду үндүккө алмашат да, аны колтугуна кысып, жөнөп калат.

Айылга жетет. Көчөдө чыбык минген ойноок балдар көрүнөт. Алар чалга чуркап келишет.

– Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз?

– Базардан.

– Эмне сатып алдыңыз?

– Жылкы.

–А жылкыңыз кана?

– Өгүзгө алмаштым.

– Өгүзүңүз кана?

– Койго алмаштым

– Коюңуз кана?

– Үндүккө алмаштым.

– Ой, ата! Анда үндүгүңүздү чыбыкка алмашыңызчы. Биз үндүк менен ойногубуз келип атат!

– Алмашса, алмашалы. Чыбыгыңарды бергиле, – дейт чал.

Чыбыкты сороңдотуп үйүнө келет.

Балээнин баарын уккан кемпири не кылмак: чыбыкты алды да чалын тызылдатып катуу сабагандан: чыбык да сынып калат.

А жомогубуз бүттү.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *