1-БӨЛҮК, 2-БӨЛҮК, 3-БӨЛҮК (ушул шилтемелерден ачылат)

  1. Фразеологизмдер жана аларды которуунун ыкмалары

Сөз айкаштарынын эки түрү бар: эркин сөз айкаштары жана туруктуу сөз  айкаштары.  Эркин  сөз  айкаштары  синтаксисте,  ал эми  туруктуу  сөз айкаштары  фразеологияда  изилденет.  Эркин  сөз  айкаштарынын курамындагы сөздөр маани жана форма жагынан ылайык келген ар кандай сөздөр  менен  айкаша  берет  жана  алар  туруктуу  мүнөзгө  ээ  эмес.  Ал  эми туруктуу  сөз  айкаштары  фразеологизмдер  деп  аталат  жана  алардын төмөнкүдөй бөтөнчөлүктөрү бар:

  • фразеологизмдер эң кеминде  эки  же  андан  көп  сөздөрдүн  өз  ара айкалышкан курамынан турат;
  • анын курамындагы сөздөр дайыма туруктуу болот, б.а., аларды башка сөздөр менен алмаштырууга болбойт;
  • фразеологизмдер кепте сөз сыяктуу эле дайыма даяр материал катары колдонулат;
  • фразеологизмдер образдуулук касиетине ээ;
  • фразеологизмдерге лексика-семантикалык  бүтүндүк  мүнөздүү,  б.а., фразеологизмдердин  компоненттери  өзүнүн  алгачкы  лексикалык маанисинен  алыстап,  калган  компонентер  менен  бирге  башка  бир маанини билдирет.

Семантикалык  бүтүндүгүнөн  жана  татаалдашкандыгынан  улам фразеологизмдерди бир тилден экинчи бир тилге которуу бир топ кыйын. Аларды  сөзмө-сөз  которууга  болбойт,  анткени  мында  алардын  мааниси бузулуп калат.  Алардын  мааниси  котормодо  адекваттуу  түрдө  берилүүгө тийиш. Фразеологизмдерди которуунун төмөнкүдөй бир нече ыкмасы бар:

  1. Эквиваленттик ыкма, мында түпнуска тилиндеги фразеологизм котормо тилиндеги мааниси жана  структурасы  боюнча  дал  келген  фразеологизм менен  берилет.  Бири-бирине  толугу  менен  дал  келген  фразеологизмдер толук эквивалент болот. Мисалы:

wolf in sheep’s clothing —  волк  в  овечьей  шкуре  –  кой  терисин жамынган карышкыр;

gözünün bebeği gibi korumak – көзүнүн карегиндей сактоо;

canı ağzına gelmek – жаны оозуна келүү

between two fires — играть с огнём – от менен ойноо;

to pour oil on the flames — подлить масло в огонь – отко май куюу;

to stew in one’s own juice — вариться в собственном соку;

to be born under a lucky star — родиться под счастливой звездой.

Ал  эми  структуралык-грамматикалык  же  лексикалык  жактан айырмаланган  бир  аз  айырмалуу  фразеологизмдер  толук  эмес  эквивалент болот. Мисалы:

like a squirrel in a cage — как белка в колесе;

to get out of bed on the wrong side — встать с левой ноги;

dört gözle beklemek – эки көзү төрт болуу;

  1. Алмаштыруу ыкмасы, мында түпнуска тилиндеги фразеологизм котормо тилиндеги мааниси боюнча  окшош,  бирок  курамындагы  сөздөрү структурасы жагынан айырмаланган фразеологизм менен берилет. Мисалы:

as stiff as a poker — словно аршин проглотил – казык жуткандай;

a fly in the ointment — ложка дёгтя в бочке мёда – бир карын майды бир кумалак чиритет;

as like as two peas — как две капли воды – эгиз козудай;

one’s in a blue moon — когда рак на горе свистнет – төөнүн куйругу жерге тийгенде;

to make a mountain out of a molehill — делать из мухи слона — , (каз.) түймедейдi түедей ету.

  1. Сыпаттоо ыкмасы, мында түпнуска тилиндеги фразеологизм котормо тилинде жок болгондуктан, сыпаттоо менен берилет.

a white elephant (сөзмө-сөз:  ак  пил)  —  обременительное  или разорительное  имущество;  обуза,  подарок,  от  которого  не  знаешь как избавиться;

to knit one’s brows (сөзмө-сөз: кашын  өстүрүү)  –  кабак  түйүү (чытуу);

red tape (сөзмө-сөз: кызыл тасма) — волокита, бюрократизм;

to fiddle while Rome is burning (сөзмө-сөз:  Рим  күйүп  жатканда скрипка  ойноо)  заниматься  пустяками  перед  лицом  серьёзной опасности;

ships that pass in the night (сөзмө-сөз:  түндөсү  кайчылаш  өткөн кемелер) – мимолётные встречи;

a black sheep (сөзмө-сөз: кара кой) – позор в семье.

  1. Аралаш которуу ыкмасы,  мында  түпнуска  тилиндеги  фразеологизм жогорку ыкмаларды айкалыштыруу менен которулат. Мисалы:

spick and span — с иголочки, элегантный, щегольской; 

far cry — как небо и земля; большая разница – асман менен жердей;

a millstone about smb’s neck  —  камень  на  шее;  тяжёлая ответственность;

to live on the fat of the land — кататься  как  сыр  в  масле;  жить  в роскоши, жить припеваючи.

  1. Котормотаануу илиминдеги «тузак сөздөр» же тил аралык омонимдер маселеси

Котормотаануу  илиминде  «тузак  сөздөр»  же  «тил  аралык омонимдер» деген термин бар жана ага адатта «тузак сөздөр – бир тилдеги сөздүн  экинчи  бир  тилдеги  сөз  менен  тыбыштык  жактан  окшош  же/жана тектеш  болуп,  бирок  мааниси  жагынан  башка  болуп  калышы»  деген сыяктуу  аныктамалар  берилет.  Орус  котормотаануу  илиминде  мындай сөздөр  «ложные  друзья  переводчика»  же  «межъязыковые  омонимы»,  ал эми  кээде  «межъязыковые  паронимы»  деп  аталат  жана  анын  төркүнү француз тилиндеги «faux amis» деген терминге барып такалат. Бул термин биринчи  жолу  М.Кёсслер  жана  Ж.Дероккиньи  тарабынан  1928-жылы киргизилген.

Терминдин  мындайча  аталып  калышы  анын  котормочулар  менен тилмечтерди  жаңылыштыктарга  кириптер  кылгандыгы  менен байланыштуу.  Мындай  сөздөр  биринчиден,  түпнуска  жана  котормо тилдериндеги маанилери ар башка сөздөрдүн тыбыштык жактан дал келип калуусунан  пайда  болушу  мүмкүн.  Тилдердеги  фонемалардын  саны чектелүү экендигин эске алганыбызда, мунун өзү мыйзам ченемдүү нерсе. Мисалы, англис тилиндеги mist — «туман» деген сөз немис тилиндеги Mist -«кык,  бок»  деген  сөз  менен  тыбыштык  жактан  дал  келип  калгандыктан, Германияга «Myst» компьютердик оюнун жана «Mist Stick» дезодорантын экспорттоодо  ыңгайсыз  абал  келип  чыккандыгы  айтылып  жүрөт.  Ушул сыяктуу  эле  түрк  тилиндеги koyun  менен  кыргыз  тилиндеги коюн  да тыбыштык  жактан  бири-бирине  дал  келгени  менен  булардын  биринчиси «кой» деген сөзгө байыркы көптүк мүчө -ун уланып, азыркы түрк тилинде «кой» деген маанини билдирүү менен кыргыз тилиндегиге маанилеш koyun деген экинчи бир сөз менен омонимдик катышты түзөт.

Экинчиден,  тектеш  тилдер  кийинчерээк  өз  алдынча  өнүгүп,  сөз маанилеринин  кеңейишинин  же  өзгөрүшүнүн  натыйжасында  да  ушундай сөздөр  жаралышы  ыктымал.  Мисалы,  түрк  тилиндеги  «yaz»  деген  сөз кыргыз  тилиндеги  биз  күткөн  «жаз»  деген  маанини  эмес,  «жай»  деген маанини билдирет. Ал эми чал- деген этиштен жасалган түркчөдөгү «çalgı» деген  атооч  кыргыз  тилиндегидей  эмгек  куралын  эмес,  музыкалык аспаптын  атын  билдирип  калган.  Праславян  тилиндеги вонять деген  сөз «пахнуть» (жыттануу) деген маанини билдирип, кийинчерээк орус тилинде «сасуу»  деген  терс  мааниге  ээ  болгону  менен  батыш  славян  тилдеринде (мисалы, чех тилинде) бул сөздүн мындай терс мааниси жок.

Үчүнчүдөн,  өздөштүрүлгөн  сөздүн  тилдердеги  маанилик айырмачылыктарынан да тил аралык  омонимдер, башкача  айтканда, тузак сөздөр пайда болушу ыктымал. Алсак, англис тилиндеги magazine деген сөз бизге тааныш «магазин, дүкөн» деген сөз эмес, ал «журнал» деген маанини билдирет  жана  ушундай  которулууга  тийиш.  Ал  эми  француз  тилиндеги journal болсо журнал эмес, газета деген мааниде колдонулат. Англисчеден кыргызчага  которууда  котормочулар  менен  тилмечтерди  көп  учурда жаңылыштыкка  кириптер  кыла  турган  мындай  сөздөрдүн  катарына anecdote  (анекдот  эмес,  атактуу  адамдардын  турмушунан  алынган кызыктуу  окуя), angina (ангина  эмес,  стенокардия), cabinet (кабинет  эмес, шкаф), compositor (композитор  эмес, терүүчү,  наборщик), lunatic (лунатик эмес,  акылынан  айныган  адам), mayor (майор  эмес, шаардын  мэри)  деген сыяктуу сөздөрдү кошууга болот.

Кээде  мындай сөздөрдүн  түпнуска  тилинде  же  котормо  тилинде кошумча  мааниси  бар  болушу  мүмкүн.  Буга  мисал  катары  officer (кызматкер,  офицер  эле  эмес), original  (чыныгы,  анык,  оригиналдуу  эле эмес), student (окуучу,  студент  эле  эмес), novel (роман,  новелла  эле  эмес), general  (негизги,  жалпы,  кадимки,  генералдык  эле  эмес),  engineer (моторист,  машинист,  инженер  эле  эмес),  aggressive  (күжүрмөн, демилгелүү,  агрессивдүү  эле  эмес)  деген  сыяктуу  сөздөрдү  келтирүүгө болот.

Ушул  сыяктуу  эле  бизге  тааныш журнал  деген  сөз  түрк  тилинде jurnal  түрүндө  кездешкени  менен  «а)  тоголок  арыз;  билдирүү;  б) полициянын  билдирүүсү»  деген  сыяктуу  таптакыр  башка  маанилерди билдирет.  Бул  сөздүн  туундулары  болгон jurnalcı  жана jurnalcılık  деген сөздөр да «ушакчы, тыңчы, чагымчы» жана «ушакчылык, тыңчылык» деген сыяктуу маанилерди билдирет. Которуу практикасында мындай сөздөрдөн өзгөчө такшала элек тилмеч-котормочулар жапа чегишет.

Узак  мезгилдер  бою  бири-биринен  алыс  калган  кыргыз  жана  түрк тилдериндеги  орток  сөздөрдө  маанилик  айырмачылыктар  жок  эмес  жана мунун  өзү,  тилдин  коом  менен  бирге  дайыма  өнүгүп-өсүп  турган коомдук  кубулуш  экенин  эске  алганда,  толук  мыйзам  ченемдүү  нерсе.

  1. Котормонун эквиваленттүүлүгү

Котормочунун негизги милдеттеринин бири – түпнусканын мазмунун толук  берүү  жана  мында  түпнуска  менен  котормонун  мазмундук бирдейлиги абдан маанилүү.

Мында  эквиваленттүүлүктүн эки  түрү  болот,  булардын  биринчиси -потенциалдуу, б.а. тилдердин айырмачылыгы жол бере турган максималдуу эквиваленттүүлүк,  ал  эми  экинчиси —  котормо  процессинде  котормочу жетише  турган  реалдуу  эквиваленттүүлүк. Булардын  биринчиси  котормо эквиваленттүүлүгүнүн жеткен чеги болуп эсептелет жана ар бир котормодо котормочу ар түрдүү ыкмалар менен ушул чекке жакындоого умтулат.

Түпнуска  тили  менен  котормо  тилиндеги  айырмачылыктар  жана өзгөчөлүктөр түпнусканын мазмунун толугу менен сактоого жолтоо болот. Ошондуктан  котормо  эквиваленттүүлүгү  түпнускадагы  мазмундун  ар түрдүү элементтеринин сакталышына (же жок болуп кетишине) негизделет.

Эквиваленттүүлүктү  камсыз  кылуу  үчүн  мазмундун  кайсы  бөлүгү берилерине жараша  эквиваленттүүлүк  ар  түрдүү  типтерге  (деңгээлдерге) бөлүнөт. Эквиваленттүүлүктүн ар кандай деңгээлинде котормо тил аралык коммуникацияны камсыз кыла алат.

Ар  кандай  текст  кандайдыр  бир  коммуникациялык  функцияны аткарат:  кандайдыр  бир  фактыларды  билдирет,  ар  түрдүү  эмоцияларды чагылдырат,  коммуниканттар  ортосунда  кандайдыр  бир  байланышты жаратат, кабылдоочудан кандайдыр бир жоопту же аракетти талап кылат.

Коммуникация процессиндеги мындай максат билдирүүнүн жалпы мүнөзүн аныктайт.  Мисалы:  Уйлар  келатат.  Биздин  эки  уй  тең  бар  экен!  Бери айдап  кел!  Бул  сүйлөмдөрдүн  ар  биринде  сөздөрдүн,  сүйлөмдүн маанисинен  тышкары  ар  түрдүү  сезимдер,  башкалар  менен  байланыш түзүүгө умтулуу сыяктуу маанилер бар.

Тексттин  жалпы  функциясын  көрсөтүп  турган  текст  мазмунунун бөлүгү коммуникациянын максаты болот. Ал жалпы айтымдан келип чыга турган  «туунду»  (же  «өтмө»)  маани  болот.  Тилдин  айрым  бирдиктери мындай  маанини  өзүнчө  бербестен,  башка  бирдиктер  менен  аралашып жаратат.  Бул  айтымды  кабылдаган  киши тил  бирдиктеринин маанилерин жана  алардын  өз  ара  байланышын түшүнүп  эле  тим  болбостон,  сүйлөөчү айтып  жаткан  кошумча  маанини  жана  анын  эмнени  айткысы  келип жатканын аңдоого тийиш.

Котормо  эквиваленттүүлүгүнүн  биринчи  тибинде  түпнуска мазмунунун коммуникация максатын түзө турган бөлүгү гана сакталат:

1) Maybe there is some chemistry between us that doesn’t mix. – Кишилердин мүнөзү келишпей калышы да мүмкүн.

2) That’s а pretty thing to say. – Уялбайсыңбы

3) O mavi gözlü bir devdi.
Minnacık bir kadın sevdi.
Kadının hayali minnacık bir evdi,
bahçesinde ebruliii
hanımeli
açan bir ev

Ал өзү көгүлтүр көз бир дөө эле.
Кичикий бир аялды сүйгөн эле.
Ал аял дайым эңсеп жүргөн эле
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү.

Биринчи мисалда  коммуникациянын  максаты – айтым  мазмунунун негизги  бөлүгүн  түзгөн  өтмө  маанини  берүү. Мында  адам  мамилелери химиялык  элементтердин  өз  ара  аракетине  салыштырылуу  менен сыпатталып  жатат.  Бул  маалыматтын  мындай  кыйыр  түрдө  берилиши котормо  тилинде  ыңгайсыз  болгондуктан,  котормочу  аны  башка  сөздөр менен берген.

Экинчи  мисалда  коммуникациянын  максаты  –  аңгемелешкен адамынын  мурун  айтылган  сөзүнө  кыжырланган  сүйлөөчүнүн  эмоциясын берүү. Муну котормодо берүү үчүн котормочу кыргыз тилиндеги стереотип айтымдардын бирин колдонгон, бирок түпнуска менен котормонун тилдик бирдиктери мында бири-бирине дал келбейт.

Акырында, үчүнчү  мисалда  түпнусканын  жалпы  функциясы  үн ыргагына,  рифмага  жана  ыр  өлчөмүнө  негизделген поэтикалык  таасир болуп эсептелет. Муну берүү үчүн мында да сөздөр алмаштырылган.

Жогорку  мисалдардан  көрүнүп  тургандай,  коммуникациянын максаты бүтүн айтымга тиешелүү болгон жалпы мазмун болуп эсептелет. Бул  типтеги  түпнуска  менен  котормонун  өз  ара  катышына төмөнкүлөр мүнөздүү:

  • лексикалык курамы менен синтаксистик түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгү;
  • түпнуска менен котормодогу билдирүүлөрдүн ортосунда реалдуу же логикалык байланыштын жоктугу;
  • түпнуска менен котормодогу мазмундук жалпылыктын аздыгы.

Ошентип,  эквиваленттүүлүктүн  бул  тибинде  түпнускадагы  нерсе тууралуу  эмес  эле,  башка  нерсе  тууралуу  сөз  болуп  жаткандай  сезилет. Түпнускадагы бир-эки сөз котормодогуга дал келген учурда да ушунун эле өзүн айтууга болот. Мисалы:

She lifted her nose up in the air – Ал мурдун чүйрүп койду. — Она смерила его презрительным взглядом. (сүйлөмдөрдүн субъектилери дал келет).

Эквиваленттүүлүктүн  мындай  деңгээлиндеги  котормолор  түпнуска мазмунун  майда-чүйдөсүнө  чейин  берүү  мүмкүн  болбогон  учурларда  да, мындай  котормону  кабылдоочу  таптакыр  башкача  кабылдай  турган  жана муну менен коммуникациянын максаты берилбей кала турган учурларда да аткарылат. Мисалы, А rolling stone gathers no moss деген  англис  макалы кыргыз тилине  Тоголонгон ташка мох өспөйт деп оңой эле которуп койсо боло турган ситуацияны берет. Бирок мында түпнускадагы коммуникация максаты  берилбей,  кабылдоочу  мохтун  жок  болушу  жакшы  же  жаман экенин  билбей  калат.  Ал  эми  англиялыктар  мында  мох  байлыкты билдирерин,  анын  жоктугу  терс  көрүнүш  экенин  билет.  Ошентип, жогорудагы  англис  макалы  тентип  жүрө  бербестен,  үйдө  болуп, байлык жыйнаган  жакшы  деген  ойду  билдирет.  Муну  эске  алганда,  бул  макал кыргыз тилине «Дарак бир жерден көгөрөт» болуп которулат.

Эквиваленттүүлүктүн  экинчи  тибинде  түпнуска  менен  котормонун мазмуну коммуникациянын бирдей максатын эле эмес, бир эле ситуацияны да  берет.  Ситуация  деп  сөз  болуп  жаткан нерселер менен  алардын ортосундагы өз ара байланыш аталат. Ар кандай текст кандайдыр бир нерсе тууралуу  маалымат  берет  жана  реалдуу  же  ойдогу  ситуация  менен байланышта болот. Тексттин коммуникациялык максаты ситуация аркылуу берилет.

Эквиваленттүүлүктүн экинчи тибинде да түпнуска менен котормонун тилдик бирдиктери мааниси жагынан окшош болбойт. Буга бир нече мисал келтирип көрөлү:

He answered the telephone. – Ал трубканы алды.

You are not fit to be in a boat. – Сени кайыкка түшүргөнгө болбойт.

You see one bear, you have seen them all. – Аюунун баары бирдей.

Бул мисалдарда түпнускадагы сөздөр менен синтаксистик структура котормо  текстиндегиге  туура  келбейт. Бирок  ошол  эле  учурда  түпнуска менен  котормонун  мазмуну  эквиваленттүүлүктүн  биринчи  тибине караганда бири-бирине жакыныраак. Котормолорду салыштырып көрөлү:

1) That’s а pretty thing to say. – Уялбайсыңбы!

2) He answered the telephone. – Ал трубканы алды.

Биринчи  мисалда  ортосунда  эч  кандай  байланыш  жок  ар  түрдүү кубулуштар тууралуу сөз болуп жатат. Мында түпнуска менен котормонун жалпылыгы ушул: бул экөөнөн тең сүйлөөчүнүн аңгемелешкен адамынын мурун  айткан  сөзүнө   жасаган  эмоциялык  мамилеси  тууралуу  бирдей жыйынтык чыгарууга болот. Экинчи мисалда түпнуска менен котормонун ар түрдүү тилдик бирдиктери бир эле иш-аракетти сүрөттөйт, б.а. ар түрдүү сөздөр менен бир эле ойду айтат. Бул типтеги түпнуска-котормо катышына төмөнкүлөр мүнөздүү:

1) лексикалык курамы менен синтаксистик түзүлүшүнүн бирдей эместиги;

2)  түпнуска  менен  котормонун  лексикасы  менен  структурасын семантикалык  өзгөртүү  же  синтаксистик  трансформация  менен байланыштыруунун мүмкүн эместиги;

3)  котормодо  коммуникация  максатынын  сакталышы,  анткени,  жогоруда белгиленгендей,  айтымдын  доминанттык  функциясынын  сакталышы эквиваленттүүлүктүн милдеттүү шарты болуп эсептелет;

4) котормодо ситуациянын өзгөрүүсүз берилиши.

Эквиваленттүүлүктүн экинчи тибинин котормодо кеңири жайылышы ар бир тилде белгилүү бир ситуацияларды сүрөттөө ыкмаларынын бардыгы жана алар башка тилдер үчүн алгылыксыз экендиги менен түшүндүрүлөт.

Мисалы, англисче We locked the door to keep thieves out (Биз ууруларды сыртта кармоо үчүн эшикти кулпулайбыз) деп  айтышат, бирок кыргыз тилинде мындай деп айтууга болбойт, ошондуктан ал Уурулар кирбеш үчүн эшикти  кулпулайбыз  болуп  которулат.  Бир  иштин  мүмкүн  эместигин англиялык I am the last man to do it деп  айтат. Муну кыргызча минтип айтууга болбойт. Бул ситуацияны Бул болбой турган иш деп айтууга болот.

Котормодо  ситуациянын  деңгээлиндеги  эквиваленттүүлүктү аныктоонун  зарылдыгы  көп  учурларда  тилдик  жамааттын  мүчөлөрү белгилүү бир ситуацияны сүрөттөөнүн бир гана ыкмасын колдонушу менен да  байланыштуу.  Бул  өзгөчө  стандарт  айтымдардан,  эскертүүчү жазуулардан,  каалоолордон  ж.б.  байкалат.  Телефондон  чакырып  коюуну өтүнгөндө кыргызча Ким сурап жатат?, ал эми англисче Who shall I say is calling  деп  сурашат.  Эшиктин  кайсы  тарапка  ачыларын  көрсөтүү  үчүн англисче Pull же Push, орусча К себе же От себя деген жазуу колдонулат.

Жаңы сырдалган нерсе тууралуу түрдүүчө эскертүүгө болот, бирок орусча Осторожно, окрашено, англисче Wet paint деп эскертилет.

Түпнускада берилген ситуация котормо тилинде бир гана ыкма менен берилүүгө  тийиш  болсо,  анда  котормонун  структурасы  даяр  болот. Мисалы:

Stop, I have а gun! (R. Bradbury). — Стой, я буду стрелять.

Reduction  on  taking  а  quantity.  (J.  Galsworthy). —  Оптовым  покупателям скидка.

Peter’s face muscles tightened. (A. Honey). — Питер стиснул зубы.

He left the ship on Tuesday. (J.K. Jerome). — Он сошел на берег во вторник.

Белгилүү бир ситуациянын белгилүү бир тилдик жамаатта кандайдыр бир  маанини  билдириши  абдан  маанилүү  нерсе  болуп  эсептелет.  мисалы, баш  ийкөө  айрым  элдерде  макулдукту,  ал  эми  башкаларында  танууну билдирет.  Демек,  бул  ситуациянын  сыпатталышы  ар  түрдүү  элдерде  ар кандай чечмелениши мүмкүн. Бирөөнүн көчөнүн оң тарабы менен кетиши тууралуу кабар англиялыктарда эрежени бузуу түшүнүгүн пайда кылат, ал эми көчөнүн оң тарабы менен жүргөн өлкөлөрдө мындай нерсе болбойт. Төмөнкү мисалдар эквиваленттүүлүктүн үчүнчү тибине мүнөздүү:

Scrubbing makes me bad-tempered. – Пол жуусам, кыжырым келет.

London saw а cold winter last year. — Өткөн жылы Лондондо кыш катуу болду.

That will not be good for you. — Это может для вас плохо кончиться.

Түпнуска  менен  котормону  салыштырып  көргөндө  төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр ачыкка чыгат:

  • лексикалык курам  менен  синтаксистик  структурада  параллелизмдин жоктугу;
  • түпнуска менен  котормонун  структурасын  синтаксистик трансформация  байланыштары  менен  байланыштыруунун  мүмкүн эместиги;
  • котормодо коммуникация максатынын сакталышы жана ситуациянын түпнускадагы менен бирдей болушу;
  • түпнускадагы ситуацияны  сүрөттөй  турган  жалпы  түшүнүктөрдүн котормодо сакталышы.

Эквиваленттүүлүктүн  төртүнчү  тибине  төмөнкүдөй  өзгөчөлүктөр тиешелүү:

1)  лексикалык  курамдын  толук  болбосо  да  бир  топ  деңгээлдеги параллелизми,  б.а.  котормодон  түпнускадагы  көпчүлүк  сөздөрдүн эквивалентин табууга болот;

2)  котормодо  түпнускадагыга  окшош  синтаксистик  контрукциялардын пайдаланылышы;

3)  коммуникация  максатынын,  ситуациянын,  ситуацияны  сүрөттөө ыкмасынын сакталышы.

Мисалы:

I told him what I thought of her. – Мен ага ал жөнүндөгү пикиримди айттым.

He was never tired of old songs. – Ал эски ырлардан эч качан тажачу эмес.

It is very strange this domination of our intellect by our digestive organs. -Странно,  до  какой  степени  пищеварительные  органы  властвуют  над нашим рассудком.

Эквиваленттүүлүктүн  акыркы,  бешинчи  тибинде  түпнуска  менен котормо  мазмунунун  бирдейлиги  эң  жогорку  деңгээлге  жетет. Эквиваленттүүлүктүн бул тиби төмөнкү мисалдардан байкалат:

I saw him at the theatre. – Мен аны театрдан көрдүм.

The house was sold for 10 thousand dollars. – Үй 10 миң долларга сатылды.

Vatanın  bütünlüğü,  milletin  bağımsızlığı  tehlikededir. — Журттун  бүтүндүгү, улуттун көзкарандысыздыгы коркунучта.

В IV-III вв.  до  н.э.  у  саков  появляется  письменность — важный  атрибут государственности.

Б.з.ч.  4-3-кылымдарда  сактарда  жазуу – мамлекеттүүлүктүн  маанилүү атрибуту пайда болот.

Бул  типтеги  түпнуска  менен  котормонун  катышына  төмөнкүлөр мүнөздүү:

1)  тексттин  структуралык  түзүлүшүндөгү  паралеллизмдин  жогорку деңгээли;

2)  лексикалык  курамдын  бири-бирине  дал  келиши:  түпнускадагы  маани берүүчү сөздөрдүн баарына котормо тилинин бирдиктери дал келет;

3)  түпнуска  мазмунунун  негизги  бөлүктөрүнүн  баарынын  котормодо сакталышы.

P.S. Таалайбек Абдиевдин «Котормотаануу илимине киришүү…» аттуу бул эмгеги жалпы окурмандарга тиешелүү болсун үчүн айрым кыскартуулар менен жарыяланды. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *