Турмуштук азилдер

Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт ордун түбүндө чычкан аңдыган мышыкча бирин­бири карап, кароолчусу да, капкагы да жок ордон чыга албай.

— Эй, силер эмне отурасыңар? — деп сурашса.

— Жөн эле,- деп коюшат дейт күйгүзүп.

— Деги чыкканга аракеттенсеңер болбойбу, — десе бири айтат дейт:

— Ик­ки, бул чыгып кетип, мен жалгыз калсам ээ!?

Көрсө, бирөөсү аракеттенген тура. Тырмактары сынганча тырмалаңдап, тепкичтен тепкич оюп, эптеп ордун оозуна жеткенде, баятадан аны маашырлана карап отурган экинчиси буттан тартып алган тура. Анан бүт эмгеги текке кеткен неме карап турмак беле, мушташат да. Мушташып чарчашканда экинчиси аракет кыла баштабайбы чыкканга. Анда аны беркиси тартып албайбы. Ошентип, андан да тажашканда бирин­бири аңдып, жөн эле отура бергенге өтүшүптүр уйкудан да калып. Анткени, бири уктап калса, экинчиси чыгып кетпейби.

 

ПИЯЗ МЕНЕН АРАК

Кызыл өңгөч менен кылкылдап арак ашказанга кирип барса, бир бурчунда бүрүшүп пияз отурат.

— Сыртта той болуп атса, сен мында эмне отурасың? — дейт арак.

— Анан эмне кылмак элем, бул жер мага жайлуу, — дейт пияз.

— Жайлуу жерди тапканын кара, караңгы бурчка тыгылып,- деп арак аны шылдыңдай баштайт. Ошондо бир чети аракка жини келип, экинчиден шаан­шөкөттү көргөнү пияз сыртка жөнөйт. Аны менен кошо ооздон шатырата кусулуп түшкөн арак, жерге сиңип баратып, “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп кетсең чыкканга” деп адамдар бекер айткан эмес экен го дептир, чокчоюп аны карап отурган пиязга суктанып.

 

КОЧКОРДУН КЫМЫЗЫ

Кымыз ичкени базарга кире калсам шакылдаган кара тору келин:

— Кымыз. Накта кымыз. Кочкордуку, — деп кыйкырып туруптур.

— Кочкордуку болсо ичпейм, — дедим мен аны чымчып.

— Ичпесеңиз мен сизди чакырган жокмун, — деп менин сөзүмө маани бербей кагып койду да “Кочкордун кымызы, Кочкордун…” — деп кыйкырып атты. Ай ушул сөздөр ай, сөздөр.

*   *   *

Автобуска экөө эки жагынан аксаган жигит кирди. “Булар каяктан табышып алышты экен?” — деген күдүк ой ар бир адамды аргасыз жылмайтса да, оору кадыры ашкере адепсиздикке жол бербеди. Аларга дароо орун бошотушту. Алар башкаларды элес албай бакылдашып жүрүп отурушуп, базардын аялдамасына жеткенде жолундагыларды жөөлөп, тебелеп­тепсеп сопсоо эле чуркаган боюнча түшүп кетишсе болобу.

 

ЧЫНДЫК

Кеңешме залына чогулгандар чындыкты талашып жатышты. Адегенде жайбаракат башталган талаш­тартыш бара­бара кызуу абалга өттү. Бири бирине сөөмөй кезеп, төштөрүн койгулап, жер тепкилеп, уурттарынан ак көбүк чача туш келди түкүрүп, түйүлгөн муштумдары менен үстөлдү койгулап, ызырынып, сөгүнүп киришти. Бир мезгилде жыла басып чындык кирди. Бири бирине далилдей албай чаң­тополоң түшкөндөрдү кыйлага тыңшап туруп, ууртунан жылмайды. Анан акырын гана ордунан көтөрүлүп:

— Чындык мына, менмин! Бир азга тынчтангылачы, мен силерге чындыкты айтып берейин! — деди. Бирок анын чырылдаган үнүн эч ким укпады. Анын чындык экенине ишенээр­ишенбесин билбеген бир­эки гана кишинин үмүттүү көздөрү жылтырады. Калгандары мурункудай эле бакылдаша берди. Сөзүн эч ким укпасына көзү жеткенде гана “акыры мени өзүңөр издеп табасыңар”, — деген чындык шарт бурулуп чыгып кетти. Анын келгени, сүйлөгөнү, кеткени менен көбүнүн иши да болгон жок. Мурункудай эле чындыкты талаша беришти.

 

КАТ

Бардык жери базарга айланган баш калаабызда алып­сатарлык менен алтындай башын аман асырап жүргөн уулуңар Уйлубайдан алыскы Ат­Башыда эл катары элдир­селдир эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан энем Эсенбүбүгө, атам Акматбекке дубай салам. Эки жылдан бери  дайын­дарегимди билдирбеген себебим,  өзүм менен бирге чемичке сатып жүргөн чаткалдык келин экөөбүз тил табышып, баш кошуп алганбыз. Жакында Базарбай аттуу балканактай уулдуу болдук. Ал жердеги аялым Алмаштан мен үчүн кечирим сурагыла да, атасыныкына үч баласы менен жеткирип койгула. Бирөөнү алып калабыз деп убара болбогула, өзү төрөгөндөн кийин өзү баксын. Балдардын акылы болсо кийин эр жеткенде атасын таап алышаар, — деп кат жазган уулуңар Уйлубай.

 

ЭРКЕК АЛАСА, УРГААЧЫ БЕРЕСЕ

Он жыл мурда айылдан шаарга көчүп келгем. Ошондо тууганыма калтырган бир уй, бир бээ, үч коюм бир да жолу ургаачы төлдөбөдү. Капырай таң калам, анысы аз келгенсип уюмдун музоосу өлүп, кулунумду карышкыр жеп, койлорум кысыр калганын укканда. Айтор, калтырган малым өздөрү аман­эсен жүргөнүнө да шүгүр. Ал эми батир акысы, электрге, газга болгон төлөмдөрүмдү бир ай кечиктирсем эле пения тууп көбүрүп­жабырып кетет. Алар кандай эле өнөкөт боюнда бар береселер экенине дегеле акылым жетпейт. Алты айдан бери алалбаган айлыгым, калем акым ж.б.у.с. толуп жаткан аласаларым бир да жолу пения туубайт. Баамдасам, менин аласаларым жалаң эркек, береселерим өңчөй кошкат ургаачылар өңдөнөт.

 

ДОК

Жумушка кечигип келатсам директор мектеп алдында туруптур:

— Кечигип калдыңыз!? — деди кекээрлүү.

— Айлыкты учурунда берип койгонсуп сүйлөйсүңөр да. Мугалимдерге кам көрүүнүн ордуна баскан­турганына чейин тескей берсеңер ким иштейт? Минте берсеңер иш таштоого чыгам же ачкачылык жарыялайм деп тебиреп жибердим.

— Койдум, койдум айланайын. Сабак өтпөсөңүз жок, деги балдарыңызды тынчытыңызчы. Чурулдап башкаларга жолтоо болууда, — деп жиберди директор. Директордун кебетеси мага бир эсе аянычтуу да көрүнүп кетти. Анткени, мугалим жетишпегендигине карабай өткөн жумада эле эки мугалим арыз берип бошоп, базарга чыгып кеткен болучу. Сыртымдан сыр билгизбегеним менен директорду талуу жерден кармаганыма корстон боло класска кирип кеттим булкулдап.

Кээде өз алыңа карабай док ургандын деле пайдасы бар өңдөнөт.

 

“ЖОК” ДЕГЕН ЖАКШЫ ТУРА

Кошунам балта сураганынан жапжаңы ак балтамды кармата салбасмынбы кара басып. Арадан ай өткөрүп доолап барсам бош эмес эле деп бербеди. Андан кийин алты жолу сурадым. Биринде “таппай койду”, экинчисинде “дагы бирөө сурап кетиптир”, айтор  өз балтам өзүм үчүн таңсык буюмга айланды. Мен да доолаганды токтотподум. Алты айдан кийин гана кошунам: “деги каадалуу буюм бергенсип, жаман балтаңардын сабы алтын болду го!?” — деп мизи кетилип, сабы сынып башка түргө өткөн балтамды алдыма ыргытты.

Чала болот мага. Жок эле деп койсом эмне. Эми минтип өз буюмумду өзүм доолайм деп жакшы кошунамдан да, жалаңдаган балтамдан да ажырадым. Күнөө менде экенин же кошунамда экенин ажырата албай алигиче башым маң.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *