ГАЛУА

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз математиги Эварист Галуа 1811-ж. 25-октябрда Парижге жакын Бур-ла-Рен шаарында туулган. Лицейде окуп жүргөндө (17 жашында) үзгүлтүксүз бөлчөк жөнүндөгү биринчи илимий эмгегин басма сөзгө жарыялаган. 1829-ж. Париждеги Политехникалык мектепке экзамендерди ийгиликтүү тапшырган, бирок кабыл албай коюшкан.

Ошондон кийин лицейдин уландысы эсептелген Нормалдуу мектепке тапшырган, андан бир жылдан кийин чыгарып салышкан экен. Анын себеби, Галуаны Франциянын саясый турмушуна кийлигиштиң деп айыпташкан. Андан кийин 1830 жана 1831-жылдары королдук режимге каршы чыккандыгы үчүн эки жолу түрмөгө камалган. Түрмөдөн бошогондон кийин 21 жашында – 1832-жылы 31-майда дуэлден каза болгон, аны сатылып кеткен өкмөттүк агент өлтүргөндүгү кийин гана белгилүү болгон.

Галуанын көзү тирүүсүндө кичирээк 5 макаласы гана жарык көргөн. 18 жашында Галуа Париж академиясына бир нече жолу өзүнүн математикалык эмгектерин тапшырган. Биринчи эмгеги Кошиге берилип, ал жооп бермек түгүл жоготуп жиберген. Экинчиси Фурьеге тапшырылып, ал жооп бергиче эле каза болуп калган. Үчүнчү жолу Лакруа менен Пуассондон “түшүнүксүз” деген жазуу менен кат келген. Ошентип анын ачкан жаңылыгын Париж академиясы учурунда баалаган эмес.

Бирок өзүнүн аз гана өмүрүндө Галуа математикага көп салым кошкон. Ал математикага таптакыр жаңы идея киргизип, аны жаңы нукка бурганы кийин гана аныкталган. Ошентип группалар теориясы – азыркы алгебранын негизи түзүлгөн. Анын ысмы менен азыр математикада Галуа группасы, Галуа группачасы, Галуа талаасы жана башкалар аталат.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *