БАБА НАКЫЛ

Сыма Цянь (б. з. ч. 135-86)

Кытайдын эң биринчи тарыхчысы, «Кытай тарыхынын атасы» Сыма Чиэн өз заманындагы айласыз билимдер адам болгон. Анын теңдешсиз зор эмгеги “Шы-зи” же “Жылнаамасы” жалаң гана жылнаамалык эмес, тарых, философия, математика, экономика, астрономия, музыка жана география таанымга да канык деп айтсак жарашат.

Улуу тарыхчынын жазмасындагы хунндардын атактуу каганы Модэ туралуу баян курган бөлүмдөн чакан үзүндү Иакинф атанын (И. Я. Бичурин) «Борбор Азиянын байыркы тургундары тууралуу баян» аттуу белгилүү китебинен алынды.

Ал кезде Дун-ху ордосу каруу күчкө шай эле. Юэчжи ордосу да гүлдөп турган. Хунндардын Туман аттуу теңрикуту бар эле. Туман Чын ордосуна такаат кылып тура албай түн тарабына жер оодуруп кетти. Арадан он жыл өткөн соң Мың Тхян дүйнөдөн кайтты. Ошондон соң ал жердин башкаруучулары Чын ордосуна баш көтөрүп чыгышты. Ортолук падышалык дүрбөлөңгө түшүп Чын ордосунун кылымышкерлерден куралган чек кайтарган аскери бет бетинен тарап кетти. Түзүлгөн кырдаалды пайдаланып Хунндар акырындык менен Сары Өзөндүн күнжүрүш жагына оошуп, Ортолук падышалык менен чектешкен эзелки эски журтуна кайрадан конуш тепти.

Теңрикуттун Модэ аттуу так мураскор уулу бар эле. Кийин сүйүктүү жары Янчжы жана бир уул төрөп берди. Теңрикут кичи уулун так ээси кылгысы келип, улуу уулун мураскорлуктан четтетмекчи болду да, аны Юэчжи ордосуна ак үйлүү аманатка жиберди. Модэ Юэчжилерге жетти деген кабар угулары менен артынан Туман өзү кайра Юэчжилерге кол салды. Юэчжилер Модэни өлтүрмөк болушту, бирок Модэ аргымак уурдап минип качып, айлына кайра оролду. Атасы Туман анын бу эрдигин баалап, карамагына он миң аскер бөлүп, түмөн башы калды.

Модэ өзүнө ышкырыктуу жебе жасатып, жоокерлерин маштоого өттү. Ышкырык жебесин кайда тартса, соңунан жоокерлери ээрчип жаа тартты. Кимде-ким ээрчий атпаса башы чабылды. Аң уулап чыгышса ышкырык жебеси аңга учат, артынан зыргып сан жебе сызат.

Бир курдай Модэ өзүнүн сүйгөн аргымагын атты, жоокерлеринин далайы даабай ордунда катты, Модэ алардын башын чапты.

Жана бир күндөрдө Модэ ышкырык ок менен сүйгөн аялын атты, жоокерлеринин далайы дагы ата албай ордунда катты. Модэ алардын да башын чапты.

Дагы бир күндөрдөн соң Модэ аң уулап чыкты да эми өз атасынын аргымагына карай ышкырык огун кезеди. Жөкөрлөрүнүн бири калбай жапырт жаа керди. Ошондон соң гана Модэнин өз жан-жөкөрлөрүнө ишеними артты.

Бир курдай Модэ салбуурунга чыккан атасы Тумандын артынан акмалай барып ышкырык жебесин ай далыга кармай берди. Соңунан жөкөрлөрү да дүрр коштоп жаа керди. Ошентип Модэ атасы Тумандын түбүнө жетти. Атасынын токолун уулуна кошуп өлтүрүп, баш ийбей моюн толгогон мыктыларын бүт курутуп, өзүн Теңрикут деп жарыялады.

Модэ такка минген кезде Дун-ху ордосу каруусу толуп, кемесине келип турган. Модэнин өз атасын өлтүрүп так мингенин эшиткен Дун-ху ордосу Тумандын алты ай минсе арыбас аргымагын суратып Модэге элчи жиберди. Модэ билгилерин чакыртып, кеп-кеңеш сурады. Билгилери: «арыбас асыл аргымак Хун ордосунун куту эле, аны берсең, аа кошулуп кут кетээр» дешти. Анда Модэ: «Аймакташ жашап алака туткан элден бир кыл куйруктун кадыры артык болуп кетиптирби, кой, берели» деп жетелетип ийди.

Дун-ху ордосу: «Модэ бизден коркот экен» деп ойлоп, көп өтпөй Модэнин эрке токолдорунун бирөөнүн колун суратып, дагы элчи жиберди. Модэ билгилерин дагы жыйды, акыл сүрдү. Билгилери катуу намыстанышып: «Бу Дун-хунун улугунда кымындай уят калбаптыр, кол курап барып чаап алыш керек» деп каарланышты. Анда Модэ: «Жакшы коңшудан бир чүпөрөк башты аяганыбыз жарабас, мейли, барсын» деп жандай сүйкүм токолдорунун бирин кылчайбай атказып ийди. Дун-ху улугу дагы да менменсип кербездене түштү.

Ошол кезде Хунндар менен Дун-хунун чегинен күн батышты карай созулуп 1000 ли аймак элсиз ээн жатар эле. Тек, аймактын жан жагында кароолчулардын күзөт жайы боло турган. Эми Дун-ху улугу Хунндарга караштуу ошол жерди суратып кайрадан элчисин жиберди: «Хунндарга ылайыксыз болсо, бизге ылайыгы бар экен, бош жаткыча берсе кантет» деп айттырды.

Модэ билгилерин чакыртып кайрадан акыл калчады. Билгилери, эми: «чыны менен аердин бизге бары-жогу, ысык-суугу бирдей, берсең да, бербесең да эп» дешти. Ошондо Модэнин жүзүндө каары жанып: «Жер деген мамлекеттин байтүбү болот, байтүбүнө балта чапкан кайдан оңот?! Башын!..» деди да «жерди бер» деп кеңеш кылгандардын башын түгөл чаптырды. Анан алчайып атына минип, кылчайып соңуна карап: «ким ээрчибей калар болсо башы кетсин!» деп буйуруп, күнчыгыш беттеп жүрүп кетти. Барып аңдоосуз жаткан Дун-хуну чапты. Модэни кенебей кербез жаткан Дун-ху капыс карайлап калды. Модэ алардын ордосун тып-тыйпыл талкалап, мал-жанын талап алды.

Кайтып келген соң күнбатышка жүрдү. Юэчжини сүрдү. Күн жүрүштөгү Ордосту бооруна басып жаткан Лэуфан жана Баяндын башкаруучуларын багынтты. Янң менен Дай аймагын жойлоп өттү. Ошентип, о качандыр Мың Тхян колбашчы тартып алган Хунндардын эзелки ата конушун кайырып алды.

Ханң ордосу менен Ордостун чек арасы Чао-на менен Лу-Шинин заманындагы чекте бекиди. Хан ордосунун аскери ошол тушта Хан-юй колбашчы менен кармашып жүрүүчү. Ортолук падышалык ошол согуштарда алсырап турган. Бу кырдаал Модэнин чырагына май тамызып, күркүрөп күчөнүп чыкты. Ошол тушта Модэнин 300 миң аскери болду. Шун-Вэй менен Туманга чейинки миң жылдан ашуун аралыкта Хун ордосу бирде күркүрөп күчөп, кайра тартылып дымып, бирде ийирилип, кайра бытырап чачылып тургандыктан алардын ордо ыраатын тактап айтып бериш кыйындыр. Модэнин заманында Хун ордосу артыкча кемелине келип, жан жагындагы бардык көчмөндөрдү багындырып, күнжүрүш жагындагы Ортолук Ордого теңата даража күттү.

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *