Түптү түргөн Учту кармайт.
Кыргыз накылы

«…практический дух еврейства стал практическим духом христианских народов. Евреи настолько эмансипировали себя, насколько христиане стали евреями».
 К.Маркс

 «Бир «один хороший, умный и хитрый еврейдин» колу менен бүтүндөй бир мамлекетти кандайча ичтен иритип, багытын буруп кетишкени тууралуу ажайып тамсилди кыргыз тарыхчылары илгери-кийин (дагы кечигип!) иликтей жатышаар…
«Теңирчиликтен»

I

Батыш дүйнөсүнүн тарыхы, тагдыры, артыкча соң замандагы, еврейдухсуз чечилбейт. Байыркы замандан азыркы заманга чейинки Батыштын не бир улуу чыгаан ойчулдары, саясатчылары еврей маселесин эч бир кыйгап өтө алган эмес. Тарыхы, тагдыры, ырлуу да, чырлуу да, зарлуу да, заарлуу да татаал калыптанган бул феномен менен азат Кыргыз Мамлекетинин, ак калпак кыргыз элинин эгемендик алгандын эртеси күнү иши чыкты. Евреизмдин өзөгүн түшүнмөйүнчө өзүбүздүн азыркы да, алдыдагы да тагдырыбызды эч качан даана аңдай албайбыз, анткени биз да ошол иримге тартылганбыз. Бая Маркстан алынган эпиграфта айтылгандай христианчылык евреизмде өчүп, евреизм христианчылыкка көчүп эбактан экөө чырмалыш-жуурулуш тепчилип калган. Биздин азыркы бар алакабыз мына ушундай Дүйнө (Батыш) менен чырмалган. А демек алака туткан бу Дүйнөнү ичкертен билгенибиз ийги. Асыресе, Конституциябызды дал жүрөктөн кармаган «адам укугунун» тарыхын, «жарандык коомдун» маңызын. Ал тарых-маңыз биз атчан айгайлап чаап кирип бараар айдың эмес эле, каңгыткан-маңыткан татаал лабиринт эле. Тарыхы миң кыл, маңызы бир кыл. Биз ошого кабылдык, чабылдык. Эмесе обол ал лабиринт жайын жалпы түшүнүп алууга аракет кылып көрөлү.

Белгилүү, биздин заманга чейин эле өз жеринен куулуп мамлекети жок болгон еврей калкы узаакы кайгылуу, азаптуу тарыхында өзүн сактап калаар эмне айла болсо ошонун баарын таап чыгып, өздөштүрүп, колдонуп, жүзөгө ашырып олтуруп акыры улуу согуштан соң 1948-жылы туура эки жарым миң жыл кийин Израиль мамлекетин кайрадан калыптады. Мынчалык зор эрдикти дүйнө тарыхы билбейт. Тилин, дилин, армандуу мамлекет идеясын зилинде мынчалык алдейлеп асырап жүрүп акыры шамын жандырып алган элдин эрдигине, духуна таң калбаска арга жок. Элин, Жерин, Мамлекетин ойлогон ар бир элге, ар бир патриотко бул элдин тарыхы — чыныгы улуу сабак. Ушинткен элдин зор рухий кудурети узаакы татаал тагдырына, кысталаң не бир кырдаалдарга карай ар башка мазмуунда ачылып жүрүп отурган. Бир кубулушунда — жалпы адамзаттык жаркын башталыш жатса, экинчи кубулушу — өзүн сактоого умтулган Эго инстинкттин күүгүмүнө тунган. Бир мерчеминде — адамзатка жарык нускаган катар-катар пайгамбар чыкса, дагы бир мерчеминде — жарык чачкан пайгамбарынын башын жуткан инирлүү Иуда саткын турган. Евреизмдин күүгүм жүзү адамзат артыкча кир капитализм (дикий) тилкесине кирген ченде, акча алкагына тартылганда араандуу Батыш менталитетине айкаш гүлдөп чыкты. Жалпылыкка айланды. Демек, Батыш дүйнөсүнүн табияты, асыресе Кайра Жаралуудан соңку тарыхы-тагдыры, өз ич ара алакасы, еврейдухсуз эч чечилбейт!

«Еврей маселеси» XVIII кылымдын акыры, айрыкча XIX кылымда Батышта эң бир орошон маселеге айланган. Бирок алар – еврейлер, кайсы мамлекет ичинде жашап жүргөндүгүнө байланыштуу ар түрдүү мүнөз күткөн. Эсеби, өткөн кылымдын биринчи жарымында христиан мамлекети саналган Германияда ал диний (теологиялык) маселе болгон, б.а. анын дини (иудаизм) мамлекеттин расмий динине (христианчылык) кайчы абалда турган. Ал эми динге коймаарек АКШ да анын теологиялык мааниси эмес, турмуштук (мирской) маңызы башкы планга чыккан. Бирок алар — еврейлер кайсы жерде, кандай түзүлүштөгү мамлекетте жүрүшпөсүн, жашашпасын тозгон элдин, б.а. «еврей маселесинин» эң түпкү маңызы бирөө эле болгон, ал — еврейдин «кудай сүйгөн эл» экени жана байлыкка балээдей тап табияты. Ошол байлыгын, ошол акчасын, дилин-зилин башкадан ишенимдүү кол тийгис коргоо үчүн ал бирде «адамдын укугун» (байлыкка) таап чыкса, бирде «кудай сүйгөн тандамал» тагдырын коргош үчүн «дин тутуу эркиндигин» («свобода совести») талап кылган. Бирок мунун баары айла амалдуу чүмбөттөлүп, жогоруда айтылгандай ар бир мамлекетте ар башка кырында ачылып жүрүп отурган. Түшүнүктүүрөк болсун үчүн мисалдуу сүйлөйлү.

XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын башында Германияда, «еврейди эмансипациялоо» деген идея, кыймыл-аракет күчтүү жүргөн. Мааниси — еврейди мамлекеттик-граждандык жана саясый азаттыкка чыгаруу. «Бу эмне болгон эмансипация, — деп түтөйт ошол кездеги жаш гегелчи Бауэр, — Германияда саясый эмансипацияга эч ким ээ боло элек, анын ичинде немис өзү дагы, немис өзү ээ боло элек саясый азаттыкка еврейдин жанталашканы анын эгоизминин канчалык терең жатканын гана каңкуулайт.

Еврейлер болсо мындай азаттыкка жетүүнүн жолун «адам укугунун» корголушунан көргөн. Ал эми «адам укугу» дегениң эмине өзү? Түбүн карайлы. Батыш дүйнөсүнүн соңку укук таанусуна байтүп суналып берген байыркы Грек, Рим укугунда «табигый укук» деген түшүнүк болгон. Аны Аристотель, Цицерондор колдонушкан. Мунун маңызы: адам туулганда эле, ошо туулуп калгандыгы үчүн эле ээ болор кудай берген табигый укуктары болот, суу ичкендей, дем алгандай, кубангандай, ыйлагандай эле. Мыйзам муну өз бетине жазабы, же жазбайбы, тааныйбы же тааныбайбы, ага карабайт. Маселен, жумур башына эркиндик адамдын табигый укугу.

Сөз жок, кынтыксыз идея бу. Бирок абай карап сак туруңуз, байыркы дүйнөдө бул али «табигый укук» («естественное право») деп гана аталат. «Адам» деген атайын термин-түшүнүк али колдонула элек, анын зарылдыгы да жок, анткени укук маймылга эмес адамга экени ансыз да түшүнүктүү. Айтмакчы, байыркы Римде бу «табигый укук» Рим укугунун (б.а. империя аймагында) жалпы тутумунда турган. Б.а. «адам», «граждан» түшүнүктөрүнүн арасына чек кармалбаган. «Адам» түшүнүгүн биринчи планга алып чыгып, акыл эсти алдыртан манипуляциялоо кийин, кийин башталат, Родинасы жок, бирок мамлекеттеги бар байлыкты еврейлер бооруна басып чыккан камбыл капитализм заманында… «Табигый» деген түшүнүк ушунда жалпы эле «Адамга» жайылтылып чыгат. Рим укугундагы жеке менчикке укук жаңы заманда Адамга эриштеле ушундайча кайрадан бир гүлдөйт. «Адамдын жана гражданиндин укуктарынын декларациясы» аталган алгачкы расмий документтер пайда болот. «Адам» жана «гражданиндин» арасындагы расмий чектер ажырай баштайт. Ушинтип байыркы Римдин «табигый укугуна» дайымкы «Адамдын укугун» аавалда эптүү кынап алып жүрүп кеткен да ушу еврейдух эле. Бирок тактык ирээти озунуп айтыш парз: ал кездеги «Адам» маңызы канчалык абстрактташып «гражданинден» ажырап чыкпасын чабыты али чектелүү эле, мурдагыдай бир мамлекеттин эмес, бүтүндөй мамлекеттердин башын мыкчыган соңку XX кылымдагы Трансконтиненталдык Империалисттик Дүйнөлүк АДАМ мазмунуна али өсүп жете элек эле. Ал мазмун кудурет али алдыдан ачылмак. Ал тагдыр, али, алдыдан күтмөк. Ага анан барабыз.

Ошентип «Адамдын укугу» (Еврейдухтун деп түшүнө баштасаңыз да болот эми мындан ары) философия, укук аренасына улам ургаал суурулуп чыга баштаган кезеңде еврей маселеси Европа акыл эсин улам жаңыдан кайра толкутуп термеп чыкты. Анын алыста жаткан, алысты көздөгөн тамыры — учун ал кезде ар ким ар башкадан көрдү, ар башкача баалады.

Эсеби, Бауэр «Адам укугун» мындайча түшүнөт: «Мысль о правах человека лишь в прошлом столетии была открыта для христианского мира, она не является для человека врожденной, а напротив завоевана им лишь в борьбе против исторических традиций, в которых до сих пор воспитывался человек. Таким образом, права не дар природы, она также не полученное нами от прошлой истории наследие, — они куплены ценой борьбы против случайностей рождения и против привилегии, доныне передававшихся историей из поколения в поколение. Они — результат образования, и только тот может обладать ими, кто их завоевал и заслужил»1. Бауэрдин оюнча еврейлер Адам укугун алууга акысы жок. Адам болуу үчүн ал оболу еврейлигинен, б.а. дининен баш тартуусу абзел. Дининен баш тарткан соң да ал христианин баскан жолду түгөл басып өтүүгө тийиш.

Анткени иудаизм христианчылыктан мурдагы, ага жете, өнүкпөй калып кеткен обору тойгус, руханы тайыз, бар күчү, тек, карандай керектөөчүлүккө чыккан кара курсагына камалган дин. Же Фейербахтын сөзүнчө айтканда : «Их принцип, их бог есть самый практический принцип в мире — эгоизм и притом эгоизм в форме религии. Еда есть самый торжественный акт, как бы начало иудейской религии»2. Еврей ириде мына ушул дининен баш тартышы керек, б.а. Еговадан. Ошондо ал мамлекеттин гражданини катары эмансипацияланат. Аны колдоп кол сунуп немис да ошондо христианчылыгынан кайтууга тийиш. Кайрыдин калган экөөнүн мындан кийинки мамилеси нукура илимий (эмкиче айтканда, цивилдүү) мүнөз күтөт. Динден баш тартуусу аркылуу гана еврей да, немис да чыныгы Адам катары эмансипацияланышат. Көрүнүп тургандай, Бауэрде Адам жана Гражданин түшүнүктөрү ажырым жатпайт. Еврей, немис ажырымы тек экөөнүн дининде. Ошол жоюлса, ошол жоголсо эле тарыхтын тактасында эки улут тагдыр барабарлашат. Бауэр «еврей маселесин» ушундайча чечет.

Бауэрдин «Еврей маселеси» деген китебине жаш Карл Маркс, да өзүнүн «Еврей маселесине» аталган керемет сын макаласын арнаган. Еврейчиликтин эң талуу тамырын таамай кармаган. Кайран Маркс, ойрон Маркс, өзү еврей Маркс, еврей маселесинин эң түбүн ушунда Бауэрден башкадан көргөн. Ал Бауэрге: “маселе өзөгү кимди ким КАНТИП эмансипациялашта эмес, ЭМНЕДЕН эмансипациялашта” деп еврей маселесин таптакыр жаңы кырынан койгон. «Поищем тайны еврея не в его религии, — поищем тайны религии в действительном еврее» деген. Деген да үңүлүп издеген, мобуну тапкан : «Какова мирская основа еврейства ? Практическая потребность, своекорыстие. Каков мирской культ еврея? Торгашество. Кто его мирской бог ? Деньги»3. Мына ушул кудайдын культун алып жүргөндүгү үчүн, дүйнөнү ушул культтун бутуна жыгып тургандыгы үчүн еврейчиликти Маркс «азыркы замандын антисоциалдык элементи» деп атаган. Бул кудай (акча) бийликте турганда саясый бийлик деген сөз тек сасыткы түшүнүккө айланаарын шылып айткан: «Противоречие между политической властью еврея на практике и его политическими правами есть противоречие между политикой и денежной властью вообще. В то время как по идее политическая власть возвышается над денежной властью, на деле она стала ее рабыней».

Христиандын жана еврейдин карама-каршылыгын динден көргөн Бауэрден айырмаланып Маркс христианчылык менен еврейчиликтин жалпылыгын айтат. Экөөнү бир эле «еврейчилик» деген термин менен берет (айтса, биз да «еврейчиликти» ушул Маркс батырган мазмунунда колдонуп жатабыз). «Христианство возникло из еврейства. Оно снова превратилось в еврейство…». Жогоруда ал еврейчиликти «антисоциалдык элемент» деген дедик. Ооба, элемент, бирок эң башкы аныктооч жана кыймылдаткыч! Ушул күч — Дүйнө облигин мүлдө өзгөртүп бараткан, өз ыңгайына ороп, чулгап, өз менталитетине боеп, чылап… Же Маркстын сөзүнчө: «еврей эмансипировал себя еврейским способом, он эмансипировал себя не только тем, что через него и помимо него деньги стали мировой властью, а практический дух еврейства стал практическим духом, духом христианских народов. Евреи настолько эмансипировали себя, насколько христиане стали евреями». Демек, адамды чындап саясый эмансипациялаш үчүн аны мүлдө баарын акыры кулдур кулга айлантып тынаар акчанын бийлигинен куткарып чыгыш керек. Сүткорлуктан (демек турмуштагы реалдуу еврейчиликтен), акчанын адамды баардык, анын ичинде алиги «табигый» аталган укуктарынан да ажыратып тебелеп тепсеп турган зомбулугунан ажыратыш керек. Ошондо гана адам мейли ал немиспи, еврейби, аа карабай чыныгы азаттык алат.

Маркс адамзатты еврейчиликтен ушундайча эмансипациялайт, арийне теорияда. Аал, практикада ал кийин, белгилүү деңгээлде, СССР аталган бир зор державанын мисалында ишке ашты. Ооба, белгилүү деңгээлде… анткени еврейчилик социализмде сүткор духунан ажыраганы менен егова духунан эч качан ажыраган эмес эле. Ажырабайт да экен! Ошол дух Сырткы Дүйнөгө үналыш жаңырып, Маркстын арбагы менен да чабыша отуруп, акыры анын асыл, аздек идеясынан да өч алып тынды. Социализмден – СССРди кайра жыгып! Социалисттик туташ системаны кыйратып! Ушинтип Бауэрдин философиясында да чындыктын зор данеги катылып жатканын мезгил көрсөттү. Евреизмдин чындыгы, көрсө, Бауэр-Маркс экөө тең бириккен чулу тогоолдо экен… Бул эми өзүнчө кең сөз…

Биз кайрадан анда бизге зарыл «Адам укугу», «Граждандык коом» түшүнүктөрүнө кайрылалы. «Адам укугун» Бауэр кандай түшүнөөрүн айттык бая. Ал эми Маркс аны мындай тастыктайт. «Адам» деле ошол эле граждандык коомдун бир мүчөсү. Бирок «адам» деп бөлүнүп айтылганы, бул анын эч ким менен иши жок, өзү менен эч кимдин ишин да болтурбаган терең эгоизми менен шартталган. Эсеби, гражданин менен мамлекеттин иши болот, ал эми адам менен граждандык коомдун гана иши бар. «Так называемые права человека, в отличие от гражданина государства суть не что иное как права гражданского общества, т.е. эгостического человека, отделенного от человеческой сущности и обязанностей», — дейт Маркс.

Мына ушул мамлекет, коом кызыкчылыгын уруп койбой керт кызыкчылыгына гана үлүлдөй камалып алган «адам» (муну бизде «куу пенде» дечү беле, эки маанисинде тең) өзү мамлекет ичинде жашап туруп, өз милдетине келгенде өлүмүш боло калып, астейдил анткор аңкоосунат: «эч кимиң, мамлекетиң да кийлигише албас кудайым берген табигый укугум бар» дейт. Ушинтип куу купшуңдайт. Анын ошол табигый жана ажырагыс укуктары, мисалы, 1793-жылкы кабыл алынган «Адам жана гражданин укуктарынын декларациясында» мындайча жаңырат: «Теңдик, Эркиндик, Коопсуздук, жана Жеке Менчикке укук». Кооз аныктамаларга чулганган бул укуктардын чыныгы жүзү кандай? Маркс мындайча чечмелейт.

«Право человека на свободу основывается не на соединение человека с человеком, а наоборот обособление человека от человека. Оно — право этого обособления, право ограниченного замкнутого индивида (б.а. макулук укук). Практическое применение права человека на свободу есть право человека на частную собственность. …. Оно — право своекорыстия. При помощи понятия безопасности «гражданское общество не поднимается над своим эгоизмом. Безопасность, напротив, есть гарантия этого эгоизма».

Ошентип «адамдын укуктары» дегениң чыныгы аңтара маңызында эгоист адамдын өлүп баратса да өз чегинен — чээнинен тап жылбаган ташмелтей кызыкчылыгынын жыйындысы болуп чыгат. Андыктан Маркс: «Человек гражданского общества есть индивид (макулук)» дейт б.а. ал мамлекеттеги гражданиндин мазмунунан алда канча пас турат. Албетте, Марксты ал өзүнүн таптык позициясынан чыгып саал ашыра айтып салган деп айыптоочулар да табылат. Бирок ушунун эле өзүн өз мезгилиндеги «Укук» илиминин атасы дээрлик Гегель да андан мурда эле айткан : «В гражданском обществе каждый для себя цель, все остальное для него ничто, индивиды в качестве граждан этого государства-частные лица, целью которых является собственный интерес»4.

Ушинтип эми эмне үчүн еврейчилик «адам» деген түшүнүктү «гражданинден» ажыратып, айырмалуу мазмундап чыккандыгынын түп себебине да жакындап келдик. Көрсө «адам» деген атка жамынып, «табигый укук» дегенди калкан кармап еврейчилик түбүндө өзүнүн жеке байлыгын ажыратып, башын ачып, кол тийгис коргоп, чылк коопсуздап чыккан экен. «Адам укугуна» дамамат эриш-аркак айтылган «граждандык коомдун» маңызында дал ушул өзөктүү еврейчилик жатыптыр. «Еврей в качестве особой составной части гражданского общества, есть лишь особое проявление еврейского характера гражданского общества. Гражданское общество из собственных своих недр постоянно порождает еврея. Практическая потребность, эгоизм — вот принцип гражданского общества… и он выступил в чистом виде, как только гражданское общество окончательно породило из своих собственных недр политическое государство. Бог практической потребности и своекорыстия — это деньги…». Ал эми акча жана сүткорлук уюган жерде улутуң бир, немиссиңби, еврейсиңби, айырмасыз: «Еврейство достигает своей высшей точки в гражданском обществе, но гражданское общество завершается лишь в христианском мире».

Жогоруда көрдүк, Гегель, Бауэр, Маркс туштарында «адам», «гражданин» «мамлекет» — «граждандык коом» түшүнүктөрү негизинен бирдей мазмундалган. «Мамлекет-Гражданин» деген маани «Граждандык коом-Адам» деген түшүнүктөн бийик турган. «Адам» деген маани индивид (макулук пенде) менен синоним угулган. Бирок мунун баары али кантсе да бир мамлекеттин чегинде түшүнүлгөн. «Милдетин» унутуп (милдет гражданинде болот) «укугун» гана билген, талашкан Адам — “адам-мите” же митекарын катары терс баа алган, бааланган. Бирок ошол «адам» кийин андай деле макулук болбой чыкты. Маркс айткандай граждандык коом өз тулкусунан саясый мамлекетти бөлүп чыккан сайын анын алиги өлүмүш болуп көрүнгөн «айыпсыз», «саясатсыз» эгоизми өз жүзүн жашырбай жыпжылаңач чыкты. Акчанын араандуу бийлигинде баарын өз алдына салып жайдак айдап чыкты. Жайлап чыкты! Баягыдай бир гана мамлекеттин чегинде эмес эми мамлекеттердин кыйырын аттап, чегин жоюп, жойлоп — мойноп чыкты. Бардык саясатты жасап чыкты. «Деньги — это ревнивый бог Израиля, пред лицом которого не должно быть другого бога. Деньги низводят всех богов человека с высоты и обращает их в товар. … Деньги это отчужденная от человека сущность его труда и его бытия; и это чуждая сущность повелевает человеком и человек поклоняется ей» (Маркс). Үстү-үстүнө үйүлгөн үстөгү аркылуу. Тукумдап тууган проценти аркылуу. Улуу сүткорлук аркылуу! Евреизмдин туундусу…

Ушинтип, бая оболу «ГРАЖДАНИНДЕН» пас турган(сыган) «адам» (макулук пенде) айланып келип кайра анын башына чыкты. Мурдагы «адамдын жана гражданиндин укуктары» («милдети унутулуп» калган ) деген тең таразалангансыган түшүнүктө акцент «АДАМГА» оошту. Реалдуу УКУК түгөлү менен АДАМГА өтүп аны аткаруучу милдет (алиги «унутулуп» жазылбай калган) гражданинде калды. «Укукчул Мамлекет», «Гражданчыл коом» деген сырты зымырайган, ички философиясы тымызын бүтүндөй өзгөрүлгөн жаңы мазмун жаралды. Жылма философиялык — практикалык төңкөрүш жүрдү… Мындай Укукчул Мамлекетте, Гражданчыл Коомдо укуктун эң башкы ээси («источник права») укугу интернационалдашкан (анткени ал «табигый», аны «кудай берген») Адам болуп чыгат да ал эми мамлекет, Эл, б.а. баардык гражданини кошулуп туруп (гражданин мамлекеттин ичинде гана болот) анын таманы алдында калат. «Адам укугу элден, мамлекеттен бийик» деген маани ушул… же мунун экинчи бетин окуганда: «еврейдухтун алдында эл, мамлекет милдеттүү» дегенге келет.

Кайталайм, бул процесстин баары али бая айтылгандай бир мамлекет ичинде же бир эле убакта бир нече мамлекеттердин ичинде бирдей жүрүп олтурду. Тарых аренасында алиги эгоизм, сүткор капитал («капитализм в сущности есть порождение еврейского духа» В.Зомбарт) дүйнөлүк империяга-империализмге айланганга чейин. Ал качан гана империяга айланган ченде алиги гражданиндин башына чычып чыккан АДАМ эми дүйнөлүк гражданиндердин, мамлекеттердин башына чапчаң суурулуп чыгып шарт ДҮЙНӨЛҮК АДАМГА айланды. Трансконтиненталь кудурет күттү. Кудайга барабар! ДҮЙНӨЛҮК АДАМДЫН УКУГУ! Эми баягы “адам укугу элден, мамлекеттен бийик” деген бир мамлекет ичинде салынган ураан «ДҮЙНӨЛҮК АДАМДЫН УКУГУ элдердин мамлекеттердин укугунан бийик» деген дүйнөлүк мазмунга айланды. Эми мунун экинчи бетин окуганда: “еврейдухтун алдында элдер, мамлекеттер милдеттүү” дегенге келет. Азыркы заманда алсыз жаш мамлекеттерге алдуу Батыш тарабынан «Адам укугун» элден, мамлекеттен бийик жар салган, «граждандык коом» уңгусуна чөккөн (негизине алынган) системаны курдурууга (ичтен жеңип алууга!) аянбай «жардам берип» жатканы ошол, эң демократиялуу конституцияларды (же биздин АДАМ алдындагы милдеттенмелерибизди) жазышып, эң билимдар эксперттерди консультант шайлашып, коом турмушунун баардык жагдайын «демократташтырышып», эл — мамлекеттик менчиктин өзөгүн жеке менчиктештиришип, «демократиялык аралчаларды» курдурушуп, ушул ыңгайдагы лидерлерин улуу даңазалап… Нетесиң, Батыш эксперттери «баа-а» мактаган эң демократиялуу Конституциябыздын талуу тамырларында ушул ириң — мина булкулдап уюп — бугуп калган, бир — акылдуу, жакшына жана кыйтыр еврейдин» колу менен билги орнотулган, расса чачылып, чүмбөттөлүп… Ага төмөндө арналуу токтолобуз. Ага чейин бир лирикалык чегиним зарыл.

Биз жогору жактарда «мурдагы адамдын жана гражданиндин укуктары…» деп айтканбыз. «Мурдагыны» чечмелей кетүү орундуу. Элдин жакшысы, жаманы болбойт. «Кудай сүйгөн өзгөчө» же «кулдукка гана жаралган өзгөчө эмес» да эл болбойт. «Эл» деген түшүнүк кайсы жерде, качан да болсо ыйык. Аал демек, темага ылайык сөзгө алынган еврей же христиан дүйнөсүнүн, анын жаркын инсандарынын жаамы адамзат прогрессинин өнүгүшүндө ойногон орошон ролун эч ким тана албайт. Сыймык менен айтат. Башканы койгондо өзү еврей Маркстын, асыл Маркстын, эсил Маркстын өзү эмнеге тең, Моисейден канча артык керек болсо! Демек «адам» деген ыйык түшүнүк менен акыл эсти былгы манипуляциялабай, аны чыныгы эркиндикке, теңдикке, коопсуздукка алып чыгыш үчүн эчен-эчен алтын баштар сайылып, канча жан курман чалынып барган жаркын умтулушка, салабат!

Дээрлик бир мезгилде кабыл алынган «Укук тууралуу билль» (АКШ 1794-ж ) жана «адам жана гражданиндин укуктары тууралуу декларацияда» (Франция 1789-ж) ошондой изги умтулуштун изи да дайын турат. Эсеби, 1791-жылкы АКШда кабыл алынган «Адам укугунун декларациясында»: «Свобода есть право делать все то, что не вредит другому» деп жазылган. 1793-жылкы декларацияда: «Свобода есть принадлежащее человеку право делать все то, что не наносит ущерба правам другого» делген. Ал эми 1795-жылы үчүнчү жолу редакциядан өткөн декларацияда адам «укугу» гана эмес «милдети» да жазылган. Б.а. ал «адамдын жана гражданиндин укуктары менен милдеттери» деп расмий аталып 22-статьяда укугу, 9-статьяда милдети белгиленген. Көрүнүп тургандай мында «Укук» жалаң Адамга өтүп, «милдет» гражданинде калып кеткен эмес. Чулу турган. Кийин гана 1948-жылы БУУ тарабынан жамыга белгилүү «Адам укугунун жалпы декларациясы» кабыл алынды, милдети жок…

Демек, биз чыныгы еврейдин, чыныгы христиандын «Тооратта», «Инжилде» жазылган чыныгы гуманисттик идеяларынын өзүн жокко чыгарып, сүткор капиталдын торунда башка мамлекеттерди кул кылууну максат кылган арам күчтү айыптайбыз. Еврейдин да, христиандын да ичиндеги башка элдин башын жутмакчы болуп быгышкан былгы духту айыптайбыз. Экөөнүн ушу биримдигин кыска, түшүнүктүү болсун үчүн мындан ары айырмалап «еврейхрист» деп атайбыз. «Еврейхрист» — Маркстан жасалган термин. Эпиграфта айтылгандай акча мөөр баскан еврей духу христиан духу менен иришип кеткен, Батыштын эгоменталитетин түзүп…

Теория, документтер ушундай. Бирок практикада Батыштагы айрым кубаттуу чөйрөлөр азыр декларациялардагы мындай изги умтулуштардын идеясынын өзүн кунсуздап аны тетири миздеп, башкага каршы универсал курал кылып алганы да жашырын эмес. Бул баягы «Адамга» жашынган еврейхристтин Эгодуху экени белгилүү. Андыктан аа кайчы дүйнөлүк маанай да улам күч алып барат. Айталы, азыркы тапта Азиядагы ири лидерлердин бири, Малайзия премьери Мохатхир Мохаммеддин «Адам укугунун жалпы декларациясын» кайра карап чыгуу тууралуу демилгеси АСЕАН тобунда, Кытай ж.б. Азия мамлекеттеринде кызуу колдоого ээ болууда. Азия мамлекеттери колониалдык абалда турганда алардын катышуусуз жана Азия дүйнөтаанымын эсепке алуусуз түзүлгөн мындай Декларация кыйла жеринде бизге жат деп жатышат алар. Демек алдыңкы жылдарда «адам укугу» дүйнөлүк коомчулук тарабынан кайрадан козголуп, ар жаш мамлекет өзүнүн ыңгай — табиятына (менталитетине) ылайык сырт кысымсыз чыныгы укукчул мамлекеттерин куруп барууга шарт ачылаар.

Эмесе биз да «Азиячылык» деп аталган дүйнөтаанымга негиздеп чыныгы «Улуттук укукчул мамлекетти» кура алабызбы? Эгемендиктин түбүнө эртеңки күтүлгөн референдумда жетип тынабызбы, АДАМГА жашынган ЕВРЕЙХРИСТКЕ Ата-Журт — Жерди берип, түбөлүккө…

II

Эми «АДАМДЫН» түпкү маңызы ачылган соң теория, философиядан кайтып Конституциябызга келели. Конституциядагы эң башкы маселе Жер тууралуу статьяны өзгөртүү сунушталып жаткандыктан башкы сөзүбүз ушу тууралуу. Эмесе бу маселенин эң башына — Конституциянын концепциясы аныкталган учурга кайрылууга туура келет.

Долбоорду талкууга салып жатып ЖК сессиясында Президент А.Акаев анын башкы маңызын мындайча мүнөздөгөн эле: «социально ориентированная рыночная экономика, демократизация всех сфер общественной жизни, в основе которой лежит обеспечение прав и свобод человека, — вот основные составляющие того общественного строя, который мы хотим утвердить в Кыргызстане». Докладчы андан ары «Адам укугу жана эркиндигинин маңызын мындайча баяндаган : «…человек по своей сущности и предназначению выше государства, что как субьект он первичен, в то время как государство по отношению к нему вторично. Действительно, многие права и свободы человека проистекают из самой его природы, носят естественный характер и даны ему свыше. Государство должно признавать их, регламентировать их осуществление, но ни в коем случае не может лишить человека этих прав, ибо не оно предоставило их ему. Советская конститутционная система такого подхода, как вы понимаете не знала. Между тем именно в этом, а ни в чем ином, как я уже говорил, суть истинной демократии» («СК» 14, 4, 1993 ж.).

Бул, бая сөздүн эң башында айтылган “Конституцияны ким, кандай окуйт” деген ойдун өзөгүн жарытат. Б.а. Батыш ыңдайдагы “укукчул мамлекет”,”гражданчыл коом” маңызы ушул. Баягы еврейхрист чындыгы. Акылдуу, кыйтыр кеңешчи левитиндердин почерки. Адамдын саясый, социалдык, биологиялык аспектилерин атайлап чаташтырып, акыл эсти былгы манипуляциялоо. Ошентип, Сырткы Адамды элден мамлекеттен бийик койгон баягы еврейхристчил Эгофилософияга жол чабуу. Бирок Президент текстине канчалык: «человек первичен, государство вторично» деп кирип алганы менен, укук ээси Адам деп өзүнө ууру ыңгай ачаар «укукчул мамлекет», «гражданчыл коом» (б.а. еврейхристчил) үчүн эмне талап кылынса ошонун баарын Конституциянын «адам укугу» ж.б. бөлүмдөрүнө ууру шыкап жазып бириндетип чачып салганы менен, баары бир Адам өзүнө акыр аягына чейин өзү каалагандай жол чаба албай калды. «Жер мамлекеттин гана менчиги. Ал сатылбайт жана сатылып алынбайт» деп жазылып кетти. АДАМ таш капты.

Ошентип абай бакканга азыр биздин Конституцияда эки уюл күч бирин-бири тиктеп, тооруп, марашып турат. Алар — бир жагында еврейхристчил адам укугу, Конституциядагы 4 ст. 1 п. менен тымызын чырмалып алган. Жана ага ал каалагандай толук эркиндик бербей жолун торогон эки гана статья. Биз көзүбүздү ирмебей күн түн тикийип тиктеп кайтара турган эки — ак статья, үч пункттан турган. Биздин Манасыбыз, Кураныбыз ! Алар:

Биринчи: 1 ст.3п. «Народ Кыргызстана является носителем суверенитета и единственным источником государственной власти КР”.

Экинчи: 4 ст.2 п. “В КР земля, ее недра, воды , воздушное пространство, леса, растительный и животный мир, все природные богатства являются собственностью государства”. 4ст 3 п. 2 «В случаях и размерах установленных КР, земельные участки могут передаваться в пользование гражданам и их объединениям. Не допускается купля — продажа земли».

Аталган эки статья бирине бири ийин тиреп ичкертен колдошуп турат, бирок мунун ичинен дагы чындап үңүлө карай келгенде Мамлекетти, эгемендикти, бүткүл Конституцияны солк эттирбей коргоп кармап турганы соңкусу — Жер статьясы. Эгер Жер жеке менчикке чыкса анда 1ст. 3 п. тек карандай жалпы декларацияга, ал эми «эл», «эгемендик», «мамлекеттик бийлик» деген калдайган түшүнүктөр кагаз арстанга айланат. Күчү жоголот. Реалдуу күч анын каршысындагы бардык укугу ар бир статьяда мыктай кагылып конкрет бекемделген АДАМ-ЕВРЕЙХРИСТКЕ өтөт, бөлчөктөлүп бөлүнгөн жеке менчик жер аркылуу. «Мага оймоктой тешик бергиле ойронун өзүм чыгарам» деген агылчын хулигандын айтканы бекер эмес. Жерди жеке менчикке чыгартыш үчүн сырткы күчтөр Конституция талкууга салынган биринчи күндөн баштап, кийин Конституция бекиген соң да ар кыл айла амал менен тынымсыз, тынымсыз бир тынымсыз тымызын канчалык жанталашып келаткан себебин эми билдиңизби?

Арийне, биздин айрым укук булагын улут философиясынан көрө албаган тайыз укук таануучулар, делбетап батышчыл демократтар «жер чет мамлекеттиктерге эч качан сатылбайт!» деп атайын каз-катар закондорду чыгарып салсак болот» деп эрдемсишет. Эсеби, бир кездеги министр Талгарбеков ушинтип таң калтырган: «Жер тууралуу ар бир сүйлөмдүн түбүнө чет элдиктерге сатылбайт» деп шыкыратып мина шыкап салбайбызбы» куудул купшуңдаган. Болбойт! Сала албайсың! Ыйласаң да, туйласаң да. Биз мында көнүмүш «мамлекетчил» советтик психологиядан чыгып атабыз, «укук башаты мамлекет, мамлекет баарынан бийик — ыйык» деген позициядан ойлонуп атабыз. Ал эми «укукчул мамлекет», «гражданчыл коомдо» андай болбойт, мында бир гана «Адам» бийик. Демек, жер жеке менчикке чыкса анда эми башка психологияда ойлонууга туура келет, «адам мамлекеттен бийик-ыйык» деген режимге түшүүгө туура келет. «Эл аралык жалпы (публичное) укук» менен гана эмес «Эл аралык жеке укук» менен ишибиз чыгат. Бияк өзүнчө бир чытырман жыш, аярлабасаң жутуп тынаар…

Дегеле байыркы Рим заманынан бери «Укук» илиминин башын мүлжүгөн Батыш, артыкча кечээги «АДАМ УКУГУ» араанын ачкан кезеңден бери укуктун не бир айла-амал түрлөрүн иштеп чыгып койгон. Бирине илинбесең экинчиси чалат, аа чалынбасаң үчүнчүсү даяр, баардык механизми так иштелип койгон. Адисти угалы. М.М.Богуславский минтет: «Отношения между государствами — сфера международного публичного права, в то время как отношения между юридическими лицами и гражданами государств-сфера международного частного права… Основными субъектами международного публичного права являются государства. В международном же частном праве основным субъектом является не государство, хотя государство и может выступать в этом качестве, а отдельные лица — физические и юридическиеБывают случаи, когда и государство как таковое становится субъектом соответсвующих отношений (т.е. международного частного права. Ч.Ө). 5 Ошентип бир мамлекет экинчи мамлекеттеги өзү көз каранды юридикалык тарап же жеке адам менен келишимге чыкканда анын деңгээлине түшүп келет. Экөөнүн укугу горизонталдашат, б.а. бап барабарлашат. Муну экинчи бир адис В.О. Мишунский жогоркудан да так айтат : «Государство в сфере частного права действует как «частное лицо».6

Дагы, «Эл аралык жеке укуктун» илмекайып мындай касиети бар: «Международное частное право тесно связано с международным публичным правом. Международное частное право, согласно господствующей концепции (б.а. Адам мамлекеттен бийик-Ч.Ө) это составная часть внутренней правовой системы каждого государства»5. Бул идеяны биз Конституциялык деңгээлде моминтип мыйзамдаштырганбыз: «Ратифицированные КР межгосударственные договоры и иные формы международного право являются составной и непосредственно действующей частью законодательства КР (12 ст.).

Демек МВФ, МБ өңдүү жана башка финансы уюмдары, юридикалык тараптар менен келишимге чыккан Кыргыз Республикасы Мамлекет катары эмес Талгарбеков, Чыңгышев, Сааданбеков, Сарыгулов д.у.с. жеке адам же алар баштаган фирма катары гана чыгат. Эми эгер жер жеке менчикке чыгаар болсо, мисалы, Талгарбековдун таш талканы чыгып дароо ошол мүнөтүндө Жери, Мамлекети менен кошо сатыла баштаган болот. Анткени биз мамлекетти эмес, Адамды андан бийик туткан «Укукчул мамлекет, Гражданчыл коом» принцибин таңуулаган күчтүү дүйнөнүн эрежесин кабыл алганбыз, жарыя салганбыз. Эсиңиздеби, баягы А.Акаевдин айтканы: “человек… как субъект первичен, выше государства… Государство вторично… Государство должно признавать их…» б.а. Адамдын жеке менчикке укугун. Эгер Жер жеке менчикке чыгаар болсо бул укук дароо автоматташат!

Конституциядагы 1ст 3 п. , 4 ст. 2 ,3 пункттардын Курандай ыйык кудуретин эми туйдуңузбу. Эгер эми ушундагы Жер статьясы жеке менчикке өзгөрсө анда жана айткандай 1 ст. 3 п. өзүнөн-өзү турган жеринде жокко чыгат, өлөт. Эл суверендүүлүктүн ээси болуудан калат. Жер аягынан тайыйт биротоло. Конституцияда бардык укугу конкреттелген АДАМДЫН реалдуу укугуна орун бошотот. Жердин ЮРИДИКАЛЫК ЭЭСИ алмашаарга кең даңгыраган жол ачылат. ЕВРЕЙХРИСТКЕ өтөт. Бая агылчын хулигандын: «мага оймоктой тешик калтыргыла ойронун өзүм чыгарам» дегени ушунда турмушка ашат. Бул деген Конституциялык жылма төңкөрүш жана эгемендикке жай өлүм, чекит (!) деген сөз, эгер 4-ст. өзгөрөөр болсо. Аал, азырынча туу ураанда салынган: «ата-бабалардын осуяты», «улуттук мамлекет идеясы» менен Конституция ичине реалдуу чыккыс орноп алган Адам «Укукчул мамлекет», «Гражданчыл коом» идеясы тик марашып турушат. Ортодо Жер — тараза.

Жогорто “Мамлекеттик төңкөрүш” болот дедим. «Суверендүүлүктүн ээси Эл» деген түшүнүк кагаз арстанга айланып, реалдуу укук Конституцияда бар укук — эркиндиги бүт конкреттелген сырт Адамга өтөт дедим. Эмесе кай бир «демократ» укук таануучулар мени доого жыкпашы үчүн мындан ары Конституциянын статьяларына конкрет кайрылам. Карапайым дыйкандын — «гражданиндин» өзүнө түшүнүктүү болсун үчүн «АДАМДЫН» ордуна мен эми Марксчыл термин — «еврейхристти» колдономун, бул үчүн жумурткадан кыр издеген сынчылар мага жаңы «антисемит» же «сиончу» жарлыгын тага салбастыр. Биз, байыркы көчмөндөр, миңдеген кылымдык тарыхыбыздан бери бул эки дарттан бийик келгенбиз, таза калганбыз, эми да бийик, тазабыз. Бул үчүн сыймыктанабыз. Эгер аталган термин менен эми ишибиз чыгып атса, ал — Конституция-Жүрөгүбүздү мыжыккандан чыккан кан… Эмесе «адам укугу» бөлүмүнүн эң аягына жашынып туруп алган тагдыр чечээр статьяны алдыңкы планга алып чыгып ушул учукта калганын жандыралы.

19 ст.1 п. КР де жеке менчик (демек Жерге да) адамдын (еврейхристтин) ажырагыс укугу катары таанылат жана гарантияланат.

19 ст.2 п. Жеке менчик (демек еврейхристтин Жерге жеке менчиги) кол тийгис. Эч ким (еврейхрист) себепсиз ыктыярсыз өз менчигинен (Жерден) ажыратылбайт. Сот чечими менен гана алынып салынышы мүмкүн (ээсинен жеке менчикти ажыратаар эч бир себеп да болбойт. Ал кол тийгис ыйык. Демек биринчи сүйлөмдөн башканын баары жазгырык).

19 ст.3п. КР де мурастоо укугу (еврейхристтин жерди өз тукумуна мурастоо укугу) мыйзам аркылуу («Эл аралык жеке укук» ) корголот жана сакталат.

15 ст.1 п. Достоинство человека (еврейхриста) в КР абсолютно и неприкосновенно.

15 ст. 2п. Ар бир адамдын (еврейхристтин) негизги укугу (жеке менчикке, анын ичинде жерге) жана эркиндиги өзү төрөлгөндө эле кошо жаралат, алар түбөлүк ыйык, ажыраткыс, мыйзам жана сот аркылуу корголот… (мунун ичинде «Эл аралык жеке укук мыйзамында, сотто»).

15 ст. 4п. КР де адам (еврейхрист) укугу менен эркиндиги дайыма жүзөгө ашып турат (Жерге жеке менчикке укугу да, КР ратификациялаган), мыйзамдардын маанисин, маңызын жана колдонулушун аныктаган да так ушул…

16 ст.1п. КР де адамдын (еврейхристтин) негизги укуктары (баягы Жерге жеке менчикке) жана эркиндиктери таанылат жана гарантияланат, адамдын (еврейхрист) укугу боюнча жалпы принциптерге, эл аралык укук нормаларга (демек “эл аралык жеке укукка”) ылайык…

16.ст 2 п. КР де ар бир адам (еврейхрист) … менчик күтүүгө (демек жерге да) ага ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана өз калоосу менен жумшоого (б.а. алып, сатууга) укуктуу.

17 ст. 1п. КР де адамдын (еврейхрист) укугу ( демек жерге да ) менен эркиндигин жокко чыгаруучу же алардын маанисин кемсинтүүчү мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес.

Ушундай. Мунун баары бир гана «адам укугу» бөлүмүндөгүлөр. Конституциянын дагы башка жерлеринен ууру жыртыктар дагы да табыла берет . Айталы, «граждандар» бөлүмүндөгү 14 ст. Мында чет элдиктерге жана граждандыгы жок адамдарга мыйзам келишимдерге ылайык биздин граждандар пайдаланаар укук, эркиндиктер берилген, арийне, милдеттери да жүктөлгөн. Бирок «милдет» гражданда кала берет, укук адамга өтөт.

Эстүү окурманда эми суроо туулат. Туулбай койбойт: «бу деги кимдин Конституциясы, кимге арнап жазып алганбыз?» Өзүбүз эле кабыл алганбыз, өзүбүзгө эле арнап жазганбыз. Баары көз алдыбызда өттү. Бирок ушерде көңүл бураар бир өтө орчун жагдай бар. Ал философиялык, психологиялык фактор жана андан берки мезгил аралыгы. Конституцияны кабыл алып жатканда депутаттар да, бияктагы биз да жеке менчик деген түшүнүккө ал кезде «Жер» эмес «мүлк» (имущество) деген гана маани мазмун батырып маңыздаганбыз. «Адам укугу» статьяларына чейин (катар №15) адегенде «Жер» статьясын (катар №4) караганбыз аны жападан жалгыз «Мамлекетте» деп гана маңыздаганбыз. Ал «сатылбайт жана сатылып алынбайт» деп туптунук акылда туруп бадырайтып жазганбыз. Демек Жер статьясын талкуулагандан соңку «адам укугу» бөлүмүндөгү адамга жеке менчикке берилген укук ал бир гана, кайталайм, жападан жалгыз гана, (исключительно) «мүлк» деген түшүнүккө гана жайылтылат, эч качан «Жерге» эмес! Мунун айкын күбөсү «адамга» жеке менчикке укук берген дал 19-статьянын өзү.

Анда минтип кашкайып жазылып турат. 19 ст. 2 п. «Менчик — кол тийгис. Өз менчигинен себепсиз эч ким ажыратылууга тийиш эмес. Менчик ээсинин ыктыярысыз аны МҮЛКҮНӨН ажыратууга соттун чечими боюнча гана жол берилет». Дагы: «Жер» статьясына, эгерде ал бериле турган болсо, ошондо да: «Граждандардын жана алардын бирикмелерине гана берилиши мүмкүн» деп анык, таасын, так жазылганын айтканбыз. (4 ст. 3п).

Мына ушул психологиялык, философиялык, укуктук факторлордун баарын эсепке албай туруп, Конституциянын бардык статьяларын кайрадан комплекстүү бир тутумда карабай туруп (анткени «Жер» тууралуу статьянын оңдолушу бүткүл Конституцияны кандай нукка өзгөртүп салаарын, андагы статьялар аабалкы маанисинен кандайча таптакыр башка, карама-каршы мааниге ээ болоорун, демек Конституциялык жылма ички төңкөрүш жүрүп өтөөрүн көрдүк) бир-ак статьянын контексттен бөлүнүп талкууга салынышы Конституциянын концепциясына кайчы көрүнүш жана ал УКУКТУК жагынан алганда мыйзамсыз. Демек мыйзам долбоорун референдумга алып чыгуунун өзү да мыйзамсыз. Конституциялык Сот бу тууралуу өз оюн айтууга тийиш.

Эстүү окурман эми да байкабай койбойт, Конституция долбоорунун да тээ түбүндө эле эмне үчүн ушундай структура, композицияда даярдалганын, мисалы «адам жана гражданин» бөлүмдөрү Президент ЖК, Өкмөт, Сот, ж.б. бөлүмдөрдөн мурда жайгашканын, адамдын укугу жеке менчикке эмне үчүн мынчалык универсалдашканын жана ар жерге чебер чачылып катылганын, ж.б. Мунун баарынан баягы кеңешчи акылдуу, айыпсыз кыйтыр еврейлердин сыртка быгышкан былгы почерки таанылат. Кайриет, Элдин касиети, мамлекетчил депутаттардын акылы бу куулуктан бийик турган экен ошондо. «Жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулук принциптерге» кайчы келбеген демократиялуу Конституция кабыл алыптырбыз. Ал азыркы турушунда Эл аралык укук нормаларына жана эң башкысы БУУ тарабынан кабыл алынган эл аралык башкы документ «Адам укугунун жалпы декларациясына» ( 1948) толук дал үндөшөт. Ал эми адамдын жеке менчикке укугуна келээр болсок :

1. “Каждый человек имеет право владеть имуществом как единолично, так и совместно с другими”.

2. Никто не должен быть произвольно лишен своего имущества (Декл. 17 ст) деп гана таамай айкын жазылган. Ал эми Жер буюм-мүлк эмес. Демек бизде жерди жеке менчикке чыгартууга тымызын кысым кылгандар же «акылдуу, кыйтырлар» адамдарды ынтымак ырашкерде түшүнүшүп жашоого үндөгөн Декларациянын башкы идеясынын өзүнө чыккынчылык кылгандар. «Адам укугунун» маңызынын согуштан соңку бир тепкич өскөн, жаңырган философиясын кериге тарткан кедерлүү еврейхристтер. Бирөөнүн жерин «мыйзамдаштырып» ээлегиси келгендер. «Адам жана гражданин укугунун биринчи декларациясы» (Франция 1789-ж) андай сырткы кернээтке ачык тыюу салган: «Целью всякой политической ассоциации является сохранение естественных и неотьемлемых прав человека; этими правами являются свобода, собственность, безопасность и сопротивление угнетению». «Свобода состоит в возможности делать все, что не вредит другим…»

Эми жерди жеке менчиктөө маселесине келсек ага ар бир эл экономикалык гана эмес ириде философиялык, психологиялык, нравалык принциптеринен чыгып мамиле этилген. Мисалы, Бүткүл Ислам дүйнөсүндө Жер Кудайдын жаратман касиетинин ыйык натыйжасы (м; менчиги), ал адам тарабынан сатылбайт, сатылып алынбайт, шарият тыюу салган. Кытай, Вьетнамда жер социалисттик менчикте туруп эле рынок мыйзамдарына жуурулуш иштеп, дүркүрөп тез өнүгүп баратышат. Жердин сатыкка чыгышы элдин пейил куюн, табиятын, жашоо философиясын, психологиясын таптакыр өзгөртөт, улут жок болот деп руханий аспекттен мамиле этишет алар. Японияда жерге жеке менчик АКШнын күчтүү кысымы алдында кирген. Түркияда жер адеп жеке менчикке чыкканда андан ириде психология, менталитети ага даяр, жетик армян, грек улуттары кыргыйдай ыкчыл пайдаланган.

Ал эми али руху жоокер, көчмөн психологиядагы биздей басым түрк көпчүлүк тагдыр чечээр утулушта калган. Яшар Кемалдын «Миң букалар афсаанасы» деген романы дал ушул ыза, ый тууралуу. Эми эң акырында рынок мамилелеринин түпкү атасы саналган еврейлердин өзүнө келсек, кечээ 1948-ж. алар Израиль мамлекетин түзүшкөндө жерге жеке менчикти токтотуп салышкан. Азыр Израилде жердин 96 пайызы мамлекет менчигинде, кибуцилер (бизче колхоздор) жемиштүү иштейт. Жерге жеке менчик байыртан орногон Европа тарыхы, менталитети башка маселе. Аны кийин Конституциялык нормага салышканда да көп Батыш мамлекеттеринде жерди сыртка чыгарып кетээр мүмкүндүктөр жокко чыгарылган. «Жер-өзгөчө менчик” (исключительный) катары маңыздалаган, имущество ж.б. чеги так ажыратылган.

Эми кыргыз психология-философиясына келсек, Жер — Ата Журт. Мамлекет негизи. Жер байыркы баба хунн каганы Модэ айткандай: «Жер деген мамлекеттин байтүбү болот, байтүбүнө балта чапкан кайдан оңот. Башын!” деген ыйык чындык.

Кырдагы өскөн кырк кайыңдын ичинде,
Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган.
Аты чыккан кырк өрөөндүн ичинде,
Өрөөн барбы кыргыз сөөгү жатпаган.

Эмесе, Арбакты тепсешке болобу, Кыргыз!
Энеңди сатышка болобу, Эл — Журт!
Адам өз колу менен жасап, өз башы ойлоп таап алган нерсенин баарын сатса болот. Акыры Жерди сатууга болобу? Ал — Асмандын Теңи, Жубу. Теңириңди сата аласыңбы, Кыргыз!

Жерди жеке менчикке чыгармайынча толук кандуу рынок мамилелери түзүлбөйт деген сөз-миф! Бир катар өлкөлөрдө Жер мамлекетте туруп эле толук кандуу рынок системасында иришип иштеп жатканын айттык. “Жер жеке менчикте болбогон үчүн реформа тыгылып баштады” деген сөз да калп! Эгемендиктин биринчи эле күнүндө али өндүрүш жана айыл чарба күчүндө кезде, ошондо эле жерге жеке менчикти киргизүү аракети күчтүү жүргөн. Көрсө, маселе башкада экен, сырткы күчтө, жерди ээлеште, марионетчил режим түзүштө экен. Геосаясатта экен… Ал Конституцияга кирбей калгандан кийин окуя кандайча өнүгүп жүрүп олтурду?!

Ич — сырт эксперттердин катышуусу менен билги иштелген «КРдин социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясына» (1993 ж) кирди.

Жер 49 жылга пайдаланууга берилди, анан аны «пайдалануу укугун сатуу» маселеси чыкты.

49 жыл аздык кылды, ал 99 жылга узартылды. Ким 99 жыл жакшы өздөштүрүп иштесе, ага дагы 2-жолу 99 жылга узартып алууга артыкчылыктуу укук калтырылды. «Пайдалануу укугун» сатууга Президенттин указы чыкты.

Дагы ортодо: «Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга» башкы көңүл бурулуп, дүпүлдөп мында бир чогулуштар өттү. «Жоболор» чыкты. Анда кеңештерге, мамадминистрацияга салыштырмалуу, артыкчылыктуу укуктар берилип кетти. Мунун философиясы да митаам жөнөкөй эле. Конституцияда «Мамлекеттик бийлик жана жергилик өзүн-өзү башкаруу бири-биринен «ажыратылып» калган (Конст. 7ст.). Жер эми ошо жоболор боюнча мамлекет бийлигинен чыгып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун экономикалык негизи катары анын карамагына өтүп жаткан. Жерди мамлекет бийлигинен ажыратып кетүүнүн мындай да аракети көрүлдү. Мамлекеттен Адам, Гражданин бийик саналган философия режиминде, Гражданчыл коомдо мунун да арты опуртал эле («Каждый человек имеет право на гражданство» Декл. 15 ст. 1п. “Иностранцы и лица без гражданства пользуются в КР правами и свободами граждан…” КР Конст. 14. 2.).

Эми байкадыңызбы, «один хороший, умный, и хитрый еврей» кеңешчинин Конституцияга каткан миналарынын кандай универсал жана туруктуу жай иштээрин жана ага кылычтай тик турган төртүнчү статьянын күчүн! Мамлекет негизин кармап турган, сактап турган, Көздүн Карегиндей! Ушул статья эми өзгөртүлмөкчү. Баса кандай? окуп көрөлү.

4ст.1п «КР менчиктин ар кандай түрлөрү болушуна жана алардын бирдей негизде укуктук жактан корголушуна кепил болот».

Жок, жерге укук сырт Адамга кошо чыгып кеткен КР кагазда эгемен, бирок реалдуу турмушта марионет абалга келет. «Бирдей негизде укуктук жактан» мамлекет кызыкчылыгын коргой албайт. Анткени «эл аралык жеке укуктун» нормалары ички мыйзамыбызга анын составдык бөлүмү катары ургаал кирет. Ошол иштейт.

4.2. «КРде Жер, анын кен байлыктары, суулары ж.б. ресурстары Кыргызстандын элинин (“Мамлекет” кайда? Ч.Ө.) жашоо тиричилигинин негизи катары пайдаланылат жана корголот».

Жок. Жер жеке менчикке (м: сыртка) бир чыгып кеткен соң, аны «Кыргызстан элинин жашоо тиричилигинин негизи катары пайдалануу жана коргоо» мүмкүн эмес. Анткени жеке менчик ээси өзү каалагандай «ээликтейт, пайдаланат, өкүм чыгарат». Өрттөп ийсе да өз эрки. Бул жеке менчиктин эч ким кийлигишкис, кол тийгис ыйык табияты.

4.2. «Жер жана жаратылыш ресурстары менчиктин жеке, мамлекеттик, коммуналдык ж.б. түрүндө болушу мүмкүн».

Дыйканчылыкка жарактуу жердин баары бөлүнүп бүткөн. Мамлекетте ансыз да калбады ал. Бөлүнгөн үлүш дароо бүт жеке менчикке өтөт. Бекер. Адегенде өзүбүздөгү күркүлдөргө топтолот жер, ирилешет. Анан ыңгай сааты чыкканда ипотека банктары аркылуу сырткы АДАМГА күрр жутулат.

4.2. «Жерге» жана жаратылыш ресурстарына менчик укугу граждандар, юридикалык жактар жана мамлекет тарабынан мыйзамга так ылайык сатылып алынат».

«Граждандар, юридикалык жактар» дегенге биз эле кирбейбиз. Жогорто белгиленген «Адам укугунун жалпы декларациясынын» 15 ст.1п. ылайык, КР Конституциясынын 14 ст.2 п. ылайык, эл аралык укук, мыйзамдарга, келишимдерге ылайык сырткы Адам, граждан укугунан толук пайдалана алат, юридикалык тараптарга да сатыкка жол ачык. Дагы: «… мыйзамга так ылайык сатылып алынат». Кайсы мыйзамга? Албетте, КР мыйзамдарына дейсиз. Ал эми «Эл аралык жеке укуктун» укугу эсиңиздеби: «Международное частное право … это составная часть внутренней правовой системы каждого государства». Бул идеяны биз Конституциялык деңгээлде мобинтип мыйзамдаштырганбыз: «Ратифицированные КР межгосударственные договоры и иные формы международного права являются составной и непосредственно действующей частью законодательства КР» (12 ст.) Анан да эсти алдап, көздү жазгырып «мамлекет тарабынан» деп ар жерине жазып койгонубуз менен Мамлекет бар туруп жок болору, жеке адамдын же юридикалык тараптын деңгээлине желип түшүп мамиле этээри, укук бирдейленип горизонталдашаары бая айтылды. Бул деген миллион жолу КР мыйзамдарын чыгара бер (м: жерге байланыштуу), ал түккө турбайт, аны жеке менчикке ээ болгон АДАМ уруп койбой өз мыйзамы менен иштей берет деген кеп. Анткени сиз Конституциялык деңгээлде дагы момундай кепилдик бергенсиз: «В КР не должны издаваться законы отменяющие или умаляющие права и свободы человека» (17 ст) Эгерде эми жер жеке менчикке чыгаар болсо анда бүткүл Конституцияны кармап турган ушул Манас, Курандай ыйык үч пункттун (1 ст. 3 п., 4ст 2, 3пп.) туусу тургус жыгылаарын, эгемендик ЕВРЕЙХРИСТТИН бутуна курман чалынаарын туйдуңузбу. 4-статьяга сунушталган бул түзөтүүлөр Конституциялык жылма төңкөрүшкө, демек мамлекеттик төңкөрүшкө жол.

 

III

Төртүнчү статьянын өзгөрүшү дагы эмне үчүн мындай төңкөрүшкө жол? Ал Конституциянын кабыл алынышынын өзүнүн башкы идеясына, атаганда: “Биз Кыргызстандын эли кыргыздардын улуттук жаңырышын…. ата-бабалардын осуятын аткарып… улуттук мамлекет идеясын жактаганыбызды ырастап…” деген туу түбү ураанына кайчы. Бул статьянын өзгөрүшү азыркы мүлдө эгемендикти гана кармап турбастан, келечекте чыныгы улуттук ыңгайдагы улуттук нукура укукчул мамлекетти курууга болгон мүмкүнчүлүктү кошо жокко чыгарат. Ушуга токтололу эми.

Биринчи бөлүмдө :Батыш мазмуундагы «укукчул мамлекет», «гражданчыл коом» идеясынын өзөгүндө Адам укугу биринчи тураарын көрдүк. Анда укуктун ээси (источник права) адам саналып, мамлекет экинчи орунда калды. Ошол адам жеке менчикке акылуу чыкты. Анын ичинде жерге. Ошентип өз мамлекетинин эле ичиндеги эмес, Дүйнөнүн баардык жериндеги, баардык мамлекетттериндеги жерлерге да теориялык жактан жол чаап, философиясын бышырып алган АДАМ анан ал жерлерди өзүнүн торуна чалыш үчүн «Эл аралык жеке укуктун» кандай айла амалдуу практикалык жолдорун иштеп чыгып алганын көрдүк. «Демократия» ураанын жамынып, башкага эмнеге эле мынча үзүлүп түшүп таңууланган Батыш мазмуундагы «укукчул мамлекеттин», «гражданчыл коомдун» экинчи бети (башкы, ички жүзү) ушундай болуп чыкты (Конституциябыздын өзөгүнө да мүлдө кирген). Бая Азия мамлекеттеринин: “Адам укугунун жалпы декларациясы биздин катышуубузсуз кабыл алынган, ал бизди алымсындырбайт, андыктан ал кайра каралышы керек” десе АКШ баштаган негизги Европа мамлекеттеринин аны чет кагып жаткан себеби да ошол.

Эми ошенткен Азия мамлекеттеринин өзүнө келсек, Чыгыш деген чоң түшүнүк, алар да бир кыл эмеси белгилүү. Ислам, бутпарас, куңфучул аталган зор дүйнөлөр бар. Алардын мамлекеттүлүк идеясы да өз өз философияларынан агылып чыгып айырмалуу мүнөзгө ээ. Бирок жалпылай алганда баарында Батыштагы эго, индивидуализм, керекчил философиясы эмес, мамлекетти, коомду ыйык туткан, керек болсо бийик караган (б.а. мамлекет, коом укугу адамдан бийик) жамааатчыл психология, ар ким рыноктон өз ордун тапкан табигый коллективизм, тарыхын, динин, зилин (менталитет) даңазалаган руханий башталыш башкы орунда турат. Жеке менчикке ээ бир адамдын жеке укугу экинчи адамдын жеке укугун тебелеп тепсеп кемсинтпейт, бийик моралдын, айталы, шарияттын, куңфучулуктун (куңфучулук Кытай чегинен чыгып кеткен кубулуш), синтоизмдин : «өзүңө каалабаганды башкага каалаба» принцибин тутунуп, жекеликти жерибеген жалпынын маакул мамилесин жарыя салат. Согуштан соңку Японияны көтөргөн ошол. Азиянын жаш арстандарын аркыратып алып чыккан да ошол. Кылым Кытайды айтпаганда, өзүлөрүн Асман алдындагы Ордо атаган. Бир сөз менен айтканда улут намысында түйүлгөн мамлекетчил рухту Азия биринчи тутат. Конституцияларынын башкы өзөгүнө да ошол чөккөн. Башканы койгондо согуштан соң Асманы кулап, Күнү өчкөндөй каралуу капитуляцияланган Японияга жеңиштүү зыңгыр Макартур үч жумалык мөөнөт берип, Жорж Вашингтондун туулган күнүнө карата күчтөп кабыл алдырган Конституциясында да алар Адамга Элдин укугун тебелеткен эмес. Жеңилген, ызалуу, зарлуу жапандар… Караңыз бүтүндөй глава «Элдин укугу жана милдеттери» деп аталат. Ичиндеги Эл — Адамдын катышы мындай :

«Народ беcпрепятственно пользуется всеми основными правами человека. И эти основные права человека, гарантируемые народу настоящей Конституцией, предоставляются нынешнему и будущим поколениям в качестве нерушимых вечных прав. (гл. 3. ст.10); «все люди должны уважаться как личности…» (ст. 13) «все люди равны перед законом…» (ст.14); «право собственности определяется законом, с тем чтобы оно не противоречило общественному благу, частная собственность может быть использована в общественных интересах за справедливую компенсацию» 7 (ст.29).

Эл-Мамлекет биримдиги деген ушул. Же Гегелдин сөзү менен айтканда: «Масса людей может называть себя государством лишь в том случае, если она объединена для совместной защиты всей совокупности своей собственности». Мунун натыйжасын Дүйнө чейрек кылым өтүп-өтпөй кыйраган өлкө кайрадан серпилип-эргип, жылдызын жагып дүйнөлүк державага айланганда көрөт.

Эми КР Конституциясына келсек ага «Адам укугу» канчалык майкан киргенин көрдүк. Ал дайыма аракетте, кабыл алынаар кандай мыйзам болбосун маңызын ошол аныктайт, жеке менчикке акылуу, ал болсо ыйык, кол тийгис, түбөлүк мурасталууга ээ… Адам укугун чектеп же алып салууга КР укугу жок, д.у.с. Ушинтип баардык жагынан ороп — курчап Конституциянын толто ортосуна толо олтуруп алса, ошонун баарына бир гана 4 статьянын зыңгырап тараза туруп алганын карабайсыңбы. Бир-ак статьянын! Эки пункттун! Анын ичинде жалгыз сөздүн: «Жер сатылбайт!» Кыйтырлар мына ушуну текстке кирип калат деп күткөн эмес эле. Көрсө, ушул бир гана маани Конституциянын «укукчул» делген маңызын биз мурда көнгөн, билген, түшүнгөн батышчыл мазмуундан башка, андан алда канча терең жана кең бийикке калкытып алып кетипир. Эми абай караңыз, жай багыңыз: Долбоор текстине, Президент докладына, андан бери кабыл алынган мыйзамдардын өзөгүнө, чоң-кичине бүт баарын ургаал приватташтырганыбызга карабай мына ушунун баарын тең биз Адам укугуна негизделген укукчул мамлекет, гражданчыл коом куруп баратабыз деп түшүнүп алганыбызга карабай — реалдуу ФАКТ башка экен! Биз мына ушул фактынын өзүн ачык таанып, таасын түшүнүп, ала куштай атынан аташыбыз керек, аны менен эсептешишибиз керек. Жок, эгер эсептешпесек анда ал фактыны да Конституциядан реалдуу жоготушубуз керек. Бул эмне факт. Чечмелейли.

БИРИНЧИДЕН: Конституциянын өзөгүндө биз алиге өзүбүз натуура түшүнүп келгендей, сайрап айтып турганыбыздай «укукчул мамлекет», «гражданчыл коом» идеясы жаткан жери жок. Анткени, «укукчул мамлекет», «граждандык коомдо» укуктун ээси, булагы — Адам болот. Бизде андай эмес Конституцияда апачык, таптак жазылып тургандай: «Кыргыз Республикасынын Эли — эркттүүлүктүн ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы». (1 ст. 3 п.). Б.а. укуктун ээси Эл — Мамлекет, Адам эмес. Бирок бул Батыш түшүнгөн да мамлекетчил мазмуун эмес, башка. Эки четти, карама-каршы чекти бийик туткан Батыш, ырас, укуктун булагы Адам эмес Мамлекет болсо эле, анда аны дароо авторитаризм, тоталитаризм дей салат. Анткени Батыш тарыхы өзү Адам — Мамлекет бир гармонияга келген фактыны, философияны айкын билбейт.

Эсеби, Гегель Мамлекетти Граждандык коомдон бийик санайт. Ал : «Мамлекетти өзүн өзү таанып бараткан абсолюттук духтун бийиктелген жогорку тепкичи” деп билет.

Мамлекетти мажбурлоо машинасы, зордук-зомбулук аппараты деп билген Маркс, тескерисинче, Гегелден ылдый түшүп келип маселенин баары граждандык коомдо жатат, аны мамлекеттен куткарып азаттыка алып чыгыш керек дейт. Логикалык басымды граждандык коомго коет. Коммунизмде мамлекет болбойт, жоголот дегени ошол анын.

Өткөн кылымда Батыштын «Конституциялык мамлекет» деп атап алган түзүлүшүндө (же республикада) коом, мамлекет арасы расмий ажырап Адам өзүнө Мамлекет кире алгыс бирдаар укук-чеп (чээн) куруп алганын билдик.

Ал эми соңку Батыштын Адамды дагы башкы планга алып чыгып ага канчалык татына «укукчул мамлекет», «гражданчыл коом» деп демократиялуу көшөгө тартпасын ал өзүнүн экинчи башкы мазмуунунда башка мамлекеттердин, граждандардын башына чыгып, чычып, чыныгы укугун басмырлап чыгаарын көрдүк. Демек баардыгында тең Адам-Мамлекет гармониясы бузулган.

Мына ушул башкада бузулган гармония көчмөн коом — мамлекеттин философиялык данегин түзөт. Муну биз «Теңирчиликтин» экинчи китебинде кең-кесири айтканбыз. Анткени мында коом, мамлекет Батыштагыдай ажырым калбай, чулу турат. Тутум бүткөн, бөлүнбөйт! Улуттук укукчул мамлекетти ушундан улам «Төп Мамлекет, Төгөрөк Коом» (Төп Төгөрөк), б.а. ТЕҢчил коом — мамлекет десе жарашат дегенбиз (макул болбогондор башка терминде атасын, маңызы өзгөрбөйт. Бу куу Дүйнөңдө муну аташка башка термин жок болсо эмне кылайын). Батыш мазмуундуу укукчул мамлекет эмес, улуттук мазмуундагы нукура укукчул демократиялуу мамлекеттин уңгу-нугу ушунда жатат дегенбиз. Акыйкатта да, анык мазмунунда, демократия дегенибиз элдин бийлиги эмес топураган, элдин философиясынын бийлиги — аны кылымдар бою тарыхтын караң замандарынан аман алып чыккан шам жанып, акылдын табы!

Чыныгы демократия өзүнүн ички мазмуунунан азыктанат. Чыныгы укук улуттук философия, моралдын ички маңызынан агылат. Арийне, адамзаттын кундуу дөөлөтттөрү менен байыйт. Бирок башканы маңыроо ээрчиген мал маңыз эмес ал, демократия. Кайриет, азыркы Конституциябызда кантсе да мына ушул өзөк жатат. Батыш мазмуундуу Адам укукчул мамлекет, гражданчыл коом маңызды канчалык илмекайып ичке кийирип реалдуу турмушта баарын мамлекетсиздендирип, бытыратып, жекелетип баратканыбыз менен (эми Жерге жетип) теорияда, Конституцияда чулу ТЕҢчил коом-мамлекет идеясы тунуп турат. Жалпы Мамлекеттин алкагында алып караганда чыны менен «кыргыз демократиясы» деп айтаарлык кыргыз мамлекетттүлүгүнүн негизи түзүлүп олтурат. Бая айткан ФАКТ ушул! Б.а. “Конституцияны ким, кандай окуйт” деген ойдун өзөгү ушул жерден жана чечилет.” …улуттук мамлекеттүүлүк идеясын жактап …демократиялуу граждандык коом экендигибизди бекемдөөнү каалап…” деген саптардын улуттук мааниси ачылат. Муну биз эмнеге негизденип айтып атабыз.

Бул идея — КР эли эрктүүлүктүн ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы деп биринчи статьяда бир негизделген.

«Муниципий» идеяга такап мурда жергилик өзүн башкарууну мамлекеттик бийликтен кыйтыр «ажыратып» кетишкен Конституциялык факт (7ст. 1п.) өткөн референдумда калк философиясына ылайык кайра оңдолуп түзөтүлгөндө «бөлүнүп» калган арасы эми “чектелет” деп ширетилип мында эки чулу тартты коом-мамлекет.

Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайында мамлекет-коом идеясы бирбирине ырааттуу чырмалып айтөгөрөктөлгөндө жана үчүнчү ирээт чулу ийге келди.

Мунун баары — факт ! Ошентип Конституциябызда Эл-Жер-Мамлекет принциби бир, чулу, ажырагыс бүткөн. Демек Мамлекетти Жер негизинен (б.а. менчигинен) ажыратуу дегеле мүмкүн эмес. Ал үчүн оболу Конституциядагы: “Эгемендиктин ээси – Эл” экендигин бекемдеген 1ст.3 п. алып салыш керек. Жогорку фактылардын баарын кошо жокко чыгарыш керек. Дагы, улуттун Жерди Ата-Журт туткан философиясын өлтүрүш керек ! Мына ушунун баарынан кийин гана 4-статьяны Дүйнөлүк Базарга жетелеп алып чыксаң болот.

ЭКИНЧИДЕН: Бул ТЕҢчил коом-мамлекет, — Адамды Мамлекеттин башына алып чыгып аны горизонтал даңазалаган Батыш мазмуундуу укукчул мамлекет да эмес же Мамлекет бийиктигин бир тарап көкөлөтүп Адамды аа чөгөлөткөн вертикал абсолютизм, авторитаризм, тоталитаризм да эмес, баарынан айырмалуу жаңы кубулуш. Адам, Коом, Мамлекет, Жер — бир айтөгөрөктөлгөн. Бу ТЕҢчил Мамлекет эң башкы маңызында, бир жагы — Кыргыз элинин кылымдап түзүлгөн философиясынын өзөгүнө дал; экинчи жагы — азыркы дүйнө талабына шай. Т.а. Мамлекет мында Кишини – ооба, ооба мен эми муну байыркы түрк жазуусундагы аталышты жаңыртып кайырып термин маанисинде колдонуп гана айта аламын, – Кишини (Адам, Гражданинди) өзүнүн алкагында түгөл сыйгызып, кармап турат. Кишиге Мамлекет ичинде баардык укук берилген — экономикалык, маданий, руханий, диний ж.б., ал мүмкүн болушунча конкреттелген.

Аны колдоого да, коргоого да Мамлекет өзү кепил болгон. Мамлекет ошондой эле өзүнөн сырткы дүйнөнүн нагыз демократиялуу мыйзамдарына да каныккан, аны тааныган. Кишиге, аны менен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына айкаш эмгектенүүгө баардык шарт түзүлгөн. Ошентип КИШИ — МАМЛЕКЕТТИН ортосунда гармония түзүлгөн. Адам, Гражданинди Ичке, Сыртка төгөрөк имерип өзү ТЕҢ ортого (Ордого) айланган. Укук ээси — экөөнө Теңчил, бийик МАМЛЕКЕТ. Эрктүүлүктүн ээси — ЭЛ. Кайталайм, бул өзүнүн эң башкы маңызында ичин да сактап, сыртка да адил ачылган элдик философиянын табиятына дал! Ошондой эле адамзаттын митекарын духту айыптаган нагыз ыймандуу дөөлөттөрүнө төп.

Ошентип мамлекеттүүлүктүн кыргыз модели негизинен түзүлдү десек да болот. Алдыда анын бая баяндалган Сыртка аңырайган ороо-тешиктерин бүтөп чыныгы улуттук укукчул мамлекетти куруу жолунда тереңдээрбиз. АДАМГА жашынып алып башканы жеңээр, басаар батышчыл, эгочул укук мамлекетине эмес, КИШИНИН (Адам, Граждан) кишичилигин даңазалаар. Ичке да, Сыртка да бирдей ТЕҢчил, сыйга КЕҢчил улуттук укукчул мамлекетти кураарбыз. Руханий Конституцияга негизделген. Ал бая айтылган Улуу Азия мүдөөсүнө да жалгаш уланаар. Мына ушунун баары тең Конституциянын жападан жалгыз кареги-данеги, каны-жаны жалгыз гана 4-статьянын сакталышына байланышкан. Ал улуттук укукчул мамлекетти курууга болгон жападан жалгыз мүмкүндүк. Эгерде ал өзгөрүлсө сөзүбүздүн эң башында айтылган миңдеген жылдардын арманынан сызылып чыгып, миңдеген жылдарга үмүтүн учурган калк дилине кайчы үндөмөк. Улутту түбү жок кылып тынаар жолго баштап, мите Эгочул духка жеңилмек.

Ошентип абай баксак, эң башкы удулунда батыш мазмуундагы укукчул мамлекет гражданчыл коом эмес экен биздин Конституцияга түшкөн чындык. Биз канчалык ошондой деп ойлоп, ошого баштап эс алданып, акыл манипуляцияланып турганыбызга карабай Конституциянын тулкусу түбүндө башка күүнү чертип туруптур, башка идеяны сүйлөп туруптур, ТЕҢчил Коом — Мамлекет идеясын — Жерди Мамлекетте гана туткан! Адамга жашынган укукчул мамлекет, гражданчыл коомду эмес, баарын сатып, сатынып болуп, эми акыры Жерди базарга жетелеп кетээр. Дүйнөлүк Базарга! Ууру иттей башын салып алган мындай мазмунду Конституциянын өзү шумкардай сыртка тээп — жерип туруптур, эгерде көзүбүздү бар ачсак! Конституциялык ФАКТ ушундай экен. Муну моюндайбызбы? Кантебиз?..

Жер – Эл-Мамлекеттин негизи, ал кармаар бирден-бир тутка. Ошондо «Эл» өчкөндө ордуна өзү эле шып суурулуп баягы даяр «Адам» чыгат. 4-статьяныны өзгөрүшү түбүндө мамлекеттик төңкөрүшкө гана жол эмес, ал келечекте туу ураанда жазылган, ички текстте удулу турган нукура улуттук укукчул мамлекетти курууга болгон мүмкүнчүлүктү да кошо жокко чыгарат дегенибиздин себеби ушул… Жер — аттай албай турган акыркы чек!

Бул референдумдун дагы бир эң бир опуртал жайы мында. Эгерде ал өткөрүлө турган болсо, анда ал Жер тууралуу эң акыркы референдум болуп калат, калк башына кайгы апкелген. Жерди, кенди бир эле ирээт жеке менчик тырмагына илген спрут күч аны эч качан чыгарбайт, түбөлүккө. Кийинки муундун референдумдары, Конституциялары, мыйзамдары, ый-зарлары, ал тургай согуштары да кайтарып келбейт, анткени «закон-обратную силу не имеет». Анан да аны күч коргойт. Дагы: “АДАМДЫН жеке менчикке укугу КРде абсолют бийик – ыйык”, ушул коргойт, аны алып таштаар мыйзам да жок, буга каршы тураар күч да жок. Кайра баарын дыйканга алып берип казыналаштыраар (национализация) кайран Ленин ата да жок, экинчи туулбайт. Ушундай жан боорум, бурадарым…

Бүгүнкү сөздүн башкы удулу «Адамга» жашынган «укук» жана эгемендиктин эртеңи тууралуу болуп аткан соң экинчи «миң бир түн» жайы кези келгенде айтылаар… Ушинтип бирибиз билимсиздиктен, экинчибиз кошоматчылыктан, үчүнчүбүз намыссыздыктан жабылып, жалдырап карап туруп жалданма жолго баштаарбыз — азат жерибизде, ак калпак элибизде. Биз го биз доңуз коптук, балдарыбыздын тагдырын, кыргыз тукумун кул куяга баштаганыбыз гана муунтат…

Сиз экөөбүз тең мамлекеттин граждандарыбыз. Азат Кыргыз Мамлекетинин азат гражданы! А качан түнкү саат 12де ошол Адамдын укугу Жерге өткөндө, дал ошол учурда азат Кыргыз Мамлекетинин Гимни радиодон жаңырып аткан болот:

Сансыз кылым Ала-Тоону мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар…

Бизге жеткен ата-салтын мурастап,
Ыйык сактап урпактарга берели…

Ушинткен Гимнге кошулуп ырдашка Сиз экөөбүздүн моралдык укугубуз калбай калат! Гимн өзү да ошол сааттан баштап арбак-муундун ыйына, ал эми биздин замандын биринчи пародиясына айланат.

Албетте, жер жеке менчикке чыкса эле марып кетебиз деп изги ишенген катмар бар. Өгүнү КТР ден да бир дыйкан кыргыз: «Жер жеке менчикке чыкканды колдойм, бирок эч качан чет мамлекеттиктерге сатылбасын, кыргыздарга гана сатылсын!» деп кызууланды. Сизде эмне айып, боорум, сизди ошого түрткөндөр, билип турса да кызматын сактап калыш үчүн гана кызыл кекиртек болгуча кыйкырып коштой сүрөп башыңызды тумандаткан, сиз таянган, ишенген илим билимдүү уулдарыңызда итчилик, сизде эмне айып боорум. Жерди кишиден, элден, демек мамлекеттен тартып алуунун таш кылымдан берки сыналган жалгыз ыкмасы ушул, байыркы грек, рим заманынан берки. Же Энгельс Мольерден алып такмаза айткандай: “Вы желали полной, свободной, отчуждаемой земельной собственности, — так получайте же ее, вот она: ты этого хотел, Жорж Данден!” Сизден мыйзамдуу биротоло тартып алыш үчүн адегенде мыйзамдуу ушинтип бекер таратып беришет, соңунда сүткор ыкма (ипотека) менен банкка барымталап (а банк акчасы кимдики экени белгилүү) түбөлүккө тартып алат. Мыйзамдаштырып ! Көрүнөө !

49 жылга биротоло алганың ансыз да менчигиң эмес беле, боорум, 99 жылга жана узартканың эки эсе менчигиң эмес беле, карагым, демек маселе башкада бекен? Ырас, аабалкы үч, беш жылда балким марыйсың, жарыйсың, жер жерлерде сүткор банктар (ипотекабанк) ачылып ичтен да, сырттан да, жаңы жаңы кредит агат, «өзүмдүкү дегенде өгүз кара күчүм бар» деп жанталашып чарба курасыз, түбөлүк өзүмдүкү, бала чакамдыкы деп. Сырт капиталдын касиети ушундай дароо өз куюнуна алат. Ыңгайлуу этап этап менен өз жолунда жетелейт. Анан сааты күнү чыкканда өзгөгө жутулуп, өз жериңизде өзүңүз кантип арзан жумушчу күчү болуп калганыңызды сезбей да каласыз. Атамекендик патриот алдуу күчтүүлөр сырткы капитал ээси менен тирешээр, айыгыша тирешээр. Бирок күч тең эмес. Мындай шартта, экономика сырткы башкарууга мынчалык көз каранды заманда, баарын заматтта баш аягы кылып рынок оюнун ойноп койсо болоору белгилүү. Демек азыркы бир ууч атамекен бизнесчилеринин кыргыз жеринин, экономикасынын, кың дедирбес кожоюндары болуп калаары да күмөн… Ошентип өз жериңизден өзүңүз бирөөгө олчойгон процент саап жашай бересиз. Ашай бересиз! Жерди эзип… Келээр муундун ырыскысын жеп…. Иримге ийирилип… Сүткорлуктун философиясы ушундай.

Анан да жаңы кожоюндар жагымдуу эс алсын үчүн ириде Ысык-Көл кетээр, Кум Төр турган жеринде сырт карыздарыбыз үчүн турган фирмага приватташаар. Чүйгүн Чүй, Арстанбап, Сары-Челектин жаңы кожоюндары табылаар. Ошто «Өзгөн» тарыхы, жарасы жаңырып жайылышы, жарылышы да ыктымал. Асмандан алда эбак чалгындалган биз билбес канча байлыгың жер менен бирге чогуу өтөөр. Карызга ошон үчүн жасалма батырылганбыз. Митенин философиясы илгертен ушундай. Түштүк Америка, Африкада, Азиядагы ТНК жойлогон жерлердеги түмөн мисалдар буга күбө…

Жерге жеке менчик деп желденген элге айтылаар жана бир чындык бар. Жаамы кыргызга ырыскы бүткөн Сары Өзөн Чүйдүн 25 пайызын гана кыргыздар түзөт. Касиеттүү Көл менен берекелүү Ошто деле бу сан оңуп кеткен жери жок. Ошондо, азыркы турушунда үлүшкө бөлүнгөн жер кимдин колунда калды, кимге түбөлүккө өтөт? Шаардык элдин жерден тумтак калаарын, тек сатып алаарын (жер баасы асманга учканда кайсы шаардык сатып алат) айтпайлы. Кыргыз интеллигенциясы негизи шаар-шаарчаларга топтолгонун айтпайлы. Ошондо бул, алдыда, жерден түбөлүк айрылган улуттун акыл-эсин кошо жеп тынаар жол эмеспи?.. Билимдар уулдарың азыр: «биз деген Адам укугун коргогон демократиялуу коомго баратабыз. Конституция боюнча баардык кыргызстандык жерге жеке менчикке бирдей укуктуу» деп билимдар сайрайт. Жок! Укугу жок! Конституцияны биз жазганбыз. ( «өзүм туудургам, өзүм өлтүрөм»). Жалпы үйлүү Кыргызстан эли мени кечирип койсун, алардын кай бирлери кечээ эле келген келгиндер, айрымдарынын ата-бабалары баскынчы катары киргендер. Биз, Кыргыз эли кең элбиз. Титулдуу улут катары, тең граждан катары баардыгын тең туттук. Бердик жер үлүшүн 99 жылга, пайдаланууга, мархабат, алыңыз, иштетиңиз, кадырыңыз жан болсун. А бирок жеке менчикке, түбөлүккө, жок, бере албайбыз ! Эч качан ! Анткени жерге менчикке укукту жеңип алышат. Кан менен, жан менен, миңдеген жылдардын күрөшү, арман-зар менен! Дал ушул ыйык жер үчүн Кытайдын кызыл чөлүндө Аккула окко учуруп, Алмамбет шейит кечирип кабылан айкөл кан атабыз :

Өөдө карап «өө» десе,
Көк жарылып Күн түшүп,

Ылдый карап «түү» десе,

Жер жарылып Түн түшүп, —

кан жутуп казалуу жаткан жок беле.

Ушул жер үчүн, ушул эл үчүн, келечектеги!.. Соңку кытай кыргын, калмак сүргүн, Улуу Үркүн, кандуу Өзгөн калаабасын айтпайлы. Жок, жерге укукту баш канжыгага байлануу, кан көөкөргө куюлуу жеңип алышат! Ага эч кимдин акысы жок. Арамзанээт демократиялуу (имиш) саясатка алданып бир күндүк жазгырык референдумда жазгы козудай жамыратып таратып бербейт, түбөлүккө!

Кыргыз жерине менчикке укукту Кыргыз эли, миңдеген жылдык тарыхы гана жеңип алган! Бир жылдык саясат, бир күндүк саясатчылар эмес. Ал — Мамлекеттики гана! Баардык менчик өтөөр-кетээр мүнөзгө ээ. Бир гана өтпөс-өчпөс менчик бар, ал Жер, –Эгерде Мамлекеттин (бириккен Элдин) негизин түзүп турса. Мамлекеттин менчигинде турганда гана ал — Ата-Журт . Башкача айтканда баарыбыздыкы. Бизди ушул гана бириктирет, тарыхты келечекке байлайт. Бириндеп, самсаалап-андаалап айласын таба албай бет-бети кеткен адам — атомдун бирөөнүн жеке менчиги менен иши да болбой калат. Ал — болтурбайт дагы. Ошентип оболу Ата-Журтту ыйыктаган сезимдин өзү жок болот. Артынан Ата-Журт өзү кулайт… «Жер — Ата Журт» деген жөн эле кооз сөз эмес бабалар «балп» айтып салган. Жан талуу – ал! Улуттун жаны…

Жер — самындын алкындысы,
Жылмышып чыкса колдон

Сен да бир желип чыккан карышкырсың,

–деген кылым башында дал биздегидей кырдаалда Ата-Журт жанын жаралаган акын түрк Назым. Анда эмне, бизди дагы алдыда карышкыр тагдыр күтүп турубу, өз Жери үстүндө Ата-Журтсуз… Айга улуган …. Жок! Миңдеген жылдык тарыхы бар эл , кан-жанын жууруп кармап калган Жерин улам соңку муунунда, аталарынын бир айбан кадамы менен башка элге, диаспорага түбөлүк өтүп кеткен калыссыздыкка жол бербейт. Өзгөчө варианттагы жаңы Палестина келип чыгат. А бул кимге керек?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *