Эфиоп жомогу

Бир кембагал уулун ээрчитип шаарга жөнөптүр. Атасы эшекке минип, уулу ээрчип алат.

– Могулардын түрүн көр! Ушундай да болобу? – деди алдыдан кезиккендер.

– Жоругуң жолдо калгыр десең. Өзү эшекке минип, уулун жөө жалаңдатып койгону эмнеси?! Ата болбой куруп калгыр!

Муну уккан атасы эшектен түшүп, уулуна айтат:

– Кел, кагылайын, эшекке сен миногой. Көргөндөр даа бирдеңке дебесин! Мен жөө басайын.

Уулу эшекке минип, атасы артынан ээрчип алды. Алдыдан кезиккендер анда деле үндөбөй койбоду:

– Могундан өткөн акмакчылыкты көрдүң беле? Уулу эшекчен кайкалайт, деле бир каадалуу немече. А атасын көр, жөө. Бала болбой куруп калгыр!

Муну уккан тиги уулун токтотуп айтканы:

– Йе кагылайын, сен жөө, мен эшекке мингенимди эл кеп кылганынан – мен жөө, а сен эшекке мингениңди да сөз кыла турган болушту го. Ушундан гөрө экөөбүз тең жөө эле барганыбыз оң болуп жүрбөсүн. Ошондо эч ким эч нерсе дей албас, – деди да, экөө эшекти алдыга салып айдап алышты.

Жолдон экөөнү көргөндөр сөөмөй кезеп сөз кылып кирди:

– Кандай акылы жок немелер: эшекти айдап, өздөрү жөө жалаңдаган! Булар эки эмес эле, үч эшекпи дейм.

– Эми не кылсак балам? Мен эшек минип, сен жөө келатканыңда да кепке бир кабылдык. Сен эшекке минип, мен жөө басып да кепке кабылдык. Ушундан гөрө экөөбүз тең минип алсакпы дейм?

Дешти да, экөө эшекке тепейип минип жол улашты.

– Мынабулар жеткен кара мүртөз немелерби?! – дешти кезиккендер баштарын чайкап, – Бир эшекке экөө сокоюп минип алганы кандай?!

Муну уккан атасы уулуна айтты:

– Балам, эл эмне дегенин уктуңбу? Тигинтсек да, минтсек да бизди тилдеп атышат. Сен жөө, мен жөө болсом да балээ, эшекти айдап алсак да, экөөбүз минип алсак да балээ! Кой, ушундан көрө эшекти көтөрүп эле алалычы.

Дешти да, экөө эки устунду эшектин чаткаягынан өткөрүп таңмай болушту.

– Эмне кылып атасыңар? – деди өтүп бараткандар.

Тиги экөө жарыша сүйлөдү:

– Эшекти устунга таңып көтөрүп алалы деп атабыз.

Муну угуп таңгалышты:

– Силердин кайсыныңар эшексиңер деги? А мээси ордундагы адамдар эшекти минчү эле, силер болсо эшекти жонуңарга көтөргүңөр барбы?!

Баары күлүп кетип калышты. Ата-бала жолдун ортосунда аңырайды. Эшек болсо мени качан жонуңарга көтөрөсүңөр дегенсийт. Даяр союлдар болсо жатты.

Акыры атасы уулуна айтканы:

– Йе каралдым, бүгүн экөөбүздүн көзүбүз ачылды э? Жолуккандын баарынын кебин угуп отуруп, шерменде болдук. Ошондуктан эсиңе түйүп кой: элдин айтканын уга берсең – башыңды маң кылышат.

Которгон О.ШАКИР

2 Replies to “Бөтөн кеңеш”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *