Жазуучу Дүйшөн КЕРИМОВ менен маек

— Дүйшөн аке, азыр ушу китепканага бара турган заманбы? Эл базардан  башы чыкпай, айласын таппай жүрсө, Сиз китеп окуп,  түйшүк тартып жүргөнүңүз кандай?

—  Ээ, иним,  кызыктын баары ушул жакта да. Эгерде китепкөй болуп, анын миң кырдуу, миң сырдуу дүйнөсүнө арбалып алсаң, мобу базарың, саясатташкан турмуштагы көр тирлигиң, покко арзыбай калат. Куттун баары ушул китепканада.

Мен мында келип,  изденип чыгарма жазам. Кааласам, казып китеп окуйм. Гезиттерди барактап чыгам. Анан эми «окуй турган мезгил эмес» деген сөздү кыйыткың келип турат окшойт. Азыр жуда-аа окуй турган кез келди да. Ушу кезде окуш керек. Менин көз карашымда бизде бардыгы эле бар. Кен байлык жетиштүү. Кааласак, зордукчул бийликти оодарып коё алабыз. Ага күчүбүз жетет экен. А бирок акылга келгенде эле чукакпыз. «Эрдиги бар, эси жок» болуп атабыз. Руханий дүйнө жагынан аксап турабыз. Бир-эки жыл мурун бекен, Алмаз Атамбаев Туркия жергесинде Осмон империясына жардам берип, каза болгон кыргыз бабаларыбыздын эстелигинин жанында биздин жаш студенттерибиз менен жолукканын эстеп атам азыр. Ошондо мыкты акыл айтылган. Бир кыз, «Кыргызстан билим берүү жагынан аябай артта экен» деди эле. Көрдүкпү, алардын көз карашы таптакыр башкача. А биз мактанып атабыз. Биз түркмөндөргө, тажиктерге, өзбектерге салыштырып өзүбүздү билимдүүбүз дейбиз. Ал эми дүйнөдөгү прогресс алда канча алыска кетип калбадыбы. Коом тездик менен өнүгүп баратканын биздин чет жактагы балдар көрүп, билип атпайбы. Ошондуктан, көп окуу керек. Талкаланган китепканаларды, маданият үйлөрүн жана башка маданий очокторду калыбына келтириш зарыл. Сай-сайлаган саясатты токтотуп, рухий дүйнөнү чогултканга аракет кылчу кез келди, иним.

— Чыгармачыл интеллигенциянын ар кандай саясый кырдаалдарда өзүнүн бирдиктүү оюн билдирбегени мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойсузбу?

—  Туура айтасың,  элибиз эки жолу коррупциялашкан бийликти алмаштырды. Ата Журттун башына кыйынчылык түшүп жатканда, элибиздин айы, күнү тутулуп турган кезде,  акын-жазуучуларыбыз, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү өз оюн ачык билдирип чыга алган жок. Салижан аке айткандай, “Кыргыз интеллигенциясы көңгө чыккан гүлгө окшош. Жел жүрсө эле, түбү сасыйт» дегендей болуп атат. Өзүлөрүнчө бир уюм болуп алып талашып-тартышса, кармашса, алардан кыйын киши жок. Ал эми Ата-Журттун, мамлекеттин алдындагы тагдыр чечер маселелерге келгенде, унчугушпайт. Эми арасында Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Эгемберди Эрматов, Алым Токтомушев, Кыялбек Урманбетов, Бекболот Тургунбековго окшогон саналуу гана чыгармачыл инсандардын үнү чыгып атты. Бул бир.

Экинчиден, дагы бир маселе бар. «Арашан» борборуна Жазуучулар союзунун мүчөлөрү гана барып бекер эс алууга укугу бар. Бирок ошол чыгармачыл инсандардын Союздун маалында эле алган үйү, дачасы, жетиштүү шарты бар. Ал эми чыгармачылыктын чыныгы булагы болгон жаштар батирлерден башы чыкпай келатат. Маселен, Жолон Мамытов, Tуpap Кожомбердиев сыяктуу таланттуу акындарыбыз мыкты чыгармаларын жаш кезинде эле катыра жазышкан. Ушундай кырчын куракта чыгарма жаза турган жаштар «Арашанда» эс алмак турсун, көптөгөн сый-ургалдардан четте калышууда. Ушундан улам, жаштарды колдоону колго алыш керек.

Негизи жазуучу журту мамлекетке керекпи?

— Биз эми башка коомго баратпайбызбы. Батышта маселен, жазуучуларды эркин коё берген. Бирок Союз учурунда 70 жыл бою жазуучуларга акча төлөп, камкордук көрүп, ошону менен бирге өзүнүн ырын ырдатып, бакма баласы болуп келген да. Демек, ушундай тарбияны көргөндөрдү тез эле өзгөртүп жиберүү кыйын. Биздегидей окурманы калыптанбаган мамлекетте жазуучуларды колдоо керек деп ойлоймун. Билимдүүбүз деп кыйкырып жүрбөйбүзбү. Чындап келгенде билими чабал эле элбиз. Мына ээн-эркин коё берди эле китеп окугандар, театрга келген кишилер таптакыр азайып кетти. Көрсө, биз окурман болуп, көрөрман болуп калыптана элек экенбиз да. Ушундай шартта жазуучуларга кам көрбөй коюу коогалуу деп ойлоймун. Анан колдойт десе эле, ар кандай наамдарды бербестен, материалдык жактан болобу, турак жай менен камсыз кылабы, айтор, көзгө көрүнө турган иш болуш керек. Негизи мамлекетке көркөм адабият керек. Адабият, маданият адамдын аң-сезимин калыптандыра турган курал. Ата-энедей, мектептей эле өзүнчө тарбиялык мааниси бар, таасирдүү күч. Македонский: «Атам мага өмүр берсе, калганын Аристотель үйрөттү» деп айткандай, адам айлана-чөйрөдөн, китеп дүйнөсүнөн таалим алат да. Өлкө жалаң эле экономикалык жол менен өнүгө албайт. Төрт тарабы шай келген кадрларды даярдап чыгаруу үчүн, сөзсүз түрдө маданияттын, көркөм адабияттын ролу зор. Ансыз абаны бууп койгондой эле кеп.

— Адабиятчы катары айтыңызчы, кыргызда оор жүктү аркалап кете алчу таланттар барбы?

— Бизде уникалдуу адабият бар. «Манас» эпосу, Айтматов бар. Муну менен мактанууга акылуубуз. Анан ушул эки дөөлөткө түздөнсөк, шыктансак болот. Бир жолу Чыкебиз Салижан акеге, «Мен тияк-биякта жүрөм, бизде балдар барбы? Адабият кандай чыгып келатат?» десе, анда тапан акебиз тамашалап:»Ээ, Чыке, беймарал жүрө бериң, артыңыз тыптынч…» дептир. Анан дагы Эл акыны Омор Султанов бир жыйында, «Ой, кашайгырлар, Айтматовду эле жамандап атасыңар. Бирок кыргыз адабиятынын жолу мынабу, Меркеге чейин эле, андан ары Айтматовдун ааламы башталат…» — деп азил-чыны аралаш таасын айткан сөзү бар, чынында кыргыз адабияты бар. Бул  өз жолу, мектеби бар адабият. 60-жылдары кыргыз адабиятына чоң агым келген. Көрсө, ушундай мезгил болот турбайбы. Анан эми жыйырма жылдан бери келаткан таланттардан саналуу гана туундулар бар. Бирок алар бааланбай жатат. Адабиятка көңүл буруу үчүн туруктуу, байгер коом керек. Азыр бизде адабиятка көз сала турган коом дагы, мамлекеттик түзүлүш дагы калыптана элек. Ошол эле учурда мыкты чыгармалар бааланбай, кээ бир ортозаар китептерге сыйлыктар берилип жатканын санасак болот.

— «Манас» эпосунун рухун кыргыздын жан дүйнөсүнө сиңириш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

— Мен чоң атамдын колунда өсүп, тамга тааныгандан «Манас» эпосун окуп чоңойдум. Кийин Ош пединститутунда окудум. Ошол жерде Акбар Сыдыков деген манасовед агай окуткан. 91-жылы Бишкекке келип, манасоведдер, чоң аалымдар менен сүйлөшсөм, көбү «Манасты» мыкты окубаган кишилер экен. Улуу эпосту изилдеп, нан таап жеген адамдар «Манасты» түшүнө албаганына таң калгам. Анан чынында, эпосубуз дагы деле кыргыздын жан дүйнөсүнө жете элек. Эки президент башкарды. Экөө тең «Манасты» өмүрү окубаган адамдар. «Манас» бул жөн эле эпос эмес. Бул кыргыздын энциклопедиясы, рухий байлыгы. Кыргыздын каны-жаны «Манаста» бар. Эпосту окутууда чайналган узак жолго түшүп алганбыз?» Ойлоп-ойлоп олтурсам, «Манасты» окутуунун төтө жолдорун табыш керек. Азыркы балдар андан бетер окубай калды.

Каныбызда Манастын духу бар экен, 7-апрелде, Оштогу июнь алааматында окко каршы чыккан балдар көрсөтпөдүбү. Бирок Манастагы баатырлык күч каныбызда болгону менен акыл туюмубуз болбой жатпайбы. Мына, ойлондура турган маселе!..

Ошон үчүн эпосту окутуунун заманбап жолу, компьютердин тили менен окутууну колго алуу зарыл. Эпостун томдорун окушпайт. Аны илимпоз эле изилдеп, диссертация жактаган киши окубаса, ким окуйт? Бизге «Манастын» рухун, духун, акыл-кенчин жаштарга жеткире турган жолду табуу маанилүү болууда. Эгерде жаштар «Манасты» окуп, түшүнө турган болсо, анда биздин эл кудуреттүү күчкө айланат. Ынтымак-ырашкерчилик, улуттук дух, биримдик деген ошонун ичинде жатат, иним. Андыктан  көп окуш керек, саясатты безилдей бербей…

Мына ушундай чыныгы кут, касиет, унгу, дөөлөттөрүбүздөн оолактап калгандан улам, кыргызды кыргыз кылып, дүйнө элине кырдантып турган рух байрагыбыз «Манас» эпосуна альтернатива — азгырык варианттары пайда боло баштады. Бул улут үчүн, ошол улуттун башында турган башкаруучулар үчүн да кечиримсиз иш. Бүбү Мариям эмес, пайгамбар-сыйкырчы болсо дагы, миңдеген жылдардан арыдан бери келаткан рух касиетибизди оңдоп-түзөтүүгө эч кимдин акысы жок эле. Биз мындайга уялбай, арсыз, намыссыз мамиле жасап, элдик талкууга коюп атканыбыздын өзү «маңкурт» деп кыйкырып коюп, өзүбүз ал сазга эчак батып кеткенибизди далилдеп турган жокпу?..

Менимче, биздин ушундай акпай калган суу сыяктуу ылымылык акыбалыбыздан кандайдыр бир жаңы муун, толкун келип чыгарат, тазалайт, алдыга жетелейт ко деген үмүт али көөдөндө өчө элек…

Маектешкен Элтуран Чалов
 “Жаңы Ордо”, 2010-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *