Жаңжал

Акылы пас адамдар жаңжал дегенде жантыгынан жата калат. Белая Лилиянын[1] айланасындагы айтылуу жаңжал, Арисимага байланыштуу армандуу айың, Мусякодзинин чырдуу окуясы андай адамдарды чын күлүктөй элиртет. Акылы пас адамдар эмне үчүн атактуулар аралашкан ыр-чырга өтө ынтызар? «Анткени, – дейт Гурмон, – андай жаңжал, андай ыр-чырды биз табигый иш катары сыртка чыгарбай, ичибизге катып көнгөнбүз».

Гурмондун жообу маңдайга матай койгондой таамай айтылган менен али толук эмес. Жаңжал чыгарганга да жарабаган ичинде идиреги бар немелер атактуу адамдардын чыр-чатагын алардан алда канча пастыгын актоого пайдаланат. Ал аркылуу өзү өмүрү жеткис ырыскынын ыракатын көрүп калгысы келет. Эсеби маселен, «Ооба, мен Белая Лилия сыяктуу ашкан сулуу эмесмин, бирок ага караганда абийирим таза». «Ооба, менин Арисимадай артыкча талантым жок, бирок ага караганда адамдарды жакшы билем». «Ооба, мен Мусякодзидей… бирок…»

Ошентип пастыгын бактыга айландырып, чочкодой оонап жыргап уктайт.

Дагы ошол жөнүндө
Генийдин дагы бир кайталангыс касиети – жаңжал жаратып, чыр чыгара билгендиги.

Коомдук пикир
Коомдук пикир ар дайым көпчүлүктүн сотсуз, өкүмсүз «өлүмгө» буйрушу. Ал тапанчанын ордуна гезит макаласы менен мээленсе да ар дайым көңүлдүү өтөт.

Дагы ошол жөнүндө
Коомдук пикир бери дегенде коомдук пикирди тебелеп-тепсөө ыракаты менен актанат.

Кастык
Кастыктын кан муздатар касиети бар. Ал ашынып-ташынып кетпесе, көңүлдү сергитет, көпчүлүк адамдардын ден соолугуна пайда.

Утопия
Опол орноктуу утопия орнобой атканынын себеби бул. Адам насили өзгөрмөйүн нарктуу утопия уңгу күтпөйт. Агер адам насили өзгөрүп кетсе, ошол нарктуу деген утопиябыз да жөн эле убарадай сезилет.

Жамандык
Көркөм талант даарыган жаштар бара-бара бардыгынан «адамдык жамандыкты» гана көрөт.

Ниномия Сонтоку[2]
Мектеп окуу китебинде жазылган Ниномия Сонтокунун балалык чагы эмдигиче эсимден чыкпайт. Сонтокунун ата-энеси ушунчалык жарды болгондуктан, күндү күн дебей талаада иштеп, түндү түн дебей камыштан сапеки бут кийим түйчү экен. Айтор, кара жанды карч уруп иштеп, ошол эле учурда өз алдынча тынбай окуп-чокуп, билим алыптыр. Элге антип өз эмгек, өз күчү менен аралашкан адамдардын андай окуясы кайсы китепте болбосун бар.

Арийне, Сонтокунун минтип калк катарына кошулушу анын атагын арбытпай эле ата-энесинин кадырын түшүрөт. Анткени алар баласынын өз алдынча агарып-көгөрүшүнө жардам бермек түгүл, «жардан» ары түртүп, жолтоо болуптур. Бул ата-эненин балага аткарар милдети, өткөрөр өтөлгөсү жагынан өтөле уят иш. Бирок биздин ата-энелер да, мугалимдер да ал жагдайды абайлабайт. Алар Сонтокунун ата-энеси аракеч болгонбу, кумарпоз болгонбу – баары бир деп көнүп алышкан. Кеп алар жөнүндө эмес, Сонтоку тууралуу болуп атыр. Ал тартпаган азап, көрбөгөн кордугуна карабай, кара жанды карч уруп өз билимин өзү көтөрүп атпайбы. Биз, балдар, Сонтокунун ошол кажыбас кайратына карап түздөнүшүбүз керек.

Мен бир четинен Сонтокунун ата-энесинин өзүмчүлдүгүнө билинер-билинбес суктанып кетем. Чындыгында Кудай аларга жакшы уулду кут кылыптыр. Ал уул эмес, кул да болуп бериптир. Анысы аз келгенсип, кийин атагы таш жарып, ата- энесинин атын чыгарыптыр. Ата-энеге андан ийги ийгилик барбы? Бирок он беш жашка толуп-тололекте мен Сонтокунун түйшүгү түмөн кайратына сонуркаганым менен ал сыяктуу жарды-жалчы үй-бүлөдө төрөлбөгөнүмө жакамды карманып кетер элем. Канткен менен чынжырлуу кул ал чынжырдын чың болушун самайт.

Карым-катыш
Кайсы гана карым-катыш болбосун аздыр-көптүр арамзалыкты талап кылат. Төгөрөк бурчуңду карабай төрт сырыңдын бардыгын төгүп салсаң, кыяматтык досуңдун деле көңүлү калып, кыялы бузулат. Ар бирибиздин башыбызда бар, эки миң кыяматтык деп шилекей алышканы менен ар бир достун ичинде бирин бири көралбастык же жек көрүүчүлүк жашайт. Туура, пайда өнүп турса, көралбастык анчалык өөрчүбөйт. Арийне, жек көрүү арамзалыкка алып келери аргасыз иш. Андыктан достор менен таза карым-катыш жасоо үчүн жек көрүү менен пайда табуунун тартибин тең салмак сактоо зарыл. Тилекке каршы, антүү ар кимдин колунан келе бербейт. Болбосо байтак замандан бери тарбиясы бийик, насили асыл адам чыкпайт беле, болбосо дүйнөдө согуш дегенди билбеген алтын кылым алда качан жаралбайт беле.

Болор-болбостор
Турмушту бактылуу кылуу үчүн өткөн өмүр, кеткен күндүн болор-болбосуна ыракаттанып жашоо керек. Нур чыгарган булуттан, шуудураган дарактан, кужулдаган куштардан, түспөлү түркүн жүздөрдөн, айтор, ар бир күндүн болор-болбосунан ыракат алуу шарт.

Турмушту бактыга тундуруу үчүнбү? Антейин десең турмуштун болор-болбосун жакшы көргөндөр ошол болор-болбостон жабыркайт. Балыр баскан көлмөгө секирген бака дүйнөнүн кусалыгын бузду. Ошол эле учурда балыр баскан көлмөдөн бери секирген бака дүйнө кусалыгын пайда кылар. Канткен менен Басёнун турмушу бакытка карк болсо керек, бирок аны курчаган чөйрө кайгы- касиретке толуп турчу. Ошол сыяктуу эле биз болор-болбостон ыракат алуу үчүн болор-болбостун кайгы-касиретин да тартууга тийишпиз.

Турмушту бактылуу кылуу үчүн өткөн өмүр, кеткен күндүн болор-болбос кайгы-капасына кайыл болуу керек. Нур чыгарган булуттан, шуудураган дарактан, түспөлү түркүн жүздөрдөн, айтор, ар бир күндүн болор-болбосунан тозоктун азабын да аңдоо зарыл.

Кудайлар
Кудайларга берилген кудуреттин арасынан аябай алсызы, алар өзүн өзү өлтүрө албайт.

Дагы ошол жөнүндө
Биздин кудайларга болгон кусаматыбыз көп. Бирок өкүнүчтүү жагы, япондор касиеттүү Кудайдын ошол кусаматчылыкка татыктуу экендигине такыр ишенбейт.

Эл
Эл – эч качан койкоңдобогон консерватор. Коом түзүлүшүн, идеяны, искусство, динди эл колдосун, сүйсүн десең, алардын эсине эзелкилерин салуу керек.

Дагы ошол жөнүндө
Элдин эси жок деп көкүрөк кагуу мактанычка жатпайт. Өзүбүздүн эл экенибизди элегенибизге мактаныш керек.

* * *
Байыркылар элди келесоо кылууну мамлекеттин эң маанилүү милдети катары караган. Келесоо болсун, бирок андан да ашынып кетпесин дешкен. Же акылга чакырууга алы жетпей калгандан корккон.

Чеховдун ойлогону
Чехов кайсы бир катында эркек менен аялдын айырмасын мындан көрөт. Аял карыган сайын аялдык түйшүктөн ашпайт, эркек карыганда аялдын ишинен алыстагандан алыстайт. Чеховдун минтип ойлогону аял менен эркек карыганда жыныстык катыштан калат дегенге тете сөз. Аны үч жашар бала деле билет. Андан да Чеховдун бул чечмелөөсү аял менен эркектин ортосунда айырма бар эмес, таптакыр эле жок деген сөз.

Кийим
Аялдын кийими – анын бир бөлүгү. Кэйкити адеп-ахлактуулугунан кийимге анчалык кызыкпаганы айгине. Бирок бир нерсени эстен чыгарууга болбойт: кийин Кэйкитини азгырган аял анын аялынын кийимин кийген. Агер аны кийбесе, азгыра алат беле, жок беле, ай, таң!
Эскертүү: Кикути Кананын «Кэйкитинин азгырылышы» аттуу повестти кара.

Кыздыкка кызыгуу
Аял алып жатып, анын кыздыгына чоң маани берүү менен биз канча тагдырга күлкүлүү кыянаттык кылдык. Катын алуу деген кыздыктан аткез берүү дегендик эмеспи.

Дагы ошол жөнүндө
Кыздыкка кызыгуу деген анын бар экендигине көзү жеткенде гана пайда болот. Бул жерде аруу сезим арзыбаган билимге алмашат. Андыктан кыздыкка кызыккандарды сүйүү сезиминен куру жалак кыйынсынган «окумуштуулар» деп койсо болот. Анын бар- жогу менен атайын алектенгендер бекер жеринен пайда болбосо керек.

* * *
Кыздыкка кызыкканга караганда кызга кызыккандын айырмасы, албетте, асман менен жердей. Ал экөөнүн айырмасы жок деп ойлогондор аял дегендин ашкан артисттик талантына баа бербегендер.

Адеп эрежеси
Менин бир жолдошумдан мектепте окуган кыз: – Өбүшкөндө көздү жумуу керекпи же жумбоо керекпи, – деп сурайт имиш. Мен ал кызга кошулуп, мектепте сүйүүдөгү адеп эрежесин үйрөтпөгөнгө аябай өкүнөм.

Камбара Эккэн[3]
Мектепте Камбара Эккэндин эчендеген таалим тарыхтарын окуганым бар. Бир ирет ал кандайдыр бир тааныш эмес студент менен салда кошо сүзүп калыптыр. Студент өзүнүн билимдүүлүгүн көрсөткүсү келип, илимдин ар түркүн тармагын талдап кирген го. Эккэн анын сөзүн эч бир бөлбөй, абдан кунт коюп угуптур. Ошентип отуруп сал дагы жээкке жетип калган экен. Ошол кездин салты боюнча жүргүнчүлөр салдан түшүп баратып атын атап коштошчу тура. Студент баятан бери улуу конфуцианчыга «дарс» окуп келатканын билип, жети өмүрү жерге кире уяла кечирим сураптыр. Кийинкиге илим болор ушундай икая окугам.

Андан тизгинди тарта жүрүү адамдагы жакшы адеп экендигин түшүнгөм. Бери дегенде түшүнүүгө аракет жасагам. Тилекке каршы, азыр таптакыр андай ойлобойм. Ал тарых айрым жагдайлар боюнча гана мени кызыктырат:

  1. Эккэндин студентти тоотпой эчтеме дебегени эмне деген кесир!
  2. Студенттин уялганына кыбасы канып кол чапкан жүргүнчүлөр кандай гана жийиркеничтүү!
  3. Эккэндин түшүнө да кирелек жаңы мезгилдин духу жаш студенттин түшүнүгүн катуу түйшөлткөн экен.

Чек
Атургай атактуу генийлер аттап өталгыс чектер болот. Ага кабылуу, албетте, ичти өрттөбөй койбойт. Бирок акырындап анын амирине көнүп, көңүл көтөрүлө баштайт. Кудум бамбук – бул бамбук, чырмоок – бул чырмоок экендигин билип алгандай.

Ортозаарлык
Сыртынан канча заңгырап көрүнсө да ортозаар чыгармалар терезеси жок бөлмөгө окшош. Анда турмуш өтөөгө мүмкүн эмес.

Тапандык
Тапандык – акыл-ойдун башка тамырын кармай албагандык. Тапан, таамай ой дегенибиз – акыл-ой толгоосунан жаралбаган сөз.

Дагы ошол жөнүндө
Адамдар чарчагандыктан тапандыктан тажай баштайт.

Саясат ишмерлери
Саясат ишмерлери бизден кыйын билгенине кырданган саясат илими – ар түркүн фактыны арбын билгенине байланыштуу илим. Ал илим кайсы бир партиянын кайсы бир лидери кандай шапке кийгенинен ашпайт.

Дагы ошол жөнүндө
Үйрөтүлгөн саясатчылар андай илимден, албетте, алыс болот. Ал эми көрөгөчтүгү жагын айтсак, көп саясатчыларды сайга таштайт. Эч кандай пайда көздөбөгөн кызуу кандуулугу жагынан.

Факты
Адамдар ар түркүн фактыны билүүгө кандай гана ашыгат! Эсеби маселен, сүйүү деген эмне экендиги аларды эзели кызыктырбайт. Ал эми Христос ойноштон төрөлдү беле дегенге төбөсүнөн сайылып түшөт.

Гюго
Бул бүт Францияны басып калган нандын эң чоң сындырымы. Бирок үстүнө сүйкөлгөн майы жокко эсе.

Достоевский
Достоевскийдин романдары карикатуралуу образдарга карк. Туура, көпчүлүгү көңүл чөгөрүп, азезилге айланат.

Флобер
Флобер мага эригүү-зеригүү да эң сонун болорун үйрөттү.

Мопассан
Мопассан музду эске салат. А кээде набатты.

По
Сфинксти жаратардан мурда По анын анатомиясын изилдеп чыкты. Келечек муундардын үрөйүн учурган чыгармаларынын табышмагы так ушунда.

Кайсы бир капиталисттин капасы
«Художниктер чыгармасын сатат, мен крабдан жасалган консерваларды сатам – экөөнүн эмне айырмасы бар? Арийне, художниктер жасагандарын дүйнөлүк кенч санайт. Аларды туурап мен деле банкасы алтымыш сенден турган краб консервам менен мактансам жарашмак. Алтымыш жашка чыкканча мен, ушул кулпенде, художниктерче өзүмдү көкөлөтө ойлоп, көкүрөк какканым жок».

Ата-энелер жана балдар
Ата-эне гана балдарын багып, баралына жеткирет деген кыйла күдүк маселе. Туура, уйларын багат, аттарын асырайт, анда талаш жок. Арийне эзелки салт-сабырдын негизинде эрезеге жеткирип, табият кут кылган жосун ушундай деп балдарын тарбиялоо деген ата-энелерин куру шылтоодон ашпаган таянган тоосу. Агер ар салт-сабырдын баарын табият мыйзамдарына таяй берсек, алгачкы доордогу кыз уурдап үйлөнгөндү да актаган болор элек.

Дагы ошол жөнүндө
Эненин балага болгон сүйүүсү – эч качан байыгыс сезим. Арийне ал сезим баланы балакатка жеткирип деле жарытпайт. Ал сүйүүнүн аркасы менен, ары дегенде таасири аркылуу ашкан зөөкүр же жеткен адепсиз болуп өсөт.

* * *
Адам турмушунун биринчи трагедиясы бала төрөлгөндө башталат.

* * *
Атам замандан бери ата-энелердин күкүктөй кайталаган сөзү ушу: «Мен жолум болбой калды. Эми баламдын жолу болсун үчүн бар күчүмдү аябашым керек».

Мүмкүндүк
Биз каалаганыбызды жасай албайбыз, биз колубуздан келгенди жасайбыз. Бул жеке эле бир кишиге тиешелүү эмес, бүтүндөй коомго тиешелүү. Мүмкүн Кудайдын өзү да дүйнөнү өзү каалагандай жасай алган эместир.

Мурдун мураты
Жордж Мурдун жан дептеринде мындай деген жазуу бар: «Улуу художник өзүнүн аты-жөнү жазыла турган жерди жаңылбай тандайт. Жана да картиналарын эч качан бир эле жерге жаза бербейт».

«Картиналарын эч качан бир эле жерге жаза бербейт» деген улуу художниктерге эле эмес, бардык художниктерге тиешелүү болсо керек. Аша чапкандыгы үчүн Мурду анчалык айыптабайлы. Арийне «Улуу художник өзүнүн аты-жөнү жазыла турган жерди жаңылбай тандайт» дегени мени башка жарга такап койду. Чыгышта аты-жөнү коюлган жерди баалабаган художник эч качан болгон эмес. Ал эми жаңылбай тандоо зарылдыгы айтыла берип, ашмалтайы чыккан чындык. Аны Мур атайын кайталап жазганын окуп, Чыгыш менен Батыштын асман-жердей айырмасын ойлодум.

Чыгарманын көлөмү
Чыгарманын гениалдуулугун көлөмүнө карап баалоо – анын акчалай кызыкчылыгын кымбат көрүү дегендик. Чыгарманын көлөмү калем акыга байланыштуу карала турган маселе. Мисалы, мен Микеланджелонун «Каар соту» фрескасына караганда Рембрадттын «Карыянын портретин» алда канча артык көрөм.

Мен сүйгөн чыгармалар
Мен сүйгөн чыгармалар, ал адабий чыгармалар дегеним – мен авторун адам катары сезген, туйган чыгармалар. Адам жамаатынын жосуну – мээси, жүрөгү, кебете-кешпири көрүнүп турган адам. Арийне, о, армандуу дүнүйө, алардын көпчүлүгү майып, мунжу (Албетте, айрым майыптар сиздерге майрамдагыдай маанай жаратышы ыктымал).

Тажрыйба
Бир эле тажрыйба, тамакты кантип сиңирүүнү эске албасак дагы, бир тамакка тең барабар болушу ыктымал. Ошол эле учурда тажрыйбаны таяныч тутпаган талантың, тамактын өзүн эске албасак дагы, тамакты бир сиңирүүгө тең барабар болушу ыктымал.

Ахиллес
Байыркы грек баатыры Ахиллестин өлөр жери согончогунда гана болчу дешет. Демек, Ахиллести билүү үчүн анын согончогун билиш керек.

Художниктин бактысы
Улгайганда атак-даңкка жеткен художник – эң бактылуу художник. Ушул жааттан алганда Куникуда Допко[4] анчалык бактысыз художник эмес.

Ак көңүл адам
Аялдар эринин ак көңүл болушун анча каалай бербейт. А эркектер болсо досторунун ак көңүл болушун эңсейт.

Дагы ошол жөнүндө
Ак көңүл адам асмандагы Кудайга окшош. Биринчиден, аны менен кубанычыңды бөлүшсөң болот. Экинчиден, ага ыйлап да алсаң болот. Үчүнчүдөн, анын бар-жогу анчалык деле маанилүү эмес.

Кылмыш
«Кылмышкерди эмес, кылмышты жек көрүү» – анчалык акылды талап кылбайт. Балдардын көпчүлүгү бул учкул сөздү ата-энесине каршы курал катары пайдаланат.

Шабдалы менен өрүк
«Шабдалы менен өрүк үндөбөсө деле, адамдар экөөнүн ортосуна чыйыр салат»[5] – деп айтышат акылмандар. Албетте, анткени акыйкат эмес; «шабдалы менен үндөбөсө деле» деген эмнеси? «Шабдалы менен өрүк үндөбөгөндүктөн» деш керек эле.

Улуулук
Калк адамдар менен аткарылат, иштин улуулугун катуу урматтайт. Бирок эл улуулук менен жолугууну эңсеген, аңсаган, чаңкаган доор жок.

Гений
Гений менен биздин ортобуз бар болгону бир кадам. Арийне ал кадам кандай кадам экендигине түшүнүү үчүн жарымы жүз ри[6] – токсон тогуз ри деп баш чаккандай: кандайдыр бир жогорку математиканы өздөштүрүү зарыл.

Дагы ошол жөнүндө
Гений менен биздин ортобуз бар болгону бир кадам. Ал кадам миң ри турарын адатта замандаштар түшүнбөйт. Ал кадам миң ри экендигин көзү көр келечек муун көрбөйт. Ошондуктан генийди замандаштары өлтүрөт. Келечек муун ошон үчүн генийге кулдук уруп, куру даңаза кылат.

* * *
Эл генийди кайдыгер кабылдайт дегенге ишенүү кыйын. Бирок ошол кабылдаганынын өзү ар дайым күлкү келерлик.

* * *
Генийдин трагедиясы – аны «сыпайы, жагымдуу атак-даңк» коштоп алганында.

* * *
Иисус: «Биз силерге сыбызгы тартып бердик, силер бийлеген жоксуңар».
Алар: «Биз кайгылуу ыр ырдадык, силер эчкирген жоксуңар».

Калп
«Биздин кызыкчылыкка кызмат кылбагандарга добуш берүүнүн» кереги жок. Кайсы гана республикалык түзүлүш болбосун «биздин кызыкчылыктын» ордуна «мамлекеттик кызыкчылык» орнотуп атабыз деп жанын жейт. Андай калп совет бийлигинде да жоголбой турганын эске тутуу зарыл.

Дагы ошол жөнүндө
Бир уңгуга уюган эки идеянын ашташкан жерин тыкыр изилдей келгенде, анда карандай калптын калыңдыгына издебей чалынасың. Кайсы туруктуу туюнтмага болбосун ишеничтин аздыгы ошондон.

Чынчылдык
Чынчыл болсоң чынчылдыктын курулушун каалагандар ушунчалык аздыгына көзүң жетет. Чынчылдыктан корккон коомубуздун бир себеби ошол.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

[1] Белая Лилия – кезинде аты чыккан актрисанын аты. Өнөр жайлуу эрин таштап, жаш жигит менен качып кеткен. Арисима Такэо (1878–1923) – атактуу жазуучу, арзып сүйгөн кызы экөө өзүн өзү өлтүргөн. Жазуучу Мусякодзи Санэацу – 1922-ж. аялын таштап, башка аял менен ачык жашап алган.
[2] Ниномия Сонтоку (1787–1856) – Япония айыл чарбасын кайра куруу теоретиктеринин бири. Анын идеялары өлкөдө ири мааниге ээ болгон.
[3] Камбара Эккэн (1630–1714) – белгилүү окумуштуу-конфуцианчы, чөптөр менен дарылаган гомеопат.
[4] Куникуда Допко (1871–1908) – япон жазуучу, акыны.
[5] Сыма Цяндын (б.э.ч. 145–86-ж.ж.) «Тарых жазмаларынан» («Ши Цзы») алынган сүйлөм.
[6] Ри – 3,9 кмга тете аралык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *