2014-ж. 20-август күнү “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме тасманын бет ачар аземи болду. Мындай мазмундуу жана көлөмдүү терме Кыргыз маданиятынын тарыхында алгачкы жолу жаралды. Он үч мөөнөттүк тасма бир жарым жыл аралыгында тартылып, бир миллион сом сарпталган. Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ошондой эле жашоонун жыргалы — бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Арстанбек Буйлаш уулу 1824-1878- жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин сөз күчүнө багындырган залкар ойчул, заманчыл акын болгон. 500 дөн ашык комуз күүлөрүн мурастаган чебер комузчу болгон.

КТРК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *