Билгенден билелегиң көп

Немис математиги Карл Гаусс 1777-жылы 30-апрелде Германиянын Брауншвейг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Иоганн Фридрих Карл Гаусс. Атасы Герхард бакчы, жол мастери болгон. Энеси баласынын кичинекей кезинде эле укмуштай жөндөмдүү экенин байкаган. Ал өмүр бою баласы менен абдан сыймыктанган. Таякеси Фридрих баланын жөндөмдүүлүгүн эрте байкап, анын илимге эрте кызыгышына көп өбөлгө түзгөн.

Математиканын тарыхында Гаусстай математикага өтө эрте берилген бир да адам жок. Бир жолу ишемби күнү атасы Герхард Гаусс жумушчулар үчүн акча төлөө ведомостун түзүп жаткан эле. Ал эсептеп бүткөндөн кийин: “Ата, туура эмес эсептедиң, мына мындай болуш керек…” дейт үч жашар уулу. Атасы кибиреген уулунун бул сөзүнө аябай таң калат да “не бар, не жок, деги ырас эле кайрадан эсептеп көрөйүнчү” деп санап чыгат. Эсептесе чын эле уулу Гаусс айткан сан туура экен.

Гаусс тамганы жана цифраны ата-энесинен, алардын жолдошторунан сурап жүрүп өзү эле үйрөнүп алган. Үч жашында эле шар окуганды, эсептегенди билчү. Ал эсептерди да көңүлүндө чыгарып коючу. Эске тутуу сезими да абдан күчтүү болгон. Кийинчерээк Гаусс тамаша кылып “мен тилим чыга электе эле санаганды үйрөнгөмүн” деп калчу экен.

Гаусс 7 жашында мектепке барат. Алгачкы эки жылда жөндөмдүүлүгү анча деле байкалбайт. Ошо кезде ага мектепте Бютнер деген мугалим арифметикадан сабак берүүчү. Бир күнү Бютнер окуучуларга: 81297, 81495, 81693…, 10089 сандарынын суммасын, б. а. улам кийинки сан мурунку сандан 198ке көп болгон 100 сандын суммасын тапкыла деп тапшырма берет (бул ошондогу Бютнер берген сандардын так өзү). Аз эле убакыттан кийин Гаусс мугалимге жообун жазып алып келип берет да, ордуна барып отурат. Мугалим текшергенде ошончо баланын ичинен жалгыз гана Гаусстун жообу туура болуп чыгат. Бул 10 жашар бала үчүн кыйла эле оор эсеп эле. Бул кошууну Гаусс эч кандай көрсөтмөсүз эле аткарганына Бютнер укмуштуудай таң калат. “Гаусс менден ашып түштү, эми мен ага билим бере албаймын” – деген тыянакка келет да Бютнер математикага ынтаа коюп кызыккан өзүнүн 17 жашар жардамчысы Иоганн Мартин Бартельс (1769-1836) менен тааныштырат.

Гаусс филологияга да абдан кызыккан. Байыркы тилдердин бир кыйласын билүүчү. Латын тилин эң мыкты билген. Анын залкар эмгектеринин көбү ушул тилде жазылган. 1795-жылы 18 жашында Гаусс университетке өтүүгө көңүлдөнөт. Анткени анын алдында “математика” же “филология” деген эки суроо турган болучу. Бул мезгилде Гауссту эки миң жылдар бою чыгарылбай келе жаткан циркуль жана сызгычтын жардамы менен туура он жети бурчтукту түзүү маселеси ойлондуруп жүргөн эле. Ал бир күнү эртең менен ойгонор замат, капысынан ушул маселенин чыгарылышын таап алат. 1796-жылдын 30-мартында болгон бул окуя Гаусстун өмүрүндөгү бурулуш болду. Анткени Гаусс эми өз өмүрүн филология эмес математикага арноону биротоло чечет. Ушул жылы энеси Гаусстун досу Вольфганг (Фаркаш) Бойяиден “Гаусс деги бир ийгиликке жетиштиби?” деп сурайт. Анда Бойяи “Бул Европанын улуу математиги!” деп кыйкырып жиберген экен. 1801-жылы Петербург илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине кабыл алынат. Ал кезде 24кө гана чыккан эле.

1807-жылдан Гёттинген университетин профессору жана астрономиялык обсерваториясынын директору болуп иштеген. Гаусс ондук эсептөө системасын Архимеддин ача албай калганына абдан кейиген. “Эгер Архимед ушул ачылышты жасаганда, илим азыр кандай гана бийиктикке көтөрүлөт эле!” – деген Гаусс. Гауссту астрономия жана геодезияга негиз салуучулардын бири катары да билебиз. Анын эң алгачкы көлөмдүү эмгеги сандар теориясы менен эң жогорку алгебрага арналган. 1818-жылы Евклиддик эмес геометрияны түзгөн. Математикага “комплекстүү сандар” терминин киргизген да Гаусс болгон. “Математика – илимдердин ханышасы” деген сөз да ага таандык. Өзүнүн Давид Брюстерге жазган акыркы катында ал электромагниттик телеграфты ойлоп чыгаргандыгы тууралуу жазган. Физикага кошкон салымы да зор. Магнит индукциясынын бирдиги (Гс) Гаусстун ысымы менен аталат. Ал 1855-жылы 23-февралда Гёттинген шаарында өзүнүн обсерваториясында дүйнөдөн кайткан.

Ысмайыл Кадыров

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *