Алтай жомогу

Азыр жарганат караңгыда гана учарын билесиңер. А бир убакта ал күндүз да учуучу экен.

Бир күнү ал шаңкайган ачык асманда эртең менен ойкуп-кайкып учуп жүрдү. Аңгыча аны көздөй көк карчыга[1] жете келди:

— Кутмандуу күнүңүз менен, урматтуум! Акыры ушинтип жолугуштук, мен сени төрт жылдан бери издейм!

— Мениби? Кандай жумуш менен мени издештирип калдың?

— Бардык канаттуулар өз балапандарын куштардын урушуна жиберет. Бир гана сен аларыңды канатыңдын астына калкалайсың.

— Менби? Мен эмне канаттуумунбу? – Ошентти да жарганат канаттарын жыйнап алып, көктөн чөпкө түштү да, жер менен жер болуп чуркап кетти.

«Ой, бул деген жырткыч окшойт». Ушинтип ойлонду да көк карчыга андан ары учуп жөнөдү.

Жарганат бөжөңдөп чуркап-чуркап келе берди, келе берди, бир убакта бадалдардын арасынын куу түлкү серең этип чыга калса болобу:

— Ай, а, көгүчкөнүм, эми колго түштүңбү? – деди түлкү жымыңдап, – Мен сени жети жылдан бери издеп таппай келатпаймынбы?

— Мениби? Кандай жумуш менен мени издештирип калдың?

— Калп эле билбемиш болуп калганыңды кара! Бардык жырткыч айбандар өз балдарын жырткычтардын согушуна жиберишет. Бир гана сен өз балдарыңды калкалап, эч кайда чыгарбайсың.

— Менби? Мен эмне жырткычмынбы? — Ошентти да канаттарын жазып, шарт күүлөнүп учуп кетти.

«Ой, бул канаттуу окшойт». Ушинтип ойлоду да кооз кийинген куу түлкү өз жолу менен кете берди.

Ошондон бери жарганат түлкү менен кокус жолугуп калбаш үчүн жер менен чуркаганды такыр токтотту. Коркунучтан буттары да сенейип калды.

Күндүзү болсо уча албайт – көк карчыгага кезигип калуудан чочуйт.

Ошентип түбөлүк коркунуч менен жашап келүүдө, же жырткыч эмес, же канаттуу эмес…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Көк карчыга – жырткыч куштардын бир түрү.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *