ТОЛУБАЙ
(XIV к.), сынчы-көсөм

Журт – мазар,
Журттан чыккан азар.

* * *
Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.

* * *
Кактабагын жетимди,
Какпа, сокпо жесирди.

* * *
Өткөн өмүр – аккан суу,
Калган көңүл – чыккан жан.

АСАНКАЙГЫ
(XIV-XV), көсөм

Атадан каргыш алган оңбойт.

* * *
Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

* * *
Зордун түбү кор болот.

* * *
Жакшылык иш – адамдан, жамандык иш – айбандан.

Калыгул БАЙ уулу

(1785-1855), акын жана олуя   

Эркек үндүү аялдын уяты жок,
Катын үндүү эркектин кубаты жок.

* * *
Өгүз мүйүз инектин сүтү болбойт.
Инек мүйүз өгүздүн күчү болбойт.

* * *
Беш тогоол өтпөй, жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.

* * *
Мээнет кетпейт бечелден,
Сөз кутулбайт чеченден.

* * *
Акылы бар азамат,
Ар бир сөзгө казанат.

* * *
Алтын мөөр, ай мончок,
Адамга кайдан табылат?
Алганың жаман болгон соң,
Абийириң кайдан жабылат?

* * *
Сараңдардын миңинен
Жалгыз да болсо март жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.

* * *
Медери жок туугандан,
Бек кармашкан жат жакшы.
Кеби жаман катындан
Келте ооруган дарт жакшы.

* * *
Жакшы болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.

* * *
Ары жок – күлкүчү.
Санаасы жок – уйкучу.

* * *
Аюу аманын тилейт,
Акмак жаманын тилейт.

* * *
Этекти кессең, жең болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.

* * *
Жар куласа суу чыкпайт,
Жалгыз өлсө чуу чыкпайт.

* * *
Калп айткан адам жарыбайт,
Кайгысыз адам карыбайт.

* * *
Жакшы чыгар азамат, элин билер.
Элин билген ал адам билим билер.
Окуп карап ойлонуп, илим билер.
Эчен түрлүү адамдын тилин билер.

Арстанбек БУЙЛАШ уулу
(1824-1878), кыргыз акыны

Тиш – ырыскы, тил – дөөлөт,
Тирүүлүгүң зор дөөлөт.

* * *
Каарың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,
Эл менен сен бийиксиң,
Элден азсаң кийиксиң.

* * *
Баш барда келет тууганың,
Баш жаздыктан тайганда
Баары калат жыйганың…

* * *
Жакының менен жоолашпа,
Өнбөс доону доолашпа.
Сөзү октой жамандан
Жакын жүрбө оолакта.

* * *
Кадырлаш болуп жүрбөсө,
Адамды адам сагынбас.
Жамандык башка түшпөсө
Адамга адам зарылбас.

* * *
Сөз кезеги келгенде,
Акыры башта бир өлүм:
Калыс сөзүң айтып кал.

* * *
Жалкоо адам жарыбас,
Күнүгө алтын тапса да
Акылсыз жигит байыбас.

Нурмолдо НАРКУЛ уулу
(1838-1920), олуя-акын

Дос таарынса – бергенин алат,
Кас таарынса жергеңи чабат.

* * *
Адам болсоң ак жүр,
Алыш-беришке так жүр.

* * *
Өгөйдүн өзү күйбөй –сөөгү күйбөйт,
Өзү сүйсө да жүрөгү сүйбөйт.

* * *
Өгөй – өөнчүл, жетим – кекчил.

* * *
Ооз – уя, көз – куш.
Унчукпаган – байкуш.

* * *
Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.

* * *
Ырыс бербес жер болбойт,
Ынтымак болбой эл болбойт.

* * *
Максаты жок аттанба,
Билбей туруп мактанба.

* * *
Келжирек адам ызылдайт,
Кеп чынынан бузулбайт.

* * *
Баарлашкан – билгенге жакшы,
Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы.

* * *
Эмгектен эр өсөт,
Эгизден төл өсөт.

* * *
Жаз, жайда малың айдап бак,
Кыш – күрөөдө байлап бак.

* * *
Эмгеги көптүн – өнмөгү төп.

* * *
Жылан өлгөндө гана түзөлөт.

* * *
Тал, терек тамырлашыңа керек,
Бирди кыйсаң – онду тик.

* * *
Жаш келсе жаадырашып ишке,
Кары келсе бабырашып – ашка.

* * *
Аракет – ойго, нысап – койго.
Илкиш – тоого, ниет тойго жеткирет.

* * *
Акылман менен учураш,
Ниети көккө учурат.

* * *
Абайласаң: акыл – алтын,
Оор басырык, ой – күмүш.

* * *
Акыл аалам кездирет,
Өнөр көккө жеткирет.

* * *
Акыл – тозбогон тон,
Илим – түгөнбөгөн кен.

* * *
Жылуулук – күндүн көзүндө,
Улуулук – даанышман сөзүндө.

* * *
Кедейдин тууса заманы
Байлардын кетет амалы.

* * *
Баатыр бир өлөт,
Коркок миң өлөт.

* * *
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
Эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.

* * *
Ай караган текече,
Бай караган кедейче болбо:
Ай караган теке суукка тоңуптур,
Бай караган ачтан өлүптүр.

* * *
Жаманга айтылган сөз – кулагынын сыртында.
Жакшыга айтылган сөз – жүрөгүнүн бурчунда.

* * *
Атаң карыса күң алдырба,
Энең карыса күл алдырба,

* * *
Ач бала менен ток бала
Кошулуп бирге ойнобойт.
Ойносо да бирдей ойлобойт.

* * *
Күлүктү дүбүртүнөн айрыйт,
Күмүштү күлдөн тааныйт.

* * *
Зер кадырын зергер билет,
Нар кадырын кербен билет.

* * *
Уну жоктун куну жок,
Уулу жоктун мууну жок.

* * *
Күздүктөн калган жаз айдайт.
Өрдөк жеген каз байлайт.

* * *
Жигит жоругу журтуна дайын,
Кыз кылыгы төркүнгө маалым.

* * *
Ой ойлосоң кең ойло,
Кең ойлосоң тең ойло.

* * *
Сөзүң өлгүчө, өзүң өл.

* * *
Мал сактагыча, ар сакта.

* * *
Жакшы болсо катының,
Келип турат жакының.
Жаман болсо катының,
Безип турат жакының.

* * *
Жакшы күнүңдө
Душманың дос болот.
Жаман күнүңдө
Тууганың кас болот.

* * *

Бирөөгө жамандык салганың –
Өзүңдү бутуңан чалганың.

* * *
Март менен коштошпо,
Наадан менен достошпо.

* * *
Бийликке айлакерлер келет:
Жеткиче мышыктай мыйоолоп,
Иттей шыйпаңдап, аттай желет,
Ошон үчүн мансапкорлук делет.

* * *
Бөлтүрүгүн уурдаса, берү дагы өч алат.

* * *
Ар ким жейм дейт куйрукту,
Алла билет буйрукту.

* * *
Башкалар жөнүндө чындыкты айталбаганың –
Өз күнөөңдөн тайсалдаганың.

* * *
Адамкерчиликтен чектелгениң,
Элден ажырап жектелгениң.

* * *
Аял жакшы – эр жакшы,
Алгоолошсо – тең жакшы.

Даярдаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *