АҢГЕМЕ

Ал бул сөздү айтуудан мурда менин кагаздарыма көпкө чейин үңүлүп, кайта-кайта окуп чыгып, анан оор күрсүнүп бир топко чейин унчукпай калды. Кабагы чытыла түшкөндө иштин жаман экенин дароо түшүндүм.

— Эми мындай байке… буга чейин көп дарыгерлерге кайрылыпсыз. Бирок бирөө да ачык айткан эмес окшойт. Муну жашырганда эмне, баары бир билесиз да…

— Эмне, ра-к-пы?!

Жашы бир кыйла кичүү дарыгер менин оорума өзү күнөөлүүдөй акырын башын ийкеди.

Көптөн берки түкшүмөлүм туура чыкканда, денем «дүр-р» дей түштү да, ушул азыр эле өлүп калчудай жүрөгүм оозума кептелип, катуу коркунуч басты. Башым айланып, кускум келип кетти.

— Байке, өзүңүздү кармаңыз! Баарыбыз Жараткандын колундабыз! Баарыбыздын барар жерибиз ошол…

— Эч үмүт жокпу? – дедим эриндерим араң кыбырап.

— Тилекке каршы, өтө кеч болуп калыптыр. Биз кыргыздар дайыма ушундайбыз… Кана эми, жок дегенде эки ай мурда келгениңизде…

— Иним, машинемди, үйүмдү сатып болсо да каалаган акчаңды берейин, мени аман алып кал! Мен… өлгүм келбейт! Мен болгону кырк жаштамын. Али артымда калар туяк да жок.

— Байке, бир амалы болгондо мен сизге дароо эле айтмакмын. Мен айтпасам башкалар айтмак.

— Операцияга кеч болсо, химтерапия дегениңер бар эмеспи?! – менин кеселиме ушул дарыгер айыптуудай корс эттим.

— Байке, мага ишенбесеңиз башка врачка барыңыз! – деди ал чарчагандай түр менен.

— Табыптарга кайрылсам кандай болот? – дедим айлам куруп.

— Ашыкча акчаңыз болсо бара бериңиз, азыр сизге Ибн Синонун өзү тирилип келсе да жардам бере албайт.

Экөөбүздүн ортобузда оор жымжырттык өкүм сүрдү. Бир нерсени сурайын деп канча кайраттанган менен тилим күрмөөгө келбей буйдалып көпкө турдум.

— Дагы канча жашашым мүмкүн? – деп сураганда өпкөм көөп чыкты. Көзүмдүн жашын көрсөтпөөгө тырышып шарт тескери бурулдум.

— Так кесе айталбайм, — деди ал да менден көзүн ала качып, алдындагы журналга бир демелерди жазымыш болуп.

— Мынча болду ачыгын айта бер, – дедим дале аны күнөөлөгөндөй. – Мен канча күн жашаарымды так билишим керек!

— Сизди жакшы карап-баккан адамдар болсо үч-төрт айга барышыңыз мүмкүн.

— Андай адамдар болбосо бир айга жетпей өлүп каласың дегени турасыңбы? Мен эки-үч жыл жашайм го десем… Бир ай жашаган менен төрт ай жашагандын айырмасы эмне?!

— Байке, сизден жаш болсом да, көптү көрдүм. Мени бул кесип кандай гана тагдырларга туш кылбады. Керек болсо дагы бир жума, атүгүл бир күн жашасам дегендер болот. Мен андайлардын абалын көрүп туруп, өмүрдүн ар бир көз ирмеми кымбат экендигин туйдум.

Бул жигитте мени жубатар үмүттүн кымындай да учкуну жок экендигине көзүм жеткенде шарт бурулуп, сыртка жөнөдүм.

— Байке, кетпей туруңуз! – деп кыйкырды ал артымдан шашкалактап. — Сиздин ооруңуз сизди катуу кыйнап коюшу мүмкүн. Жакында шаарда сиз сыяктуу кеселге чалдыккандардын азабын жеңилдетиш үчүн хоспис дегендер ачылган. Сиз мобу визитканы алып ошондо барыңыз. Мен артыма кылчайып караганым жок. Болгону мээмде «хоспис» деген буга чейин мен эч качан укпаган бейтааныш сөз жат болуп калды.

Мен мурда адам бир ай, эки ай өмүрү калганын билсе кандай жагдайга түшөт болду экен, эмне тууралуу ойлонот деп көп баш катырчумун. Мына ошондой күн эми өз башыма түштү. Ачыгын айтышым керек, жүрөк үшүн алган бул кабарды укканда түнү бою уктаганым жок. Башыма кандай гана ойлор келбеди! Тозоктун азабынан бир корксом, гөр азабынан эки корктум. Ажал келгенде жаным кандай чыгат экен деп үч корктум. Баарынан мүшкүлү – жалгыздыгым болду. Россиянын базарларында соода кылып жүрүп табышып, он жыл чогуу жашаган аялым мен бул кеселге кабылганым анык болордон бир аз мурда кетип калган. Мен аны күнөөлөй албайм, бечара он жыл күттү, он жыл түттү. Мындан ары анын багын байлап, мөмөсүз даракка айландыргым келбеди. Ал эми мен аскерде жүргөндө катуу суук тийгизип алып, убагында дарыланбай, тукумсуз болуп калганымды кеч билдим.

Түбү айылдык болгонум менен шаар турмушу мени айылдык тамырымдан ажыратып салгандыгын эми түшүнүп жатам. Мында көчүп келгенибизге беш жылдын жүзү болсо да, кабат үйлөрдө жашаган коңушуларыбыз менен алиге чейин кирди-чыктыбыз жок. Ата-энем өлгөндөн кийин айылдык туугандар менен да карым-катнаш мурдагыдай болбой калды. Анын үстүнө айылга барбаганым качан. Кийинки кездерде айылдаштарым да сейрек баш багып калды. Балким, буга аялымдын кээде аларды салкын кабыл алгандыгы себеп болгондур. Муну көрүп-билип турсам да, мен келинчегимди кой-ай дегеним жок. «Мен аларды үйүнө бир жылда бир барбасам, эмне үчүн алар менин үйүмө келе бериши керек?» — деп ойлоп, ичимден аялымдын кылганын макул көрчүмүн.

Эми мунун баары артта калды. Эми булардын мен үчүн түк мааниси жок. Эми мен үчүн бүткүл ай-ааламдын, бүткүл асман-жердин кызыгы жок. Мен жакында өлө турган болгондон кийин, бир-эки айдан кийин аты-жытым жок болуп кете тургандан кийин, булардын кимге кереги бар? Эми мен үчүн дүйнөнү топон суу каптаса да баары бир.

…Ошол күнү өлүп каламбы деп катуу корктум. Оору түн жарымында башталды. Алгач ичим кызып, анан бүткүл денем күйүп-жанып, оозум кургап, тилим катып калды. О, ошол күнү Таш-Дөбөнүн (Таш-Дөбө менин балалыгым өткөн биздин жайлоо) булагынын суусун эңсегенимди айтпа! Менин суусап азап тартканым ушунчалык болду дейсиң, калган өмүрүмдү эч кылчактабастан бир ууртам булактын суусуна алмаштырууга даяр турдум! Бактылуу балалык доорумда кана-кана жутчу булактан бир гана жолу ичсемчи! Муздагы дене бойду чыйрыктырган ошол суудан моокум канганча жутсам! Бул арманым эми орундалбай кала турган болду го!

Бир чети оорунун азабы, бир чети ичим от-жалын болуп суусагандыгым тирүүлүктүн тозогуна айланса, бир чети жанымда арка-жөлөк болор, эш болор адамдын жоктугу зээнимди катуу кейитти. Мен өмүрүмдө эч качан жалгыздыктын адамдын жанына мынчалык бата тургандыгын ойлогон эмес экенмин. Жаш балабы, карыган чал-кемпирби, дудук, дүлөйбү, акылынан адашкан жинди, келесообу – ким болсо да жанымда бир адам, илеп тартып турган бир тирүү жан болсо экен деп самадым. Адам адамга кандай керек экендигин, киши кишиге кандай муктаж болорун оору муунтуп чыккан ошол түнү кандай түшүндүм дейсиң. Анан кеселдин азабынан жаным көзүмө көрүнүп жатса да ушул түнү өлбөсөм экен, таңга тирүү чыксам экен деп Жаратканга жалбардым.

Мындай кеселге кабылгандардын ичинен «бир жума, атүгүл бир күн жашасам дегендер» да болот деген онколог жигиттин сөзүнө ишенбегенимди кара! Таңга маал, денемдин табы кайтып, оору бир аз басаңдаганда «тез жардам» чакырып, мени хоспис деген жерге алып баргыла деп сурандым. Эмне үчүн кесел жаңы эле башталганда «тез жардам» чакырбай, кимге өчөшүп, кимге өпкөлөгөнүмдү билбейм.

Хоспис дегени айыкпас ооруга кабылгандардын азап-мүшкүлүн колдон келишинче жеңилдетүүчү жай экен. Бирок муну бейтапкана дегенге болбойт. Мында кадимки үйдөгүдөй, атүгүл дээрлик көпчүлүгүбүздүн үйүбүздө жок жакшы шарт-жагдай түзүлгөн. Ар биринде экиден чоң терезеси бар бөлмөлөрү кең жана жарык экен. Буларды палата да дегенге болбойт. Булар демейки курорттордогу бардык шарты түзүлгөн бөлмөлөргө окшошуп кетет.

Баарынан мага жакканы — мындагы бизди тейлеген кызматкерлердин алпейим мамилеси менен короодогу бак-дарактар жана түрлүү-түмөн гүлдөр болду. Мен мында өмүрүмдө көрбөгөн гүлдөр менен дарактарды көрдүм. Жергиликтүү, өзүбүздө өскөн дарактар менен катар мага таптакыр бейтааныш дарактар бойго жетип бойдок жигиттердин акыл-эсин азгырган сулуу кыздардай суйкайып турганы тим эле укмуш. Буларды карап баккан багбан абышканын айтымына караганда, дарактардын көпчүлүгү алыскы өлкөлөрдөн, айрымдары Италия менен Грециядан, Австралиядан алынып келиниптир. Ал эми гүлдөрдүн кооздугун айтпа! Биринен бири татынакай, биринен бири сүйкүмдүү, биринен бири жагымдуу!

— Бул жер тирүүлүктүн бейиши экен! Булар бейиш гүлдөрү эмей эмине?! – дедим угуза. Чал мага таңдана карап, өз иши менен алек боло берди. Мен гүлдөрдүн көп түрдүүлүгү менен сулуулугуна катуу арбалып калган экенмин, жаныма басып келген мээрман айымды байкабай да калыптырмын.

— Сиз гүлдөрдү аябай жакшы көрөт окшойсуз? – назик үн менин көңүлүмдү буруп жиберди. Кайрылып карасам, жанымда орто бойлуу, ак саргыл, көздөрү ойлуу тарткан кыз күлүмсүрөп туруптур.

— О, бала кезде, тоодо жүргөндө гүлдөрдүн «жиндиси» элем. Жайлообуздагы ар бир гүлгө өзүнчө ат коюп, баарып таанып калган элем десем жаңылышпайм. Кийин көр тирлик, соода деп жүрүп гүлдөргө, сулуулукка да кызыкпай калбадыкпы, — дедим шуу үшкүрүп.

— Кызык, бардык гүлдөргө өзүңүз ат коюп чыктыңыз беле?

— Көпчүлүгүнө ат койгом.

— Койгон аттарыңыз азыр эсиңизде барбы?

— Андан бери көп жыл өтпөдүбү, эсте калбаптыр. Жо, бирөө али да эсимде экен. Жайлоодогу мен көргөн гүлдөрдүн ичинен укмуштай бир коозу бар эле. Мен аны Бакыт гүлү деп атачумун.

— Бакыт гүлү дейсизби?! Чын эле керемет ат экен! Кийин турмуштан… ошол гүлүңүздү… таба алдыңызбы?

— Таптымбы-таппадымбы эми баары бир эмеспи, мунун эми пайдасы канча?! –дедим үнүм буулугуп.

— Эмне үчүн антип айтасыз? – деди кыз, мага мээримдүү жылмайып, — тирүүлүктүн ар бир күнүнө, керек болсо ар бир саатына канагат кылыш керек. Сиз али көп жашайсыз. Бул турмуштун керек болсо миң күнүнө алмашкыс бир күнү болот, балким, сиздин ал күнүңүз али алдыдадыр.

Кыздын сөзү мазактагандай туюлду, мен уккум келбей, илкий басып хоспис тарапка жөнөдүм. Тек анын эшигине жеткенде артыма кылчайып карасам, жанагы кыз мага карап сырдуу тигилип туруптур. Экөөбүздүн көздөрүбүз бир саамга чагылыша түштү, кийин мен ичкери кирип кеттим.

Мен канчалык чарчап-чаалыксам да, бир аз эле шыбырттан же үндөп ойгонуп кетмей адатым бар. Жаңы эле уктап кетсем керек, мага жанаша жаткан он тогуз-жыйырмалардагы жигиттин солуктап үнсүз ыйлаганы мени ойготуп жиберди.

— Эмне болду?! – дедим чочуп кетип, — кыйналып жатасыңбы, дарыгер чакырайынбы?

— Кереги жок! – деп бурк этти ал.

— Эгер кааласаң, жарыкты күйгүзөйүн.

Ал унчукпады. Мени оор санаа басты. Азбы-көппү мен бул турмуштан аларымды алып, көрөрүмдү көрдүм. А бул жигитчи? Бул жигит эмнени көрдү?..

— Эмне үчүн мен өлүшүм керек?! Эмне үчүн башкалар өлбөйт?! – деди ал ый аралаш. — Дүйнөдө сексен-токсондон ашкан жүз миңдеген, атүгүл миллиондогон адамдар бар. Эмне үчүн ошолордун биринин жарым жашын мага бербеди?

Ал оор күрсүнүп үндөбөй калды. Анын суроолоруна менин жообум жок эле. Ошондуктан жооткото албадым.

— Мен али… мен али… аялга да… жакындай элек бол-чу-му-н! – ал муну шыбырап айтып жатканда үнү дирилдеп кетти.

— Жакшы көргөн кызым… мен өзүм болбой койдум эле… Аллахтын алдында таза, ак болсок дегем… Мындай экен, мени эмне үчүн жаратты? Эмне үчүн өмүр берди?

Жигиттин сөздөрү менин жан дүйнөмдү аңтар-теңтер кылып жиберди.

— Биздин акылыбыз жетпеген, билсе бир гана Кудай билгидей чындык бар окшобойбу бул жашоодо… — дедим.

— Эгер Кудай ушундай адилетсиз болсо, мен анын барлыгына ишенбейм, ишенбейм ага! – ал керебетинен козголуп, мени менен урушчудай, бери обдулду.

Ошол учурда оң жактагы бурчта жаткан улгайган абышка ордунан туруп барып жарыкты күйгүздү. Жарык күйөр замат баарыбыз бир команда берилгендей жаткан керебетибизден баш көтөрүп, көздөрү жашылданып турган жигитке, анан бири-бирибизге назар салдык. Мен сыяктуу эле башкалар да ойгонуп кеттиби же уктай элек беле, айтор, мен алардын жүзүнөн катуу кыжаалаттык менен кооптонууну байкадым.

— Балам, кой антип айтып Теңирдин алдында күнөөкөр болбо. Жакшы көргөн пендесин Кудай эрте алат дейт, — деди жанагы карыя жигитке олуттуу тигилип.

Баарыбыз тунжурап, унчукпай калдык.

— Силер майрам күндөрү көп эле жолу аянтка чыксаңар керек, — деп сөзүн улантты карыя саамдан кийин, нуру өчүп бараткан көздөрү менен бизди кыдырата карап. — Ошондо балким жүз миң, эки жүз миң, атүгүл үч жүз миң кишини көрөбүз. Ошол эки жүз, үч жүз миң адамдын башына да бир күн өлүм келет. Демек, өлүп жаткан жалаң эле биз эмеспиз да, бул нерсе ар кимдин башында бар… Эх, өлүмдөн ким качып кутулган дейсиңер…

— Мен сиздин жашыңызда болсом эч армансыз өлө берет элем, — деди кекээрдүү жаш жигит. – Сексенге кирген адамдын эмне арманы болсун!

— Илгери бир олуя алты жүз жыл жашап, өлөр алдында «эшиктен төргө өткөнчөлүк болбодум» деген экен, — деп жооп берди карыя токтоо гана. — Мен быйыл сексен экиге чыктым. Кечээ эле оюнга тойбогон бала болгондоймун, кечээ эле оттон-суудан кайра тартпаган жигит элем. Бүгүн минтип гөр оозунда турам. Бирок… бирок мени жашоого, өмүргө тойду дейсиңерби? Адамга миң жыл да аздык кылат тура…

— Кээде жүз жыл жашасак да бул дүйнөгө эмнеге келип, эмнеге кеткенибизди билбей өтүп кете берерибизди мен бүгүн гана түшүнүп жатам. Менимче, антип жүз жыл жашагандан көрө өмүрдүн маани-маңызын түшүнүп анын үчтөн бир бөлүгүн жашаган артык ко, — дедим мен ойлуу.

Ушул сөздү айтып жатып мен бул бөлмөдөгү беш кишинин өзүмдөй эле арыктап сүлдөрү качкан жүзүнө көз чаптырдым. Мында келгениме бир суткага жакын убакыт болсо да, булардын эч кимиси менен таанышпаганыма, булардын биринин да атын сурабаганыма, алар да менин ал-жайыма кызыкпаганына таң калдым.

Анан эмнегедир өзүм өлбөчүдөй, эмнегедир өзүм али көп-көп жашачудай болуп, көздөрүндө коркунуч менен үмүтсүздүк сезилген ушул кишилерди аяп кеттим. Айрыкча тирүүлүктүн ыракат-жыргалын көрбөй жарык дүйнө менен кош айтышып кетип жаткан жаш жигитке катуу боорум ооруду. Эмнегедир ушул кишилердин баары менин бир тууганымдай, менин кандаш, киндиктеш жакын адамдарымдай баарын кучактап өпкүм келди. Алдыда канча өмүрүм калса ушулар менен тең бөлүшкүм келди. Ой-санаасына ажалдан башка эч нерсе кирбей калган, сааттын ар бир жебеси соккон сайын жакындаган өлүм коркунучуна жеңдирген ушул кишилер менен агымдан жарылып, чер жазышып сүйлөшкүм келди. Көкүрөк-көөдөнүмдү жеңилдетип, ыймандай сырымды төгүп, кимдир-бирөө менен качан сүйлөшкөнүм эсимде жок. Балким, көп жылдар бою сүйлөшпөсөм да керек.

Анан күтпөгөн жерден эсиме балалыгым, ата-энем, туугандарым, айылдаштарым түштү. Жайлоонун мөлтүр булактары, тулаңы, жашыл шибери, аска-зоолору түштү. Өзүм ар бирине ат ыроолоп, бир кезде сулуулугуна көзүм тойбой жүргөн гүлдөрдү эстегенде, жан дүйнөмдү кудум бала кездегидей аруулук ээлеп, бүтүндөй тулкум жеңилдей түштү. Балалыгымдын бүтпөс жомогу, көз жоосун алган тоолор, жердештеримдин кыял-жоругу, кең пейили тууралуу мобул кишилерге санат кылып айтып бергим келди. Баарынан кызыгы, кече күнкү ак саргыл татынакай кыздын элеси көз алдымдан түк кетпей койду. Анан кокустан эле өзүм Бакыт гүлү деп ат койгон биздин жайлоодогу ажайып гүлдүн элеси көз алдыма тартылды.

Мен ал түнү башка уктабай таң атырдым. Узак мезгилден берки оор уйкудан ойгонгондой, тагыраагы, ушул түнү кайра төрөлгөндөй, өзүмдү бир башкача сезип, тээ он сегиз жашымдагыдай жүрөгүм элеп-желеп болуп туруп алды. Байкасам, жанымдагы жаш жигит да уктай албай ооналактап жатыптыр.

— Сен аны чындап сүйөсүңбү? – деп сурадым жигиттен акырын.

— Эмне? – ал өз ою менен алек болуп жатса керек, менин суроомду түшүнбөдү. – Тигил… сүйлөшкөн кызыңды чын жүрөктөн сүйөсүңбү?

— Ооба, — деп жооп берди ал үнү каргылданып. – Эми ал тууралуу айтса не, айтпаса не…

— Демек, сен өлбөйт экенсиң! Анткени сүйүү түбөлүктүү да, сүйүү эч качан өлбөйт да. Мен да кечээ сага окшоп өлүп калат экем деп коркуп аттым эле. Азыр кудум кайра жаралгандай болуп турам.

— Сиз эмнени айтып жатканыңызды түшүнбөдүм?

— Билесиңби, — дедим анын суроосуна жооп кайтарбастан, — ушул түнү жаш кезде окуганда анча маани бербеген бир накыл кепти эстедим. Бир акылман: «Сүйүүнүн өзү – Кудай» — деп айткан экен. Демек, Сүйүү дагы Кудай сыяктуу түбөлүктүү, Кудай сыяктуу өлбөс-өчпөс…

Мен катуу толкундангандыктан, башка сүйлөй албай калдым, тезирээк таңдын атышын, хоспистин короосун көрккө бөлөп турган кооз гүлдөргө тезирээк жетүүнү, ак саргыл сулуу кыз менен тезирээк жолугууну самап турдум. Эми өлүм, ажал менин оюма түк келбей калды.

2016-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *