Жаңы сайтты чөнтөк телефондон окуй албай жатабыз деген билдирүүлөр болууда.

Биз бул билдирүүлөр менен таанышып, бардык себептерди караштырдык. Анын бир гана себеби мынабул болушу мүмкүн деген тыянакка келдик:

Сайтты чөнтөк телефондон ачканда солдон өйдө РУБРИКАларды ача турган үч таякчадан турган кичи белги турат. Төмөндөгү сүрөттө ал жашыл жебече менен көрсөтүлүү.

Аны бассаңар, бүт экранды жаап кала турган рубрикалардын тизмеги көрсөтүлгөн кара түстөгү терезече ачылат. Көрсөтүлгөн рубрикалардан сизге керектүүсүн басасыз же рубрикаларды тандагыңыз келбесе, анда ошол терезеченин оңдон өйдө жагындагы крестти баскыла (төмөндөгү сүрөттө ал жашыл жебече менен көрсөтүлүү). Кара терезече жабылып калат.

Чөнтөк телефондон сайтты ачууда байкоостон РУБРИКАларды ачкан жерди басып алышыңыз ыктымал.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *