Кыш эле кычыраган, бороон эле.
Күз эле күтүрөгөн, шамал эле.
Оо ал бир орой эле, орой эле,
оо анда көптөр чыны чабал эле.

Жалтанып койгон эмес бычагыңан,
мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан.
Туткунун жеңип далай көр турмуштун,
кебелбей чыккан азап тузагынан.

Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп,
кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп,
бир чыгаан болот эле бул ойронуң
талантты бербегенде кечеңдетип.

Ырдаса ыры мукам үнү булбул,
иштесе оозу дудук, жаны дулдул.
Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок,
бука баш айбан болуп калчу кургур.

Кубалап же бир куулуп көргөн эмес,
жеңилген же бир жеңип көргөн эмес.
Бүттү деп үмүт үзгөн жерден дагы
бүлүнбөй аман чыккан, өлгөн эмес!

Аңдоосуз айкөл, ак ниет, албан эле,
боорукер, боз чалбаган жандан эле.
Кайгырса кабагына күүгүм кирип,
каткырса карегинде таң бар эле.

Укчу эмес, укмак түгүл басчу да эмес,
Куучу эмес, кууса бирөө каччу да эмес.
Жараткан бул пендесин жаратыптыр:
жаман да,
же жыргатаар жакшы да эмес.

Күржүйүп гүлдөп коюп, “чаңдап” коюп,
Күпүлдөп машинесин айдап коюп.
“Күр” куюп, эки жүздү басып алып,
Кызыр эм тайдын жалын чайнап коюп.

Сөккөндө… жетээр жерге жете сөгүп.
Тарсайып тамекини тандап чегип.
Алдынан чыккандарды коен санап,
Турчу эле өзүн дайым жолборс сезип.

Карабай алды-артына, соо-масына,
Карабай кары-жашка, дос-касына.
Кармаса кара жини карк түкүрүп,
Качырып кирчү мушташ коогасына.

Асылып… аш-тойлордо жөөлөп чыгып,
Койсо эгер…
бирөө-жарым башка кылып…
Көз чыгып, баш айрылып, балакет бас!
“Барс!” сынып турар эле кашка жилик.

Айылды каптап анан… жалаң жалын,
ошо чуу, ошол жалын басылгыча
үйүнө жатып алып, сыртка чыкпай,
роман окуур эле жалаң калың.

Бир айбы, жарым айбы?.. Ууу-чуу өчүп,
калганда көнгөнүнө кайта кетип…
Түнөрүп туш келгенди зырылдатып,
жалгыз бой жесирлерди байкелетип,
дембе-дем бопоросун бурулдатып,
байлануу көк дөбөтүн ырылдатып,
заңк этип,
атын атап,
папылдатып,
өкүртө газды басып,
дүрүлдөтүп,
бул зөөкүр катын уулап таң аткыча,
кенедей айылын чыкчу зирилдетип.

Акжаркын аялы бар эле анын,
ал үчүн бардыгына жүргөн чыдап.
Айтам деп күйөөсүнүн кылыгынан,
аңкылдап бирөө келсе…
аста гана
жылмайып койчу дагы мыйыгынан,
бир укмуш мээрим менен турчу сылап,
майкечен күйөөсүнүн ыйыгынан.

Канча жыл жашап келет,
күйөөсүнө
Айтчу эмес: “Аның эмне?! Мунуң эмне?”
Эри да момун эле жалгыз гана
аялы менен болгон мамилеге.
Күтүүсүз күйөөсүнүн айыбынан,
кан жалап,
кызып калса мушташ жүрүп,
карабай атасына-жотосуна,
аюудай жер коңторуп,
четтен кырып,
талкалап…
бет келгенин чаап-жулуп,
жүлүндөй темирлерди толгоп-толгоп,
билектей темирлерди кычкач кылып
турганда…
кирип келсе аялы анын
жини сууп,
калаар эле тып басылып.

Кош өрүм чачын таштап чалкасынан,
маралдай алга басыш адаты анын.
Дөбөттөй башын салып,
аркасынан
күйөөсү ээрчип кетип баратканын
көргөндөр шыпшынышып айтаар эле,
зөөкүргө назик аял жарашканын.

Көп эле кекенгендер: “Оо кудайым,
көпкөндүн кара көзүн кашайт, кашайт!”
Анан да айтышчу эле:
“Алган жары
капырай кантип коркпой бирге жашайт?”

“Оо, кудай, аял эмес, мунуң түгөт,
оо, кудай, аял эмес, мунуң жибек!”
деген сөз көп айтылып турар эле.
Чынында аял эмес, чүрөк болчу!
Чынында аял эмес, жибек болчу!

Жибектей алган жары салтты кармап,
үлбүрөп турар эле болбой айгак.
Жумуштан келген эрин тосуп алчу,
боркулдап чайы кайнап,
көзү жайнап…

Оо деги одурайган дөөдөй зөөкүр
канчанын коюнунда болду манап.
Бир гана аялынын маңдайында
турчу эле өзүн дайым чиркей санап.

Жалбарып, беш бүктөлүп, дөөдөй түгөт
аялын бир башкача ысык сүйөт!
Табышчу табышкандай суулар сайды…
Желбиреп, туйлаар эле
туудай жаны.

Бир арман!
Жибек аял жибек бойдон
шуудурап турду дагы…
туубай калды.

Таноосунан кетпеген “байтал” деми,
туубайсың деп айткан жок шайтан эри,
зөөкүрсүң деп айткан жок Жибек аял,
сен-мен дешпей ал экөө жашай берди.

Турмуш кандай акылман! Элдештирип,
айып чукуп, сынаптай “мелдештирип”,
туубаганга зөөкүрдү жоюштуруп,
зөөкүрүнө туубасты теңештирип!

Мезгил келсе көнбөскө айла барбы?!
Мезгил менен алар да “майдаланды”.
Жибек аял кенедей кемпир болду,
Бая зөөкүр чүкөдөй чалга айланды…

Көрдөй кылбай үйүнө чырак жагып,
Келатышат ал экөө улам карып…

Эгиз козу – ээрчишип, жобурашып,
баласы да, эри да – жалгыз чалы
маңдайында чай ичип, кобурашып…

Кемегеге от жагат көкөлөтүп!
Келатышат ал экөө жетелешип…

Зөөкүр деген ат өчкөн. Баары кайыл.
Эстегенде: “Жибектей ошол аял
бала эмес, эр баккан” дешет айыл…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *