Жек Лондон – америкалык жазуучу, журналист жана коомдук активист. Ал Сан-Франциско шаарында, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы жакырчылыкта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып газета саткан, андан соң балык уулап, консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайда жумушчу болуп иштеген, матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барган жана репортёрлук кызматты аткарган.

Англис тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ

I БӨЛҮМ

I бап. Куугун

Муз тоңгон  дайранын  өйүз-бүйүзүндөгү  карагай  токой  түнөргөндөн түнөрөт. Өткөндөгү  шамал  дарактардын  кийген  кыроосун  сыйырып  кетип,  эми алар  күүгүмдө  капкара  болуп,  ызырынгансып,  бири-бирине  сүйөнгөнсүп  турат. Айланада  тунжураган  жымжырттык.  Жашоо  дегенди,  кыбыр  эткен  кыймыл дегенди  билбеген  бул  аймак  ушунчалык  ээн,  ушунчалык  какшаган  суук болгондуктан,  бул  жердин  өкүм  сүрүп  турган  маанайын  көңүл  чөктүрөт  деп айтууга  да  ооз  барбас  эле.  Бул  күлкү,  бирок  кайгыдан  да  жаман  күлкү  эле, сфинкстин  жылмаюусундай  мисирейген,  шаңгыраган  аяздай  ичти  калтыраткан күлкү  болчу.  Алмустактан  бери  келаткан  бул  акыйкат  жашоонун,  жашоо  үчүн күрөштүн  пайдасыз  экенин  карап,  каткырып  күлүп  турчу.  Бул  чөл,  каны-жанына чейин тоңуп калган Түндүктүн улуу чөлү болчу.

Бирок  ага  моюн  бербей  кыбыраган  бир  нерсе  бар  эле.  Тоңуп  калган суунун  үстү  менен  чанага  чегилген  иттер  келаткан.  Үрпөйгөн  жүндөрү кыроолонуп,  ооздорунан  чыккан  булоо  дароо  түгүнө  жабышып,  жылт-жулт эткен кристаллга айланып калып жатты. Иттер кайыш тасмалар менен чананы сүйрөп келатышты. Таманы жок, кайыңдын калың кабыгынан эле жасай койгон чана  карга  батып  калган.  Алдыда  толкун  сыяктуу  болуп  жаткан  карды  сүзүп калбасын  деп  алды  бир  аз  жогору  карай  ийилген.  Чананын  үстүндө  бекем байланган  узун  кууш  сандык.  Анда  башка  буюмдар  да  бар  эле:  кийим-кечек, балта, кофе кайнаткан идиш, таба, бирок чананын бир топ жерин ээлеп жаткан ушул кууш, узун сандык баарынан мурун көзгө урунат.

Иттердин  алдында  жапкакчан  бир  киши  араңдан  келатат.  Чананын артында  экинчи  киши  илбийт.  Чанадагы  сандыкта  көрөр  азап-тозогун  көрүп бүткөн  үчүнчү  киши  жатат,  анткени  Түндүктүн  улуу  чөлү  аны  кайрып сындырып,  кыймылдагыс,  күрөшө  алгыс  кылып  салган.  Ал  кыбыраган кыймылды  сүйбөйт.  Ал  жашоого  каршы,  анткени  жашоо  дегениңдин  өзү кыймыл,  ошондуктан  ал  кыбыраган  нерсенин  баарын  токтотконго  умтулат.

Деңизге  карай  шашкан  сууну  тоңдуруп  токтотот;  дарактардын  ширесин  соруп алып,  өзөгүнө  чейин  тоңдурат;  бирок  ал  адамдын  өжөрлүгүнө  өтө  өчөгүшүп айыгышат,  анткени  киши  –дүйнөдөгү  эң  тынчы  жок  жандык,  дайыма өжөрлөнүп,  ар  кандай  кыймыл  акырында  токтойт  деген  улуу  чөлдүн  эркине каршы турганы турган.

Бирок чананын алды-артында эр жүрөк, муңбаган, али тирүү эки киши келатты.  Алардын  кийими  жумшак  ийленген  териден  тигилген  эле.  Чыгарган булоо  деми  дароо  музга  айланып,  кирпиктерин,  жаактарын  жана  эриндерин каптап калгандыктан, жүздөрү көрүнбөйт. Ушундан улам алар  аркы дүйнөдөгү арбактарды  көөмп  жүргөн  сырдуу  табытчыларга  окшоп  турду.  Бирок  бул  бет каптын  алдында  кайгынын,  табалаган,  тунжураган  жымжырттыктын  өлкөсүнө тартынбай  кирип,  дүйнөнүн  кубаттуу  күчү  менен  коркпой  теңтайлашып,  көз жеткис ээн, бейтааныш мейкиндикке каршы турган адамдар бар эле. Алар  унчукпай,  демин  дене  кыймылына  гана  жумшап  келатышты. Айланада ың-жыңсыз тунжураган жымжырттык. Ал суучулдун денесин кыскан суу  сыяктуу  акыл-эсти  кысып  турат.  Чексиздиги,  мыйзамынын  бузулгустугу менен  эзип  турат.  Аң-сезимдин  эң  түпкүрүндөгү  булуң-бурчуна  чейин  жетип, жүзүмдүн  ширесин  сыгып  алган  сыяктуу  адам  рухуна  мүнөздүү  болгон текеберлик, бой  көтөрүү  сыяктуу  жасалма, жаңылыш нерселерди  сыгып  алып, адам  деген  табияттын  сокур  күчтөрүнүн  оюнун  билбей  эле  өз  жолун  издеп тырбалаңдаган көр пенде, бир жандык деген ойго ынандырат.

Бир саат өттү, эки саат өттү. Алыстан созолонуп улуган бир үн келгенде, кыска, бозоргон күндүн жарыгы өчүп бараткан эле. Бул үн көккө атып чыгып, жетер  жерине  жеткен  соң  калтырап-титиреп  бир  аз  кармалып  турду  да,  анан бара-бара  угулбай  калды.  Жаалданганы,  өзөрүп  ачыкканы  болбосо,  муну бирөөнүн  адашып  жүргөн  жанынын  көөдөн  жарган  ыйы  десе  да  болор  эле. Алдыда бараткан киши бурулуп, чананын артындагы  менен тиктеше түштү да, экөө тең баш ийкеп коюшту.

Жымжырттыкты ийнедей тешип улуган үн кайра  угулду. Экөө тең үндү тыңдап,  чыккан  жагын  билгенге  аракет  кылышты.  Үн  болсо  жана  эле  өздөрү басып өткөн карлуу талаа жактан келип жатты. Көп өтпөй эле бириси ага жооп кайтарып улуду, аныкы да арттан, бирок сол жагыраактан чыкты.

—  Булар  бизди  ээрчип  келатат,  Билл,—  деди  алдыдагы  киши.  Үнү каргылданып, араң сүйлөдү.

— Тамагы  жок  да,—  деп  жооп  кайтарды  жолдошу.  –  Канча  күндөн  бери бир коёндун изин көрө элекмин.

Жолоочулар унчукпай калышты, бирок кулактары арттан келип жаткан улуган үндөрдө болчу.

Иңир  киргенде,  иттерди  дарыянын  жээгиндеги  карагайларга  буруп, өргүүгө токтошту. Оттун жанындагы табыт отургуч да, үстөл да болуп калды. Ары  жакта  топтошкон  иттер  бири-бирине  ыркырап,  алыша  кетип  жатканы менен эмнегедир оттон алысташпайт.

— Буларыңдын оттон алыстагысы жок, Генри,- деди Билл.

Муз  салынган  кофе  кайнатуучу  идишти  отко  коюп  жаткан  Генри унчукпай баш ийкеди. Табытка отуруп, тамакка киришкен соң гана кобурады:

— Булар  жан  сактаганды  билишет.  Бул  жерде  тамак  беришерин,  тиякка барса  өздөрү  бирөөгө  тамак  болуп  каларын  да  билишет.  Булардан  өткөн акылдуу неме жок.

Билл башын чайкап койду:

— Ай, ким билет.

Жолдошу аны таңыркай карады.

— Булардын акылынан шектенгениңди биринчи жолу угуп жатам.

— Генри,—  деди, —  Билл  төө  буурчакты  ойлуу  чайнап  жатып,—  мен  тамак берип жатканда иттердин алыша кеткенин байкадыңбы?

—  Чын  эле  бүгүн  талаш  адаттагыдан  көбүрөөк  болду,-  деп  ырастады Генри.

— Бизде канча ит бар, Генри?

— Алты.

— Мына,  Генри…  —  Сөзүм  олуттуураак  болсун  деп,  Билл  бир  аз  тыным жасады.  –  Мен  да  биздин  алты  итибиз  бар  дейм.  Каптан  алты  балык  алып, иттердин ар бирине бирден балык бердим. Бирөөнө жетпей калды, Генри.

— Жаңылыш эсептеп алсаң керек да.

— Бизде алты ит бар,-  деп кайдыгер кайталады тигил. –  Мен алты балык алдым.  Жалгыз  кулакка  балык  жетпей  калды.  Кайра  келип,  бир  балык  дагы алып бардым.

— Бизде болгону алты ит бар,- деп көжөлдү Генри.

—  Генри,-  деп  сөзүн  улады  Билл,  —  мен  бардыгы  ит  болчу  деп  айта албайм, бирок балыкты жетөө жеди.

Генри чайнаганын токтотуп, оттун ары жагындагы иттерди санады.

— Азыр алтоо эле.

— Бирөө  качып  кетти,  мен  көрүп  калдым,-  деп  каршы  болду  Билл.  – Жетөө болчу.

Генри ага боор ооруй карап турду да, анан мындай деди:

— Ушул саякатыбыз бүтсө, абдан сүйүнөт элем.

— Мунуңду кандай түшүнсө болот?- деп такыды Билл.

— Биз алып бараткан жүктү айтып атам, ушунун айынан көзүңө ар нерсе көрүнүп жатпайбы.

— Мен да ошентип ойлодум эле,-  деп олуттуу жооп берди Билл. –  Бирок ал качып кетери менен карды карасам, изи жатыптыр. Анан  иттерди  санадым, алтоо экен. А изи болсо тигинде турат. Көргүң келеби, жүр, көрсөтөйүн.

Генри  жооп  берген  жок,  унчукпай  тамагын  жеп  бүтүп,  ысык  кофесин ичти. Анан оозун колунун сырты менен сүрттү да:

— Демек, сенин оюңча бул…

Созолонуп муңдуу улуган үн анын сөзүн бузуп кетти.

Ал унчукпай тыңшап калды да, анан улуган тарапты көрсөтүп, жанагы сөзүн бүтүрдү:

— …тияктан келген конокпу?

Билл башын ийкеди.

— Башка эч нерсе деп айта албайсың. Иттердин кантип талашканын өзүң көрбөдүңбү.

Созолонуп  улуган  үндөр  барган  сайын  үн  алыша  көбөйүп,  ызы-чуу түшүп  жатып  калды.  Алар  ар  тараптан  чыгып,  жаны  чыгып  корккон  иттер үймөлөктөшө отко кирип келип, жүндөрү күйүп кала жаздап жатты. Билл отундан отко көбүрөөк ыргыткан соң, канжасын күйгүздү.

— Такыр эле жылдызың түшүп калды го,- деди Генри.

— — Генри… – Билл канжасын ойлуу тартып отурду. – Ойлоп отурсам, бул бизге  караганда  бактылуураак  экен.  –  Ал  өздөрү  отурган  табытты  чапкылап койду. –  Биз өлгөндө, Генри, ит-куш жеп кетпегидей кылып корумдап коюшса жакшы.

—  Сенде  да,  менде  да  мунукундай  тууган-урук,  акча  деген  жок,-  деп кошулду Генри. – Экөөбүздү ошондой алыска ким алып барып көммөк эле.

— Мен ушуга түшүнбөй койдум, Генри, бул өз мекенинде лорд же ошол сыяктуу  бир  неме  экен,  тамак,  жылуу  жууркан  менен  иши  болгон  эмес  экен, анан  ушундай  жыргап  жашаган  киши  ушул  көрдүн  көтүнө  эмнеге  келди  экен дейм да.

—  Ооба,  үйүндө  карыганча  жыргап  жашай  берсе  болмок,-  деп  макул болду Генри.

Билл сүйлөйүн деп оозун камдап барып, сүйлөбөй калды. Мунун ордуна ал  ар  тараптан  чулгап  турган  караңгылыкты  көрсөттү.  Көөдөй  караңгыдан  эч бир  караан  байкалбай,  эки  көз  гана  чоктой  күйүп  турду.  Генри  экинчи,  анан үчүнчү  жуп  көздү  көрсөттү.  Чоктой  күйгөн  көздөр  аларды  акырындап  ороп келатты.  Бир  жерден  жок  болуп  кеткен  көз  дароо  башка  жерден  пайда  боло калып жатты.

Иттердин  барган  сайын  тынчы  кетип,  бир  маалда  коркконунан  оттун жанына  үймөлөктөшүп,  адамдардын  аяк  алдына  кыңшылап  сойлоп  келишти.

Тополоңдо бир ит отко кирип кетип, каңшылап жиберди. Аба куйкум жыттана түштү.  Көздөрдүн  курчоосу  үзүлө  түшүп,  артка  кеткендей  болду,  бирок  иттер тынчтана түшөрү менен кайра мурунку ордуна келип калды.

— Генри, иш чатак! Патрон аз калыптыр.

Билл  канжасын  тартып  бүтүп,  бая  тамактын  алдында  карга  жайып койгон карагай бутактарынын үстүнө тери менен жуурканды жая салып, төшөк салып жаткан жолдошуна жардамдаша баштады. Генри жөтөлүп, чокоюн чече баштады.

— Канча патрон калыптыр дедиң?- деп сурады ал.

— Үчөө,-  деп жооп берди тигил. –  Үч жүз болсо кана. Бул шайтандардын акесин таанытпайт белем.

Ал тиги күйүп  турган көздөр жакка муштумун кезеп койду да, чокоюн отко жая баштады.

— Ушул  күн  да  кичине  жылыса  болот эле,-  деп  божурай  берди  Билл.  – Эки жума болуп баратат, элүү градустан түшө элек. Эмнеге жолго чыктым экен дейм  да,  Генри.  Ушул  мага  анча  жакпай  турат.  Бир  кызыктай  болуп  турам. Эртерээк  жетсек  да,  ушул  ишти  бүтүрсөк.  Азыр  экөөбүз  Мак-Герри  фортунда каминдин жанында криббедж ойноп отурсак.

Генри  бир  нерсе  деп  кобурады  да,  төшөккө  жата  кетти.  Үргүлөп баратканда, жолдошунун үнүнөн ойгонуп кетти:

—  Генри,  эмне  үчүн  иттер  жанагы  балык  жеп  кеткен  немени  талап кетишкен жок? Мен ушуга кыжалат болуп жатам. Сен өтө эле кемпир кыял болуп баратасың, Билл,- деп уйкусураган жооп угулду. –  Мурун мындайың жок эле. Болду эми, укта, эртең менен кыргыйдай болуп каласың. Сен зарынадан улам эле ушундай болуп жатасың.

Экөө  оор  дем  алып,  катарынан  бир  жууркандын  алдында  уктап жатышты.  От  үлүңдөп  күйүп,  чоктой  күйгөн  көздөрдүн  курчоосу  улам-улам жакындап  жылып  келатты.  Иттер  бири-бирине  ыкташып,  көздөрдүн  кээ  бири өтө жакындап келип калганда айбат кылып ырылдап жатышты. Бир маалда алар өтө  катуу  ырылдап  жиберишти  эле, Билл  ойгонуп  кетти.  Ал  шеригин  ойготуп жибербейин  деп  акырын  турду  да,  отундан  отко  салып  койду.  От  жалындап күйүп,  күйгөн  көздөр  артка  чегинди.  Билл  топтошкон  иттерди  карап,  көзүн сүртүп, кайра үңүлө тиктеди. Анан кайра жууркандын ичине кирип жатты.

— Генри!- деди ал. – Эй, Генри!

Генри онтолоп ойгонду да:

— Дагы эмне болуп кетти?- деп сурады.

— Эч  нерсе,-  деген  жооп  угулду,  —  эми  кайра  жетөө  болуп  калыптыр. Азыр эле санадым.

Генри  буга  нааразы  болуп  бирдеме  деп  кобураган  болду  да,  кайра коңурук тартып уктап кети.

Эртең  менен  ал  биринчи  ойгонду  да,  шеригин  ойготту.  Саат  алты болгону  менен  таң  атканга  чейин  дагы  үч  саатча  бар  эле.  Караңгыда  Генри тамактын камын кылып, Билл болсо буюм-тайымдарды жыйнап, чанага жүктөп жатты.

— Генри, сен канча ит бар деп айттың эле? — деп сурады Билл капыстан.

— Алты.

— Туура эмес, — деди Билл табасы кангансып.

— Кайра жетөө болуп калыптырбы?- деп сурады Генри.

— Жок, бешөө, бирөө жок.

—  Эмне  дейт,  шайтан  алгыр!  –  деп  кыйкырган  Генри  ишин  таштап, иттерди санаганы кетти.

— Туура айтыпсың, Билл,- деди ал келип,- Фэтти качып кетиптир.

— Жылт койгон экен, түгөнгүр, байкабай да калдык. Эми таап көр аны.

— Болору  болду  да эми,-  деп  койду  Генри.  –  Тирүү  эле жеп  коюшту  го дейм  аны.  Жанагы желмогуздар талап-булап жеп жатышканда каңшылагандыр байкуш.

— Ал башынан эле келесоороок ит болчу,- деди Билл.

— Келесоо иттин да өзүн өлүмгө кыйбаганга акылы жетет болчу.

Ал калган иттерди карап, ар бирин ичинен сынап чыкты.

— Менимче, калгандары мындай ишке барбайт.

— Буларды  таяк  менен  куусаң  да  оттун  жанынан  кетпейт,-  деп  макул болду Билл. –  Мен башынан эле айтып жүрчүмүн, ушул Фэтти бир кызыктай ит деп.

Түндүктүн жолунда  курман  болгон бул  итти  эскерүү  сөзү ушул  болду, бул башка иттердикинен, ит эмне болуп калыптыр, адамдардыкынан деле ашып кеткен жок.

II бап. Канчык карышкыр

Тамактанган  соң  экөө  буюм-тайымдарын  чанага  жүктөштү  да,  жылуу очокту  таштап,  караңгыны  бет  алышты.  Баягы  улуган  үндөр  дароо  башталып, боздогон жапайы үндөр түнөргөн суук караңгылыктын ар кайсы жагынан келип жатты.  Жолоочулар  унчукпай  жүрүп  отурушту.  Саат  тогуздарга  барып  таң жарыды.  Түш  ченде  түштүк  жакта  асман  бир  аз  кызарып,  жердин  көз  жеткен чети  түшкү  күн  менен  түндүктүн  улуу  мейкиндигин  бөлүп  турду.  Бирок  бул кызгылтым жарык көп өтпөй эле өчтү. Анын ордун ээлеген боз жарык саат үчкө чейин араң турду да, өчүп калды,  эми аңгыраган ээн мейкиндикти Арктиканын түнү басып калды.

Караңгы  кирери  менен  жолоочуларды  оң-солдон,  арттан  коштоп келаткан  улуган  үндөр  жакындай  баштады;  кээде  алар  ушунчалык  жакын жерден чыккандыктан, иттер чыдай албай коркконунан туйлап ийип, чалынып калып жатышты.

Бир жолу ушинтип катуу корккондон кийин экөө  иттердин тасмаларын оңдоп жатышканда, Билл:

—  Булар  башка  бирдеменин  артынан  түшүп,  бизди  жайыбызга  койсо болот эле,- деди.

— Ооба, жанга тийип бүттү булар,- деп макул болду Генри.

Ушуну менен өргүүгө чейин үн катышкан жок.

Казандагы  кайнап  келаткан  төө  буурчакка  муз  салайын  деп  эңкейип турган  Генри  Биллдин  кыйкырып  туруп  бирдемени  катуу  урганын,  анан  бир иттин  катуу  каңшылап  ийгенин  укту.  Ал  өйдө  боло  берип,  качып  барып караңгыга төнүп кеткен кандайдыр бир айбандын караанын көрүп калды. Анан Биллди көрдү, ал бир колуна таяк, бир колуна кургатылган балыктын куйругун кармап,  бир  жагынан  жеңишке  жеткендей,  бир  жагынан  айласы  куругандай болуп туруптур.

— Жарымын  алып  кетти!-  деп  кыйкырды  ал.  –  Бирок  бир  жакшы  согуп калдым. Каңшылаганын уктуңбу?

— Ал эмне экен?- деп сурады Генри.

— Жакшы  көрө  албай  калдым.  Бирок  иттикиндей  эле  төрт  аягы,  оозу, териси бар экен.

— Анда эмне колго үйрөтүлгөн карышкырбы?

— Эмне  болсо  да  колго  үйрөнгөн  неме  го,  коркпой  келип  балыкты  жеп кетип атпайбы.

Түнү  тамак  ичип  болуп,  табыттын  үстүндө  канжаларын  тартып отурушканда, баягы тегеректеп күйгөн көздөр мурункудан да жакындап келди.

— Багыштын же бирдеменин үйүрүнүн артынан түшүп, бизди жайыбызга койсо болот эле, — деди Билл.

Шериги буга нааразы болгондой бирдеме деп кобураган соң,  Генри отту тиктеп, Билл болсо оттун ары жагындагы эле караңгыдан чоктой күйүп турган көздөрдү карап чейрек сааттай унчукпай отурушту.

— Ушул  азыр  Мак-Герриге  барып  түшүп  калсак…-  деп  кайра  баштады Билл.

— «Минтсек,  тигинтсек»  деп  эзилгениңди  токтотчу  сен,-  деп  чыдабай кетти  Генри.  –  Сен  зарынадан  эле  ушинтип  жатасың.  Содадан  ич,  дароо басылат. Экөөбүзгө тең көңүлдүүрөөк болот.

Эртең  менен  Генри  Биллдин  ызаланып  катуу  сөгүнүп-сагынганынан ойгонуп кетти. Ал чыканактап  караса, өңү-башы бузулган Билл өчүп бараткан оттун  жанындагы  иттердин  арасында  туруп  алып,  колдорун  кутургандай шилтегилеп жатыптыр.

— Эй, — деп кыйкырды Генри. – Эмне болуп кетти?

— Фрог качып кетиптир,- деген жооп келди.

— Койсоңчу!

— Ишенбесең кара.

Генри  ыргып  туруп,  иттерге  кетти.  Тактап  санап  чыккан  соң  ал  да шеригине кошулуп дагы бир итти алып кеткен Түндүктүн улуу чөлүн ашатып сөгө баштады.

— Фрог эң күчтүү ит эмес беле, — деди Билл аягында.

— Акылын айтсаң! — деп кошумчалады Генри.

Эки күн ичиндеги экинчи эскерүү ушундай болду. Көңүлсүз  отуруп  тамак  жешкен  соң  калган  төрт  итти  чанага  чегишти. Бул күн да так эле мурунку күндөрдөй болду. Экөө кардуу чөл менен үн-сөзсүз илкип  баратышты.  Булардын  артынан  көзгө  көрүнбөй  сая  түшүп  келаткан куугундун  улуганы  гана  жымжырттыкты  бузуп  жатты.  Түштөн  кийин  күүгүм кирери менен күткөндөй эле куугун жакындап, улуган үндөр жакын эле жерден чыга  баштады;  иттер  коркконунан  калтырашып,  тополоң  түшүп,  кайыш жиптерге чалынып калып, экөөнү ансайын кыйнашты.

— Мына, мээси жок айбандар, эми эч кайда кете албайсыңар,-  деди Билл кийинки өргүүдө өзүнө ыраазы болгондой.

Генри  тамак  жасаганын  токтотуп,  көргөнү  барды.  Шериги  иттерди индеец  ыкмасы  менен  таяктарга байлап  коюптур. Ар  бир ит  мойнунан  кайыш жип  менен  узун  жоон  таякка  тиши  жетпей  тургандай  байланып,  таяк  болсо жерге  кагылган  башка  бир  таякка  байланыптыр.  Иттер  мойнундагы  жипти кемире  алгыдай  эмес,  ал  эми  мойнундагы  таяк  кагылган  таякка  жеткире койгудай эмес.

Генри жактыргандай баш ийкеди.

— Жалгыз кулакты ушинтип эле кармабасаң, кармай албайсың,-  деди ал.

Ал  кайыш  тасманы  жөн  эле  бычак  менен  шылыгандай  кырчып  таштайт.  Эми эрте менен баары ордунда болот.

— Эми кетип көрсүн, — деди Билл. – Эгер бирөө эле кетсе, эрте менен кофе ичпей эле коём.

—  Буларың  биздин  өлтүрө  албасыбызды  билип  турат, —  деди  Генри жатарда  курчап  турган  көздөрдү  көрсөтүп.  –  Бир-эки  жолу  даң  дедирип койгондо,  дароо  бизди  сыйлап  калышмак.  Түн  өткөн  сайын  жакындап келатышат. Оттон көзүңдү алып, тигил жакты карасаң. Көрдүңбү?

Экөө  тең оттун  ары  жагындагы караандарды  кызыгып карап  калышты. Эки  көз  жаркырап  күйүп  турган  караңгылыкты  жакшылап  караганда, жырткычтын  карааны  байкалат  экен.  Кээде  алардын  ары-бери  басканы  да көрүнө калып жатты.

Экөөнүн  көңүлүн  иттердин  күчөп  кыңшылаганы  бөлүп  жиберди. Жалгыз  кулак  бир  ордунда  тура  албай  кыңшылап,  ары-бери  жулунуп,  таякты кутургандай кемирип жатты.

— Карасаң, Билл, — деп шыбырады Генри.

От  жарыгы  тийип  турган  жерге  шырп  эттирбей  өткөн  бир  ит  сымал жаныбардын  капталы  көрүндү.  Ал  корккондой,  бирок  ошол  эле  учурда тайманбастан  иттерди  карап,  бирок  адамдарды  да  көз  жаздымда  калтырбай баратты.  Жалгыз  кулак  келгинге  карай  бой  уруп,  чыдай  албай  кыңшылап жиберди.

— Бул  келесоо  Жалгыз  кулак  такыр  эле  коркпой  калган  го,-  деди  Билл акырын.

— Канчык  карышкыр,-  деп  шыбырады  Генри.  –  Фэтти  менен  Фрогдун эмне  болгонун  эми  түшүндүм.  Үйүр  муну  азгырып  келиш  үчүн  жиберет.  Бул ээрчитип барган итти тигилер талап-булап жеп коюшат.

От  чарт-чурт  этип  күйүп,  бир  чычала  кулап  түштү  да,  ышылдаган  үн чыкты. Коркуп кеткен жырткыч бир секирик менен караңгыга төнүп кетти.

— Генри, билесиңби, менин оюма эмне келди?- деди Билл.

— Эмне келди?

— Бул – баягы мен таяк менен соккон неме.

— Шектенбей эле койсоң болот, — деп жооп берди Генри.

— Менин айтайын дегеним,-  деп улантты Билл, —  мунун отко көнгөнү шек туудуруп турат.

—  Бул  менмин  деген  карышкырдан  да  көбүрөөк  билери  бышык,-  деп макул  болду  Генри.  –  Иттер  менен  келип  тамак  жеп  кеткен  карышкыр  оңой-олтоң неме эмес.

— Виллэн  чалдын  бир  канчыгы  бар  эле,  кийин  ал  карышкырлар  менен кетип  калган,-  деп  ойлуу  сүйлөдү  Билл.  –  Мен  билем  да  мындайды.  Литл-Стиктеги багыштардын жайытынан карышкырлар менен жүргөн жеринен атып салгамын.  Виллэн  чал  ошондо  жаш  баладай  боздоп  ыйлабадыбы.  Үч  жыл көрбөдүм эле дейт. Ошо үч жыл бою карышкырлардын үйүрүндө жүрүптүр.

— Таппасаң сыйпалап кал, Билл. Бул карышкыр эмес эле ит, бул кишинин колунан балык жеп жүргөн неме.

— Буюрса,  мен  муну  сулатам,  ошондо  бул  карышкыр  да,  ит  да  эмес, сасыган тарп болуп калат,- деди Билл. – Эми иттерди жоготконго болбойт.

— Бирок сенин болгону үч эле патронуң бар да,- деп каршы болду Генри.

— Абдан мээлеп туруп атам,- деген жооп болду.

Эртең  менен  Генри  отту  кайра  тутантып,  шеригинин  коңуругун тыңдаганча таңкы тамакты даярдай баштады.

— Сонун уктап атыпсың.-  деди ал шеригин ойготуп жатып.  –  Ойготкум да келген жок.

Уйкусу  ачыла  элек  Билл  тамак  жей  баштады.  Чөйчөгүнүн  бош  экенин көрүп, кофе кайнаткан идишти караса, ал алысыраак жерде, Генринин жанында туруптур.

— Генри,- деди ал жемелегендей,- сен эч нерсени унуткан жоксуңбу?

Генри эки жагын карап, баш чайкады. Билл ага бош чөйчөгүн сунду.

— Сага кофе жок,- деди Генри.

— Түгөнүп калдыбы?- деп коркуп сурады Билл.

— Жок, түгөнгөн жок.

— Анан эмне, менин ашказанымды аяп турасыңбы?

— Жок.

Ачуусу келген Биллдин бети албыра түштү.

— Анан эмне болду, айтпайсыңбы мени кыйнабай?- деди ал.

— Спэнкер качып кетиптир,- деп жооп берди Генри.

Эңгирей  түшкөн  Генри  айласы  куруп  акырын  бурулду  да,  отурган жеринен иттерди санап чыкты.

— Бул кандай болуп кетти?- деп дендароо болуп сурады ал.

Генри ийинин куушурду.

— Билбейм. Жалгыз кулак кайышын кырчып койсо керек. Ал өзү андай кыла алмак эмес да.

—  Каргыш  тийгир  айбан!-  деп  акырын  айткан  Билл  ичиндеги  кайнап чыккан  ачуусун  билдирген  жок.  —  Өзүнүкүн  кырчый  албай,  Спэнкердикин кырчып таштаган тура.

—  Спэнкердин  иши  бүттү  эмдигиче.  Ал  азыр  эчак  эле  жем  болуп, жыйырма  карышкырдын  ичегисинде  жүрөт  болуш  керек.  –  Генринин  эң кийинки жоголгон итти эскерүү сөзү ушул болду. – Кофе ич, Билл.

Бирок Билл башын чайкап койду.

— Кел эми, ич,- деп көжөлдү Генри кофе кайнатуучу идишти көтөрүп.

Билл чөйчөгүн ары жылдырып койду.

— Кудай  урсун,  ичпейм!  Бир  ит  жоголсо,  ичпейм  дедим  беле,  демек, ичпейм.

— Сонун кофе!- деп азгырды Генри.

Бирок  Билл  көшөрүп  болбой  койду,  тамагын  кургак  жеп,  анда-санда жоругу жолдо калгыр Жалгыз кулакты күңкүлдөп ашатып жатты.

— Бүгүн түнү буларды өз-өзүнчө байлайм,- деди ал жолго чыккан соң.

Жүз кадамдай барганда алдыда бараткан Билл эңкейе калып, жапкагына уруна түшкөн бир  нерсени алды. Караңгыда эмне экенин көрө алган жок, бирок сыйпалап көрүп, эмне экенин билди да, артка карай ыргытып жиберди эле, ал чанага бир тийип, Биллдин жапкагына илеше түштү.

— Мүмкүн, дагы бир керегиңе жарап калар,- деди Генри.

Билл кыйкырып ийди. Бул Спенкер мойнунан байланган таяк эле, андан болгону ушул калыптыр.

—  Эч  нерсе  калтырышпаптыр,-  деди  Билл.  —  Жада  калса  таяктагы кайышты  да  жеп  коюшуптур.  Таптакыр  өзөрүп  калышкан  экен  булар.  Генри, буларың бизди да жеп койбосо болду.

Генри кашкөйлөнө күлдү.

—  Карышкырлар  эч  качан  минтип  артыман  сая  түшкөн  эмес,  бирок мындан да жаман айкаштардан аман чыккамын. Акеңе он чакты айбандын алы жетпейт, Билл.

— А-ай, билбейм, билбейм,- деп жамандыкты сезгендей күңкүлдөдү Билл.

— Болуптур, Мак-Герриге барганда билесиң.

— Анча көзүм жете бербей турат,- деп көжөлдү Билл.

— Сенин жөн эле көңүлүң чөгүп турат, болгону эле ошо,-  деп чечкиндүү айтты  Генри.  –  Сен  хинин  ичишиң  керек.  Мак-Герриге  жеткенде  мен  сага ушундай бир доза бербесем.

Билл мындай диагнозго макул болбой бир нерсе деп кобурады да, ушуну менен унчукпай калышты. Күн башка күндөрдөй эле өтүп жатты. Саат тогузда таң атты. Он экиде түштүк горизонт көрүнбөгөн күндөн кызгылтым тартып, үч саат өтпөй эле түнгө айлана турган боз күн өкүм сүрүп турду. Так  ошол  күн  кичине  башбаксамбы  деп  турган  маалда  Билл  чанадан мылтыгын алды да:

— Сен баса бар, Генри, мен тиякты бир карап келейин,- деди.

— Чанадан  алыстаба!-  деп  каршы  болду  Генри.  –  Болгону  үч  патронуң бар, эмне болот ким билет.

— А-а, эми ким кемпир кыял болуп турат?- деди Билл табасы кана.

Генри жооп кайтарган жок, анда-санда шериги кеткен боз мейкиндикти тынчсыздана  карап  коюп  жалгыз  кете  берди.  Кыска  жолго  салган  Билл  бир сааттан кийин келип калды.

— Ар кайсы жакка тарап кетишиптир,-  деди ал,-  желип-жортуп жүрүшөт, бизден  да  кала  турган  түрү  жок.  Булар  эч  кайда  кете  албайт,  бир  аз  чыдап туралы дешсе керек. Жей турган бардык нерсени колдон чыгаргыдай эмес.

—  Демек,  алар  биздин  кутула  албасыбызды  билет  турбайбы,-  деп кекээрледи Генри.

Бирок Билл буга маани берген жок.

—  Кээ  бирин  көрдүм,  ушундай  арыкташыптыр.  Фэтти  менен  Фрогду, Спэнкерди  айтпаганда,  көптөн  бери  ооздоруна  эч  нерсе  тие  элек  болсо  керек. Үйүр  чоң  экен,  эмне  жегенин  да  сезбей  калышты  го.  Укмуш  арык  экен, кабыргасы  тим  эле  саналат,  курсак  деген  жок,  таптакыр  кирип  кеткен.  Иши кылса  такыр  болбой  калышыптыр.  Буларың  коркконду  деле  унутуп калышыптыр, абайлабаса болгудай эмес.

Бир  нече  мүнөт  өтпөй  эле  чананын  артында  келаткан  Генри эскерткенсип акырын ышкырды. Билл кылчайып карап, иттерди жай токтотту.

Алар азыр эле өткөн бурулушта из кууп бир түктүү жырткыч келатыптыр. Ал карды жыттагылап, бөрү желишке салып келаткан экен. Адамдар токтогон соң ал  да  токтоду,  башын  көтөрүп,  тигилерди  карап,  таноолору  менен  жыт  алып турду.

— Бул – баягы канчык карышкыр,- деди Билл.

Иттер  карга  жата  кетишти,  ал  аларды  жандап  өтүп,  чананын  жанында турган  шеригине  барды.  Экөө  бир  нече  күндөн  бери  сая  түшүп,  чана  тарткан иттердин жарымынын түбүнө жеткен таң каларлык жырткычты карап турушту.

Жырткыч эки жагын карап туруп,  бир аз илгериледи. Чанага жүз ярддай калганча,  ал  муну  бир  нече  жолу  кайталады.  Анан  карагайлардын  жанына токтоп,  тумшугун  көтөрүп,  абаны  искеген  соң,  өзүн  байкап  турган  адамдарды карай баштады. Анын көз карашында иттикине окшоп кеткен бир таң каларлык эңсөө  бар  эле,  бирок  иттикиндей  жакындыктын  изи  да  жок  болчу.  Бул карышкырдын азуусундай курч, аяздай катаал ачкалыктан келип чыккан эңсөө болчу. Ал  карышкырдан  чоң  эле,  арыктыгына  карабастан  өз  түрүнүн  эң ирилеринен бири экени байкалып турат.

— Бою эки жарым футтай бар экен,-  деп болжолдоду Генри. –  Башынан куйругуна чейин беш футка жакын болот го.

— Түсү  карышкырдыкына  окшобойт,-  деп  сынады  Билл.  –  Мен  мындай кызыл карышкырды эч көргөн эмесмин. Бул кандайдыр бир кызгылтым-күрөң неме экен.

Чынында  жырткычтын  өңү  кызгылтым-күрөң  эмес  эле.  Анын  жүнү кадимки  карышкырдыкындай  болчу.  Боз  түктөр  басымдуулук  кылганы  менен биз  аз  кызгылтым  тартып,  анысы  бир  туруп  пайда  боло  калып,  бир  туруп жоголуп кетип, караган көздү алдап турчу.

— Карасаң, кадимки эле чанага чегилген чоңураак лайка иттерден,-  деди Билл. – Куйругун азыр эле шыйпаңдатып ийчүдөй болуп турат.

— Эй, лайка,- деп чакырды ал. – Бери кел… Атың ким эле сенин…

— Мунуңдун корко турган түрү жок,- деп Генри күлүп жиберди.

Билл катуураак кыйкырып, муштумун көрсөттү, бирок тигил кымындай да корккон жок. Болгону мурдагыдан бетер сактана түштү. Ал дагы эле буларды шилекейи  агып  карап  турду.  Булар  эт  болчу,  тигил  өзөрүп  ачка  эле.  Бир  аз шердене түшсө, адамдарды тытып жеп коймок.

— Бери кара, Генри,- деди Билл. Үнү өзүнөн өзү шыбырап калды. –  Бизде үч гана патрон бар. Муну бир атканда өлтүрүш керек. Жаза атканга болбойт. Үч иттен кол жуудук, эми муну токтотпосо болбойт. Эмне дейсиң?

Генри  макул  болуп  башын  ийкеди.  Билл  чанадагы  мылтыкты  акырын алып, кундакты эми ийинине алып баратканда, карышкыр жолдон ары секирип, карагайлардын ичине кирип кетти.

Экөө  бирин-бири  тиктеген  боюнча  калды.  Генри  таң  калганынан ышкырып жиберди.

—  Кап,  билбей  калбадымбы!-  деп  бакылдады  Билл  мылтыкты  ордуна коюп  жатып.  –  Иттерге  тамак  берер  маалды  билген  бул  канчык  мылтыкты кантип билбей калсын! Айтпадымбы, Генри, мен сага, бардыгын кылган ушул. Эгер бул канчык болбосо, азыр үч эмес, алты итибиз болмок. Жок, Генри, мен мунун  түбүнө  жетем. Муну  ачык  жерде  өлтүрө албайсың,  өтө  акылдуу. Бирок мен мунун бир айласын табам. Муну буктурмадан атып алам, карап тур.

— Өтө алыс кетпе,-  деп эскертти аны шериги. Эгер алар үйүрү менен кол салса,  үч  патронуң  бокко  да  жарабай  калат.  Бул  айбандар  абдан  ачыгып калыптыр, эгер бир качырып кире турган болсо, аянбайт булар, Билл.

Бул түнү өргүүгө эртерээк токтошту. Үч ит чананы алты иттей тезирээк жана  узагыраак  сүйрөй  алган  жок,  алардын  алдан  тайганы  байкалып  турду. Билл  аларды  бири-биринин  кайышын  кырчып  таштабагыдай  кылып  өз-өзүнчө байлады да, эки жолоочу дароо эле жатып калышты.

Бирок  карышкырлар  түн  ичинде  шерденип,  аларды  бир  нече  жолу ойготушту.  Алар  ушунчалык  жакын  кирип  келгендиктен,  иттер  коркконунан кутуруп  кете  жаздашты.  Айла  жок,  бутактардан  отко  таштап,  эрдемсинген жырткычтардын бир аз демин басууга туура келди.

—  Акулалар  кеменин  артынан  ээрчип  жүргөндү  жакшы  көрөт  деп айтышат  деңизчилер,-  деди  Билл  дагы  бир  жолу  жанагынтип  от  жагып келгенден  кийин  төшөккө  кирип  келатып.  –  Мына  бул  карышкырлар  да  – кургактагы  акулалар.  Булар  өз  ишин  бизден  жакшыраак  билишет.  Биздин артыбыздан  машыгуу  үчүн  келатышкан  жок  буларың.  Булар  бизди  жегени калышты. Жегени калышты булар бизди, Генри.

-Карышкыр тим эле этектен алгандай сүйлөйсүң да,-  деп Генри тигинин сөзүн  кести.  —  Жегени  калышты  деп  какшай  берсең,  жеп  коюшат,  эмнеси  бар экен.

—  Сен  экөөбүздөн  кыйындардын  да  түбүнө  жеткен  булар,-  деп  жооп берди Билл.

— Токтот  ыйлактаганыңды!  Уга  турган  алым  жок!  —  Генри  ачууланып тетири  бурулуп  жатты  да,  Биллдин  унчукпай  калганына  таң  калды.

Билл мындай  эмес  болчу,  мындай  сөздөрдү  укканда  чачырап  кетчү.  Генри  уктап кеткенче ушуларды ойлонуп жатты, акырында уйкуга кетип баратып мындай ой келди: «Бул такыр эле бошошуп калды. Эртең чыйралтпасам болбойт.»

III бап. Ачкалык ыйы

Күн  жакшы  башталды.  Иттер  толук  экен,  ушундан  уламбы  алар жымжырттыктын,  караңгынын  жана  аяздын  кучагында  көңүлдөрү  ток баратышты.  Билл  да  түнкү  санаасын  унутуп  калган  сыяктуу,  ал  турсун  түш ченде  бир  жаман  жерде  чананы  кулатып  алган  иттерди  тамашалады.  Баары астын-үстүн  болуп  жатып  калды.  Аңтарылган  чана  дарак  менен  чоң  аска таштын  ортосуна  кыпчылып  калып,  аны  алып  чыгыш  үчүн  иттерди  чанадан чыгарууга туура келди. Чананы көтөрүп чыгаралы деп жатканда, Генри Жалгыз кулактын качып баратканын көрүп калды.

—  Жалгыз  кулак,  кайт  артка!-  деди  ал  өйдө  болгончо  иттин  артынан карап.

Бирок  жан  кайышын  сүйрөгөн  Жалгыз  кулак  ансайын  безди.  Алардын келген  жолунда  аны  канчык  карышкыр  күтүп  туруптур.  Жакындай  бергенде Жалгыз  кулак  кооптоно  түштү  да,  жайлай  желип,  акырында  токтоп  калды. Тигини  ишенбегендей  тикчие  карап,  бирок  жан  кумары  чыдатпай  кыпылдап турду.  Ал  болсо  жылмая  күлгөндөй  оозун  ача  кыңшылап,  ойноктой  секирип койду.  Жалгыз  кулак  дагы  эле  кооптонуп,  куйругун  чагарактатып,  кулагын тикчийтип, башын жогору көтөрүп ага барды.

Жыттагысы  келди  эле,  канчык  карышкыр  ойноктоп  артка  кетти.  Ал жакындаган  сайын  тиги  улам  артка  чегинип  кете  берди.  Ошентип,  канчык карышкыр Жалгыз кулакты улам-улам азгырып, аны коргой турган адамдардан алыстатып  баратты.  Бир  маалда  аны  белгисиз  коркунуч  токтотконсуду.  Артка кайрылып  карап,  аңтарылган  чананы,  өзүнүн  шериктерин,  анан  өзүн  чакырып жаткан кожоюндарын көрдү. Бирок анын бул сезимин, арсар абалын канчык жеңип кетти: ал келип, көз ирмемге жыттай коюп, кайра эле ойноктой секирип азгырып баратты. Ошол  учурда  Биллдин  акылына  мылтык  келди.  Бирок  ал  аңтарылган чананын астында калган эле, аны Генри экөөлөп алып чыкканча, Жалгыз кулак менен канчык карышкыр абдан жакын туруп калгандыктан, мындай алыстыктан атуу опурталдуу болчу.

Жалгыз кулак өз жаңылыштыгын өтө кеч сезип калды. Бир маалда эле Билл Генри экөө анын эмнегедир артты көздөй качып калганын көрүштү. Анан эле  Жалгыз  кулактын  жолун  торой  чуркаган он  чакты  арык  боз карышкырлар көрүнүп  калды.  Көз  ачып  жумгуча  канчык  карышкырдын  баягы  назданып ойногону жоголуп, ыркыраган бойдон качырып сала берди. Жалгыз кулак аны далысы менен ыргыта койду да, жолдун кесилип калганын көрүп, эмне болсо да чанага  жетейин  деген  үмүт  менен  айлана  чуркады.  Карышкырлар  заматта көбөйүп  кетишти.  Канчык  карышкыр  иттин  артынан  калбай  такымдап,  бир секирим жерде келатты.

— Кайда барасың? – Генри шеригин далыдан алып кыйкырды. Билл анын колун силкип таштады.

— Жетишет!- деди ал. – Башка бир дагы итти алдырбайм!

Ал мылтыкты алып,  өздөрү келаткан жолдун жээгиндеги бадалга кирип кетти.  Анын  ою  түшүнүктүү  эле.  Чананы  тегерене  качып  келаткан  Жалгыз кулактын  алдынан  торой  чыкмак  болду.  Чак  түштө  мылтык  менен карышкырларды кууп, итти сактап калууга болот эле.

— Билл, абайла! – деп кыйкырып калды артынан Генри. – Этият бол!

Генри чанага отура кетти да, эмне болор экен деп күтүп калды. Башка айла жок эле. Билл  болсо  көздөн  кайым  болду, бирок  бадалдар  менен  топ-топ болуп  өскөн  карагайлардын  арасынан  Жалгыз  кулак  анда-санда  көрүнө  калып жатты. Генри  иттин  иши  бүткөнүн  түшүндү. Ит өмүрүнө коркунуч  туулганын билди, бирок обочо тегеренип чуркоого мажбур эле, ал эми карышкырлар болсо аны чанага жакындата койбой тегеректин ичи менен чуркап жүрүштү. Жалгыз кулак  куугундан  куйрук  үзүп  чыгып,  карышкырлардын  алдынан  кесип  өтүп, чанага жетип келет деп үмүт кылыш кыйын эле.

Бардыгы  бир  жерден  бириге  турган  болуп  калды.  Дарактар  менен бадалдар далдоолоп турган кар мейкиндигинде карышкырлардын үйүрү Жалгыз кулак  менен  Биллге  кездешерин  Генри  билип  турду.  Бардыгы  көз  ачып жумганча  тез,  ал  күткөндөн  да  тез  болду.  Мылтык  бир  жолу,  андан  кийин удаасы менен эки жолу атылды. Генри Биллдин огу түгөнгөнүн аңдады. Анан кыңшылаган,  аркыраган  үндөр  угулду.  Генри  Жалгыз  кулактын  жаны  ооруп каңшылаганын, анан, сыягы, жарадар  болгон бир карышкырдын улуп ийгенин ажыратты.  Ушуну  менен  баары  бүттү.  Ыркыраган  үн  чыкпай  калды. Кыңшылаган  үн  да  жок  болду.  Кайрадан  ың-жыңсыз  жымжырттык  өкүм  сүрүп калды.

Генри чанада көпкө чейин отурду. Тиякка барыштын пайдасы жок эле: Биллдин үйүргө жолукканы көз алдында болгондой элестеп турду.  Бир маалда ордунан  атып  туруп,  чанадан  балтаны  ала  койду,  бирок  кайра  чанага  отура кетти да, көпкө чейин түнөрүп отурду, ал эми аман калган эки ит анын аягына жабышып, коркконунан титиреп жатышты.

Акырында өйдө болду, денеси сенек болуп калгандай араң турду, анан иттерди  чанага  чекти.  Жан  кайыштын  бирин  далысына  салып,  иттер  менен бирге  чананы  сүйрөп  жолго  түштү.  Бирок  көпкө  жүргөн  жок,  иңир  кирери менен  токтоп,  отундан  колунан  келишинче  көбүрөөк  жыйнады.  Андан  кийин иттерге тамагын берип, өзү тамактанды да, оттун жанына төшөк салды. Бирок  жарытып  уктай  алган  жок.  Көзү  илинип  илине  электе  эле карышкырлар  отко  жакын  кирип  келишти.  Алардын  карааны  даана  көрүнүп турду.  Отту  тыгыз  курчап,  кээ  бири  жатып  алганын,  кээ  бири  отурганын, башкалары  болсо  отко  жакын  сойлоп  келип  же  отту  айланып  ары-бери  басып жүргөнүн Генри көрүп турду. Ал турсун  кээ бирлери уктап калды. Кар  үстүндө итчесинен  тумшугун  куйругуна  катып  катуу  уктап  жатышты,  ал  эми  Генриде болсо уйку жок эле.

Ал отту улуу жакты, анткени денесин ачка карышкырлардын азуусунан ушул от гана коргой аларын билчү. Эки ити  болсо эки жагында ээбиз коргойт деп  үмүт  кылып  жатышты.  Карышкырлардын  бири  өтө  жакындап  кирип келгенде  жан  талаша  үрүп,  улуп,  кыңшылап  ийип  жатышты.  Мындайда иттердин  үргөнүнөн  ойгонгон  карышкырлардын  курчоосуна  жан  кирип, ордунан  тура  калган  карышкырлар  чыдабай  жулунуп,  ырылдап,  улуп-уңшуп, анан кайра жатып, биринин артынан бири уйкуга кетип жатышты. Бирок  алар  улам  кысып  кирип  келип  жатышты.  Кээде  тигиниси,  кээде мунусу акырын-акырын жылып отуруп акырында бир секирим калат. Мындайда ал оттон чычаланы ала коюп, үйүрдү көздөй берип калат. Карышкырлар артка жалт берип, жаалданып улуп, чычала тийгени коркконунан кыңшылап  жиберип жатты.

Эртең менен уйкудан калган Генринин көзү киртейип, кыйналып турду. Караңгыда  өзүнө  тамак  даярдап,  саат  тогуз  болуп,  таң  жарыгынан  улам карышкырлар тайсалдап тарап кеткенде, түнү менен ойлонуп чыккан оюн ишке ашырмак  болду.  Бир  нече  жаш  карагайды  кыйып  туруп,  бийик  кылып  эки дарактын ортосуна байлады. Анан жан кайышты арта салып, иттердин жардамы менен табытты тигинин үстүнө тартып чыгарды.

— Биллдин  түбүнө жетишти, балким, менин да  түбүмө  жетишет, бирок, мырза, алар сага жете алышпайт,- деди ал даракка коюлган өлүккө.

Анан  жолго  түштү,  бош  чана  иттердин  артынан  улам  секирип  коюп баратты.  Алар  да  ээси  сыяктуу  эле  Мак-Герри  фортуна  жетишсе  гана  арттагы жалаңкычтардан  аман  кала  турганын  билип  баратышты.  Эми  карышкырлар такыр  эле  коркпой  калышты:  чананын  артынан  же  катарлаш  желип,  тилдерин салаңдатып,  желген  сайын  кабыргалары  чыгып  кетчүдөй  болуп  келатышты.

Алар  ушунчалык  арык  болгондуктан,  териси  менен  эле  сөөктөрү  калып, булчуңдары  гана  аларды  жип  сыяктуу  кармап  тургандай.  Муну  көргөн  Генри алардын карга кулап калбай желип келатканына айран калды.

Ал  иңир  киргенче  жол  жүргөндөн  коркуп  баратты.  Түш  ченде  күн асмандын  түштүк  жагын  эле  жылытпастан,  горизонттон  бери  да  бир  аз башбагып,  кубарган  алсыз  нурун  чачты.  Генри  муну  жакшы  жышаан  катары көрдү.  Күн  узарып,  бул  аймакка  күн  кайра  келейин  деп  калган  экен.  Бирок жылуу  нур  өчөрү  менен  өргүүгө  токтоду.  Караңгы  киргенче  бозомук  күн  менен күүгүмдүн  дагы  бир  нече  сааты  бар  эле,  ал  ушундан  пайдаланып  отундан мүмкүн болушунча көбүрөөк жыйнап алды.

Караңгы  менен  кошо  үрөй  учурган  коркунуч  да  келди.  Карышкырлар такыр ээ бербей, анын үстүнө мурунку түнү уйкудан калган Генрини улам уйку басып  кетип  жатты.  Ал  одеялга  оронуп,  балтаны  аягына  коюп,  уйкуга  эс-мас болуп,  оттун  жанында  отурду.  Эки  ит  жабышып  эки  жагында.  Түн  ортосунда ойгонуп кетсе, өзүнөн он эки футтай жерде килейген боз карышкыр туруптур, бул  үйүрдөгү  эң  чоң  карышкырлардын  бири  эле.  Ал  эриккен  ит  сыяктуу керилип,  чоюлуп,  оозун  чоң  ачып  эстеп,  Генрини  өзүнүн  менчиги,  эртедир-кечтир колго түшө турган олжосу сыяктуу тике карап турду.

Мындай  ишенимдүүлүк  бүтүн  үйүрдөн  көрүнүп  турду.  Генри  өзүн  ач көзү  менен  карап  же  кар  үстүндө  бейкам  уктап  жаткан  жыйырма  чакты карышкырды  санады.  Алар  тамак-аш  коюлган  үстөл  боюнда  кыркалекей отуруп,  таттуу  тамакка  киришүү  үчүн  уруксатты  гана  күтүп  турган  балдар сыяктуу  эле.  Ал  эми  ошол  таттуу  тамак  болсо  өзү  эле!  «Булардын  тою  качан башталар экен» деген ой кетти.

Генри  отундан  отко  салып  жатып  эми  өз  денесин  таптакыр  башкача карай  баштаганын  сезди.  Ал  өз  булчуңдарынын  кантип  иштеп  жатканына  көз салып, өз манжаларынын татаал кыймылын кызыгып карады. Оттун жарыгына салып  бир  нече  жолу  бир-бирден,  анан  баарын  кыймылдатып,  ачып-жуумп көрдү.  Тырмактарын  карап,  манжаларынын  учун  бирде  жумшак,  бирде  катуу чымчып,  нервдеринин  сезимталдыгын  сынап  көрдү.  Мунун  баары  Генрини суктандырды, капыстан  эле  ушинтип  лепилдеп, так, сонун  кыймылдап жаткан өз  денесине  ичи  элжиреп  кетти.  Анан  отту  курчап,  улам  кысып  келаткан карышкырларды  коркуп  карап,  өзүм  ачыкканда  жеп,  курсагымды  тойгузган багыш менен коён сыяктуу эле ушул сонун дене да эт да, мына бул шилекейи агып  турган  немелер  ушул  денемди  тыткылап,  үзүп-жулкуп  жейт  да  деген  ой эсин эңгирете койду.

Ушинтип  уйку-соонун  арасында  кыйналып  отуруп  көзүн  ача  койсо, маңдайында кызыл канчык туруптур. Ал оттон алты футча жерде сугун артып карап  турган  экен.  Жаны  чыгып  үрүп,  ыркырап  турган  эки  итти  этибарга  да албайт.  Ал  адамды  тик  карап,  экөө  бир  нече  мүнөт  тиктешип  турушту.

Канчыктын  түрү  коркунучтуу  эмес  эле.  Анын  көздөрүндө  ушунчалык  катуу эңсөө  турду,  бирок  Генри  анын  ошондой  катуу  ачкалыктан  пайда  болгонун билди.  Ал  өзү  тамак  эле,  ал  эми  тамак  болсо  карышкырдын  табитин кытыгылады.  Жаагы  ачылып,  шилекейи  улам  карга  таамп,  тамакты  күтүп жаланып турду.

Генри коркконунан титиреп кетти. Чычаланы алайын деп кол сунганда эле  канчык  ары  көздөй  ойт  берди,  сыягы,  колго  тийген  нерсе  менен  урганга көнгөн  болсо  керек.  Ал  ак  азууларын  көрсөтө  аркырады  эле,  анын  көзүндөгү баягы эңсөөнүн ордуна пайда боло калган жаалдануу Генрини селт эттирди. Ал колун  карап,  манжалары  чычаланы  кармап,  анын  одур-бодуруна  кантип  эп келише  калганын,  отко  жакын  калган  манжасы  өзүнөн  өзү  артка  жылганын байкады  да,  анан  капыстан  эле  ушул  ичке,  назик  манжаларды  тигинин  ак азуулары  качырата  чайнап  жатканы  элестеп  кетти.  Ал  өз  денесин  өмүрү  кыл учунда турган азыркы учурдагыдай ичи элжиреп сүйбөсө керек.

Таң атканча ачка үйүрдү чычала менен койгулап согушуп чыкты. Көзү илине  түшкөндө  жанындагы  иттердин  кыңшылаганы  менен  ыркыраганынан ойгонуп кетип жатты. Акыры таң атты, бирок бул жолу ал да карышкырларды качыра алган жок. Тарап кетишер деп бекер эле күтүптүр. Алардын мурункудай эле отту курчап, коркпой отурушканын көргөн Генри таң аткандагы кайратынан кайра ажырады.

Генри  жолго  чыкмак  болду,  бирок  оттон  мындай  болору  менен  эле үйүрдүн  эң  жан  кечтиси  ага  секирди.  Ал  артка  ойт  берип  аман  калды, карышкырдын  тиши  санына  бир  аз  гана  жетпей  калды.  Үйүр  качырып  сала берди  да,  будуң-чаң  түшүп  калды,  күйгөн  чычалалар  гана  аларды  чегинүүгө аргасыз кылды.

Эми  Генри  күндүз  да  оттон  алыстап,  отун  кыя  албай  турган  болуп калды. Чанадан жыйырма кадамдай жерде куурап калган чоң карагай бар экен. Ал жарым күн илешип, ошого чейин от жагып барды, колунан күйгөн чычаланы түшүргөн жок. Карагайга жеткен соң аны отуну көбүрөөк жакты көздөй жыкмак болду.

Бул түн да өткөн түндөй болду, эми ал уйкуга көп туруштук бере албай калды.  Иттердин  ажылдап  үрүп  ырылдаганы  да  таасир  бербей  калды.  Анын үстүнө  алар  тынымсыз  ыркырай  бергендиктен,  анын  үргүлөгөн  эс-акылы алардын  үнүндөгү  айырмачылыктарды  ажырата  албай  жатты.  Бир  маалда  ал бирөө  түрткөндөй  ойгонуп  кетти.  Канчык  карышкыр  дал  жанында  туруптур.

Чычала  өзүнөн  өзү  анын  ачылган  оозуна  кире  түштү.  Ал  артка  жалт  берип, жаны ооруганына чыдабай улуп-уңшуп жиберди, ал эми Генри күйгөн теринин куйкум  жытын  ыракаттана  жыттап,  бир  нече  кадам  ары  жакта  башын  чулгуп, жаалдана аркырап жаткан жырткычты карап турду. Бул  жолу  чычаланы  оң  колуна  байлап  койду.  Үргүлөп  кетери  менен колу күйүп, көзү чайыттай ачылып кетип жатты. Ошентип, бул бир нече саатка созулду.  Ойгонор  замат  карышкырларды  чычала  менен  кууп,  отко  отундан салып, чычаланы колуна байлап коюп жатты. Баары жакшы болгону менен бирок бир  ойгонгондо  кайышты  бош  байлап  коюп,  көзү  жумулары  менен  чычала колунан түшүп калды.

Түш  көрдү.  Мак-Гэрри  фортунда  экен.  Жылуу,  жайлуу  жерде факториянын  чоңу  менен  криббеж  ойноп  отуруптур.  Анан  эле  фортту карышкырлар  курчап  калат.  Алар  дал  эле  дарбазанын  алдына  келип  улуп жатышат,  экөө  болсо  кээде  оюнун  токтото  коюп  тыңдашат  да,  тигилердин бошко кетип жаткан аракетине күлүшөт. Түшүң кургур, анан эле карс эткен үн чыгат да, эшик ачылып кетет. Бөлмөгө карышкырлар кирип келип, экөөнө кол салат. Улуп-уңшуган  үндөр  кулак  тундурат. Анан  эле  түшүнө  башка  нерселер аралашып  кетет,  бирок  анын  эмне  экенин  жанагы  кулак  тундурган  үндөрдөн улам түшүнө албай жатат.

Ойгонуп  кетип,  жанагы  аркыраган  үндөрдү  өңүндө  укту.  Ырылдаган, каңшылаган  эле  үндөр.  Карышкырлар  үйүрү  менен  жабылган  экен.  Туш тарабында карышкыр,  үстүндө  карышкыр.  Бирөөнүн  тиши  колуна  матырылды. Ал  отко  секирип,  бирөөнүн  курч  тиши  бутун  тилип  өткөнүн  сезди.  Калың мээлейден  колу  отту  сезбей,  кыпкызыл  чокту  туш-тарапка  чачып  жатты, аягында от жанар тоого окшой түштү. Бирок  бул  көпкө  созулмак  эмес. Генринин бети-башы  ыйлаактап, каш-кирпиги  күйүп,  аяктары  отко  чыдабай  баратты.  Эки  колуна  эки  чычаланы кармап,  оттун  четине  чыга  берди.  Карышкырлар  чегиништи.  Ар  тарапка чачылган  чоктор  карда  ышылдап  жатты;  жан  талаша  секирип,  кыңшылап, ыркырап ийип жатканына караганда карышкырлар да өчө элек чокторду басып алып жатышты.

Генри чычалаларды ыргытып жиберип, күйүп бараткан мээлейин чечти да, ысыган аяктарын муздатыш үчүн кар тебелей баштады. Эки ит тең жок эле, алар  Фэттиден  башталган  узак  тойдун  кезектеги  тамагы  болгону  ачык  болчу, бул иш эми өзү менен аякташы да мүмкүн.

—  Баары  бир  мага  алыңар  жеткен  жок!-  деп  айкырды  ал  ачка жырткычтарга муштумун кезеп. Муну уккан үйүр удургуй түшүп, баары бирдей ыркырашты, ал эми канчык карышкыр өңүп келип, тамак эңсеген көздөрү менен тигиле карап калды.

Генри  эми  коргонуунун  жаңы  планын  ойлонуштура  баштады.  Отту тегерете  жагып,  эрий  баштаган  кар  үстүнө  төшөгүн  салды  да,  отуруп  алды. Ошентип,  от  дубалдын  ары  жагына  өтөрү  менен  карышкырлар  отту  курчап, анын  кайда  жоголуп  кеткенине  кызыга  башташты.  Буга  чейин  алар  отко жакындай  албай  жүрүшкөн,  эми  болсо  тегеректей  отурушуп,  кадимки  эле иттердей  үргүлөп,  эстеп,  чочуркашса  да  от  боюна  талыкшып  жата  кетишти. Анан  канчык  карышкыр  чочоюп  отура  калып,  асманды  карап  улуп  жиберди. Анын  артынан  карышкырлар  биринен  сала  бири  улуп,  акырында  бүтүн  үйүр жылдыздуу асманды карап ачкалыктын муңдуу обонун созду.

Таң  атты.  От  болсо  өчүп  баратты.  Отун  да  түгөнө  баштады,  эми  отун жыйнаш керек эле. Киши от курчоодон чыгайын деди эле, карышкырлар дароо алдын торошту. Күйгөн чычалалардан улам алар эки жакка ойт беришти, бирок артка чегинишкен жок. Тигинин аларды кубалайын деген аракетинен эч майнап чыккан  жок.  Ал  акыры  айласы  кетип  от  курчоонун  ичине  кайра  кирди,  ушул маалда карышкырлардын бири ага секирди, бирок жаза тайып төрт аягы менен отко  түшүп  калды.  Айбан  коркконунан  улуп  ийип,  каңшылап  оттон  чыгып, күйгөн аяктары менен карды тытып ийди.

Киши  төшөгүндө  бүкүрөйүп  отурду.  Ийиндери  шалдайып,  башы тизесине  тийип  салаңдап  отурганына  караганда  таптакыр  алы  куруп,  күрөшө албай  калгандай.  Кээде  гана  башын  көтөрүп,  өчүп  бараткан  отту  карап  коюп отурду.  От  курчоонун  айрым  жерлери  өчүп,  өзүнчө  күйгөн  отторго  айлана баштады.  Өтө  турган  жерлер  кеңейип,  оттор  уламдан  улам  үлүңдөп  өчүп баратты.

— Мына, эми менин да түбүмө жете турган болдуңар,- деп күбүрөдү ал. – Бирок мага эми баары бир, уктайм.

Ойгонуп кетип, эки оттун ортосунда көзүн албай тиктеп турган канчык карышкырды көрдү. Сааттардай узакка созулгансыган бир нече мүнөттөн кийин ал кайрадан башын көтөрдү. Бир нерсе болгон экен. Адегенде ал эч нерсени түшүнө алган жок.  Анан  дароо  аңдады:  карышкырлар  кетип  калышыптыр.  Тебеленди  болуп калган  кар  гана  алардын  канчалык  жакын  келгенин  айтып  турду.  Генри кайрадан үргүлөп, башы кайра  тизесине тийип калды, бирок бир маалда кайра селт этип ойгонду.

Кайдандыр  кишилердин  үндөрү,  чаналардын  кыйчылдаганы,  иттердин кыңшылаган үндөрү келип жатты. Дарыя жактан ал отурган  карагайлуу жерге төрт  чана  келди.  Бир  топ  киши  келип,  өчүп  бараткан  оттордун  курчоосунда бүрүшүп  жаткан  Генрини  тегеректеп  турушту.  Алар  тигини  эсине  келтирели деп,  тарткылап-түрткүлөп,  силкилдетип  жатышты.  Ал  болсо  мас  болгон адамдай уйкулуу көзү менен аларды карап кобураган болду:

— Кызыл  канчык  карышкыр…  Иттер  менен  тамак  берер  маалда  келди… Адегенде  иттин  тамагын  жеди…  Анан  иттерди  жеди…  Андан  кийин  Биллди жеди…

—  Лорд  Альфред  кайда?  —  деп  кыйкырды  келгендердин  бирөө  аны жулкулдатып.

Ал акырын башын чайкады.

— Ага тийген жок… Ал тиякта, карагайларда… акыркы түнөгөн жерде.

— Өлдүбү? – деп кыйкырды тиги.

— Ооба, табытта,- деди Генри.

Ал тигинден бошонуш үчүн жини келип булкунду.

— Мени жайыма койгулачы… Мен болбой турам… Жакшы жаткыла…

Генринин  көзү  жумулуп,  башы  кайра  салаңдап  калды.  Төшөккө жаткырышары  менен  аяздуу  жымжырттыкта  коркураган  коңуруктун  үнү угулду. Буга  башка  бир  үндөр  да  аралашып  кетип  жатты.  Мунусунда  жолу болбой  калып,  башка  бир  олжонун  артынан  сая  түшкөн  ачка  үйүрдүн  улуган үндөрү алыстан үзүл-кесил болуп келип жатты.

II БӨЛҮМ

I бап. Азуулардын айкашы

Кишилердин  үндөрүн  жана  чанага  чегилген  иттердин  кыңшылаганын дал  ушул канчык карышкыр биринчи болуп укту, укту да өчүп бараткан оттун ортосунда  камалган  кишиден  биринчи  болуп  качты.  Үйүр  колго  түшкөн олжосунан  айрылгысы  келбей  бир  аз  арсар  болуп  турду  да,  анан  канчык карышкырдын артынан түштү.

Үйүрдүн  алдында  чоң  боз  карышкыр,  үйүр  баштагандардын  бири баратты. Ал үйүрдү канчык карышкырдин изине салып,  алдыга өтүп кетмекчи болгон жаштарга жол бербей, азууларын көрсөтө аркырай калып жатты. Алдыда желип бараткан канчык карышкырды көрүп ого бетер зымырады. Канчык  өз  ордун  ээлегендей  аны  менен  катарлаш  баратты,  эми  ал үйүрдөн алыстабай калды. Кээде алдыга өтө түшсө да дөбөт ага аркырап, тиш салган жок, тескерисинче,  аны менен катарлаш жүргөнгө аракет кылып жатты. Канчык  анын  мунусун  анча  жактырбай,  тишин  көрсөтө  ыркырап,  боюн качырып жатты. Ал турсун кээде ийинен аткый тиштеп алып турду. Мындайда дөбөттүн  буга  анчалык  деле  жини  келбей,  болгону  ары  ойт  берип,  каргый чуркап,  бул  кылыгы  сүйүүдөн  делбе  болгон  боз  уландыкына  окшоп  кетип жатты. Ушул нерсе гана дөбөттүн үйүрдү баштоосуна жолтоо болуп турду. Ал эми  канчык  карышкырдын  өзүнчө  көйгөйү  бар  болчу.  Анын  оң  жагында терисинде  көп  согуштун  изи  бар  арык  карт  бөрү  келаткан.  Ал  дайым  оң жагында жүрчү, анткени анын бир эле сол көзү бар болчу. Бул карыган дөбөт да жөн  жүрбөй  кээде  канчыкты  омуроолоп,  одурайган  тактары  бар  тумшугун капталына, ийинине, ал турсун  мойнуна  тийгизе коёт. Канчык  буга  да ырылдап,  тишин  көрсөтөт.  Кээде  экөө  тең  тийише  баштаганда  айласы  кетип калып  жатты,  анткени  тиги  экөөнү  тең  аткый  тиштегилеп,  ошол  эле  учурда үйүрдөн  калбай,  аласалып  кетпегидей  болуп  алдын  карап  чуркоо  керек  эле.

Мындай  учурларда  эки  дөбөт  бири-бирине  атырыла  аркырап,  тиш  салмакчы болуп калышат. Башка убак болсо булар өлбөгөн жерде калышмак, бирок азыр сүйүү менен атаандаштыкты булардан да күчтүү сезим – ачкалык басып турду. Делебесин  козгогон  канчык  карышкырдын  курч  тиштеринен  улам обочолой  түшкөн  карт  бөрү  сокур  көзү  жакта  келаткан  үч  жашар  карышкыр менен  кагылыша  кетип  жатты.  Бул  чоңоюп  калган  тай  бөрү  үйүрдөгү  башка алсыраган ачка карышкырлардан өзүнүн күчү, ыкчамдыгы менен айырмаланып турчу. Бирок анткен менен жалгыз көз карт бөрүдөн алга өтө алчу эмес. Кээде жазып-тайып  катарлаша  калса,  ал  дароо  ыркырап,  азуусун  көрсөтө  тигини ордуна  койчу.  Бирок  тиги  кээде  артта  кала  түшүп,  анан  канчык  менен  карт бөрүнүн  ортосуна  кире  калчу.  Анын  бул  кылыгы  эки  эсе,  ал  турсун  үч  эсе каршылык  туудурчу.  Канчык  ырылдаары  менен  карт  бөрү  дароо  бурулуп, тигини  качырып  калчу.  Кээде  ага  канчык  карышкыр,  ал  турсун  сол  жакта бараткан үйүр башы да кошулуп кетчү. Мындайда аркыраган үчөөнү көргөн жаш бөрү тык токтоп,  отура калат да,  жалын  дүгдүйтүп,  оозун  араандай  ача  ыркырайт.  Үйүр  башындагылардын аралаша  түшкөнүнөн  арттагылар  да  будуң-чаң  боло  түшөт.  Карышкырлар  үч жашарга  келип  урунушат  да,  нааразы  болуп,  капталынан,  жамбашынан  каап алышат.  Анын  абалы  опурталдуу  эле,  анткени  ачкалык  менен  ачуу  адатта бирин-бири коштоп жүрөт эмеспи. Бирок ал ээ-жаа бербеген жаштыктын деми менен кыйынчылыктан башка эч кандай ийгилик алып келбесе да бул аракетин кайталай берет.

Тамак болгондо, үйүрдү сүйүү менен атаандаштык бийлеп, дароо тарап кетишмек.  Бирок  азыр  жагдай  өтө  жаман  эле.  Карышкырлар  узакка  созулган ачкалыктан абдан арыктап, мурдагыдай ылдам жүрө албай калышты. Артта өтө жаштар менен карылар эптеп илээлеп келатышат. Алдыда күчтүүлөр. Алардын баары карышкыр эмес эле скелет болуп калды. Бирок аксап-тексегендерди эске албаганда,  жырткычтардын  кыймылынан  чарчап-чаалыкканы  анча  билинбейт. Түйүлгөн булчуңдарында түгөнгүс күч-кубат бардай.  Темирдей булчуңдун бир аракетинен  кийин  экинчиси  кетет,  анан  үчүнчүсү,  төртүнчүсү  –  ошентип  кете берет.

Ал күнү карышкырлар көп миль басышты. Түнү да токтошкон жок. Таң атты,  алар  болсо  кете  беришти.  Тоңуп  калган  өлүү  талаа  менен  кетип баратышты. Кыбыр эткен жан жок. Ээн чөлдө алар гана баратышты. Жандуудан бул  чөлкөмдө  алар  гана  бар  эле,  алар  болсо  башка  бир  тирүү  жандык  таап, талап-булап жеп, жан сакташ үчүн желип-жортуп баратышты.

Карышкырлар агын-агын  суу кечип, канча өзөндөн өтүп отуруп акыры оңдой  берди  болду.  Багыштарга  туш  болушту.  Адегенде  килейген  бир  эркек багышты жыгышты. Бул жашоо эле, бул деген эт эле жана аны коргогон сырдуу от  менен  чычалалар  жок  болчу.  Ача  туяктар  менен  айры  мүйүздөр карышкырларга  көнүмүш  эле,  ошондуктан  алар  адаттагы  сактыгы  менен чыдамын  унутуп  коюшту.  Согуш  кыска  жана  кызуу  болду.  Багышты  туш тараптан  курчап  алышты.  Ал  оор  туяктары  менен  таамай  тээп, карышкырлардын ичин айрып, башын жарды, аркайган мүйүзү менен сөөктөрүн сындырды. Кар үстүнө кулаганда да аларды баса жыгылды. Бирок анын иши  бүтүп,  бир  маалда  буттары  бүгүлө  түштү.  Канчык  карышкыр  дароо тамактан  алды,  калгандары  жаны  чыкканча  эле  аны  талап-булап,  үзүп-жулкуп жеп киришти.

Тамак  кеңири  эле.  Багыш  сегиз  жүз  фунттан  ашыгыраак,  ар  бир карышкырга  жыйырма  фунттан  тийгидей  бар  экен.  Карышкырлар  канчалык узакка ачка жүрө алса, тамакты ошончолук ыкчам жегендиктен, көп өтпөй эле жанагы килейген багыштан кар бетинде чачылган бир аз сөөк гана калды. Эми  карышкырлар  көбүрөөк  эс  алып,  уктай  турган  болушту.  Курсагы тойгон  жашыраак  бөрүлөр  тынчы  кетип  алыша  башташты  жана  үйүр  тарап кеткенче  ушундай  боло  берди.  Ачкалык  аяктады.  Үйүр  жан-жаныбарга  бай жерге келди. Алар мурункудай эле үйүрү менен кол салып жүрүштү, бирок эми сактанып,  бооз  же  оорулуу  карт  багыштарды  гана  тобунан  бөлүп  алып   жеп турушту.

Ошентип,  жемге  бай  бул  жерде  бир  күнү  бөрүлөрдүн  үйүрү  экиге бөлүнүп эки жакка кетти. Канчык карышкыр, сол жактагы жаш үйүр башы, оң жактагы жалгыз көздүү карт бөрү өз үйүрүн чыгыштагы Маккензи дарыясына, андан аркы көлдөргө алып жөнөштү. Бул чакан үйүр да күн өткөн сайын азая берди.  Бөрүлөр  дөбөт-канчык  болуп  бөлүнүп  калып  жатышты.  Кээде атаандаштын курч тиштери жалгыз-жарым карышкырды бөлүнүүгө мажбурлады. Акырында төртөө: канчык карышкыр, жаш үйүр башы, жалгыз көз жана дымагы күчтүү үч жашар калды.

Эми канчык карышкырдын мүнөзү биротоло бузулду.  Тиги үч дөбөттө тең  анын  тиштеринин  издери  жүрдү.  Бирок  алар  буга  жооп  кайрышкан  жок, коргонууга аракет да кылышкан жок, болгону анын курч тиштерине далыларын тосо  берип,  куйруктарын  шыйпаңдатышып,  жанынан  чыкпай  жүрүштү. Канчыкка мындай болгону менен алар ич ара өлбөгөн жерде калышты.

Айрыкча  үч  жашар  кутуруп  кетти.  Бир  жолку  талашта  ал  карт  бөрүнүн  көзү көрбөгөн жагынан атырылып келип, кулагын үзүп ала жаздады. Бирок тиги карт бөрү  бир  жак  көзү  көрбөсө  да  анын  жаштыгына  өзүнүн  бүтүн  акылы  менен тажрыйбасын  каршы  койду.  Анын  сокур  көзү  менен  тумшугундагы  тактары анын кандай тажрыйбага ээ экенин айтып турчу. Көп согушту көргөн бул карт бөрү азыр ойлонбой туруп өз ишин бүтүрмөк.

Уруш калыс башталганы менен адилеттүү бүткөн жок. Эгер карт бөрүгө жаш  үйүр  башы  кошулуп  кетпегенде,  ким  билет,  кандай  бүтөр  эле.  Экөө  үч жашарды эки жагынан качырып киришти. Үйүрдөштөрүнүн курч азуулары туш тарабынан  батып  кетип  жатты.  Баягы  бирге  аң  уулаган,  олжо  бөлүшкөн, ачкалыктан бирге азап чеккен күндөр унутулду. Анын баары артта калды. Эми алар тамак табуудан да күчтүү, катаал сезим болгон сүйүүнүн бийлигинде эле.

Ал эми ушунун баарына себепкер болгон канчык карышкыр кар үстүндө чочоюп отуруп алып, урушту карап турду. Ал турсун бул ага жакты. Бул анын күнү  эле  (мындай  учур  сейрек  болот):  жалдары  тик  туруп,  азуу  азууга  тийип шакылдап, жумшак дене үзүлүп, айрылып жатат, мунун баары ага ээлик кылыш үчүн болду. Өз өмүрүндө  биринчи  жолу  сүйүүгө  туш болгон үч  жашар  бөрү  сүйүү үчүн өмүрүн кыйды. Эки атаандашы анын үстүндө турушту. Экөө тең жылмая карап отурган канчык карышкырды карап калышты. Бирок карт бөрү акылдуу, сүйүү  ишинде  уруштагыдан  да  тажрыйбалуураак  болчу.  Жаш  үйүр  башы жарадар  ийинин  жаламак  болуп  башын  бура  берди  да,  мойну  атаандашына карап  калды.  Карт  бөрү  жалгыз  көзү  менен  ыңгайы  келе  түшкөнүн  жазбай баамдады.  Ал  көз  ачып  жумганча  тигиге  атырылып,  мойнундагы  күрөө тамырды шылып алды да , артка качты.

Жаш  үйүр  башы  жүрөк  түшүрө  аркырады,  бирок  анысы  дароо  эле жөтөлгө айланып кетти. Ал канга какаган бойдон карт бөрүнү карай качырды, бирок шайы кетип, буттары чалыштап, көзү тумандап, секиргенге үлгүрбөдү. Канчык  карышкыр  жылмайып  отурду.  Бул  уруш  кандайдыр  бир бүдөмүк кубанычты пайда кылды, анткени  Түндүктүн жапан мейкиндигиндеги сүйүүнүн табияты ушундай болчу. Анын трагедиясын өлгөндөр гана билет, ал эми  тирүүлөр  үчүн  бул  трагедия  эмес,  тек  гана  ишке  ашкан  каалоонун салтанаты.

Жаш  үйүр  башы  карга  сулап  жатып  калган  соң,  Жалгыз  көз  керкейе басып  канчык  карышкырга  келди.  Бирок  дагы  эле  сактанып  турду.  Ал мурункудай азуу көрсөткөн каршылыкты күткөн, бирок таң калыштуусу, андай болгон  жок.  Биринчи  жолу  канчык  аны  жайдары  тосуп  алды.  Аны  менен жытташып,  ал  турсун  күчүк  сыяктуу  секирип  ойной  баштады.  Жалгыз  көз  да өзүнүн жашы менен токтоолугун унутуп, тиги канчыктан бешбетер күчүк болуп кетти.

Жеңилген атаандаштар, кар бетине кан менен жазылган сүйүү аңгемеси дароо унутулду. Жараатын жаламакчы болуп токтой калган карт бөрү гана бир жолу  эстеди.  Эриндери  жаалдана  титиреп,  жалы  тик  туруп,  тырмактары  карга батып, секире тургандай бели ийиле калды. Бирок баары дароо эле эстен чыгып, аны токойго карай азгырып жаткан канчыктын артынан түштү. Эми  алар  акыры  тил  табышкан  ынак  достордой  катарлаш  баратышты.

Күндөр  өтүп  жатты,  алар  болсо  бири-биринен  түк  ажырабай,  бирге  аң  уулап, бирге  өлтүрүп,  бирге  тамак  жеп  жүрүштү.  Бирок  эми  канчык  карышкырдын эмнегедир  тынчы  кете  баштады.  Бир  нерсени  издеп, бирок  таба  албай  жүргөндөй.  Эмнегедир  аны  кулап  калган  дарактардын  асты  кызыктырат,  аска таштардын боорундагы ыктоо жерлерди, дарыя жээгиндеги үңкүрлөрдү сааттар бою  шимшилеп  чыгат.  Карт  бөрүнү  мунун  баары  кызыктырбаса  да  тигинин артынан  калбай  жүрө  берет,  бул  иш  өтө  узакка  созулуп  кеткенде,  карга  жата кетет да, анын келишин күтөт.

Алар  бир  жерге  көп  байырлабай  жүрүп  отуруп,  Маккензи  дарыясына жетишти.  Эми  алар  дарыяны  бойлой  жайбаракат  жүрүп,  кээде  аң  уулап дарыянын  куймаларын  өрдөп  кетишкени  менен  кайра  кайтып  жүрүштү.  Кээде адатта жубу менен жүргөн башка карышкырлар да кездеше калат, бирок мындайда  булар  да,  тигилер  да  жолукканга  сүйүнүп  кетпей,  кайдыгер  карап, үйүрдөш болууну каалаган эч ким болгон жок. Жалгыз жүргөн карышкырлар да бир  нече  жолу  кездешти.  Бул  дөбөттөр  экөөнө  жан  деп  кошулмак,  бирок Жалгыз көз муну каалаган жок. Канчыгы экөө ийиндеше тура калып, жалы тикчийип аркыраганда, тиги чоочун немелердин айласы кете түшүп, артка бурулуп, өз жолун улантууга аргасыз болушчу.

Бир  жолу  айлуу  түндөгү  жымжырт  токойдо  баратып,  Жалгыз  көз  тык токтоду.  Тумшугу  көтөрүлүп,  куйругу  түзөлүп,  таноосу  дердейип,  жыт  искеп калды.  Алдыңкы  бутун  ит  сыяктуу  этият  көтөрдү.  Ал  бир  нерсеге тынчсызданып, бирок жел менен келген кабарды аңдай албай абаны искегилеп турду. Канчык да жыт искеп, бирок шеригин сүрөй алга кетти. Ал анын артынан түштү, бирок дагы эле санаасы тынчыбай, улам токтой калып жел менен келген эскертүүнү аңдагысы келип жыт искеди.

Канчык карышкыр жыла басып токойдун ачык жерине чыкты. Бир азга жалгыз  турду.  Артынан  абдан  кооптонуп,  бардыгынан  шектенип,  боортоктоп сойлой басып Жалгыз көз келди. Алар кулак түрүп, тикчие тиктеп, жыт искеп катар турушту.

Иттердин ыркырашып талашканы, эркектердин жоон үндөрү, аялдардын чайылдап  урушканы,  ал  турсун  кичинекей  баланын  эчкирип  ыйлаганы  жел менен  келип  жатты.  Бул  жерден  тери  менен  капталган  чоң  вигвамдар, жылтылдап  күйгөн  оттор,  алардын  айланасындагы  кишилердин  караандары, бейкут абага жай булаган түтүндөр көрүнүп турду. Бирок алардын таноолоруна Жалгыз  көз  үчүн  таптакыр  түшүнүксүз,  бирок  канчык  баарын  тең  жат  билген индеец айылынын, буюм-тайымдарынын жыттары келе баштады. Канчыктын  каны  дүргүп,  жаны  жыргап  жыт  искеди.  Ал  эми Жалгыз  көз  дагы  эле  шектенип  турду.  Ал  кетмекчи  болуп,  кооптонгонун билдирип  койду.  Канчык  мойнун  буруп,  аны  жооткоткондой  тумшугу  менен түрттү  да, кайрадан  айылды  карай баштады. Анын көздөрүндө  кусалык турду,  бирок  бул  баягы  ачкалыктан  пайда  болгон  эңсөө  эмес  эле.  Ал  азыр тиякка жетип барып, от боюнда жатып, иттер менен талашып, олдоксон баскан кишилердин аяктарына оролушуп жүргүсү келип калтырап турду.

Жанында  чыдамы  кетип  Жалгыз  көз  турду;  капыстан  канчык  баягы издеп таба албай жүргөн нерсесин кайра эстеди, аны сөзсүз табыш керектигин ойлоду.  Кайра  кайрылды  да,  токойго,  дарактардын  далдоосуна  желип  кирип кетти. Жалгыз көздүн жаны жай ала түштү. Ай тийген токойдун ичи менен көлөкө сыяктуу дабышсыз баратышып, бир  изге  кабылышты.  Экөө  тең  кар  искеп  жиберишти.  Из  жаңы  экен.  Жалгыз көз сактык  менен  алдыга  түштү, канчык  анын  артынан бучкактап  келатты.

Алардын бакыбат жоон тамандары кар бетине баркыттай жумшак түшө берди. Бир маалда Жалгыз көз агарган мейкиндиктен бир ак немени байкады. Баятан бери желип-жортуп келаткан Жалгыз көз эми ого бетер ылдамдады. Алдыда бир агарган нерсе көрүнгөндөй болду.

Алар эки жагында жаш карагайлар өскөн кууш жол менен баратышты. Алдыда ай нуру төгүлгөн ачык жер көрүндү. Карт бөрү баягы ак немеге жетейин деп калды. Каргыган  сайын ортодогу аралык кыскарып баратты. Мына жетип калды. Дагы бир секирсе, тиштери тигиге бата түшөт. Бирок секиргенге үлгүрбөй калды. Жанагы агарган неме коён болуп чыгып асманга атып кетти да, эми  ал  так  Жалгыз  көздүн  үстүндө  туйлап,  ар-бери  туйлап,  таң  каларлык  бир бийди бийлеп атты.

Чочуп кеткен Жалгыз көз бышкырып артка кетти да, карга жата калып, бул  түшүнүксүз  немеге  аркырады.  Канчык  карышкыр  эч  нерсе  болбогондой андан  өтүп  барды  да,  болжолдоп  туруп  тыбыраган  коёнду  алмакчы  болуп секирди.  Бийик  секиргени  менен  жете  албады,  тиштери  гана  шак  этти. Экинчи, анан үчүнчү жолу секирди.

Карт  бөрү  акырын  туруп,  канчыкты  тиктеди.  Акырында  тигинин алсыздыгына  жини  келип  өзү  секирди  да,  коёнду  тиштеп  жерге  түштү.  Ушул учурда  капталдан  бир  шектүү  үн  угулуп,  Жалгыз  көз  өзүнө  чабыла  тургандай болуп  турган  балатыны  көрдү.  Карышкырдын  жаагы  ачылып  кетти,  ал ыркыраган  бойдон  бул  түшүнүксүз  коркунучтан  артка  ойт  берди.  Ыркырап, жаалынан, коркконунан түгү тик турду. А балаты кайра түзөлүп, коён абадагы бийин кайра бийлей баштады.

Канчыкка жин тийди. Жалгыз көздү далыдан аткый тиштеди эле, анын бул күтүүсүз жоругунан чочуп  кеткен тиги тумшугунан каап алды. Канчык да мындайды  күтпөгөндүктөн  жаалы  келип  дөбөткө  атырылды.  Ал  болсо  өз жаңылыштыгын түшүнүп, канчыкты жоошуткусу келди, бирок тиги болбой эле тиштей  берди.  Жарашуудан  үмүтү  үзүлгөн  Жалгыз  көз  башын  гана  качырып, бирде тигил, бирде бул далысын тосо берди. Ал  эми  коён  дагы  эле  абада  бийлеп  турду.  Канчык  карга  отура  кетти, табышмактуу  карагайдан  да  андан  көбүрөөк  коркуп  калган  Жалгыз  көз  кайра секирди. Коёнду тиштеп түшкөн карт бөрү жалгыз көзү менен карагайды тиктеп турду. Ал өткөн жолкудай эле жерге чейин ийилди. Карышкыр соккуну күтүп түйүлө  түштү,  түгү  тик  тура  калды,  бирок  олжосун  коё  берген  жок.  Сокку болгон жок. Карагай ийилген боюнча тура берди. Карышкыр жылды эле, ал да кошо жылды, ал буга кыжыры келип жаагы карышкан бойдон ырылдады. Тынч турса,  карагай  да  кыймылдабай  тура  бергендиктен,  ушундай  тура  бергеним жакшы окшойт деп калды. Бирок коёндун жылуу каны абдан таттуу эле.

Бул  кыйын  абалдан  Жалгыз  көздү  канчык  карышкыр  куткарды.  Ал андан  коёнду  алды  да,  карагай  ара-бери  термелип  турганда,  коёндун  башын кемирип  таштады.  Карагай  дароо  түзөлүп,  табигый  абалына  келди  да,  аларга коркунуч туудурбай калды. Канчык менен Жалгыз көз сырдуу карагай кармап берген коёнду бөлүп жеп алышты.

Коёндор  абада  бийлеп  турган  мындай  кууш  жолдорду  кийин  көп көрүштү, алардын эч бирин жөн коюшкан жок. Мындайда канчык жол баштап, дөбөт  артынан  жүрүп,  капканды  кантип  айланып  өткөндү  үйрөндү.  Кийин мунун пайдасы көп тийди.

II бап. Ийин

Канчык  менен  Жалгыз  көз  индеец  айылынын  тегерегинде  эки  күн жүрүштү.  Дөбөт  кыпылдап  коркот,  ал  эми  канчыктын  айылдан  алыс  кеткиси жок.  Бирок  бир  күнү  эртең  менен  жакын  жерден  мылтык  атылып,  ок  Жалгыз көздүн  башын  чырпып  өтүп  карагайга  тийгенде,  айла  жок,  каргыган  бойдон качып  жөнөштү.  Бир  калыпта  аргый  жүгүрүп,  коркунучтан  улам  алыстап баратышты. Алар  болгону  эки  күн  жүрүштү.  Канчык  карышкыр  туталанып,  баягы таппай  жүргөн  нерсесин  эми  чындап  издей  баштады.  Бул  күндөрү  денеси оорлошуп, мурункудай катуу чуркай албай калды. Бир жолу мурун жөн эле баса калчу  коёндун  артынан  баратып,  капысынан  эле  кууганын  токтотту  да,  эс алганы жата кетти. Жалгыз көз келип, мойнуна тумшугун тийгизейин дегенде, жаалдана каап алды, тиги болсо чалкасынан жата калды да, күлкү келерликтей тарбаңдап,  андан  коргоно  баштады.  Канчыктын  өзүнчө  эле  туталанып, кыжырлана берчү болду, Жалгыз көз болсо адаттан тыш баарына чыдап, көзүн карап жанында жүрдү.

Акыры  канчык  издегенин  тапты.  Ал  жайында  Маккензиге  куйчу  өзөн менен бир нече миль жогору барган жерде экен. Өзөн азыр  башатынан куйган жерине чейин музга айланып, таштуу сайынан бери зыңкыйып тоңуп жатыптыр. Алдыга бир топ узап кеткен Жалгыз көздүн артынан чарчаңкы желип бараткан канчык  бир  маалда  өзөн  жээгиндеги  жарды  байкады.  Бурулуп,  ошол  жакты көздөй  салды.  Жазгы  нөшөрлөгөн  жамгыр  менен  эриген  карлар  агып  түшө берип, жарды жеп, үңкүр кылып коюптур. Ал  үңкүрдүн  кире  беришине  токтоп,  сыртын  жакшылап  карады.  Анан жарды  бойлой  ары-бери  чуркап,  эки  жагын  байкаштырган  соң,  үңкүрдүн  тар оозунан кирди. Адегенде сойлогонго туура келди, анан үңкүр кеңейип  отуруп, диаметри  алты  футтай  келген  аянтча  менен  бүтөт  экен.  Башы  үңкүрдүн төбөсүнө тийип турду. Ичи кургак, ыңгайлуу экен. Канчык баарын ынтаа коюп карай баштады, ал эми кире бериштеги Жалгыз көз ага токтоо  көз салып турду.

Тиги  башын  жерге  салып,  бир  нече  жолу  турган  жеринде  айланган  соң,  алы куругандай ыркырап, буттарын бүгүп, кире беришти карай жата кетти. Жалгыз көз  кулагын  тикчийтип,  жылмая  карап  турду,  эшиктеги  жарыктан  анын куйругунун  шыйпаңдаганы  көрүнүп  турду.  Канчык  карышкыр  кулагын жапырып,  оозун  чоң  ача  тилин  салаңдатып,  канааттанып  жаны  жай  алганы кебетесинен көрүнүп турду.

Жалгыз  көз  ачка  болчу.  Ал  үңкүрдүн  кире  беришине  жатып  уктап калды,  бирок  жакшы  уктай  алган  жок.  Ал  улам  ойгонуп,  кулагын  тикчийте апрелдин  жадыраган  күнү  карга  чагылышып  турган  сырткы  дүйнөнү  тыңшап жатты. Үргүлөй баштаганда эле кайдандыр шылдырап аккан суунун үнү келет, ал болсо муну кулак түрүп тыңшап калат. Күн кайрадан пайда болуп, ойгонуп келаткан  Түндүк  жан-денин  кытыгылап  чакырып  жатты.  Баары  жандана баштады. Айлана  көктөм  жыттанып, кар  алдынан  жашоо  жаралып, дарактарга суу жүгүрүп, топурактын муз кийими жыртыла баштады.

Жалгыз көздүн тынчы кетип жубайын карады, бирок тигинин турайын деген ою жок. Эки жагын карап, жакын жерден бырпырап  учкан чымчыктарды көрдү,  турайын  деп,  бирок  кайра  канчыгын  карады  да,  жатып,  үргүлөп  кетти. Ызылдаган  бир  алсыз  үн  келип  жатты.  Уйку-соонун  арасында  бир  нече  жолу тумшугун чапчып, акыры ойгонуп кетти. Тумшугу жакта бир чиркей ызылдап учуп жүрүптүр. Килейген неме  экен, кыязы, кургак дүмүрдүн оюгунда кыштап чыгып,  эми  күн  жылый  баштаганда  учуп  чыкса  керек.  Карт  бөрү  табияттын чакырыгына чыдап тура алган жок, анын үстүнө ачка да эле. Канчыгына  сойлоп  барып,  аны  тургузганга  аракет  кылды.  Бирок  ал ыркырап  койгондуктан,  өзү  жалгыз  жадырап  турган  эшикке  чыгып,  аяктары эриген  карга  бата  түштү  да,  эми  желип-жортуп  жүрүш кыйын  болорун  туйду.

Ал тоңгон өзөн менен жогору көздөй салды, карагайлардын көлөкөсүнөн улам бул  жерде  кар  бети  али  катуу  экен.  Сегиз  сааттай  желип-жортуп  жүрүп  иңир киргенде  ийинге  келди.  Эми  ал  мурункудан  да  ачка  болчу.  Жан-жаныбарлар жолукту, бирок кармай алган жок. Коёндор эриген кар менен безип кетишти, ал болсо карга батып, жакшы чуркай алган жок. Үңкүрдүн оозуна келгенде бир нерседен шектене түштү да, тык токтоду. Тияктан  кандайдыр  бир  алсыз  үндөр  чыгып  жатты.  Бул  канчыктын  үнү  эмес эле,  бирок  эмнегедир  тааныш  болчу.  Акырын  сойлоп  кирди  да,  канчыгынын эскертип  ырылдаганын  укту.  Жалгыз  көз  муну  анча  деле  этибарга  алган  жок, бирок  алысыраак  турганга  аргасыз  болду;  аны  эми  башка  үндөр  –  алсыз кыңшылаган, ыйлактаган үндөр кызыктырып турду.

Канчык  ага  кыжыры  келип  ыркырагандыктан,  үңкүрдүн  оозуна  барып жатты да, уктап кетти. Таң агарып, үңкүргө тунарган жарык киргенде, карт бөрү баягы  үндөрдүн  кайдан  келгенин  кайра  издей  баштады.  Канчыктын  эскертип ыркыраганынан  кызганычтын  да  пайда  болгонун  туйду  да,  андан  обочороок турууга  аргасыз  болду.  Бирок  баары  бир  канчыктын  аяктарына  илээшип, бооруна  жабышып,  алсыз  кыңшылап,  ыйлактап,  көздөрү  ачыла  элек  беш бөлтүрүк жүргөнүн көрдү. Карт бөрү таң калды. Жолдуу болуп, узакка созулган өмүрүндө  мындай  окуя  биринчи  болуп  жаткан  жок,  көп  болду,  бирок  ал  буга көргөн сайын астейдил айран калчу.

Канчык  кыпылдап  тынчы  кетип  карап  турду.  Маал-маалы  менен ыркырап,  карт  бөрү  жакындай  бергенде  жүрөк  түшүрө  аркырай  калып  жатты. Жамандыкты өз көзү менен көрбөсө да эне бөрүлөрдүн илгертен келаткан сокур сезими  ата  өзүнүн  алсыз  тукумун  жеп  коюшу  мүмкүн  деп  шыбырап  турду. Ушул  коркунуч  Жалгыз  көздү  өз  канынан  жаралган  бөлтүрүктөргө  жолотпой кууганга аргасыз кылып турду. Бирок бөлтүрүктөргө эч кандай деле коркунуч жок болчу. Карт бөрүнү да  ата-бабаларынан  бери  келаткан  сокур  сезими  бийледи.  Анын  буйругуна ойлонбостон,  кыңк  этпестен  жан-дили  менен  баш  ийип,  жаңы  туулган бөлтүрүктөрүнөн бурулду да, тамак издеп кетти.

Үңкүрдөн беш-алты миль ары барганда, өзөн эки айрылып, эки айрыгы тең тоого кетет экен. Карт бөрү сол айрыкка салды да, көп өтпөй эле бир изди көрдү.  Жыттап  көрүп,  жаңы  экенин  билди  да,  карга  жата  калып,  из  кеткен жакты  карай  баштады.  Анан  жай  бурулуп,  оң  айрык  жакка  салды.  Тиги  из өзүнүкүнөн бир топ чоң экен, демек, ал из кеткен жактан олжо табуу кыйын.

Оң  айрык  менен  жарым  милдей  барганда,  бөрүнүн  сак  кулагы кандайдыр  бир  кыйчылдаган  үндү  туйду.  Акырын  сойлоп  барып,  кош  аяктап туруп алып тишин жыгачка жанып аткан чүткөрдү көрдү. Жалгыз көз акырын жакындап барды, бирок жолу болоруна анча деле ишенбей турду. Түндүк  жакка мынчалык  алыс  кетпеген  мындай  жаныбардын  этин  өмүрүндө  бир  да  жолу татпаганы  менен  билчү.  Карт  бөрү  тажрыйбасынан  улам  жашоодо  жол  болуп, оомат келген учурлар да болорун билчү, ошондуктан чүткөргө жакындап бара берди. Мындайда айкаштын эмне менен аяктаарын айтыш кыйын, анткени жан-жаныбарлардын күрөшүндө ар кандай нерселер болушу мүмкүн.

Чүткөр  узун,  курч  ийнелерин  жайып  жиберип  топтой  түйүлүп  жатып алгандыктан,  кол  салууга  болбой  калды.  Жалгыз  көз  жаш  кезинде  бир  жолу жансыздай  көрүнгөн  ушундай  топ  ийнеге  туш болуп, күтүүсүз жерден  куйрук менен  тумшукка  жеген.  Бир  ийне  ошол  бойдон  мурдунда  кала  берип,  жан чыдатпай  оорутуп  жүрүп,  бир  нече  жумадан  кийин  араң  түшкөн.  Азыр  ал тумшугун  чүткөрдүн  куйругунан  бир футтай  алыс  тутуп,  секире  турган  болуп жатты. Ушинтип, таштай  катып  күтүп  турду.  Эмне  болорун  айтыш  кыйын.  Ар кандай  болушу  мүмкүн.  Балким,  чүткөр  жазылып  кетер.  Балким,  ыңгайы  келе калса, анын ийнесиз назик курсагын жара чапчып алар. Бирок жарым сааттан кийин Жалгыз көз өйдө болуп, тиги жансыз топко кыжырдана  ырылдады  да,  ары  карай  кетти.  Мындай  чүткөрлөрдүн  далайын аңдып  отурган,  азыр  болсо  буга  убакыт  жок  эле.  Оң  айрык  менен  андан  ары карай кетти. Күн шашке болуп баратканы менен жолу болбоду.

Ойгонуп  калган  аталык  сокур  сезим  бөрүнү  биротоло  бийлеп  алды. Кандай болбосун тамак табыш керек  эле.  Түш ченде бир ак кекилик туш болду. Бадалдан  чыга  калса,  маңдайында  туруптур.  Бир  футтай  жердеги  дүмүрдө отурган  экен.  Экөө  тиктеше  түшүштү.  Кекилик  коркуп  кетип  канатын  сермей бергенде,  бөрү  апчып  калды  да,  бапырата  басып  жыгылды.  Морт  сөөктөрүн качырата  тиштеп,  назик  этине  тиши  кире  берип,  жаагы  кайра  ачылды.  Эсине бирдеме  келе  түшкөндөй,  кекиликти  тиштеп  алып  үңкүрдү  көздөй  желип жөнөдү.

Адатындай  көлөкө  сыяктуу  шырп  эттирбей  желе-жорто  басып,  ар  бир бурулуштан  сактана  карап  келатып,  кайра  баягы  чоң  изди  көрдү.  Из  ал  бара турган жакка кеткендиктен, анын ээси менен жолукканга даяр болуп баратты.

Өзөн  чукул  бурулган  жердеги  аска  ташка  келгенде  акырын  башбагып, бир нерсени көрдү да, жерге жабыша калды. Бул жанагы чоң таман издин ээси – килейген  ургаачы  сүлөөсүн  экен.  Ал  баягы  топтоголок  болуп  түйүлүп  алган чүткөрдүн кашында эртең менен өзү тургандай болуп аңдып туруптур. Эгер ал мунун  алдында  табышсыз  көлөкөдөй  болуп  келатса,  эми  ошол  көлөкөнүн элесине айлана түштү да,  ың-жыңсыз сойлоп, чүткөр менен сүлөөсүндүн шамал келбей турган жагына өттү.

Карышкыр кекиликти жанына коюп, карга жата кетти да, жапыс өскөн кызыл  карагайдын  ийнелеринин  арасынан  көз  алдында  болуп  жаткан  жашоо оюнун  –  жашагысы  келип,  ушундан  улам  бири-бирин  аңдыган  сүлөөсүн менен чүткөрдү тикие карап турду. Мында бири экинчисин жегиси келип, тиги болсо  такыр  жем  болгусу  келбеди.  Карт  бөрү  да  бул  оюнга  катышып, балким, менин жолум болуп калаттыр деп үмүттөндү.

Жарым саат өттү, бир саат өттү, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Топ ийне кыймылсыз  турду,  сүлөөсүн  болсо  мармар  айкелге  айланып  калды,  ал  эми Жалгыз көз болсо өлүү сыяктуу сенейип калган эле. Бирок үчөө тең жан-дени тирүүлүктөн жаны ооруп кеткендей чыңалып, азыр денелери таш болуп катып калгандагыдай күчтү эч качан сезишпесе керек.

Жалгыз  көз  мурункудан  бешбетер  сактана  түштү  да,  бир  аз  алга ынтылды. Тиякта бир өзгөрүү болгондой болду. Чүткөр акыр-аягында душман кетти го деп ойлоп, өзүнүн ок өтпөс зоотун акырын ача баштады. Топ тикенек бара-бара жата баштады. Жалгыз көз даяр тамак сыяктуу алдында жаткан тирүү жандыкты көрүп оозу шилекейге толуп чыкканын сезди.

Чүткөр  толук  жайылып  бүтө  электе,  душманын  көрүп  калды.  Ушул учурда  сүлөөсүн  аны  чапчып  алды.  Сокку  чагылгандай  тез  болду.  Алгыр куштукундай курч тырмактар назик курсакты жарып кетти. Эгер чүткөр толук жайылганда же душманын көз ирмемге кечирээк байкаганда, сүлөөсүндүн буту соо  калмак,  бирок  азыр  ал  бутун  тартып  алганча,  чүткөр  аны  куйругу  менен согуп, курч ийнелерин батырганга үлгүрдү. Сокку,  жооп  катары  урулган  сокку,  чүткөрдүн  өлөр  алдындагы чыңырыгы,  чоң  мышыктын  жаны  ооруганына  чыдабай  чаңырганы  –  ушунун баары бир учурда болду. Каны дүргүй түшкөн Жалгыз көз өйдө болуп, кулагын тикчийтти,  куйругу  түздөлүп  ката  түштү.  Сүлөөсүн  токтоно  албай  калды  да, жанын ушундай ооруткан немеге карай жаалданып атырылды. Бирок чыңырып, жарылган курсагын эптеп жашырып, кайра топко айлана албай алдастап жаткан чүткөр  куйругу  менен  дагы  бир  урду.  Чоң  мышык  жаны  ооругандан  кайра чаңырып,  артка  жалт  берди;  ийне  жыш  сайылган  мурду  ийне  жаздыкчасына окшоп турду. Ал тумшугун таманы менен чапчып, карга, бутактарга ары-бери сүртүп,  алга-артка,  оңго-солго  секирип,  оттой  күйгүзгөн  ушул  ийнелерден кутулууга  аракет  кылды. Жан  чыдагыс  оору  менен  коркуудан  эч нерсени да сезбей калды.

Бышкырып  жаткан  сүлөөсүндүн  кыска  куйругу  калтырап-титирей берди,  анан  ал  бара-бара  тынчый  баштады.  Жалгыз  көз  аны  тикчийип  байкап турду да бир маалда селт этип, жалы тик тура түштү: айласы  куруган сүлөөсүн бир маалда так түйүлүп секирип, чаңырып-чаңырып качып жөнөдү. Карааны көрүнбөй,  чаңырганы  алыстан  угулуп  калганда  гана  Жалгыз  көз  алга  жылды.

Курч ийнелер кар бетине жыш сайылып калгандай, азыр эле жумшак таманына бата түшчүдөй болуп этият баратты. Чүткөр карышкырды ажаандана чыйылдап, тиштерин  шакылдатып  каршы  алды.  Эптеп  түйүлүмүш  болду,  бирок  бул  эми баягы  топ  ийне  эмес  эле:  үзүлгөн  булчуңдар  баш  ийбей  турду,  өзү  болсо  тең бөлүнүп, кансырап турду.

Карт  бөрү  кан  төгүлгөн  карды  ыракаттана  сугунду.  Карды  ого  бетер ачты, бирок көптү көргөндүгүн кылып дагы эле сактанып турду. Күтүп туруш керек эле. Ал чүткөрдүн маңдайына жата кетти, тиги болсо тишин кычыратып, кышылдап,  акырын  кыңшылады.  Көп  өтпөй  эле  Жалгыз  көз  чүткөрдүн ийнелери  акырын  түшүп,  бүт  денеси  титирей  баштаганын  көрдү.  Анан  эле титирегени  басылып  калды.  Узун  тиштери  акыркы  жолу  шак  этип,  ийнелери түштү, жаны жай алып, кыймылсыз жатып калды.

Жалгыз  көз  чүткөрдү  апкаарып  титиреген  таманы  менен  акырын узатасынан салды да, чалкасынан жаткырды. Эч нерсе болгон жок. Чүткөр өлүп калыптыр. Кылдат карап чыккан соң карышкыр олжосун тиштеп  алып, өзөндү бойлоп жөнөдү, курч ийнесин басып албайын деп, башын бир жакка кыйшайта кар үстү менен сүйрөп баратты. Бирок капыстан бир нерсе эсине түшө калып, чүткөрдү таштады да, кекиликке кайра барды. Ал ыргылжың болуп турган жок, анткени эмне кылышты билчү: кекиликти жеш керек болчу. Жеп жиберген соң дароо олжосуна келди да, аны сүйрөп жөнөдү.

Ал олжосун сүйрөп үңкүргө киргенде, канчыгы аны карады да, башын көтөрүп,  мойнунан  жалап  койду.  Бирок  ошол  замат  аны  бөлтүрүктөргө жолотпой  ыркырамыш  болду,  мунусу  каарданбай  эле  кечирим  сурагандай туюлду. Бөлтүрүктөрдү атасы жеп коёт деген сокур сезимге байланган коркунуч жок  болуп  баратты.  Жалгыз  көз  да  өзүнүн  ата  бөрү  экенин  сезди,  анда  өз канынан жаралган тукумун жеп коёюн деп жаман ой жок эле.

III бап. Боз бөлтүрүк

Ал ага-инилеринен, эже-карындаштарынан башкача болчу. Алардын өңү энесин  тартып  кызгылтым  болуп  турса,  ал  атасынын  эле  өзү.  Бөлтүрүктөрдүн ичинен анын өңү гана боз болчу. Чыныгы карышкырдай болуп, Жалгыз көздү эске  салып  турчу,  болгон  айырмасы  атасынын  көзү  бирөө,  баласыныкы  экөө эле.

Боз бөлтүрүктүн көзү өткөндө ачылып, азыр дурус эле көрүп калды. Ал турсун  көзү  ачыла электе  эле  туюп, жыттап, жалап  билчү. Эки  эркек,  эки кыз бир  тууганын  таанычу.  Тигилер  менен  тамтаңдап  жөөлөшүп,  кээде  алышып кетишчү,  мындайда  тамагы  ыркыраганга  жете  элек  жумшак  ырылдоодон титиречү.  Ал  көзү  ачылганга  чейин  эле  жылуу  сүт  жыттанган  назик  энесин жытынан,  даамынан  таанычу.  Энеси  жумшак  мээримдүү  тили  менен  назик денесин жалаганда, дароо жаны жай алып, бооруна ыктап уйкуга кетчү. Анын  өмүрүнүн  алгачкы  айы  дээрлик  уйкуда  өттү,  бирок  эми жакшыраак көрүп, азыраак уктап, өз дүйнөсү менен аз-аздан тааныша баштады.

Анын дүйнөсү караңгы болчу, бирок ал  башка дүйнөнү билбегендиктен, анын караңгылыгын  деле  билчү  эмес.  Күүгүм  тартып  турган  бул  чөйрөдө  көзүн жарыкка  көндүрүүнүн  зарылдыгы  да  жок  болчу.  Дүйнөсү  абдан  тар  болуп, үңкүрдүн  дубалдары  менен  чектелип  турчу;  тышкы  чексиз  дүйнөдөн бөлтүрүктүн  кабары  болбогондуктан,  мындай  тар  чөйрөдө  жашоо  ал  үчүн кыйын деле эмес эле. Бирок  андай  деген  менен  көп  өтпөй  эле  бул  дүйнөнүн  дубалдарынын бири  башкачараак  экенин  байкап  калды.  Бул  үңкүрдүн  оозу  эле,  ал  тараптан жарык келип турчу. Анын башкача экени ой менен аң-сезимдүү эңсөөлөр пайда болгонго  чейин  эле  билинди.  Ал  жак  бөлтүрүктү  көзү  ачыла  электе  эле  өзүнө тартчу. Ал жактан келген жарык анын жумулган көзүнө тийип, көрүү нервдери жагымдуу,  бирок  бейтааныш  сезимди  пайда  кылган  жылуу  жарыкка  жооп кайтарчу.  Денесиндеги,  денесинин  ар  бир  клеткасындагы  жашоо,  өз табиятынын  өзөгүн  түзүп,  анын  эркине  баш  ийбей  аракетке  кирген  жашоо өсүмдүктүн  химиялык  курамы  аны  күнгө  бургандай  эле  ушул  жарыкка  жан талашып умтулчу.

Бөлтүрүк аң-сезими ойгоно электе эле жылып отуруп  үңкүрдүн оозуна кетип  калчу.  Бир  туугандары  да  андан  калышчу  эмес.  Ал  убакта  алардын  эч кимиси  үңкүрдүн  арткы  караңгы  дубалына  кетенчиктеп  кетчү  эмес.  Алар өсүмдүк сыяктуу жарыкка тартылып, жашоо деген химиялык процесс жарыкты талап  кылчу;  жарык  алардын  жашоосунун  зарыл  шарты  болгондуктан, бөлтүрүктөрдүн  кенедей  денелери  жүзүм  бутактарындай  болуп  эч  ойлонбой, сокур  сезимине  гана  баш  ийип  ага  тартылчу.  Кийинчерээк  ар  бири  өз-өзүнчө болуп,  ар  биринин  өзүнчө  каалоолору  менен  умтулуулары  пайда  болгондо, жарыкка  тартылуу  ого  бетер  күчөдү.  Алар  тынбай  ошол  жакка  сойлоп,  энеси аларды кайрып келип турду.

Ушинтип,  боз  бөлтүрүк  энесинин  жумшак  эркелетип  жалаган  тилинен башка да касиеттери бар экенин билди. Улам жарыкка умтула берип энесинин жазалап артка ыргытып таштай турган тумшугу бар экенин билди, кийинчерээк жерге  бир  аз  ныгыра  басып,  ыкчам,  жөн  билги  кыймылы  менен  бурчка тоголотуп  бара  турган  буту  бар  экенин  билди.  Ошентип,  денеси  ооруганын сезип,  андан  кача  турган  болду:  адегенде  жазалай  турган  нерселерге  барбай жүрдү  да,  кийинчерээк  жазадан  кутулуп  кетишти  үйрөнүп  алды.  Бул  аң-сезимдүү аракет, бул дүйнөнүн кубулуштарын жалпылай билүүнүн натыйжасы болчу. Буга чейин ал жарыкка умтулган сыяктуу эле оорудан да сокур сезими менен качып жүрчү. Эми болсо оорунун эмне экенин билгендиктен,  андан кача турган болду.

Ал  тажаал  бөлтүрүк  эле.  Анын  жатындаштары  да  ушундай  болчу. Ушундай  болушу  керек  эле,  анткени  алар  жырткыч  болчу,  жалаң  эт  жеген жырткычтардын  тукуму  болчу.  Алардын  көз  жара  электе  эмген  алгачкы  сүтү эттен  болчу.  Эми  туулганына  бир  ай  болуп,  көзү  бир  жума  мурун  ачылган бөлтүрүк  сүткө  алымсынбай  калган  беш  бөлтүрүккө  энеси  чайнап  берген  эттен жей турган болду.

Боз  бөлтүрүктүн  тажаалдыгы  барган  сайын  арта  берди.  Ыркыраганы беркилердикине  караганда  катуураак  чыгып,  жаалданганы  да  сүрдүүрөөк.  Таманы  менен  тоголото  сокконду  да  биринчи  болуп  үйрөндү.  Биринчи  болуп башка  бөлтүрүктү  кулактан  алып,  чайнап,  жаагы  карышса  да  ырылдап,  ары-бери  сүйрөдү.  Анан,  албетте,  үңкүрдүн  оозунан  кайтарып  келчү  энесин башкаларга караганда көбүрөөк кыйнады. Жарык  боз  бөлтүрүктү  күн  өткөн  сайын  көбүрөөк  азгырчу  болду.  Ал үңкүрдү  тынбай  кыдырып,  эшикке  чыгууга  аракет  кылып  жүрдү,  бирок  дароо эле артка кайтарылып жатты. Чынын айтканда анын эшик –  бир жерден экинчи жерге  өтүп  кете  турган  өткөөл  жөнүндө  түшүнүгү  жок  болчу.  Ошондуктан үңкүрдүн  эшиги  ага  дубалдай,  жарыктын  дубалындай  гана  сезилчү.

Сырттагылар  үчүн  күн  кандай  болсо,  бул  дубал  да  ал  үчүн  күн  болчу.  Ал бөлтүрүктү  от  шайтан  көпөлөктү  азгыргандай  азгырып  турчу.  Дайыма  ошол жакка  умтулганы  умтулган.  Жан-дениндеги  дүркүрөп  өсүп  келаткан  жашоо ошол  жарык  дубалга  түртүп  жатты.  Ошол  жашоо  дүйнөгө  кеткен  жападан жалгыз, болгондо да маңдайга жазылган жол ушул экенин билип турду. Анын өзүнүн мындан таптакыр кабары жок эле. Сырткы дүйнөнүн бар экенин дегеле билчү эмес. Жарык  дубалдын  бир  таң  каларлык  касиети  бар  эле.  Атасы  (энесине окшош, жарык дубалдын жанында уктап, тамак алып келчү үңкүрдүн дагы бир тургуну) адатта ошол жарык дубалдан өтүп, жок болуп кетер эле. Боз бөлтүрүк ушуну түшүнө алчу эмес. Энеси жарык дубалга жакындата койчу эмес, ал эми башка дубалдарга барганда, назик тумшугу катуу нерсеге тийчү да ооруп кетчү. Бир  нече  жолу  ушундай  болгондон  кийин  дубалдарга  барганды  койду.  Ал башын катырып отурбай эле сүт менен чайналган эт энесинин касиети болгон сыяктуу  эле  жарык  дубалдан  өтүп  кетүүнү  да  атанын  өзгөчө  касиети  катары кабылдады. Чынын  айтканда,  боз  бөлтүрүккө  адамдар  ойлонгондой  болуп  ой жүгүртүү кайдан. Анын мээси бүдөмүк иштечү. Бирок андай деген менен анын жыйынтыктары  кишилердикиндей  эле  так,  даана  болчу.  Ал  бул  эмне  үчүн мындай болуп кетти деп баш оорутпай, болгонун болгондой кабыл алчу. Анын болгону  жетиштүү  болчу.  Анын  курчап  турган  айлана-чөйрөнү  таанып  билүү усулу ушундай эле. Ушундан улам үңкүрдүн дубалын бир нече жолу сүзгөн соң андан өтүп кете албасын аңдады. Атасынын бул дубалдардан өтүп кете аларын да  ушундай  эле  кабылдады.  Бирок  атасы  менен  өзүнүн  айырмачылыгынын себебин табуу анын оюна да келген жок. Логика менен физикага анын мээсинде орун жок болчу.

Ал  түндүктү  мекендегендердин  көпчүлүгү  сыяктуу  эле  ачкалыктын азабын  эрте  тартты.  Атасы  эт  алып  келбей,  энесинин  эмчегинен  сүт  чыкпай калган күндөр келди. Бөлтүрүктөр кыңшылап, ыйлактап, көп убактысын уктап өткөрүп, анан өзөрүп жатып калышты. Талаш-тартыш, уруш деген жок, эч ким жини  келип  ыркырабайт,  жарык  дубалга  кетип  калуу  да  токтоду.  Алар  солуп жатышты, элдир-селдир жашоолору үлүңдөп өчүп баратты.

Жалгыз көздүн айласы кетти. Жаны тынбай желип-жортуп, куну качып, мазар  сыяктуу  болуп  калган  ийиндин  оозунда  азыраак  уктап  калды.  Канчык карышкыр  да  бөлтүрүктөрүн  калтырып,  тамак  издеп  чыкты.  Бөлтүрүктөр туулгандан  кийин  Жалгыз  көз  индеец  айылына  барып,  баягыдай  капканга коюлган коёндорду алып жүрдү, бирок кар эрип, дарыялардан муз кетери менен индеецтер көчүп кетти да, ал тамак да жок болду.

Боз  бөлтүрүк  бир  аз  оңолуп,  баягы  жарык  дубалга  кайра  кызыга баштаганда, өз дүйнөсүнүн  жашоочулары  азайып  калганын  байкады.  Бир  гана карындашы  калыптыр.  Калгандары  жок.  Өзүнө  келери  менен  эле  ойной баштады,  бирок  эми  жалгыз  ойноп  калды,  анткени  карындашы  баш  көтөрө албай кыймылсыз жатты. Азыр анын кенедей денеси жеген этинен топтоголок болуп турду, бирок кеч болуп калган эле. Ал баш көтөрбөй уктап жатты, тери капталган  скелеттей  болгон  кичинекей  денесиндеги  жашоонун  учкундары бүлбүлдөп отуруп акыры өчүп калды. Анан  эле  жарык  дубалдан  өтүп,  жок  болуп  кетчү  атасы  келбей  калды, эми  анын  кире  бериштеги  уктачу  орду  бош.  Бул  кийинки,  бир  аз жеңилирээк  ачарчылыктын  аягында  болду.  Канчык  карышкыр  Жалгыз  көздүн үңкүргө эмне үчүн кайра келбей калганын билчү, бирок ал өзүнүн көргөнүн боз бөлтүрүккө  айтып  бере  алган  жок.  Ал  өзөндүн  сүлөөсүн  мекендеген  сол айрыгына  аң  уулап  барып,  Жалгыз  көздүн  кечээги  изине  туш  болду.  Из түгөнгөн  жерден  анын  өзүн,  тагыраак  айтканда,  анын  калдыктарын  тапты. Тегеректин  баары  жакында  болгон  кармашты,  анда  жеңип  чыккан  сүлөөсүн ийинине  кеткенин  айтып  турду.  Канчык  анын  ийинин  издеп  тапты,  бирок белгилерге  караганда  сүлөөсүн  ичинде  сыяктангандыктан  канчык  даап  кире алган жок. Ушундан  кийин  канчык  өзөндүн  сол  айрыгына  аң  уулап  барганын койду.  Сүлөөсүндүн  ийининде  балдары  бар  экенин,  өзү  болсо  жеткен  тажаал, кармаштан  коркпой  турган  неме  экенин  билди.  Үч-төрт  карышкыр  болсо,  бул бышкырып, түгү тик турган немени оңой эле  даракка кууп чыкса болот, бирок муну  менен,  өзгөчө  ачыккан  жаш  балдары  бар  неме  менен  бетме-бет  чыгуу таптакыр башка иш. Бирок Түндүк деген Түндүк жана эне деген эне, ал Түндүктө да, андан башка  жерде  да  эч  нерсеге  карабайт;  өзүнүн  боз  бөлтүрүгү  үчүн  канчык карышкыр өзөндүн сол айрыгындагы аскаларды мекендеген тажаал сүлөөсүнгө беттеп бара турган күн сөзсүз келмек.

IV бап. Дүйнө дубалы

Энеси  үңкүргө  калтырып,  аң  уулоого  кете  баштаганда  бөлтүрүк үңкүрдүн  оозуна  жакындабаш  керек  деген  мыйзамды  өздөштүрүп  алды.  Аны тумшугу,  таманы  менен  тоголото  түртүп  жүрүп  энеси  үйрөттү,  анын  үстүнө өзүндө  коркунуч  сезими  пайда  болду.  Бул  сезим  бөлтүрүккө  байыркы  ата-бабаларынан,  миңдеген  жашоолор  аркылуу  келген.  Ага  Жалгыз  көз  менен канчык карышкырдан өтсө, өз кезегинде алар өзүнөн мурунку карышкырлардан алышкан. Коркуу – Түндүктүн мурасы, эч бир жырткыч андан кутула албайт же аны шорпого алмаштыра албайт!

Ошентип, боз бөлтүрүк маңызын түшүнбөсө да коркууну билип калды. Сыягы,  аны  жашоодогу  чектөөлөрдүн  бири  катары  кабыл  алды.  Мындай чектөөлөрдүн  бар  экенин  ал  билип  калган.  Мына,  ачарчылыкта  өзөрүп  тамак жегиси  келди,  бирок  чектөөгө  дуушар  болду.  Үңкүрдүн  калың  дубалдары, энесинин  тумшугу  менен  түртүп,  таманы  менен  тоголото  койгону  жашоодо бардыгына жол бериле бербейт, мында көптөгөн чектөөлөр менен тыюулар бар деген  ишенимди  пайда  кылган.  Бул  чектөөлөр  менен  тыюулар  мыйзам  болчу. Ага  баш  ийүү  дененин  жан  чыдагыс  оорусунан  оолак  болуу,  жакшы  жашоо дегендик болчу.

Бөлтүрүк адамдар ойлонгондой ой жүгүрткөн жок. Ал болгону дүйнөнү оорута тургандар менен оорутпай тургандарга гана бөлүп, оорута тургандардан, тыюулар менен чектөөлөрдөн оолак болуп, жашоонун жыргалын көрүүгө аракет кылды. Мына  ушундан  улам  бөлтүрүк  энеси  үйрөткөн  мыйзамга,  белгисиз коркунучка баш ийип, үңкүрдүн оозуна барган жок. Ал жак дагы эле ага жарык дубал сыяктуу сезилчү. Энеси жокто ал көбүнчө уктачу, ойгонгон соң тамагын кытыгылап, сыртка чыгайын деген кыңшылоосун басып тынч жатчу.

Бир күнү ойгонуп кетип, жарык дубал жактан бир бейтааныш үндү укту. Ал үңкүрдүн оозунда булгун турганын билген жок, өз эрдигинен өзү калтырап, ошол  жактан  келген  жытты  искегиледи.  Бөлтүрүк  бир  гана  нерсени  түшүндү: бул  бейтааныш,  мурун  укпаган  үн,  демек,  коркунучтуу,  анткени  белгисиздик коркунучтун негизги элементтеринин бири болчу. Бөлтүрүктүн  түгү  тик  туруп,  бирок  үн чыгарбады.  Бул  үнгө  жооп катары  үрпөйө  калыш  керектигин ал  кантип  билди?  Мындай  нерсе  мурун болгон  эмес,  бирок  анын  корккону  ушинтип  билинди,  муну  түшүндүрүш  да кыйын эле. Коркуу сезимин дагы бир инстинкт –  бекинүү, жашынуу инстинкти коштоду. Бөлтүрүк жүрөгү түшүп коркуп турду, бирок үнсүз, кыймылсыз, өлүк сыяктуу  болуп  жата  берди.  Кайтып  келаткан  энеси  булгундун  жытын  сезип, ыркыраган бойдон үңкүргө атып кирди да, бөлтүрүктү таң кала тургандай назик жалап, эркелете баштады. Бөлтүрүк катуу оорудан аман калганын түшүндү. Бирок  анын  ичинде  аракеттенип  жаткан  башка  күчтөр  да  бар  болчу, алардын  эң  башкысы  өсүш  эле.  Инстинкт  менен  мыйзам  баш  ийүүнү  талап кылса,  өсүш  баш  бербөөнү  талап  кылды.  Энеси  жана  коркуу  сезими  жарык дубалдан  оолак  болууга  мажбурлашты,  бирок  өсүү  бул  жашоо,  ал  эми  жашоо дегениң  дайым  жарыкка  умтулат,  ар  бир  сугунган  эти  менен,  ар  бир  жутум абасы  менен күчөп келаткан  жашоо  толкунун  эч  кандай чектөө  токтото  алмак эмес.  Акырында  бир  күнү  жашоо  ташкыны  коркуу  сезими  менен  баш  ийүүнү бузуп өттү да, бөлтүрүк калтырап кадам таштап, эшикке карай бет алды. Бул  дубал  өзү  билген  башка  дубалдарга  окшобой  жакындаган  сайын арылай  берди.  Ал  кичинекей  назик  тумшугун  алга  созуп,  качан  катуу  дубалга тиер экен деп күттү, бирок дубал жарык сыяктуу эле бош, көңдөй болуп чыкты.

Бөлтүрүк дубал сыяктанган нерсеге кирди да, ага аралашып кетти. Ал  апкаарый  түштү,  анткени  катуу  нерсени  тешип  өтүп  баратпайбы! Жарык  болсо  барган  сайын  көз  уялтып  күчөдү.  Коркуу  сезими  артка  кууп,  ал эми жашоо болсо илгерилөөгө мажбурлап жатты. Анан эле үңкүрдүн эшигине келип калганын көрдү. Өзү ичинде келаткан сыяктуу сезилген дубал капыстан эле  өтө  алыстап  кетти.  Андан  бөлтүрүктүн  көзүн  уялып,  күтүүсүздөн  ачыла калган мейкиндиктен башы айлана түштү. Көзү бара-бара көз уялткан жарыкка көнүп, нерселердин ортосундагы алыстай түшкөн аралыкты ажырата баштады.

Адегенде дубал өтө ыраактап кетип, көрүнбөй калды. Аны кайра көрдү, ал эми өтө алыс болуп, башкача көрүнүп калыптыр. Анын бети ар түрдүү болуп, анда өзөндү  бойлой  кеткен  бак-дарактар,  алардын  артында  заңгыраган  тоолор, тоолордон да бийик асман бар экен.

Бөлтүрүктүн  үрөйү  учуп  кетти.  Бейтааныш  коркунучтуу  нерселер  көп эле.  Үңкүрдүн  оозуна  бүрүшүп  жата  калып,  айланага  көз  чаптырды. Коркконунан  титиреп  кетти.  Чоочун  нерселердин  баары  ага  душмандай сезилди.  Түгү  тик  туруп,  оозун  араандай  ачып,  ыркырамыш  болду.  Коркуп калган кенедей жырткыч айбат кылып, бүтүн дүйнөгө каршы турду. Бирок  эч  нерсе  болгон  жок.  Бөлтүрүк  туш-тарабын  кызыгып  карап жатып, ыркыраш керек экенин, ал турсун коркконун да унутуп калды.  Жашоо коркуу  сезимин  жеңип,  эми  анын  ордун  кызыгуу  ээлеп  алды.  Бөлтүрүк  көз алдындагы өзөндүн күнгө чагылышып агып жаткан ачык бөлүгүн, жантайманын жанындагы  куурап  калган  кызыл  карагайды,  өзү  отурган  үңкүр  оозуна  карай келген жантайманы ажырата баштады.

Буга чейин ал тегиз жерде  жашап, кулап кеткенде дене ооруй турганын, дегеле  кулап  кетүү  деген  эмне  экенин   билчү  эмес.  Ушундан  улам  тартынбай ачык  абага  карай  кадам  шилтеди.  Арткы  буттары  үңкүрдүн  оозунда тургандыктан,  башы  менен  ылдый  кулады.  Тумшугу  менен  жерге  былч   дей түштү да, каңшылаган бойдон  ылдый кулап кетти. Жаны чыгып кете жаздады.

Белгисиз  чоочун  нерсе  кармап  алып,  жан  чыдагыс  ооруга  кириптер  кылганы калды. Анын ичиндеги туйлаган жашоонун ордун кайрадан коркуу сезими ээлеп алды да, ар кандай эле корккон күчүк сыяктуу каңшылап ийди. Белгисиздик  дагы  эле  коркутуп,  ал  эмнеден  коркконун  билбей  эле каңшылай берди. Бул чоочун неме жанынан өткөндө корккондон таштай катып жаткандан  да  жаман  эле.  Эми  белгисиздик  аны  биротоло  бийлеп  алды. Унчукпай  жатуу  да  жардам  бербейт.  Анын  үстүнө  бул  жөн  эле  чочулоо  эмес, жүрөк түшүргөн коркуу болчу.

Эми  жантайма  анча  тик  болбой,  чөп  өскөн  жерге  келди  да,  жайлап барып  акыры  токтоп  калды.  Аянычтуу  каңшылап,  анан  эч  нерсе  болбогондой капталына жабышкан топуракты көнүмүш адаты боюнча жалай баштады. Муну бүткөн соң, отура кетти да Жерден Марска биринчи жолу конгон кишидей  болуп  эки  жагын  карай  баштады.  Бөлтүрүк  дүйнөнүн  жарык дубалынан  өтүп,  белгисиз  нерсеге  туш  болуп,  бирок  анын  кучагынан  чыгып, эми  минтип  аман-соо  отурат.  Бирок  Марска  биринчи  конгон  киши  да бөлтүрүктөй  болуп  көптөгөн  чоочун  нерселерди  көрө  албас  эле. Ал  эч  кандай билими,  даярдыгы  жок  туруп  таптакыр  чоочун  дүйнөнүн  изилдөөчүсү  болуп калды.

Коркунучтуу  белгисиздиктен  кутулган  соң  бөлтүрүк  аны  дароо  эле унутуп калды. Ал азыр өзүн курчап турган бардык нерселерге кызыгып турду. Аяк  алдындагы  чөптөрдү,  ары  жактагы  брусниканы,  боордун  четиндеги дарактардын  арасында  турган  куураган  кызыл  карагайды  карай берди.  Анын артынан  чуркап  келе  калган  тыйын  чычканды  көрүп  жүрөгү  шуу  дей  түштү. Жерге  жата  калып,  ыркырап  ийди.  Тыйын  чычкан  андан  да  жаман  коркту; даракка атып чыгып, коопсуз жерге жеткен соң ачууланып чырылдады.

Андан кийин кездешкен тоңкулдактан бир аз корксо да, ал буга шердене түшүп  жолун  улантты.  Өтө  эле  менменсинип  кетип,  бир  кашкөй  чымчык маңдайына  коно  калды  эле,  ойноп  колун  сунду.  Тиги  болсо  тумшугун  оорута чокуп алды, бөлтүрүк бүрүшө калып  каңшылап ийди. Чочуп кеткен неме  учуп кетти.

Бөлтүрүк  баарын  изилдеди.  Анын  кенедей  мээси  аң-сезимсиз түрдө баарын бөлүштүрүп жатты. Көрсө, жандуу жана жансыз нерселер болот экен.  Жандуу  нерселерден  этият  болуш  керек  экен.  Жансыз  нерселер  жылбай тура берет, ал эми жандуулар жылат, булардын эмне кылып ийерин алдын ала айтыш кыйын. Булардан баарын күтсө болот, булардан этият болуш керек.

Бөлтүрүк  олдоксон  кадам  шилтеп,  кээде  бир  нерселерге  чалынып, мүдүрүлүп атты. Алыс сыяктуу сезилген бутак капыстан мурдуна тиет же  капталына  чабылат.  Жер  да  уңкул-чуңкул.  Кээде  таштарга  чалынып, мүдүрүлүп,  тумшугун,  буттарын  оорутуп  алып  жатты.  Аягында бөлтүрүк жансыз  нерселердин  баары  өзүнүн  үңкүрү  сыяктуу  туруктуу,  кыймылсыз болорун,  алардын  кичинелери  чоңдоруна  караганда  көбүрөөк  кулап,  аңтарыла берерин түшүндү. Жаңылган сайын көбүрөөк нерселерди биле баштады. Барган сайын  басканы  да  тыңыды.  Ыңгайлаша  баштады.  Өз  кыймылын,  чамасын болжолдогонду,  ар  түрдүү  нерселердин  арасындагы  жана  алар  менен  өзүнүн ортосундагы аралыкты божомолдоп билгенди үйрөндү.

Адегенде  эле  жолу  болду.  Аңчы  болуш  үчүн  туулган  (муну  өзү  али билбесе  да)  бөлтүрүк  ийининен  чыккан  күнү  эле  аңга  кол  салды.  Ал  өзүнүн олдоксондугунан  улам  кекиликтин  бекем  катылган  уясына  туш  болду.  Кулап калган кызыл карагай менен баратканда аяк алдындагы чириген кабык ажырап кетти  да,  чаңырган  бойдон  ийне  жалбырактар  менен  бутактардан  өтүп, кекиликтин жети балапаны отурган уяга кулап түштү.

Балапандар  чыйпылдап  жибергендиктен,  ал  адегенде  чочуду, бирок  алардын  кичинекей  экенин  көрүп  шердене  түштү.  Балапандар  бытырап жатты.  Бирөөнү  таманы  менен  басты  эле,  ал  ого  бетер  бырпырай  баштады. Бөлтүрүккө  бул  жага  бербей  калды.  Балапанды  жыттап  көрүп,  оозуна  алды. Балапан  тыбырчылап,  кытыгысын  келтирди.  Бөлтүрүк  дароо  курсагы  ачканын сезди.  Катуураак  тиштеди  да,  балапандын  сөөгүнүн  кычырап  сынганын,  тилине тийген жылуу  кандын даамын туйду. Кан абдан таттуу эле. Анын оозунда энеси алып  келип  берчү  тамак  турган  эле,  бирок  бул  андан  алда  канча  даамдуу  экен, анткени  бул  тирүү  жан  болчу.  Бөлтүрүк  балапанды  жеп  жиберди.  Бардыгын жеп  бүткөнчө  токтогон  жок.  Анан  ал  так  эле  энесиндей  болуп  жаланып-жуктанды да, бадалдан чыгып кетмек болду.

Капыстан эле буркураган куюнга туш болду. Атырылган чабуул менен канаттардын  сабаганы  бөлтүрүктүн  айласын  кетирип  койду.  Ал  башын таманына  катып,  каңшылап  ийди.  Соккулар  ансайын  күчөдү.  Эне  кекилик кутуруп  кеткендей.  Бөлтүрүктүн  да  жаалы  келе  түштү.  Ал  ыркырап  тура  калды да,  буттары  менен  коргонуп,  кекиликтин  канатына  майда  тиштерин  батырып, алы  жетишинче  жулкуп-улкуп,  ары-бери  сүйрөй  баштады.  Кекилик  бош  канаты менен  соккулап  кирди.  Бул  бөлтүрүктүн  биринчи  кармашуусу  эле.  Ал өрөпкүп, белгисиз  нерселерден  коркконун  унутуп,  эч  нерседен  коркпой  калды.  Үзүп-жулкуп, али сокку  уруп жаткан жандуу немени жерге ургулады. Анын  үстүнө бул  жандуу  неме  эт  болчу.  Ал  кан  көксөп  турду.  Азыр  эле  кичинекей  жети тирүү  жандыкты  жок  кылган.  Азыр  болсо  чоң  тирүү  жандыктын  түбүнө жеткени  турат.  Ал  кармашка  баш-оту  менен  кирип,  ушунчалык  бактылуу болгондуктан,  өз  бактысын  сезгенге  да  чамасы  келген  жок.  Мурун  болуп көрбөгөн кызуулуктан титиреп-калтырап турду.

Ал канатты коё бербей ырылдады. Кекилик аны бадалдан сүйрөп алып чыкты. Кайра сүйрөп алып киргенге аракет кылганда, бөлтүрүк аны ачык жерге  алып  чыкты.  Кекилик  чайылдап  кыйкырып,  соо  канаты  менен  ургулап, мамык жүндөрү кардай сапырылып учту. Бөлтүрүк эми жаалданганынан өзүн билбей, ата-бабаларынын аңчылык каны ташкындап чыкты. Өзү сезбесе да бул анын кадимки жашоосу эле. Ал маңдайына жазылган ишин кылып, олжосун өлтүрүп, өлтүргөндөн мурун аны менен кармашып жатты. Өз жашоосун актап, жашоосунун  эң  жогорку  милдетин  аткарды,  анткени  жашоо  дегениң бардык  күчү  алдыга  коюлган  максаттарды  ишке  ашыруу  үчүн  жумшалган учурларда гана эң чокусуна жетет эмеспи.

Акырында кекилик каршылык көрсөтө албай калды. Бөлтүрүк дагы эле анын  канатын  коё  бербеди.  Экөө  жерде  тиктешип  жатышты.  Бөлтүрүк жүрөк түшүргөндөй  ыркыраганга  аракет кылды. Тиги болсо  ансыз деле ооруп турган тумшугун кайра чокуп алды. Бөлтүрүк  селт  эте  түшкөнү  менен  канатты коё  берген  жок.  Тиги  кайра-кайра  чокулады.  Ал  каңшылап,  канат  менен кошо  кекилик  да  келе  берерин  билбей  артка  кетенчиктей  берди.  Байкуш тумшукка соккулар мөндүрдөй жаады. Бөлтүрүк кайратынан жана түштү.

Олжосун  коё  берип  ийип,  ачык  жердин  аркы  четине  качып  барды  да, энтигип, тилин салаңдатып, аянычтуу кыңшылап, бадалдын түбүнө жата кетти. Анан  капыстан  эле  белгисиз  коркунучтан  жүрөгү  кысыла  түштү.  Белгисиздик кайрадан  жүрөктүн  үшүн  алып  кысып  киргендиктен,  бадалдын  ичине  кире качты. Ага шамалдын катуу эпкини тийди да, коркунучтуу чоң канат жанынан үн-сөзсүз  кайып  өттү.  Асмандан  кудуп  түшкөн  карчыга  бөлтүрүктү  ала  албай калды.

Бөлтүрүк  өзүнө  келе  албай  бадалдын  түбүндө  жатканда,  тияктагы бузулган уядан кекилик барпырап учуп чыкты. Ал балапандарынын кайгысынан улам асмандагы канаттуу жебе коркунучун унутуп койсо керек. Бөлтүрүк болсо баарын  көрдү  жана  бул  ага  чоң  сабак  болду.  Ал  карчыганын  кулаган  таштай атылып  түшкөнүн,  канаты  чөпкө  тийчүдөй  болуп  кайый  берип,  кекиликти чапчыганын, жаны ооруп, коркконунан чайылдаган кекиликти алып көктү карай сызганын карап турду.

Бөлтүрүк  баш  паанегинен  көпкө  чейин  чыкпай  турду.  Ал  көп  нерсени таанып  билди.  Жандуу  нерселер  эт  болот,  алардын  даамы  таттуу.  Бирок  чоң жандыктар  денеңди  оорутушу  мүмкүн.  Кекиликтин  балапандары  сыяктуу майдаларды  жеш  керек,  ал  эми  кекилик  сыяктуу  чоңдоруна  тийишпей  эле койгон оң. Бирок андай деген менен ичи күйүп калды. Чоң кекилик менен дагы кармашкысы келди, бирок кашайгыр карчыга аны алып кетип калбадыбы. Балким, башка кекиликтер бардыр? Издеп көрүш керек. Бөлтүрүк  жантайма  жээк  менен  өзөнгө  түштү.  Сууну  буга  чейин  көрө элек  болчу.  Бир  караганда  жакшы,  мелмилдеген  тегиз  немедей  көрүндү. Тартынбай  кирди  да,  каңшылаган  бойдон  түз  эле  белгисиздиктин  кучагына кирип  кетти.  Денеси  муздап,  деми  буула  түштү.  Көнүмүш  абанын  ордуна  суу кирип кетти. Деми кысылып, мууна түштү. Өлөт деген ушул турбайбы. Ал өлүм деген  эмне  экенин  билчү  эмес,  бирок  Түндүктү  мекендеген  бардык жандыктардай  эле  андан  коркчу.  Ал  жан  чыдагыс  оору  болчу.  Ал белгисиздиктин,  анын  үрөй  учурган  коркунучтарынын  өзү  эле.  Өзү  аягына чейин  билбеген,  ошондой  болбогой  эле  деп  жаны  чыгып  корккон  балакеттин өзү болчу.

Ал калкып чыкты да, таза абадан кере жутту. Бул жолу ал чөккөн жок. Көнүмүш болгон немедей  төрт  аягын тыбыратып сүзүп  жөнөдү. Берки  жээкке бир  ярддай  эле  бар  эле,  бирок  ал  аркасында  калгандыктан,  алысыраак  жээкти көрдү  да,  ошол  жакка  бет  алды.  Өзөн  кууш  болгону  менен  так  ушул  жерге келгенде жайылып акчу. Орто ченге барганда агым аны ылдый көздөй, өзөн кайра тарый турган босогого  алып  жөнөдү.  Бул  жерде  сүзүш  кыйын  эле.  Жай  агып  жаткан  суу капыстан эле бууракандап кетти.  Бөлтүрүк кээде суу бетине чыга калып, кээде башы  менен  сууга  кирип  кетип  жатты.  Агым  аны  ары-бери  калчап,  кээде капталынан,  кээде  чалкасынан  оодарып,  таштарга  урду.  Ташка  урунган сайын  каңшылап  жибергендиктен,  ушуга  карап  анын  канча  жолу урунганын саноого болот эле.

Кууш  босогодон ылдый  өзөн кайра  жайылып  агып калды да, бөлтүрүк айлампага туш болду. Ал аны оңой эле жээкке чыгарып койду. Суудан чыгып жатып  калды.  Анын  тышкы  дүйнө  менен  таанышуусу  улана берди.  Суу жандуу  нерсе  эмес  болчу,  бирок  кыймылдайт  экен.  Мындан  тышкары,  ал  бир караганда  жер  сыяктуу  катуу  көрүнгөнү  менен  такыр  андай  эмес  экен. Ошентип, бөлтүрүк нерселер дайым эле көрүнгөнүндөй боло бербейт турбайбы деген  жыйынтыкка  келди.  Белгисиздиктен  коркуу  ата-бабадан  мураска  калган айлана-чөйрөгө  ишенбөөчүлүк  болсо,  эми  ал  тажрыйбадан  улам  ого  бетер күчөдү.  Нерселердин  тышкы  көрүнүшүнө  ишенбөө  биротоло  тамыр  жайып калды. Эми ал ишенүүдөн мурун алардын чындыгында кандай экенин билүүгө аракет кылат.

Бул  күнү  бөлтүрүктүн  маңдайына  дагы  бир  окуя  жазылган  экен. Капыстан  эле  энеси  эсине  түштү  да,  куса  болуп  кетти.  Азыр  ага  баарынан  да энеси керек эле. Бүгүнкү шумдуктуу окуялардан денеси эле эмес, кенедей мээси да  чарчады.  Буга  чейин  ал  бүгүнкүдөй  катуу  иштей  элек  болчу.  Анын  үстүнө уйкусу  да  келди.  Ошентип,  ал  өзүн  жалгыз,  алсыз  сезип,  үңкүр  менен  энесин издеп жөнөдү.

Бөлтүрүк  бадалдарды  аралап  келатып,  бир  чыңырган  үндү  укту.  Бир сары  неме  көрүнө  калып  жок  болду.  Анан  ал  бадалга  кире  качкан  арыс чычканды  көрдү.  Ал  кичинекей  болгондуктан,  бөлтүрүк  андан  корккон  жок. Анан  эле  аяк  алдынан  кенедей  жандыкты  көрдү,  бул  өзүндөй  болуп  үйүнөн саякат кылганы качып чыккан арыс чычкандын баласы эле. Ал чөптүн арасына кире  качмак  болду.  Бөлтүрүк  аны  чалкасынан  салды.  Тиги  болсо  чыйылдап жиберди. Баягы сары неме кайрадан пайда боло калды. Бир чыңырык чыкты да, башына катуу бирдеме тийип, эне арыс чычкандын курч тиштери мойнуна бата түштү. Ал каңшылап артка кеткенде, арыс чычкан  жүгүрүп баласына жетти да, аны алып бадалга кирип кетти. Тиштеп алган жери дагы эле ооруп турду, ызасы андан  да  күчтүү  болгондуктан,  отура  калып  кыңшылап  жиберди.  Эне  арыс чычкан  кичинекей  болгону  менен  тиштегенин  айтпайсыңбы.  Кичинекей  арыс чычкан Түндүктүн абдан коркунучтуу, кекчил жырткычтарынын бири экенин ал билчү эмес, бирок эми биле турган болду.

Эне арыс чычкан  кайра келгенде, ал дагы эле кыңшылап жаткан болчу. Арыс чычкан дароо асылган жок, анткени азыр баласы коопсуз жерде болчу. Ал уурданып акырын жакындай берди, бөлтүрүк анын жылан сымал ичке денесин, жыландыкындай  койкоё  көтөрүлгөн  башын  карап  турду.  Арыс  чычкандын чыйылдаган үнүнөн бөлтүрүктүн түгү тик туруп, ыркырап жиберди. Тиги болсо акырын  жакындай  берди.  Бир  маалда  бөлтүрүктүн  тажрыйбасыз  көзү  анын секиргенин байкабай калды. Ичке сары неме жок боло түштү да, арыс чычкан анын тамагына жабышты.

Бөлтүрүк  адегенде  ыркырап,  кармашууга  аракет  кылды,  бирок  абдан жаш  болгондуктан,  бул  анын  тышкы  дүйнөдөгү  алгачкы  күнү  болгондуктан, эми  ыркырабай  эле  кыңшылап,  кармашпай  эле  качканга  умтулду.  Бирок  арыс чычкан  бөлтүрүктү  коё  бербей  койду.  Ал  анын  тамагына  жабышып  алып, тиштери кан жүгүрүп турган күрөө тамырга жетип калды. Арыс чычкан  канды жакшы көрчү, аны түз эле тамактан соруп алган жакчу. Бадалдан канчык карышкыр чыга калбаса, боз бөлтүрүк сөзсүз өлүп, ал жөнүндөгү  аңгеме  ушуну  менен  бүтмөк.  Арыс  чычкан  аны  коё  берди  да, карышкырдын  тамагына  асылды,  бирок  жаза  тайып  жаагын  тиштеп  калды. Канчык  башын  катуу  чулгуду  эле,  арыс  чычкандын  жаагы  ачыла  түшүп,  өзү асманга карай ыргыды. Тиги аны жерге түшүрө койбой  тиштеп кетти да, арыс чычкан анын курч тиштеринен жан таслим болду.

Бөлтүрүк  энелик  мээримге  дагы  бир  жолу  бөлөндү.  Энеси  андан  да катуу  сүйүндү.  Тумшугу  менен  акырын  түртүп,  жараатын  жалап  жатты.  Анан экөө кан соргуч арыс чычканды бөлүп жеп, үңкүргө барышты да, жатып уктап калышты.

V бап. Азык мыйзамы

Бөлтүрүк  тез  чоңоюп баштады.  Эки  күн  дем  алган  соң  кайра  саякатка чыкты. Бул жолу ал энесин жеп коюшкан арыс чычкандын баласын жолуктуруп калып,  аны  да  энесинин  артынан  тиги  дүйнөгө  жөнөттү.  Мунусунда  ал  көп адашкан  жок,  чарчаган  соң  дароо  эле  ийинге  келип,  уктап  калды.  Ушундан кийин бөлтүрүк күн сайын эшикке чыгып, барган сайын алыс кете турган болду.

Ал  өзүнүн  күч-кубаты  менен  чабалдыгын  жакшы  билип,  качан  эрдик кылып,  качан  этият  болууну  үйрөндү.  Өз  күчүнө  толук  ишенип,  тажаалдык менен  ач  көздүккө  кирип  кеткен  сейрек  учурларды  эске  албаганда, дайым  сак болуш керек экенин туйду.

Кекиликтерге жолукканда бөлтүрүккө кудай берип калчу. Биринчи жолу куураган  кызыл  карагайдан  көргөн  тыйын  чычкандын  тырсылдагына  да ыркырап  жооп  кайтарчу.  Баягы  тумшугунан  катуу  чокуп  алган  чымчыкты көргөндө эле жини кайнап турчу. Бөлтүрүк  кээде  чымчыктарга  да  көңүл  бурбай  калар  эле,  мындай учурлар  өзү  сыяктуу  тамак  издеп  жүргөн  жырткычтар  коркунуч  туудурганда болчу.  Баягы  карчыга  эч  эсинен  кетпей,  кайыган  көлөкөсүн  көрөрү  менен бадалга  кире  каччу.  Баягыдай  тайраңдап  олдоксон  баспай,  энесинин  бир караганда  ыкчамдыгы  билинбеген  алдамчы,  жеңил,  шырп  этпес  жүрүшүн үйрөнүп алды.

Азыкка  келе  турган  болсок,  биринчи  күнү  эле  жолу  болуптур. Кекиликтин жети балапаны менен кичинекей арс чычкан –  бөлтүрүктүн болгон олжосу  ушул.  Анын  өлтүргөндү  эңсөөсү  күн  өткөн  сайын  күч  алып, бөлтүрүктүн  келатканын  токойдогу  элдин  баарына  жарыялай  берчү  тыйын чычканды бир колго түшүрсөм деп жүрдү. Бирок ал түгөнгүр да даракта куштар абада  учкандай  эле  шуулдап  жүргөндүктөн,  жерде  жүргөндө  гана  байкатпай баса калуудан башка айла жок эле.

Бөлтүрүк энесин абдан сыйлачу. Ал азык тапканды билчү жана уулуна да кешик ала келгенди эч унутчу эмес. Анын үстүнө эч нерседен коркчу эмес. Мындай  эр  жүрөктүк  анын  тажрыйбасы  менен  билиминен  улам  экени бөлтүрүктүн оюна да келчү эмес. Анын эр жүрөктүгү күчтүүлүгүнөн улам деп ойлочу. Энеси күчтүү болчу; муну чоңойгон сайын анын тамандарынын катуу соккусунан  жана  мурун  тумшугу  менен  түртсө  азыр  оорута  каап  алганынан даанараак туя турган болду. Ушундан улам да бөлтүрүк энесин сыйлачу. Энеси баш ийүүнү талап кылып, чоңойгон сайын катаал мамиле кыла турган болду. Кайрадан ачарчылык келип, бөлтүрүк анын бардык азабын аң-сезимдүү тартты.  Канчык  карышкыр  азык  издеп  жүрүп  таптакыр  арыктап  кетти.  Күнү-түнү азык издеп, көбүнчө жолу болбогондуктан, ийинге да сейрек келип калды.

Бул  жолу  ачарчылык  кыска  болгону  менен  катуу  болду.  Бөлтүрүк  эми  энесин эме албай калды, ал эми эми эт болсо такыр жок эле. Мурун ойноп, кумарын кандыруу үчүн ууга чыгып жүрсө, эми бул ишке чындап  киришти, бирок жолу  болбой жүрдү.  Бирок  бул  анын өсүшүнө  түрткү берди. Тыйын чычкандын көнүмүш адаттарын берилип үйрөнүп, аны байкатпай баса калууга көбүрөөк аракет кыла баштады. Талаа чычкандарды аңдып, аларды ийининен  казып  алганды  үйрөндү,  тоңкулдактар  жана  башка  куштар  жөнүндө көп нерселерди билди. Анан карчыганын кайыган көлөкөсүн көргөндө бадалга коркуп кире качпай турган да күн келди. Күчтүүрөөк, тажрыйбалуураак болуп, өзүнө ишене баштады. Анын үстүнө ачкалыктан улам мүнөзү да катаалдашты.

Эми ал баягы ачык жердин ортосуна отуруп, карчыганы күтө турган болду. Көк асманда  каалгып  учуп  жүргөн  куш  курсагы  тилеп  жаткан  эт  экенин  билчү. Бирок карчыга  тайсалдап  түшпөй койду, бадалга  кирген бөлтүрүк  нааразылык менен ачкалыктан айласы кетип кыңшылады. Ачарчылык  аяктады.  Канчык  карышкыр  эт  алып  келди.  Энеси  мурун алып келгендерге окшобогон кызыктай эт экен. Бул баягы сүлөөсүндүн баласы эле,  ал  бөлтүрүктөй  болуп  чоңоюп  калганы  менен  андан  бир  аз  кичинерээк болчу. Баарын өзүнө  алып  келиптир. Энесинин курсагы  ток  экен, бул  үчүн  ал сүлөөсүндүн бардык тукумун кырган эле, бирок бөлтүрүктүн андан кабары жок эле.  Энесинин  кандай  жан  кечтиликке  барганын  да  билген  жок.  Ал  баркыт түктүү  жаш  сүлөөсүндүн  эт  экенин  гана  билип,  ар  бир  үзүмүн  ыракаттана чайнап жутуп жатты.

Курсагы  тойгон  бөлтүрүк  талыкшып,  үңкүрдөгү  энесинин  жанына жатып уктап калды. Ал энесинин ыркыраганынан ойгонуп кетти. Анын мындай арылдап  ыркыраганын  мурун  уккан  эмес.  Сыягы,  энеси  өз  өмүрүндө  мындай коркунучтуу  ыркырап  көрбөсө  керек.  Мунун  себеби  бар  эле  жана  аны канчыктан жакшы эч ким билбейт эле. Сүлөөсүндүн балдарын кырганы жазасыз калмак  эмес.  Түш  чендеги  күндүн  жаркыраган  нурларынан  бөлтүрүк  ийиндин оозунда  боортоктоп  жаткан  сүлөөсүндү  көрдү.  Түгү  тик  тура  түштү. Маңдайында коркунуч турган эле, ал муну сокур сезимсиз эле дароо түшүндү.

Сүлөөсүндүн  түрү  мынчалык  сүрдүү  болбогон  күндө  да  ыркыроодон  дароо чаңырыкка айланган үнү эле жетиштүү болмок.

Жашоо  деми  түрткү  берди  белем,  бөлтүрүк  ордунан  ыркырай  туруп, энесине катарлашып тура калды. Бирок энеси аны тигинин көзүнчө уят кылып артка  сүрүп  таштады.  Үңкүрдүн  оозу  жапыс  болгондуктан,  сүлөөсүн  секире алган  жок,  ал  сойлоп  кирери  менен  канчык  карышкыр  качырып  барып  басып калды. Бөлтүрүк бул кармаштын көбүн көрбөй калды. Ыркыраган, бышкырган, чаңырган  үндөрдү  гана  угуп  жатты.  Эки  жырткыч  тоголонуп  алышып, сүлөөсүн  канчыкты  тырмактары  менен  тытып,  тиштеп,  тигинин  болсо тиштери гана ишке жарап жатты. Бөлтүрүк атырылып барып, сүлөөсүндүн арткы бутуна тишин батырды. Жабышып алып кутургандай ыркырап берди. Өзү билбегени менен денесинин оордугу  сүлөөсүнгө  жолтоо  болуп,  энесин  анын  тырмактарынан  сактап  атты.  Бир  маалда  кармашкандардын  алдында  калып,  тиштегенин  коё берүүгө  туура  келди.  Эки  эне  бөлүнө  түшүп,  сүлөөсүн  карышкырга  кайрадан кол салардан мурун бөлтүрүктү күчтүү таманы менен дубалга жабыштыра сокту эле,  бөлтүрүктүн  ийининдеги  сөөгү  көрүнө  түштү.  Эми  аркыраган  үндөргө аянычтуу каңшылаган үн кошулду. Бирок кармаш көпкө созулуп, бөлтүрүк бир топко  каңшылап  ыйлактап  отурган  соң  кайра  кайратына  келди.  Кармаш соңунда  сүлөөсүндүн  арткы  бутуна  кайра  жабышып,  жаагы  карыша  ыркырады.

Сүлөөсүн  өлдү.  Бирок  канчык  карышкырдын  да  шайы  ооп  калган  эле. Адегенде  бөлтүрүгүн  эркелетип,  ийинин  жалап  кирди,  бирок  кансырап,  алы куруп  калган  эле.  Өлгөн  душманынын  жанында  ошол  күнү  кечке,  анан  түнү менен  араң  дем  алып,  кыймылсыз  сулкуйду.  Бир  жума  бою  үңкүрдөн  чыкпай жатты,  суу  ичкени  гана  араң  басып  барып  жүрдү.  Анан  сүлөөсүндү  жеп бүтүшкөн  маалда  жарааты  кадыресе  айыгып,  кайра  ууга  чыкканга  жарап калды.

Бөлтүрүктүн ийини дагы эле ооруп, алган жараатынан улам көпкө чейин аксап  жүрдү.  Бирок  эми  дүйнө  өзгөрдү.  Эми  ал  өзүн  ишенимдүү  сезип,  анда сыймыктануу сезими пайда болду, мындай сезим сүлөөсүн менен кармашканга чейин  жок  эле.  Ал  жашоонун  катаал  экенине  ынанды;  кармашка  катышып, душманынын  денесине  тиш  батырып,  аман-соо  чыкты.  Ушундан  улам  ал шерденип, анда мурун болбогон кашкөйлүк пайда болду. Майда жаныбарлардан коркпой,  эч  нерседен  тартынбай  калды,  бирок  белгисиздик  өзүнүн  баягы жашыруун  сырлары,  коркунучтары  менен  мурункудай  эле  бийлеп,  кыйнап жүрдү.

Бөлтүрүк  энеси  менен  кошо  ууга  чыгып,  анын  жаныбарларды өлтүргөнүн  көп  көрдү  жана  буга  өзү  да  катышып  жүрдү.  Ал  азык  мыйзамын аңдай  баштады.  Жашоонун  эки  түрү  бар:  бири  өзүнүкү,  экинчиси башкалардыкы.  Биринчиге  энеси  экөөнүн  жашоосу  кирет,  экинчиге кыймылдаган башка бардык тирүү жандыктардыкы кирет. Бирок алар да өзүнчө бөлүнүп  кетет.  Алардын  арасында  жырткыч  эместер  жана  майда  жырткычтар бар, буларды анын туугандары өлтүрүп жейт. Туугандарын же өздөрүн өлтүрүп жей  турган  душмандар  да  бар.  Ушул  бөлүштүрүүдөн  мыйзам  келип  чыгат.

Жашоонун  максаты  –  азык.  Жашоонун  өзү  азыктануу.  Жашоо  жашоодон азыктанат.  Жегендер, анан желгендер болот. Мыйзам ушул: же сен жейсиң, же сени  жейт.  Бөлтүрүк  бул  мыйзамды  так  аныктап,  андан  жыйынтык  чыгарган жок. Аны ойлогон да жок, болгону ага баш ийип жашай берди.

Бөлтүрүк бул мыйзамдын күчүн бардык жерден көрдү. Өзү кекиликтин балапандарын  жеди.  Карчыга  алардын  энесин  жеп,  өзүн  да  аз  жерден  мойсоп коё  таштады.  Кийинчерээк  чоңоё  түшкөндө  өзү  карчыганы  жегиси  келди. Кичинекей  сүлөөсүндү  жеди.  Эне  сүлөөсүн  өзү  өлүп  азык  болбогондо, бөлтүрүктү  жеп  коймок.  Ушинтип  келатат.  Бөлтүрүктүн  тегерегиндегилердин баары  ушул  мыйзам  боюнча  жашашат  жана  өзү  да  анын  кенедей  бир  бөлүгү болуп  эсептелет.  Ал  жырткыч  болчу.  Ал  эт  гана  жечү,  өзүнөн  качкан,  уча качкан,  дарактарга  чыга  качкан,  жерге  кире  качкан  же  кармаша  кеткен,  кээде өзүн качууга аргасыз кылган тирүү эт жечү.

Эгер  бөлтүрүк  адам  сыяктуу  ой  жүгүртө  билгенде,  жашоо  –  азыкты эңсөө, дүйнө  —  азыкты эңсегендердин баары курсагын тойгузгусу келип, бирин-бири кууп, бири бирине аңчылык кылып, бирин-бири жей турган, кан төгүлүп, катаалдык,  кокустук,  баш-аягы  жок  башаламандык  өкүм  сүргөн  майдан турбайбы деп жыйынтык чыгарышы мүмкүн эле. Бирок  ал  киши  сыяктуу  ой  жүгүртө  алчу  эмес,  жалпылай  алчу  эмес. Алдына  бир  максат  коюп, ошону  гана  ойлочу,  ошого  гана  жетсем  дечү.  Азык мыйзамынан  тышкары  бөлтүрүктүн  жашоосунда  үйрөнүп,  өздөштүрүп,  баш ийиш керек болгон башка майда-чүйдө мыйзамдар да бар эле.

Дүйнөдө күтүүсүз окуялар  толтура  болчу.  Ичиндеги  кулундай  туйлаган  жашоо,  булчуңдарынын ойноп  турушу  түгөнгүс  бакыт  болчу.  Олжосунун  артынан  кууганда  кумары канчу.  Жаалданган  кармаштардан  ыракат  алчу.  Ал  турсун  белгисиздиктин коркунучтары менен сырлары да жашоосуна жардам берчү. Мындан  тышкары  жашоодо  көптөгөн  жыргалдар  бар  эле.  Ток  курсак, күнөстөп  үргүлөп  жатуу  –  мындай  нерселер  анын  аракети  менен  эмгегинин сыйлыгы  болчу,  ал  эми  аракет  менен  эмгек  кубандырчу.  Алар  жашоонун чагылышы  болчу,  жашоо  өзүн  көрсөткөн  жерде,  ал  дайыма  бактылуу  болот. Ошентип,  бөлтүрүк  кас  чөйрө  менен  тил  табышып  жашап  жатты.  Күч-кубаты ташып-ашып, бакытка тунуп, өзү менен өзү сыймыктанып жүрдү.

(Уландысы бар)

2 Replies to “Жек ЛОНДОН: «Ак Азуу»”

    1. уландысын толук жарыялагамын, аны котормо деген бөлүмдөн издеп табасыз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *