Адыгей жомогу

Байгер жашаган адам болуптур, анын уулу жеткен жалкоо, жеткен ашкулу болуп чыгат. Колдоюп ишке жөндөмү болбоптур: даяр кийимге, даяр ашка гана тап берип, ысырапкорчулугу да чектен ашат.

Атасы аны эмгекке үйрөтүп, сарамжалдуулукка тарбиялоо үчүн алыскы айылдагы кабардин улутундагы бирөөнө жумушчу кылып берет. Жыл өткөн соң акысына бир тоголок алтын төлөнмөк болот.

Бала байдын эркеталтаңы экенин билген кожоюн бирок аны оор жумушка деле мажбурлабаптыр, жакшы ичинтип, жакшы кийинтет. Бир жыл өтөт. Балага бир тоголок алтын берип жөнөтөт.

Бала өз үйүнө келип, бир тоголок алтынды атасына карматат. Атасы болсо баласы таап келген алтынды карап да койбостон, сууга ургытат. Атасынын бул кылганына баласы да эч көңүл бурбады.

Кийинки жылы да уулун алыскы айылдагы бирөөнө малайлыкка карматты. Уулунун акысы бир тоголок алтынга чегерилди. Экинчи кожоюн да биринчи кожоюндай эле баланы оор жумушка салбастан, жакшы ичинтип, жакшы кийинтет. Жыл өткөн соң баланын колуна бир тоголок алтын карматып, үйүнө узатат.

Бала өз үйүнө келип, тоголок алтынды атасына карматса, атасы аны сууга ургытып жиберет. Атасынын бул кылганына баласы да мурдагыдай эле эч көңүл бурбайт.

Үчүнчү жылы да атасы уулун алыскы айылдардын бириндеги анчалык ашынган деле байлыгы жок кабардинге уулун малайлыкка берет. Бирок бу жолу бир жылдык акыга тоголок алтын берүү туурасында кеп да козголбойт.

Жаңы кожоюн биринчи күндөн баштап эле баланы башмалдак аттырып иштетет. Кечке кесээртип жумуштан баш көтөртпөйт. Кеч күүгүмдө араң тамак жедирет. Жалкоолукка көнгөн неменин күнүгө чекесинен чыпылдап тер кетип, мурдунун суусу ага баштайт. Ал канчалык чарчап суй жыгылбасын, кожоюн аны күнүгө тынымсыз иштетет. «Ашкулу» деп тилтейт. Акыры малай бечара баарына көнөт. Кожоюн ошондо гана ыраазы боло баштайт баланын ишине.

Бир жыл өтөт. Баланын алаканын чор басып, жонундагы кийими дал-далынан жыртылат. Кожоюн анан баланын колуна эки тоголок алтын карматып, үйүнө жөнөтөт.

Бала үйүнө келип, эки тоголок алтынды атасына карматат. Атасы эки тоголок алтынды сууга ыргытчудай обдула бергенде; уулу атасынын колуна шап жармашат. Атасы таңгалып карай салды эле, уулу чыркырап жиберет:

– Атакебай, алтынды сууга ыргыта көрбө! Мен аларды маңдай терим менен тапкамын!

One Reply to “Мээнет менен табылган акы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *