Мен ким болгум келет?

«Туулган жердин топурагы алтын» дегендей, мен дагы кышы ызгаар, жайы салкын, тоолорунун мөнгүсү күнгө жалтыраган, жайлоосу жашыл көлдөлөң Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 2002-жылы 17-декабрда жарык дүйнөгө келгем. Азыр районубуздагы Ш.Бейшеналиев орто мектебинде 8-б класста окуйм. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, келечекте ким болоорумду азыртадан ойлонуп, ар убак толгонуп жүргөн мезгилим.

Кичине кезимден эле теле алып баруучу, журналист, кабарчы болуу менин жан дүйнөмө жакын. Азыр толугу менен ушул кесипке берилип, кыргыз жана англис тилдерине көбүрөөк басым коюп жана айылыбыздагы «Тун-Ук» жамааттык борбору газетасына кабар жазып турам. Газетага чоң атам, — Кыргыз эл мугалими М.Базаркулов тууралуу «Ак-Талаадан чыккан Эл мугалими Мукаш Базаркулов», эл ичинен чыккан зергер Сүйүн Момунбаевдин жазаган эмгектери жөнүндө жана «Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган алгачкы эстелик» аттуу макалаларымдын жарык көргөнү мен үчүн абдан сыймык болду.

Азыр өзүмдү канатын жаңы жайып келе жаткан балапандай сезем. Кудай буюрса, ушул кесип боюнча окуу жайга тапшырып, жакшы журналист-адабиятчылардан үлгү алып, терең билимге ээ болуп, башкача айтканда, балапандан куш болуп жетилип, туурума консом дейм. Ата-энемдин эмгегин актап, элиме кызмат кылып, дүйнөнүн төрт бурчунун кабарларын элге жеткиргим келт. Албетте, бул тилекке жетиш үчүн жакшы окуу, үлгүлүү жүрүш-туруш, үйдөн жана мектептен татыктуу тарбия алуу керек. Өзүм дагы ушуга аракет кылып 1-класстан бери «отличник» болуп, ийримдерге көп катышып, ар кандай кароо сынактарга катышып келем.

Музыкалык мектепте да кошумча билим алып, комуз чертүүнү өздөштүргөмүн. Былтыркы өткөн Көчмөндөр оюунуна А.Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн ойноп, миң комузчунун арасында болдум. Кыскасы, мен келечекте кыргыз элиме кызмат кылган алдынкы кыздардан болууну самайм. Газетадан сиздердин жарыяны окуп, абдан сүйүндүм. Айыл жериндеги жаш өспүрүмдөргө колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн чон рахмат!

Нурбек кызы Аймырза 

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *