АҢГЕМЕ

Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, атка чөп салган болуп, бирок күндөн-күнгө чүңүрөйүп, уясына кирип бараткан аттын көзүн тик багып карай албай, жүүнү бошоп, зээни кейип кайтар эле үйгө.

Жээрде Кашка акыры кабыргасы саналгыча арыктап, жем-чөп ирмей албай калганда бүк түштү. Ошондо, демейде эч нерсе менен иши жок эки уулу жоро-жолдоштору менен келип өлгөн атты жолдон ары сүйрөп барып, айылдын көр-жер төккөн таштанды аңгегине көөмп салып баса беришти. Ал, ал болду. Кашка ат жыгылгандан тарта чал дагы малкана тарапты аттанганды токтотту. Боор эти менен бир бүткөн ат күйүтү оңбогондой оор экенини билген эмес экен. Балким, чал кемпири өлгөндө да мынчалык күйгөн эместир. «Өлсө бир кемпир өлгөндүр» дечү, кемпир табылат бул айылдан, бир эмес, миң кемпир табылат, бирок мындай сулуу, мындай күлүк атты кайдан табасың эми! Бир айыл эмес, бир дубандан таап берчи эр болсоң? Балким, мындай атты экинчи бу жалгандан таап алуу мүмкүн эместир.

Чал көзүнө Жээрде Кашканын жыландай сойлогон жаш кези, өткүр кези, өзүнүн булчуңу бутка батпай, айылга аты чыгып, кудай бетин салбай кал, канжардай мизилдеп, алтындай жалтылдап турган учуру…. анан Абылай аксым дегендин ашкан сулуу кызын бир көрүп ашык болуп, түнү менен ала качып кетип, таң атканча ээн талаа, эрме чөлдө эпке келтиралбай жүрүп, таң атканда көшөгөгө кийиргени тартылды. Таттуу элестердин жыргалында жаткан чалдын тынчын, короодогу өтүктүн тарпылдагы, бул айылдын ата-энесин калтырбай акшыйта сөгүп келаткан тааныш үн бузду. Чал сөөгүнө кирип бараткан үлүлдөй жыйрылып, жаман ичигинин ичине кирип үлгүргөнгө жетпей калды.

— Энеңди искейдин атасы! — деп каалганы шарак ачып жиберип, босогого тура калган кичүү баласы чалдын көзүнө колдорунда жалаңкыч жүгүргөн үңкүр-манкирге окшоп кетти. Мастын аңтарылган кареги чанагын айланбай, ошол айланбаган калыбында түз эле шыпка бир тийип, андан үй бурчундагы үстөлгө куюлуп, анан ичиктин ичиндеги кыбыр-сыбыр эткен чалга агып түштү. Түшөөрү менен атып жөнөдү.

— Энеңди урайындын атасы!

Чал уулунун мындан акыркы сөздөрүн уккан да жок. Башка, көзгө, жонго союл болуп урулуп аткан өтүктөн өлүп калбас үчүн жанын ичиктен кол жеткен жерине ала качып, далбастап атып эсинен танды.

…Жесил чалдын бакандай эки уулу болсо, бирөө шаардан шермендеси чыгып келген эндиктүү жубанды ит эрчигендей ээрчип кеткен бойдон кайтпай калды, караанын көргөзмөк тургай, кабарын угузбады. Аны сурагандарга чал «жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт» деп жооп берчү болгон.

Кичүү баласы тышка кетпеди. Башынан окууга шыгы жок неме онду бүтүп эле көчө таптаганга өттү. Анан аскерге кетип, мөөнөтүн өтөп кайтты. Ага чейин вино таткылай калып жүргөн бала, андан келгенден кийин түз эле аракка өткөнүн, андан да чылымын кошо үйрөнө келгенин чал байкуш сыздап билди. Ошондон тартып атанын акылы, ачуусу, ыйы менен муңу уулуна сиңбей койду.

Каңгып ичип калган баласы бул үйгө түнөп алуу үчүн гана келбесе, дүйнөдө оокат-тирлик деген бар экенин, аны жарыкка алып келгендердин бири — атасы бар экенин унутуп салган болучу. Аракты атасынын канын ичкендей, бул дүйнөдө аракка жалгыз ушу чалдын уулунун гана өчү бардай ичти. Ушунтип жүрүп үйлөнүүгө кылган аракети текке кетти. Бөтөн айылдан бир шордууну сүйрөп келди эле, бир ай чыдабай баса берди. Экинчиси эки аптага араң жетти. Ошондон кийин ал үйлөнүү тууралуу ойду таштады. Акырындап атасына да кол көтөрө баштады.

…Баласы салган эн тамга өчүп, бети башынын шишиктери тарай баштаганда ордунан туруп, сыртка чыкканы менен тирүүлүктүн кызыгы көңүлүн жылытпай, баарынан тажап, кышкы күндүн өзү да суук көрүнүп турду. Жээрде кашка көмүлгөн жапсарды, айыл четиндеги кар чүмкөнүп жаткан мүрзөлөр тарапты карап улутунуп жиберди. Аны менен тең туулуп, тең өскөндөрдүн, жашы улуу болсо да жаны бирге тели-теңтуштардын, асылкеч келиндердин, анан бечара кемпиринин сөөгү жакшы көргөндөрдүн баары ошол жерде болчу. Чал мына ушул тунуп жаткан талаанын көзү көргүс жагына безип кеткиси келди. Бели талыганда бүрүшүп, бир ууч болуп бир бурчта жатчу чал, тамыры тарамышына илинер-илинмексен болуп соолуп жатчу чал, колуна так өзүнө окшоп эскилиги жеткен өрүк комузун алды.

Кезинде Жээрде Кашканын күүсү, жаштыктын ак өпкө кылган алоо деми менен, атаңгөрү-ай, баарын унутту, баарынан да көзүн ачып ийсе атылып кете тургансыган өнөрүн, ошол өнөр башканын эмес өзүнүн жүрөгүндө жүргөнүн унутту. Унутканын чал бүгүн эстеди. Бүгүлүп түшкөн дүнүйө-ай бүгүн кеч эле. Бүгүн аябай кеч эле.

Бирөө унутуп таштап кеткен аргамжыдай суналган узун айылдын дымырап турган кеч бешиминде колуна комуз кармап чал кетип баратты. Баратып шору каткан эки уулун эстеди. Бир кезде айыл суктанып, айыл көз арткан бир үй-бүлө ушунтип талкаланып жок болорун ким ойлоптур. Кемтик кимден кетти? Өзүнөнбү? Өзү мыкты эле го? Өз айыл эмес, өңгө айылдын сулуулары шыпшына карап, шыбырап турчу эмес беле. Чиркин! Кыйды чал, кыргыз эмеспи, өзүнөн өөн таппай койду. Анда кемпирби? «Жатыны жаман энеңди!..» деп ичинен сөгүндү. «Жалаң жиндинин тукумун тууп!»

Бардык күнөөнү мындан алты жыл мурун өлгөн кемпирине шылтады. Шылтаары менен жеңилдей түштү. Анан чалдын жүрөгүн жалындай оролгон бир арман чырмай баштады. Арман алыста калган күү эле. Жаманбы, жакшыбы агылса агып түгөнбөөчүдөй, төгүлсө төгүлүп түгөнбөчүдөй болгон аруу, акчаңгыл мунарыктай таза, таберик күү болчу. Учурунда кызматка да, катынга да, бала-чакасына да чолосу тийген чалдын мына эми ушуга тийбегенин кара! Итке айланып тентип кеткен эки уулду багып-чоңойткондон көрө жүрөктөгү күүсүн багып чоңойтсо эмне! Чалды өзөктөн чыккан эки уулу көмбөй, өнөр көмбөйт беле! Чал мына ушунтип баратты, ушунтип баратты…

…Капырай! Бул каяктагы күү? Бул күүнү өзү чертпей калган комузга салалбай, салайын деп келгенде каруусу катып, каны какшып калганын айтпайсыңбы! Ак кар жамынган ай-талаадан аккан күү аны түз эле мүрзөлөрдү көздөй жетелеп жөнөдү. О, тукумуң өскүрдүкү ай! Күү мына бул үстү ачылган үңкүрдөн чыгып жатты эми. Күүгө аралаш, шыңкылдап күлгөн үндөр, Жээрде Кашканын кишенегени угулду. Кудай-ай, мында келбей, буга чейин ал кайсы тозокто адашып жүрдү эле. Комузун колтугуна кыскан чал өзүнөн өзү келген бейишке өрмөлөп-жөрмөлөп кирип кетти…
Эртеси түш оой мурдагүнү каза болгон кемпирдин килем жабылган табытын колмо-колдоп көтөрүп келаткан бала-чака, неберелеринин, анын артында агылган өлүк, койчу сансыз көп адамдардын карааны ак кар оролгон жолдо ийрелеңдеп, казылган көрдү көздөй сойлоп келатты.

Көрдө күү азгырып кирип кетип, мүрт кеткен чал комузун койнуна бек кыскан бойдон тоңуп жаткан…

Чалдын уулу «Кабыл-комок» деп аталган тепкедей көк дүкөндүн артында ылжыганча мас болуп сулап жаткан…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *