«КЫРГЫЗ ЭЛ» РЕСПУБЛИКАСЫ

Атаңдан калган Кашка Жол –
Андай болбойт башка жол!
Элден

Биз жаңырган мамлекеттин аталышын эми КЭЛ – «Кыргыз Эл» республикасы (республика «Кыргыз Эл») деп атайбыз. КЭЛ болгону – «Кыргыз Эл» Республикасы дегендин кыскартылышы, биринчиден, КЭР (КНР) болуп берилет, б.а. Кытай Эл Республикасынын аталышына окшоп калат, биз ошону кайталабайлы дегенибиз; экинчиден, Кыргыз тарыхында, философиясында «Эл» жана «Мамлекет» деген түшүнүк бөлүнбөй чулу турарын билдик, демек эки угум тең, б.а. «Эл-Мамлекет» бирин бири алмаштырат; үчүнчүдөн – КЭЛ аталышы кыргыздын «Кел-Кел» философиясын өзүнө чакырып турат дээр элек. Ошентип биздин сунуштаарыбыз: КЭЛ мамлекети (республикасы).

КЭЛ Республикасынын Конституциясын биз 1993-1996-ж.ж. КР Конституциясынын сапаттык жаңы дэңгээлдеги жаңырган уламалы катары карайбыз жана анын алиге толук кандуу иштебей чалажан келген төмөнкү төрт-ак статьясына таянуу менен дээрлик түбүнөн элдик нукта кайрадан куруп чыгабыз.

Ал статьялар:

  1. Кыргыз Республикасынын эли – эгемендиктин ээси жана кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы (1 ст. 3 п.);
  2. Кыргыз Республикасы унитардуу республика (1ст.1 п);
  3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекет башчысынын – КР Президентинин Элдик Бийликтин үстөмдүгүнүн өкүлү болушунун жана камсыз кылышынын (7 ст. 1п.);
  4. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иш аткарышынын жана биргелешип аракеттенишинин принциптерине негизденет (7 ст.1 п.).

Конституциянын жалпы жобосунда айтылган башка түркүк статьялар калат. Алар тууралуу кийин атайын ар бөлөк сөз болот. КЭЛ Конституциясына келүү үчүн жогорку төрт-ак статья толук жетиштүү.

Анткени, мунун  биринчисинде  – «эгемендиктин ээси – Эл»   деген  фундаменталдуу статьяда, жогорку ой толгоодо далилденгендей мамлекеттик эң башкы Бийлик да, мамлекеттик эң башкы Байлык да бир гана Элге таандык экени таамай айтылып турат. Демек, бул КЭЛ Конституциясында Элге ушул эң биринчи ажыратылгыс укугун кайырып келүүгө мүмкүндүк берет.

Экинчи статьяда – Кыргыз Республикасы унитардуу Республика экендиги, демек, мамлекеттик түзүлүшү эң жогортон төмөнгө дейре (же төмөндөн жогоруга – айырмасыз!) бир типтүү түзүлөрү жана ошол түзүлүшкө ылайык бап, окшош башкарылары апачык, дапдаана нускалып турат!

Мында, эң төмөнкү органдар менен эң жогорку органдардын укук-милдеттери (Жолу!) так бөлүштүрүлүп, төмөндөн улам жогоруга өз эрки ыктыярлуу табышталып (делегирование) турат. Ошентип мамлекетти башкаруу – жалпы, окшош бир негизги принципте ишке ашырылат.

А демек бул, бизге, үч бутакка текши ажыратылган, тегиз бөлүштүрүлгөн бирдиктүү бир мамлекеттик башкарууну мерчемдүү-мерчемдүү мөрттөрүндө же бийликтин ар бир тепкичтеринде улам кайрадан жыйнактап бириктирип турууга (м: чоң топ, чоң жыйын, чоң кошуун) мүмкүндүк берет. Бийликтин ар бутактарындагы чачылган чаржайыт аталыштарды да башкарууга ылайык тыкан жыйнактап, заманбап бирдейлөөнү талап кылат (м: топ, жыйын, кошуун).

Үчүнчү статьяда «элдик бийликтин үстөмдүгү» болушу, аны Президент камсыздашы айкын-ачык баса белгиленип айтылып жатат. Бирок буга чейинки Эл бийлигин узурпациялап алган эки президенттин тең башкаруу тажрыйбасы көрсөткөндөй бул механизм али жетишсиз экен жана аны тереңдетип өркүндөтүү керегин турмуш өзү тастыктады. Б.а. Президент бийлигинен да бийик, чыныгы «Элдик бийликтин үстөмдүгүн» камсыздар чыныгы элдик бийликтин эң бийик органы – Улуу Курултайды Конституцияга киргизүү зарылдыгы бышып жетилгендигин көрсөттү.

Ал эми төртүнчү статья (айтса, ушул күнгө чейин иштебей «өлүк» шал келген!) – мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара макулдашып иштешин жана биргелешип аракеттенишинин зарылдыгын белгилейт. Бул статья да бизге КЭЛ Конституциясына бийлик бутактарынын жана Эл бийлик өкүлдөрүнүн (Курултай делегаттарынын) баарынын башын кошкон Улуу Курултайды киргизүүгө, бийликти тик-вертикалында гана толук ирээттебестен, кыйыр-горизонталында да текши ырааттоого мүмкүндүк берет.

КЭЛ Конституциясынын өзөгүнө ушул төрт эң башкы статьялар толук өтөт, өсөт.

«Кыргыз Эл» мамлекети – КЭЛ, ТЕҢчил системага ылайык курулат. Баш Мыйзам-Конституциясы ушуга ылайык түзүлөт.

ТЕҢчил систем Уч – Түптү жалгаган ТЕҢРИКУТТА тепчилген.

«КЭЛ» мамлекет – ТЕҢчил (руханий-светтик) мамлекет.

ТЕҢчил мамлекет – динден ажыратылган, динден бийик мамлекет. «Динден ажыратылган» дегендик руханийсиздикти билдирбейт, тескерисинче, улуттук руханийликке карай улуу максаттуу умтулууну билдирет.

Бул, Манас-Теңрикуттун философиясы Мамлекеттин өзөгүнө түз өтөт, өсөт, улутка тиешесиз, таңууланган сыртдиндер акырындап мамлекет боюнан сыртка тебилет деген сөз!

«КЭЛ» мамлекетинде:

  1. Мамлекеттик түзүлүш ТЕҢчил – Оң, Сол, Орто (Ичкилик) биримдик философиясына негизденет.
  2. Мамлекеттик башкаруу ТЕҢчил – Курултай системине (Кошуун, Чоң Кошуун, Улуу Курултай) негизденет.

III. Мамлекеттик  экономика   ТЕҢчил  – Жер,  Кен ж.б.  стратегиялык  байлыктардын Мамлекеттин   гана   менчигинде   болушуна жана Мамлекет этноэкономикалык багытта өнүгүшүнө негизденет.

Бүгүнкү саясый термин менен айтканда, мындай мамлекеттик түзүлүш-башкарууну:

а.президенттик республика деп да атоого болор эле. Анткени, президент бийлик бутактарынын баарынын башын калыс кошуп (нотариус эмес!) алардан бийик турат;

б. парламенттик республика (кеңири мааниде!) деп да коюуга болот. Анткени, өкүлчүл гана эмес сот бийлиги да мүлдө шайлоо жолу менен түзүлүп, жогору-төмөн, алма-телме, биртуташ башкаруу ишке ашырылат.

в. башкаруунун эки формасы тең кыналыш тургандыктан президенттик-парламенттик, жаки, парламенттик-президенттик деп да коюуга болот.

Бирок мунун баары биригип келип КЭЛ мамлекет түзүлүш-башкаруусун чындап мүнөздөй албайт. Эң төмөнкү деңгээлден эң жогорку деңгээлге дейре тик-вертикал да, кыйыр-горизонтал да туташ эриш-аркакталган, баары айланып Курултай аркылуу Төп-Төгөрөк жыйнакталган (№ 1-сх.) мындай ТЕҢчил түзүлүш-башкарууну нака Элдик Бийлик деп тааныш керек.

Демек, эми «Кыргыз Республикасы» аталыштан «Кыргыз Эл» республикасы деген атка көчсөк жарашат.

БАШ МЫЙЗАМ

(Долбоор)

Анттуу, шерттүү бололу,
Антты, шертти бузганды,
Тирүү болсок баарыбыз
Төбөсү ачык Көк урсун,
Бир дөбөгө конолу.
Төшү түктүү Жер урсун,
Өлүү болсок баарыбыз
Асман-Жердин тирөөчү
Бир чуңкурга тололу.
Айкөп Манас Өзү урсун!
Манастан

Жан-Жаратылыштын эң түпкү табигый мыйзамынан агылган улуу Манас чындыгына негизденип;

Ата-бабаларыбыздан уланып келаткан коом-мамлекет куруу салтына таянып;

Адамзаттын укукчул мамлекет түзүү жолундагы тапкан өнөгөлүү асыл дөөлөттөрүн улап, өркүндөтүп;

Кыргызстан мамлекетинин туу түбү – Кыргыз эли жана анын тегерегине ыккан бардык улут өкүлдөрүнүн бабаларынан калган тынчтыкта жана ынтымакта жаша деген осуятын аткарып;

Дүйнө элдеринин арасында биздин эркин жана демократиялуу укукчул мамлекет экендигибизди бекемдеп;

«Кыргыз Республикасы» тарыхый өткөөл кезеңибиз аяктап, «Кыргыз Эл» Республикасы аталган өнүгүүнүн жаңы тилкесине киргенибизди жарыялап;

Өзүбүздүн бийлик укуктуу өкүлдөрүбүз аркылуу ушул Баш Мыйзамды кабылдайбыз.

БИРИНЧИ БАП

БАР, качааган – тутулбайт,
ЖОК, качааган – кутулбайт.
Жүлдө үйрүлгөн ЖОЛ,  ушул.
Эл

ЖАЛПЫ ЖОБО

  • 1. Теңрикут

XXI кылым – дүйнөлүк фундаменталдуу илим, дүйнөлүк философия, дүйнөлүк диндердин башын бириктирип, манасчыл синтезге умтулган жаңы доор барагын ачат. Мамлекет ошол жаңы деңгээл-мүдөөнү алгы шам тутуп жаңы парадигма угуна шай уюшмагы, коомдошмогу зарыл.

Бул максатта, башаты – Жан Жаратылыштын түпкү мыйзамы менен киндиктеш жаралган абалкы табигый укук менен адамзат өз өнүгүү жолунда тапкан-жеткен тарыхый позитивдүү укук эң башкы асыл, гумандуу жетишкендиктеринде, жаңы доор реалийи – жаңы фундаменталдуу илим ачкан жаңы фундаменталдуу систем нугунда бир бирине синтезделмеги ийги.

Кыргыз Эл Республикасынын мамлекеттүүлүк философия концепциясы мына ошол Материя-Идея бөлүнгүс жаткан эң түпкү табигый фундаменталдуу мыйзамга далданат. Дал Орто аркылуу дамамат диалектикалуу тең салмакталып туруучу ТЭҢчил системге ылайык курулат.

Баш Мыйзам Конституциясы МАНАС бүтүндүккө ылайык түзүлөт.

1-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасы (КЭЛ-Кыргызстан) – эркин, руханий-светтик ТЭҢчил, укук туткан, унитардуу, демократиялуу элдик мамлекет.
  2. Кыргыз Эл Республикасынын эрктүүлүгү чектелбейт. Ал анын бүтүндөй аймагын камтыйт.
  3. Кыргыз Эл республикасынын эли эрктүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин туткасы.

4.Мамлекеттин бирден бир ыйык озуйпасы – Эл үчүн Эл атынан Эл бийлигин жүргүзүү.

  1. Мамлекет гана элдин мүлдө эркин элдин өзүнүн кызыкчылыгында бир максатка уютуп багыттайт, элди чыныгы өз тагдырынын ээсине айлантып келечегин камсыздайт.
  2. Эл – Мамлекет ажырагыс.

2-статья

  1. Кыргыз Эл республикасынын түзүлүшү –элдик түзүлүш.

Элдүүлүк:

бийликте – Курултай баштаган эл жыйындарынын тутуму аркылуу бийлик жүргүзүү;

байлыкта – жер, кен, суу баштаган башкы тармак-тардын мамлекеттик менчик тутумунда турушу ар-кылуу камсыздалат.

  1. Кыргыз Эл республикасында мамлекеттик бийлик биртуташ жана ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу менен жеринде эриш-аркакталат.

Башкаруу деңгээли жана баш кошуу ирети:

Жергиликтүү жамаат өзүн-өзү башкарууда – баш кошот:

Айылдык башкарууда топтолот – Топ;

Аймактык башкарууда жыйылат – Жыйын;

Республикалык башкарууда кошулат – Кошуун;

Жалпы элдик мамлекеттик деңгээлде курулат – Курултай.

  1. Мамлекеттик бийлик – Борбор жана ал аркылуу диалектикалык тең салмакталып туруучу Оң Кары, Ичкилик, Сол Кары канаттардан турат.

Борбордук башкы бийлик: эл тарабынан жеринде түз шайланган, ошондой эле шайлоо аркылуу элдин эрки кыйыр табышталган мамлекеттик бийлик бутак жетекчилери өкүлдөрү болгон – Улуу Курултайга жана Улуу Курултай шайлаган Президентке таандык.

Улуу Курултай жана Президент гана Кыргызстан элинин атынан сүйлөөгө укуктуу.

Мамлекеттик бийлик бөлүштүрүлөт:

Аткаруу бийлигин (Ичкилик) – өкмөт жана төмөнкү аткаруу органдары;

Мыйзам бийлигин (Оң) – Жогорку Кеңеш жана төмөнкү кеңештер;

Сот бийлигин (Сол) – Конституциялык, Жогорку, Арбитраж жана төмөнкү соттор жүргүзөт.

Бийлик бутактары бири-бири менен маакулдаш аракеттенишет. Ар бир бийлик бутагы:

Бийлик ичиндеги тик-эриш тутумунда – Топ, Жыйын, Кошуунда биригишип;

Бийлик сыртындагы кыйыр-аркак тутумунда – Чоң Топ, Чоң Жыйын, Чоң Кошуунда чогулуп иш алпарышат.

3-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасында менчиктин мамлекеттик жана жеке түрүнө жол берилет. Менчик мыйзамдуу корголот.
  2. Жаратылыштын бардык байлыктары – жер, кен, суу, аба мейкиндиги, токой, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү мамлекеттин менчиги.
  3. Мыйзамда аныкталган шартта жер тилкелери жарандарга жана алардын бирикмелерине пайдаланууга берилет. Жер – сатылбайт.

4-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын эгемендиги жарыялангандан кийинки чек араалкагындагы бүт аймагы кол тийгис, ыйык жана бөлүнгүс.
  2. Мамлекетти ийкемдүү башкаруу максатында республика аймагыадминистративдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

5-статья

Кыргыз Эл Республикасынын жарандары Курултай баштаган төмөнкү тиешелүү бийлик өкүлдөрүн шайлайт.

Шайлоо эрктүү, жалпы, жашыруун, тике, тең добуш берүү менен жүргүзүлөт. Ага 18 жашка толгон жарандар катыша алат.

6-статья

Кыргыз Эл Республикасында дин мамлекеттен ажыратылат.

7-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили.
  2. Республиканын калкы сүйлөгөн башка тилдердин баары тең укуктуу, эркинөнүгүш кепилдик берилет.

8-статья

Кыргыз Эл Республикасынын мамлекеттик ыйык белгилери – Туусу, Герби, Гимни бар.

Башкы урааны – Манас. Борбору – Бишкек.

9-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттен турат. Мамлекеттин бардык киреше-чыгашаларын камтыйт. Республикалык бюджетти Өкмөт сунуштайт. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет (вариант: Чоң Кошуун бекитет).
  2. Республикалык бюджеттин кирешеси мыйзам менен аныкталган салык, милдеттүү түрдөгү башка төлөмдөр, мамлекеттик мүлк жана башкалардын эсебинен түшкөн кирешеден түзүлөт.

Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңеште бекитилет.

  1. Республика аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салык тартибинЖогорку Кеңеш бекитет.

10-статья

  1. Элдин кандайдыр бир тобу, бирикмелери же жеке адам мамлекет бийлигин саясый – түз да; экономикалык – кыйыр да, эркинче ээликтеп алууга укуксуз. Мамлекет бийлигин түз да, кыйыр да өз энчисине басып алуу эл алдындагы өтө оор кылмыш деп табылат жана эл тарабынан чечкин четтетилет.
  2. Элдин бейпил жашоосун бүлүнткөн, улут жана дин аралык араздашууну үгүттөгөн жана тутанткан аракеттер Конституцияга каршы аракет деп эсептелет.
  3. Кыргыз Эл Республикасы башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпейт жана өзүнүн ички ишине кийлигиштирбейт.

Кыргыз Эл Республикасынын өз алдынчалыгына, коопсуздугуна, өнүгүшүнө салым кошкон өлкөлөр Кыргыз Эл Республикасынын стратегиялык шериктештери болуп саналат. Мамлекет өз шериктештерин Улуу Курултайда расмий атайт.

(Кыргыз эли менен байыркы тектик, тарыхый, рухий, маданий, тил жалпылыктары айкын Япония (жапан) жана Германия (алман) калк-мамлекеттери элибиздин түбөлүк шериктештери, ыйык Үчилтик мүчөлөрү — Ч.Ө.).

11-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын куралдуу күчтөрү мамлекетти толук коргоого жарамдуу түзүлөт.
  2. Мамлекеттин ички саясый маселелерин чечүү үчүн куралдуу күчтөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

Аскер кызматчылары табигый кырсык залалдарын жоюуда пайдаланылышы мүмкүн.

Элге башка олуттуу кооп-залалдык туулса аскер күчүн тынч пайдаланууну Улуу Курултай чечет.

12-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасында өзгөчө абал табигый кырсык учурунда, конституциялык түзүлүшкө түздөн түз коркунуч пайда болгондо, адам өлүмүнө коркунуч туудурган массалык тополоң зомбулук менен коштолгондо, ошондой эле конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда чектелген мөөнөткө киргизилиши мүмкүн.
  2. Кыргыз Эл Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды Улуу Курултай гана киргизе алат, ал эми шашылыш чара көрүү талап кылынган шартта айрым жерлерде өзгөчө абалды Улуг Кеңеш киргизет.
  3. Кыргыз Эл Республикасында согуш абалы – мамлекетке капыс кол салынган учурда Улуг Кеңеш тарабынан дароо киргизилет.
  4. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда референдум жарыялоо жана мамлекеттик органдарга шайлоо өткөрүүгө, алардын Конституцияда белгиленген түзүлүшүнө, милдеттерине жана укуктарына кандайдыр бир өзгөртүү киргизилбейт.

13-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасында: рухий, саясый, кесиптик көз карашкызыкчылыктары дал келишкен топтор мамлекет кызыкчылыгына кайчыкелбеген нукта өз ыктыярдуу жамаат, коомдорго, партияларга бириге алышатжана мамлекеттик ишке – бийликтин бардык жетекчи органдарына өз өкүлдөрүншайлоо аркылуу катышат;
  2. Платформасы так, стратегиясы айкын, философиялык концепциясы бирин-бири кайталабаган чыныгы партиялар гана Аталык Кеңештин сынынан өткөн соң расмий катталат;
  3. Мамлекеттик жана партиялык институттардын биригип кетишине тыюу салынат;
  4. Аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлери эч бир партияга мүчө болушпайт;
  5. Улуттук, уруулук, жердешчилик, диний, жыныстык жана жаш курактык негизде саясый уюмдардын түзүлүшүнө жол берилбейт;
  6. Мамлекеттик кызыкчылык диний, саясый, жеке жана башка бардык кызыкчылыктардан жогору турат;
  7. Кыргыз Эл Республикасын бөлүп жарууга, башка мамлекеттерге, эл аралык субъектилерге көз каранды кылууга, анын унитардык түзүлүшүнө, кыргыз элинин мамлекеттеги жетектөөчү ролун кемитүүгө багытталган уюмдардын иштешине тыйуу салынат.

14-статья

  1. Чет элдик жарандар жана юридикалык тараптар, башка мамлекеттер жана эл аралык субъектилер Кыргыз Эл Республикасындагы менчик объектилеринин тагдырын чечишине, ошондой эле сырт тарап көпчүлүккө ээ болгон ишканаларды түзүүгө жол берилбейт.
  2. Кыргыз Эл Республикасындагы чет элдик субъектилердин баары толук бойдон Кыргыз Эл Республикасынын мыйзамдарына баш иет жана Кыргызстандын юрисдикциясына карайт.
  3. Бардык стратегиялык менчик мамлекеттики. Мамлекет өзү маанилүү деп эсептеген, Улуу Курултайда макулдашылган башка маанилүү тармактардын көзөмөл пакети мамлекеттин колунда болот.

15-статья

  1. Массалык маалымат каражаттары эркин жана эл алдында жооптуу.
  2. Массалык маалымат каражаттарында кыргыз жеринин бүтүндүгүнө, өлкөнүн өз алдынчалыгына, улут жана дин аралык ынтымакка, мамлекеттик символикага, улут тарыхы, салты жана ар-намысына каршы багытталган материалдарга жол берилбейт жана ага жол бергендер жазаланат.
  3. Улуттук асыл нарк мурастарын жайылткан, гуманизмге, мекенчилдикке тарбиялаган маалымат каражаттары мамлекет-коом тарабынан колдоого алынат.

16-статья

  1. Конституция Кыргыз Эл Республикасында эң жогорку укуктук күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат.
  2. Конституциянын негизинде мыйзам жана башка нормативдик актылар кабыл алынат.
  3. Мамлекеттик стратегиялык мааниге ээ эл аралык алдын ала келишимдер жана макулдашуулар Улуу Курултайдын жактыруусунан соң гана күчүнө кирет. Жалпы таанылган эл аралык эрежелер жана нормалар Конституциянын нугунан чыкпай колдонулат.
  4. «Кыргыз Республикасынын» (Өткөөл Мезгилдин) жалпы элдин катышуусуз кабыл алынган стратегиялык мааниге ээ ички маселелерине байланышкан чечимдерин жана сырткы эл аралык келишим-макулдашууларын «Кыргыз Эл» Республикасынын Улуу Курултайы кайрадан карап чыгууга жана тийиштүү чечим кабыл алууга укуктуу.
  5. Конституцияга өзгөчө өзгөртүү, толуктоолор жана мамлекеттик турмуштун башка эң маанилүү маселелери жалпы элдик добушка – референдумга коюлат.

Референдум өткөрүүнү Улуу Курултай чечет.

ЭКИНЧИ БАП

Адам башы көпүрө сунулса, аттабайт.
Эл

ЭЛ КИШИ

2. Кыргыз Эл

17-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын байтүбү – Эл.

Кыргызстан элин – туу түбү Кыргыз Эли жана анын тегерегине уюган башка улут өкүлдөрүнөн турган Кишилер түзөт.

18-статья

  1. Улуу тарыхын таасын таанып, учурунда өткөндөн калган дөөлөттү кемитпей сөөлөттүү жашап, келечек тукумуна ырыскылуу заман калтырган муун – өзү салтанаттуу тарыхка айланган санжыргалуу Эл болот.
  2. Учурунда бир ынтымакка баш уруп, мамлекетине улуу уюп бакыбат турмуш курбаган муун – кечээги жашап өткөн ата-бабасынын арбагына кыянатчылык кылган, туула элек эртеңки тукумунун тамырына балта чапкан Караламанга айланат.

19-статья

  1. Караламандабай калкаман Карага өсүү үчүн ар бир Кишиге учур – замандан укук берилет, милдет тагылат;
  2. Укук башаты – Кишинин өзүндө-табиятта (Мейкин) болот, милдет теги – ата-бабадан калат, келечек муундан (Мезгил) келет.
  3. Киши Жолунан – Эл-Мамлекеттин Жолу улуу болот.

20-статья

  1. Киши – бала, эрешен, жаран курактуу.
  2. Жарандык курак – 18 жаш. Кыргыз Эл республикасына таандык кишилик макам жарандык менен аныкталат.
  3. Жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу.
  4. Кыргыз Эл Республикасынын Жараны – Кишиси (мындан ары: Киши) Республика Конституйиясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
  5. Мыйзам жана сот алдында бардык Киши бирдей. Эч ким тек жайы, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясый жана диний ишенимдери үчүн басмырланбайт.
  6. Киши – башка мамлекеттердин жараны боло албайт. Кишинин жарандыгы өз ыктыярлуу гана өзгөртүлөт.

21-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасы чет өлкөдөгү өз Кишисинин укугун коргойт.
  2. Кыргыз Эл Республикасында жүргөн чет эл жарандарынын мыйзамдуу укуктары корголот. Чет эл жарандары Кыргыз Эл Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
  3. Жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптери менен нормалары Кыргыз Эл Республикасында Кишинин негизги укугу жана эркиндиги катары кепилдикке алынат.

22-статья

Кишинин негизги укук эркиндиктери:

  1. Кишинин бедел-баркы ыйык жана кол тийгис.
  2. Кыргыз Эл Республикасында ар бир Киши:

— жашоого, тулку боюна жана ар-намысына эч кимдин тийбестигине;

— жеке эркиндигине жана коопсуздугуна;

— жөндөмүн өстүрүп, өркүндөтүүгө;

— дин тутуу, руханий жана ырым жырым жөрөлгөлөрүн жасоого;

— ой санаа, идея пикирлерин эркин билдирүүгө жана таркатууга, адабий-көркөм, илимий-техникалык чыгармачылыкка, басма сөз, маалымат берүү жана жайылтууга;

— Кыргыз Эл Республикасынын бүт аймагында жүрүүгө, конуш тандоого, республикадан сырт жерлерге эркин чыгып кайра кайтууга;

— топторго биригүүгө;

— куралсыз тынч чогулууга, жыйын, демонстрация өткөрүүгө;

— турак жайынын кол тийгистигине;

— кат алышуу жана анын купуялыгына;

— жеке турмушунун беделине, өз жана үй бүлөөлүк мамилелеринин купуялыгына;

— менчик күтүүгө, ага ээлик кылууга, пайдаланууга жана өз каалоосу боюнча жумшоого;

— экономикалык эркиндикке, өз жөндөмүн жана мүлкүн жеке ишмерликке эркин пайдаланууга;

өзү же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу мамлекетти башкарууга катышууга, мыйзамдарды жана че-чимдерди талкуулоого жана тийиштүү бийлик органдарына сунуштарын берүүгө укукту, эркин.

Конституцияда белгиленген укук жана эркиндик Кишинин башка жалпыга таанылган укугу менен эркиндигин четке кагуу же алардын маанисин кемсинтүү катары каралбайт.

23-статья

  1. Кишинин өз укугу менен эркиндигин жүзөгө ашырышы анын жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктарды айкалыштырган милдеттеринин тутумунда каралат. Киши укугу – милдети ажырагыс.

Мамлекеттин кызыкчылыгын артыкчалап салым кошкон иш – кастарлуу.

  1. Негизги билим – милдеттүү жана акысыз, аны ар бир Киши мамлекеттик орто жана жогорку окуу жайларынан алууга укуктуу.
  2. Негизги саламатчылык кам – милдеттүү жана акысыз, аны ар бир Киши мамлекеттик саламаттык сактоо мекеме, уюмдарынан алууга укуктуу.
  3. Ар бир Киши мекенин коргоого милдеттүү.
  4. Ар бир Киши мыйзамдарга ылайык салык жана жыйым төлөөгө милдеттүү.
  5. Ар бир Киши мекендин табийгатына, табигый байлыктарына, айлана-чөйрөгө жана тарыхый эстеликтерге аяр мамиле жасоого милдеттүү.
  6. Согуш, табигый кырсык, эпидемия жана башка өзгөчө абал учурларынан, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза өтөөдөн башка учурларда Кишини мажбурлап жумуш иштетүүгө тыюу салынат.
  7. Киши укугу менен милдеттери жөнүндөгү мыйзамдар баарыга бирдей тиешелүү. Конституцияда, мыйзамдарда Кишилерди социалдык жактан коргоо үчүн каралгандардан тышкары эч кимге эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбейт.
  8. Киши укугунун сакталышынын башкы кепили – мамлекет. Мамлекет гана эч кимдин укугун артыкчалабай аны жалпынын кызыкчылыгына багындырат, Элдин Улуулук Жолу гана ар Кишини биринин алдында бирин калыс милдеттендирет.

24-статья

  1. Үй-бүлө – коомдун түпкү очогу;

Үй-бүлө, ата-эне жана балалык – бүт коомдун камкордугуна алынып, мыйзам тарабынан өзгө-чө корголууга тийиш;

Мекен келечеги – балага кам көрүү, аны тарбиялоо ата-эненин милдети жана мекен алдындагы Кишилик парзы;

Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдары – мекен кечээгиси ата-энелерге камкордук көрүү-гө милдеттүү;

Ата-Эне жолу Бала жолунан улук.

  1. Мамлекет жетимдерди жана ата-эне багуусунан ажыраган балдарды багат, тарбиялайт жана окутат.
  2. Улууларды урматтоо, туугандары менен жакындарына, кары картаңдарга камкордук кылуу Кыргызстан элинин ыйык салты.

25-статья

  1. Укукка укук каршы коюлбайт. Эл укугуна Адам укугун каршы коюп, эгемендиктин ээси, укуктун башкы булагы болгон элдин өзүнүн жашоо-турмушун ачык да, купуя да бүлүндүрүүгө аракет – эгемен мамлекетке карата иштелген эң башкы кылмыш катары каралат. Анткени ал андан кийинки келип чыгуучу башка баардык чоң-кичи укук бузуулардын, кылмыштардын башаты болуп саналат.

Эрден ашмак бар, Элден ашмак жок. Эл укугун, бейпилдигин элдик мамлекети чечкин коргойт.

  1. Бала, эрешен, киши, үй-бүлөө, тууган, урук, уруу, жамааттын Элге уйуудагыбир-бирине карата сый Жолу Эл Наркы –Салттуу Конституциясында өзүнчө берилет.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУ

«Ме» – деген үнүм угулбайт,
Сунган колуң – көрүнбөйт.
Эл.

26-статья

  1. Өзүн өзү уюштуруп башкаруу – кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган салттуу жолу.

Өзүн-өзү башкаруунун элдик салттуу жолун сактоо, бул күнгө бап калып берүү, эртеңкиге шай өркүндөтүү – заман зарылдыгы, муктаждыгы. Байтүбүн чың асыроо аркылуу бакыбат мамлекетке айлануу ар бир Жарандын, Жамааттын, Элдин милдети.

  1. Жергиликтүү өзүн-өзү уюштуруп башкаруунун алгачкы негизи – Ынтымак. Ынтымак Кишилерди кандайдыр максатка баш коштурган биринчи уютку –топчо, жамааттан башталат.

27-статья

  1. Айыл-кыштакта – маалэде;

шаарда – кичирайондо, кварталда;

шаарга жалгаш конуштарда – маалэ, кичи аймактарда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – ар кандай кичи кеңеш, комитет, чогулуш, кондоминум ж.б. ынтымак түрлөрүндө түзүлөт.

Ынтымак жамаатка айланып, топтошкон дыйкан чарбалар шэркетке (кооперация) кеңиши мүмкүн.

Жамаатты шайланма жетекчи – Жамаат Башы, Аксакалдар башкарат.

  1. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун укуктук-башат негизи – Конституция;

укугунун мамлекет тарабынан корголушу;

мыйзамда каралган маселелерин чечүүдөгү өз алдынчалык;

элдин эң түптөгү агымын чаржайыттабай мамлекеттик бийликке жеринде табигый эриш-аркакталуу;

айылдык Топко, шаардык, аймактык Жыйынга ар Киши деңгээлинде стихиялуу катышпай уйушкан жамаат деңгээлинде аң сезимдүү, максаттуу жана талаптуу катышуу;

жарандык коом-мамлекеттин – Эл-Байтүбүндө эстүү бир ширелиши.

28-статья

  1. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Жамаат деңгээлдеги Ынтымактан Эл-Мамлекеттик дең-гээлдеги Ынтымакка – Топ, Жыйын, Кошуун, Курултайына карай кош тараптуу өсөт, өтөт:

а) тарыхый эстутум, адеп-ахлак, нарк-салт, руханий-маданий байтүбүн чыңдап Элдик Канат негизин бекемдеген урук, уруу, канат, туу калк (титул улут) бийигин карай ирээттүү өсүп;

б) социалдык, чарбалык, экономикалык байтүбүн чыңдап Мамлекеттик Бийлик Бутак негизин бекемдеген айылдык, аймактык, республикалык унитар бүтүндүгүнө карай ырааттуу өтүп –

Эриш-Аркак!

  1. Элдик Канаттын жалпы мамлекеттик ишке катышуусу – Ичкилик, Оң, Сол Канат бийлеринин Аталык Кеңешке туруктуу мүчө болуусу аркылуу камсыздалат.

Элдик Канаттын мамлекетти башкаруудагы орду-ролу, жарандык коомду чачкындабай жеринен ирээттер озуйпасы – Эл Наркы-Салттуу Конституциясында өзүнчө, системдүү берилет.

ҮЧҮНЧҮ БАП

Кан башы көпүрө сунулат – Калкы аттайт.
Эл

МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ БАШКАРУУ

БОРБОР

3. Улуу Курултай

29-статья

Элдик мамлекеттин эң башкы бийлик органы. Элдик бийликтин үстөмдүгүнүн символу.

Улуу Курултай – Конституция гаранты.

Өкүлдүк:

Улуу Курултайга төмөндөн жогору:

  1. Айыл (айылтоп) деңгээлден – бирден өкүл айыл эли тарабынан альтернативдүү шайланат.
  2. Аймактык, шаардык деңгээлден – бардык жыйын башы (аким, аймак кеңеш төрагасы, аймак сот төрагасы), ири шаар башчылары;
  3. Республикалык деңгээлден бардык кошуун башы:

Жогорку Кеңеш төрагасы;

Премьер-Министр;

Жогорку Сот төрагасы;

Борбордон – Мамлекеттик Кеңеш мүчөлөрү;

Борбордук түзүм башчылары;

Оң Билги, Сол Билги;

Президент;

  1. Мамлекеттик деңгээлдеги илимий, чыгармачыл, коомдук уюмдардын жетекчилери – Улуу Курултай өкүлдөрү болуп саналат;
  2. Улуу Курултайды Оң, Сол Билгилер алып барат.

Укугу:

  1. Президентти шайлайт;
  2. Өз курамынан Жогорку Кеңешти шайлайт;
  3. Оң, Сол Билги жана Аталык Кеңеш курамын шайлайт;
  4. Мамлекеттин алдыңкы беш жылдык өнүгүүсүнүн жалпы багытын, стратегиясын аныктайт;
  5. Мамлекет башчысы – президенттин биринчи жарым мөөнөтүндөгү иши боюнча сөзүн угат, баасын берет, экинчи жарым мөөнөтүнө сунуштарын киргизет;

Беш жылдык иш мөөнөтү толук аяктаган президенттин отчетун угат, анын экинчи беш жылдык мөөнөткө шайлоо-шайланбастыгын аныктайт.

Төмөнкү органдар тарабынан:

а) Аталык жана Мамлекеттик Кеңештин биринин көпчүлүк;

б) Улуг Кеңештин 2/3 добушу менен эгерде Президентке ишеним көрсөтпөө маселеси козгол-со, анда Президенттин да отчетун угат жана жогорудагыдай тартиптеги добуш менен ишине укуктук баа берет. Импичмент жарыялоо укугуна ээ;

  1. Жогорку Кеңеш төрагасынын, Премьер Министрдин, Жогорку Сот төрагасынын, борбордук түзүм жетекчилеринин жана өзү туура тапкан маселе боюнча бардык башкы жетекчилердин отчетторун угат, кызмат ордуна татыктуу же татыксыз эместиги боюнча токтом кабыл алат;
  2. Эл аралык келишимдерди ратификациялайт, денонсациялайт;
  3. Согуш абалын жарыялайт;
  4. Республиканын бүткүл аймагына өзгөчө абалды киргизет;
  5. Эл башына кандайдыр олуттуу кооп-залал туулса аскер күчүн тынч пайдалануу мүмкүнчү-лүгүн чечет;
  6. Талаштуу конституциялык мыйзам долборлорун бекитет же четке кагат;
  7. Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизет;
  8. Бүткүл элдик референдум жарыялоого макулдук берет;

Улуу Курултайдын токтому конституциялык мыйзам күчүнө ээ. Өз токтомун Улуу Курултай өзү гана жокко чыгарат.

Чакыруу:

  1. Улуу Курултай Президенттин Жарлыгы менен өз мөөнөтүндө беш жылда бир чакырылат. Кырдаалга жараша чукул да чакырылат.
  2. Кезексиз, чукул чакыруу укугуна:

Президент;

Улуг Кеңеш көпчүлүк добуш менен чакырат жана президентке импичмент жарыялоо маселесин коө алат.

Улуу Курултайды чакыруу укугун пайдаланып, бирок өз жүйөөсүн далилдей албай калган тарап кызматтан чегинет, жаза тартат.

Көзөмөл-Аткаруу

  1. Мамлекетте Улуу Курултайдын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөп, жүзөгө ашыруучу биринчи жоопкер адам – Президент.
  2. Республикалык деңгээлде:

Оң Билги, Сол Билги – Мамлекеттик Кеңешке;

Аталык Кеңеш мүчөлөрү – Чоң Кошуунга;

  1. Аймакка жоопкер делегаттар – аймактык Чоң Жыйынга;
  2. Айылга жоопкер делегаттар – айылдык чоң Топко катышып, Улуу Курултайдын кабыл алган чечимдерин тыкыр көзөмөлдөп, турмушка ырааттуу ашырышат.

Улуу Курултайдын кеңири укук-милдеттери Конституциялык мыйзамда чагылдырылат.

  • 4. Президент.

30-статья

  1. Эл-Мамлекеттик бийликтин биримдигинин символу. Мамлекеттин башчысы;бир эле учурда Жолбашчы да, Колбашчы (руханий-светтик көсөм); өлкө ичинде жана эл аралык мамилелерде – Кыргыз Эл Республикасынын өкүлү;

Улуу Курултай иштеп чыккан өнүгүүнүн жалпы багытынын негизинде мамлекеттин бардык ички, тышкы саясатын аныктайт;

Улуу Курултай алдында өлкөдөгү абал, ички-тышкы саясат, өз ишмердүүлүгү боюнча отчет берет;

Улуу Курултайга референдум чакыруу демилгеси менен кайрылат;

кезексиз Улуу Курултайды чакыруу укугуна ээ;

Чоң Кошунга катышат;

мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы калыс катары алардын макулдашып иште-шин, биргелешип аракеттенишин камсыз кылат;

ар жылы Чоң Кошуунда элге Кайрылуу менен чыгат;

Улуг Кеңешти чакырат, алып барат;

Мамлекеттик Кеңешти жетектейт;

Элдик-Мамлекеттик башкаруунун төмөнкү борборлошкон органдарынын бардыгына (Чоң Кошуун, Чоң Жыйын, алтургай Чоң Топторуна дейре) ыйгарым укук табыштап, өз өкүлүн, Улуу Курултай делегаттарын катыштырат, алар аркылуу Курултай бүтүмүн, Президент жарлыктарын ишке ашырып, координацияланган башкарууну камсыздайт;

жогорку жана төмөнкү кеңештерге шайлоону дайындайт;

Жогорку Кеңеш сунуштаган мыйзамдарга;

Улуг Кеңеш бекиткен Конституциялык мыйзамдарга кол коет.

Үч жолу кайтаруу укугуна ээ. Эгерде макул болбосо,  соңкусунда Жоктом (протест) жазып Конституциялык сотко кайрылат.

Улуг Кеңештин үчтөн эки добуш макулдугу менен эл аралык келишимдерге кол коет.

мыйзамда каралган жагдай туулса Мамлекеттик Кеңеш менен макулдукта республиканын айрым жерлерине өзгөчө абалды киргизет;

Кыргыз Эл республикасына баскынчылык жасалганда же баскын коркунучу айкын болгондо Улуг Кеңештин макулдугу менен өлкөдө согуш абалын жарыялап, чукул Улуу Курултай чакырат. Жарым-жартылай мобилизация жарыялап, аскер абалын киргизет.

  1. Президент – куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы. Куралдуу күчтөрдүн жогорку аскер башчыларын дайындайт жана бошотот;
  2. Оң, Сол Билги менен кеңешип Премьер-Министрди дайындайт жана бошотот. Премьер-Министрдин сунуштоосу боюнча өкмөт мүчөлөрүн бекитет жана бошотот;
  3. Оң Билги, Сол Билги жана Аталык Кеңеш макулдугу менен:

а. Коопсуздук Комитетинин башчысын дайындайт жана бошотот;

б.  Башкы Прокурорду дайындайт жана бошотот;

в. Элдик Соттун Кошуунуна – Конституциялык Соттун, Жогорку Соттун жана Жогорку Арбитраждык Соттун төрагалыгына талапкерлерди сунуштайт.

31-статья

Президентти  шайлоо:

  1. Президенттикке талапкерлерди Аталык Кеңеш ылгайт.

Президент – атаандаштык негизде Улуу Курултайда беш жылдык мөөнөткө шайланат. Эки жолу шайлануу укугуна ээ. Үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин Улуу Курултай аныктайт жана ал президенттикке кайрадан шайланып кетсе ага жаңы ТЭҢРИКУТ даража наамы ыйгарылат. Кыргыздын тарыхый баатырларынын кыркаарын жаңы замандагы улантуучу катары ысымы соңку тарыхка даңазаланат.

  1. Кыргыз Эл республикасынын президенти болуп 35 менен 65 жаштын ортосундагы Кыргызстандын жараны шайлана алат.
  2. Президент бийлигин аткарып жаткан учурда саясий партиялардагы ишин токтотот.

Президент кол тийгис укугуна ээ.

32-статья

  1. Кыргыз Эл республикасынын Президентинин бийлик укуктары ал өзү чукул Улуг Кеңеш чакырып кызматтан чегинерин билдиргендигине, ошондой эле өзүнө таандык бийлик укуктарды ооруп калгандыгына же кайтыш болгондугуна байланыштуу аткара албай калган учурда токтотулат.
  2. Президент ооруп калгандыгына байланыштуу өз милдеттерин аткара албаган учурда чукул чакырылган Улуг Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат. Президенттикке жаңы талапкерлерди ылгоо максатында кезексиз Улуу Курултайды чакырат.
  3. Президентке Улуг Кеңеш тарабынан мамлекеттик чыккынчылык же башка оор кылмыш жасагандыгы боюнча күнөө коюлуп, ал Конституциялык Соттун корутундусу менен ырасталган шартта аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтетүү боюнча Улуу Курултай чакырылат. Президентке импичментти Улуу Курултай гана жарыялайт. Жүйөөсүн далилдей албай калган тарап Мамлекетке–Элге акаарат келтирген катары дароо кызматтан чегинет, катуу жазага алынат.
  4. Кыргыз Эл Республикасынын жаңы Президенти шайланганга чейин анынмилдетин Премьер-Министр аткарат.

Жаңы Президентти шайлоо мурдагы Президент бийлик укуктарын токтоткон учурдан баштап үч айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

  1. Президент – Конституциянын гаранты.

Президентте жеке кеңешчи – боз кардинал болбойт. Анын бардык масилети Аталык, Улуг Кеңештер аркылуу өтүп, калк алдында тунук.

  • 5-6. Кош Аталык Оң билги, Сол билги

33-статья

  1. Элдик бийлик Улуу Курултай жана мамлекеттик башкы бийлик президентчилик ортосундагы көпүрө данакер. Элдик-Мамлекеттик бийликтин ажырагыстыгынын символу.
  2. Элбашы – Президенттин – жолбашчылык (руханий) жана колбашчылык (светтик) озуйпасына байланышкан Бакай – Кошойлук нускооч даража;

Оң Билги, Сол Билги орунга калкка кадыры сиңген, чыныгы чыгаан уул-кыздар Улуу Курултайда беш жылга шайланат. Кийинки шайлоо мөөнөттөрү чектелбейт.

Орунга талапкерлерди:

а. үчтөн эки добуш менен Оң Билгини (элбийлик канат) Улуу Курултай;

б. Мамлекеттик Кеңеш менен макулдашуудан соң Сол Билгини (мамбийлик бутак) Президент сунуштайт.

Улуу Курултайдын төрттөн үч добушун алган талапкерлер Оң Билги, Сол Билги орунга татыктуу деп табылат.

Оң Билги – Мамлекеттеги бүткүл руханий – идеологиялык;

Сол Билги – коопсуздук (саясий, экономикалык, күч түзүм, ж.б.) маселесин көзөмөлдөшөт,

аркалашат;

Оң Билги, Сол Билги Аталык Кеңешти кезектешип жетектешет;

Оң Билги, Сол Билги Мамлекет Кеңеш мүчөсү;

Президенттин тапшыруусу боюнча анын компетенциясындагы бардык ишти чечүүгө акылуу;

  1. Президент менен бирге УлугКеңешти жетектешет;
  2. Эгерде Президенттин жүргүзгөн саясатына макул болушпаса Аталыкжана Мамлекеттик Кеңештин макулдугу менен Улуг Кеңешке кайрылуу жолдошуп Улуу Курултайдычакырууга демилгечилерден боло алышат жана аны алпарышат. Импичментмаселесин көтөрүүгө укуктуу.
  • 7. Аталык Кеңеш

34-статья

Президент жана Оң Билги, Сол Билги алдындагы Улуу Курултай тарабынан шайланган Кеңеш.

Эл ичинен чыккан дааналар, мамлекеттик мурдагы ири ишмерлерден, кыргыз урууларынын башын кошкон Ичкилик, Оң, Сол канат бийлеринен жана Калк Ассамблей Төрагасынан турган акыл көрөңгөсү. Курамы туруктуу – он үч кишиден турат.

Улуу Курултайдын чечимдерин Борбордук бийлик аркылуу борбордук тогоолдордун баарында – Чоң Кошуун, Чоң Жыйындарына (зарылдык туулса Чоң Топторуна дейре!) катышып, алып өтүшөт.

  • 8. Улуг Кеңеш

35-статья

Улуу Курултайдан кийинки эле анын алдындагы  эң жогорку коллегиалдуу орган. Курамы – Аталык Кеңеш жана Мамлекеттик Кеңеш  мүчөлөрүнөн турат.

Улуг Кеңеш өзгөчө учурларда Президент тарабынан Оң билгинин, Сол билгинин бирдей макулдугунда чакырылат, мамлекеттик бардык орчун маселени карайт, чечет.

  1. Конституциялык мыйзамдарды бекитип, Президентке кол коюуга сунуштайт;
  2. Мамлекетке капыс кол салынганда согуш абалын жарыялайт;
  3. Айрым аймактарга өзгөчө абалды киргизет;
  4. Улуу Курултайдын күн тартибин аныктайт;
  5. Улуу Курултайга көпчүлүк добуш менен:

а) Конституцияга өзгөртүү киргизүү;

б) Президентке импичмент жарыялоо маселесин коет.

Улуг Кеңеш мамлекеттик ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатында Аймак Жыйын Кеңеш Төрагаларынын катышуусунда кеңейтилген түрүндө өтөт.

Улуг Кеңештин чечими мыйзамдык күчкө ээ. Милдеттүү аткарылат.

  • 9-18. Тогузак Мамлекеттик Кеңеш

36-статья

Президент алдындагы эң жогорку, мамлекеттик деңгээлдеги демейки, бардык маселени кеңешип чечүүчү коллегиалдуу орган. Бийлик бутак башчылары, биринчи жооптуу жетекчилер добуш менен маселе чечет.

Президент чакырат.

Мамлекеттик Кеңештин айрым мүчөлөрүнүн (Оң, Сол Билги) демилгеси менен да Президент тарабынан чакырылышы мүмкүн.

Жарымынан көп добуш алган маселе өттү деп табылат.

  1. Президент – Мамлекеттик Кеңештин төрагасы – 1,5 д.
  2. Жогорку Кеңеш төрагасы – 1 д.
  3. Премьер-Министр – 1 д.
  4. Жогорку Сот төрагасы — 1д.
  5. Башкы Прокурор — 1 д.
  6. Оң, Сол Билги – 1 д.
  7. Конституциялык соттун төрагасы – 1 д.
  8. Ички иштер министри – 1д.
  9. Коргоо министри – 1 д.
  10. Коопсуздук комитетинин башчысы – 1 д.

Президент жана мамлекеттик Кеңеш көзөмөлүндөгү

борбордук кызмат түзүмдөр

  1. Борбордук шайлоо комиссиясы
  2. Эсептөө палатасы
  3. Мамлекеттик банк
  4. Манас Жол этноэкономикалык, инновациялык борбору
  5. Кадрлар боюнча мамлекеттик кызмат
  6. Стратегиялык чалгын борбору
  7. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Төмөндөгүлөрдү:

Борбордук кызмат түзүмдөрдүн башчыларын Аталык Кеңештин сунуш-макулдугу менен Президент дайындайт.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Эсеп Палатасынын аудиторлорунун үчтөн бирин – Жогорку Кеңеш; үчтөн бирин – Жогорку Сот; үчтөн бирин – жарандык коом пикирин эске алуу менен Аталык Кеңеш сунуштайт. Жогорку Кеңеш шайлайт.

Улуттук банк жана Мамлекеттик кадр кызмат төрагаларынын орунбасарларын дайындоодо Жогорку Кеңеш макулдугун берет.

Борбордук түзүмдөр мыйзам негизинде иш алып барат. Алардын ишинде жалпы мамлекеттик деңгээлдеги ырааттуулук сакталышы үчүн Мамлекеттик Кеңеш деңгээлинде нускоо жүрөт.

ОРТО (ИЧКИЛИК)

АТКАРУУ БИЙЛИГИ

  • 26. Өкмөт

37-статья

Кыргыз Эл Республикасында аткаруучу бийликти Кыргыз Эл Республикасынын өкмөтү, ага баш ийген министрлик, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жүргүзөт.

Кыргыз Эл Республикасынын өкмөтү мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы.

Өкмөттүн ишин Премьер-Министр башкарат. Өкмөт – премьер-министрден, вице-премьер ми-нистрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитет, агенттиктердин башчыларынан турат.

Премьер-Министр, Өкмөт же анын айрым мүчөсү кызматтан чегингенге укуктуу, аны Кыргыз Эл республикасынын Президенти кабыл алат же четке кагат.

Премьер-Министрдин кызматтан чегинүүсү өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн кызматтан чегинишине алып келет. Жаңы Өкмөт куралганга чейин Өкмөт тарабай Президенттин тапшырмасы боюнча ишин улантат.

38-статья

Премьер-Министрди Оң, Сол Билгилер менен макулдашып Президент дайындайт.

Премьер Министр кадр боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат сунуштарына таяна министрлер кабинетин түзөт, Президент бекитет.

Премьер-Министр куралдуу күч, коопсуздук кызматынан башка бүткүл аткаруу бийлигине жетекчилик кылат. Жогортон төмөн түз баш ийүү – милдеттүү.

Бир жылда бир аткаруу бийлигинин Кошууну өткөрүлөт. Республикалык, аймактык деңгээл-деги бардык башкы жетекчилер – министрлер, комитет, агенттик ж.б. башчылары, аким, шаар-башылар, Кошуун өкүлдөрү.

Премьер-Министр, вице премьерлер, министрлер – Чоң Кошуун өкүлдөрү.

Премьер-Министр, вице премьерлер Чоң Кошуун Кеңеш мүчөлөрү.

Вице премьерлердин бири, жанаша бийлик бутактары – Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот бийлиги менен Аткаруу Бийлигинин атынан иштешет.

39-статья

Өкмөт:

республикалык бюджетти иштеп чыгат, аны Жогорку Кеңештин (вариант: Чоң Кошуундун) ка-роосуна коет жана аткарылышын камсыз кылат; бюджеттик-финансылык, салык жана баа сая-сатын жүргүзөт; мамлекеттик мүлктү башкарат; өлкөнү коргоо, мамлекеттик коопсуздук чара-ларын көрөт; Улуттук банк ишин тескеп, бирдиктүү акча-насыя жана валюталык саясат жүргүзөт.

40-статья

Өкмөт:

Министрлик, мамлекеттик комитет, администртивдик ведомстволордун жана шаар, аймак администрация органдарынын ишине жетекчилик кылат;

Республика аймагындагы бардык орган, уюм, кызмат адамы жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон токтом, буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерет, турмушка ашырылышын уюштурат.

41-статья

  1. Премьер-Министр бир жылда бир:

а) аткаруу бийлигинин жогорку органы Кошуунга өкмөттүн иши боюнча маалымдама жасайт;

б) жанаша бийлик бутагынын өкүлдөрү бириккен Чоң Кошуунга, ал аркылуу борбордук бийликке отчет берет.

  1. Өкмөт менен мамлекеттик бийликтин башка бутактарынын ортосунда (Чоң Кошуунда) орчун карама каршылыктуу кризистик жагдай түзүлсө Президент Аталак Кеңештин макулдугу менен Өкмөт жетекчилерин отставкага кетириши мүмкүн.
  • 27. Аймак өкмөтү

42-статья

  1. аймакта – аким; шаарларда – шаар башы;

аким, шаарбашыны Премьер-Министр дайындайт жана бошотот.

Орунбасарларын – аким, шаарбашы сунушу боюнча Премьер-Министр бекитет. Бошотуу – жогорку тартипте.

Акимдин бир орунбасары жанаша бийлик бутактары менен иштешет.

  1. Аким, шаарбашылар – аймак, шаар өкмөт иши боюнча жарым жылда бир:

а. жогорку бийликке жана аймактык башкаруу органы – Жыйынга маалымдама жасашат;

б. жанаша бийлик бутагынын өкүлдөрү баш кошкон Чоң Жыйынга – ал аркылуу борбордук бийликке отчет беришет.

Аким, шаарбашылар  аткаруу бийлигинин – республикалык Кошуунунун;

Аким, шаарбашы жана орунбасарлары – аймак Чоң Жыйынынын өкүлдөрү; Чоң Жыйын Кеңеш мүчөлөрү.

  • 28. Аткаруу бийлигинин айыл тепкичи

43-статья

  1. Бюджеттик мекемелердин бардыгынын (мектеп, оорукана, КТУ, байланыш ж.б.) башы кошулуп өзүнчө Топко биригишет. Арасынан бири өкмөт өкүлү – Берен (координатор) шайланат. Айылдык деңгээлдеги мекеме аралык маселелерин кеңешип-таңашат. Үч айда бир Топ өтөт. Берен – Чоң Топ өкүлү жана Чоң Топ Кеңеш мүчөсү.
  2. Башкарма.

Айыл мекеме жетекчилери, айыл кеңеш депутаттары, айыл сот мүчөлөрүнүн биргеликтеги сунушу (б.а. Чоң Топ кеңейтилген кеңеши) жана аймак акиминин макулдугу менен айыл калкы альтернативдүү негизде, айылдык Жалпы Чогулушта айыл башкармалыгынын башчысын — Башкарманы беш жылга шайлайт. Башкарма – экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу.

Башкарма – мыйзамга, Президент указына, акимге баш ийет. Башкарманын айыл калкы алдындагы жоопкерчилиги каралган айыл уставына таянып иш алып барат. Айылдын экономикалык, социалдык, маданий акыбалы үчүн биринчи жоопкер.

Башкарма:

Үч айда бир – Чоң Топ Кеңешинде айыл маселелери, иш максаттары; жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ал абалы боюнча маалымдама жасайт.

Жарым жылда бир:

а) аткаруу бийлигинин аймактык Жыйынында жогорку аткаруу бийлик органы алдында;

б) жанаша бийлик бутактарынын Чоң Жыйынында – ал аркылуу борбордук бийликке отчет берет.

Бир жылда бир – айылдык Жалпы Чогулушка борбордук мамлекеттик саясаттын айылда ишке ашырылышы, айыл калкынын милдеттери жана өз иши тууралуу кеңири отчет берет.

  1. Акимдин же акимият өкүлүнүн катышуусунда өткөн айылдык ЖалпыЧогулуш Башкарманын ишине «канааттандырарлык», же «канааттандырарлыкэмес» деген баа берет.
  2. Башкарма:

Чоң Топту жетектейт, Чоң Топ Кеңеш мүчөсү;

Аймак Чоң Жыйын өкүлү жана Чоң Жыйын Кеңеш мүчөсү.

Мамлекет башчы Президент башында турган борбордук башкы бийлик – республика, аймакта ырааттуу уланып; байтүп – айыл башкармалыгында жыйынтыкталат. Уч-Түп бир кошулат-жошулат.

Аткаруу бийлигинин кеңири укук милдеттери, жанаша бийлик бутактары менен алака-катышы – конституциялык мыйзамда чагылдырылат.

ОҢ КАРЫ

КЕҢЕШ  БИЙЛИГИ

Кыргыз Эл республикасында өкүлдүү орган – кеңеш бийлиги. Мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышына көзөмөл ишин жүргүзөт. Жогорку, аймак-шаар, айыл кеңештери болуп үч тепкичтүү түзүлөт.

  • 29. Жогорку Кеңеш

44-статья

  1. Жогорку Кеңеш депутаттарын Улуу Курултай өз курамынан бөлүп беш жылдык мөөнөткө шайлайт. Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланып кеткен делегат орду ошол айыл округунан кайрадан шайланган экинчи өкүл менен толукталат. ЖК депутаттыгына талапкерлерди аймактан шайланган Курултай делегаттары өз ичинен альтернативдүү сунуштайт.
  2. Депутат саны – 40тын тегереги.

ЖК толук алмаштырылбайт. Депутаттык мөөнөттүн өтүшү – бүтүшүнө ылайык үчтөн биринче жаңыланып турат.

  1. Жогорку Кеңешке шайлоодо экинчи орунду ээлеген талапкер шайлооокругунан шайлоо мөөнөтү аяктагыча №1 талапкерлик укугун сактайт. ЭгердеЖогорку Кеңешке шайланган депутат кандайдыр бир себептер менен депутаттыкмилдетин аткара албай калса, же шайлоо алдындагы убадаларына кайчы ишалып барса, анда ал ошол аймактан шайланган Улуу Курултайдын

делегаттарынын катышуусунда Аталык Кеңеш тарабынан кайрадан чакыртылып, мандаты алынат, ордуна №1-талапкер депутат болот.

  1. Жогорку Кеңеш жетекчилиги – жалпы бир төрагадан жана эки орунбасарынан турат, алар көпчүлүк добуш менен жашыруун шайланат. ЖогоркуКеңеш депутаттары бир жылда бир, зарыл болсо чукул жалпы Кошуунуначогулат.
  2. Төрага жана анын орунбасарлары, комитет жетекчилери – Чоң Кошуун өкүлдөрү.

Төрага жана орунбасарлары – Чоң Кошуун Кеңеш мүчөлөрү.

Төраганын бир орунбасары жанаша бийлик бутактары – Аткаруу жана Жогорку Сот бийликтери менен Жогорку Кеңеш атынан иштешет.

  • 30. Аймактык Кеңеш

45-статья

  1. Аймак Кеңеш депутаттары өзүнчө атайын шайланбайт. Алар айылкеңеш депутаттарынын эсебинен куралат – Айыл Кеңеш төрагалары жана алардын орунбасарлары бир эле учурда Аймактык Кеңештин депутаттары болушат.
  2. Аймактык Жыйында Аймак Кеңеш депутаттарынын өз ичинен бир талапкер, же Жогорку Кеңеш өкүлүнүн сунушу боюнча экинчи талапкер Аймак Кеңеш төрагалыгына атаандаштык негизде көпчүлүк добуш менен шайланат. Аймак Кеңешине төрагалыкка шайланып кеткен депутат ордун ошол айылдан кайрадан жаңы шайланган депутат толуктайт.

Төраганы кызматтан чакырып алуу – Жогорку Кеңеш өкүлүнүн катышуусунда жогорку тартипте өтөт.

Аймак Кеңеш төрагасынын эки орунбасары бар.

Биринчи орунбасар, негизинен, Жогорку Кеңеш чыгарган мыйзам, нормативдик актылардын ортоңку Аймак Кеңеште жана төмөнкү Айыл Кеңеш депутаттарына жеткирилишине, иштетили-шине кам көрөт, көзөмөл жүргүзөт;

Экинчи орунбасары, негизинен, аймактык жанаша бутак бийликтери менен мыйзамдардын жана нормативдик актылардын туура колдонулушу, аткарылышы багытында кызматташ иш алып барат.

  1. Аймактык Кенеш депутаттарынын Жыйыны алты айда бир өткөрүлөт.

Аймак Кеңеш төрагасы, анын орунбасарлары, Аймак Кеңеш депутаттары – аймак Чоң Жыйы-нынын өкүлдөрү;

Аймак Кеңеш төрагасы, орунбасарлары Чоң Жыйын Кеңеш мүчөлөрү;

Аймак Кеңеши күндөлүк ишин уюштуруу үчүн жумушчу аппаратын түзөт.

  • 31. Айыл Кеңеш

46-статья

  1. Айылда (айылтопто) жалпы шайлоо тартибинде Айылдык Кеңеш депутаты шайланат. Депутаттар Топко жыйылышат. Айыл Кеңеш төрагасын жана анын орунбасарларын шайлашат. Төрага, орунбасарлары бир эле учурда Аймак Кеңеш депутаттары.

Төрага жана депутаттарды кызматтан чакыртып алуу – Аймак Кеңеш төрагасынын же орунбасарынын катышуусунда жогорку тартипте өтөт.

  1. Айыл Кеңешинде үч айда бир Топ болот.

Төрага, орунбасарлары жана депуттар Чоң Топ өкүлдөрү.

Төрага жана орунбасарлары Чоң Топ Кеңеш мүчөлөрү.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН БИЙЛИК УКУКТАРЫ

47-статья

  1. Кыргыз Эл республикасынын мыйзамдарын кабыл алуу; кабыл алган мыйзамдарын расмий чечмелөө;
  2. Кыргыз Эл республикасынын административдик аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;
  3. Республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
  4. Улуттук Банк башчысынын жана орунбасарларын дайындоого макулдук берүү;
  5. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиянын курамынын үчтөн бирин көрсөтүү, толук курамын шайлоо;
  6. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун үчтөн бирин көрсөтүү, толук курамын шайлоо;
  7. Кыргыз Эл республикасынын чет мамлекеттердеги жана Эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлчүлүк башчыларын дайындоого макулдук берүү;
  8. Кыргыз Эл республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын белгилөө;
  9. Мунапыс жөнүндөгү актыларды чыгарууну ишке ашырат.

48-статья

  1. Жогорку Кеңеш менен мамлекеттик бийликтин башка бутактарынын ортосунда орчун карама-каршылыктуу кризистик жагдай түзүлсө Президент Аталык Кеңештин макулдугу менен Жогорку Кеңеш жетекчилерин таркатышы мүмкүн.
  2. Таркатылган депутат-жетекчилердин ордун алар шайланган аймактан ЖК депутаттыгына №1 талапкелик укугун сактаган Улуу Курултай делегаттары ээлейт ( 29, 44- ст. 3).

Жогорку Кеңеш жаңы жетекчилерин шайлайт.

49-статья

Мыйзам чыгаруу демилгеси:

30 миң шайлоочуга, Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана өзүнүн карамагына таандык маселелер боюнча Жогорку Сот менен Жогорку Арбитраждык Сотко таандык.

Кеңеш бийлигинин кеңири укук-милдеттери, жанаша бийлик бутактары менен алака-мамилеси – конституциялык мыйзамда чагылдырылат.

  • 32-33. Кыргызстан калк ассамблеясы

50-статья

Кыргызстан аз сан улут өкүлдөрү мыйзам чегинде аракеттенет. Аймакта маданий борбор-лорун түзөт. Тик-эришинде гана тутумдашпастан кыйыр-аркагында да кыргыз айыл, аймактары менен тыгыз баш кошушат, туу түбү Кыргыз Элине бутак, шак болуп биригишет.

Республикада Калк Ассамблейине биригет. Төрага шайлайт, Кошуунун өткөрөт.

Төрага – Аталык Кеңеш мүчөсү.

Кыргызстан Калк Ассамблеясынын укук-милдеттери Конституциялык мыйзамда чагылдырылат.

  • 34-35. Прокуратура

51-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын прокуратурасы мыйзам актыларынын так жана бирдей аткарылышына өз укуктук чегинде көзөмөл жүргүзөт.

Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоо ишин жүргүзөт, мыйзамда белгиленген учурларда жана чекте иштерди сотто кароого катышат.

  1. Башкы Прокурор жана анын орунбасарлары Президент тарабынан кадр боюнча мамле-кеттик кызматтын маалымат-сунуштамаларына таяна, Оң, Сол Билгилер жана Аталык Кеңеш менен макулдашуу аркылуу дайындалат. Бошотуу – жогорку тартипте.

Башкы Прокурор – Мамлекеттик Кеңеш жана Чоң Кошуун Кеңеш мүчөсү.

  1. Аймактык прокурорлор Башкы Прокурордун альтернативдүү сунуштоосу, Оң, Сол Билги-лердин оюн эске алуу менен Президент тарабынан дайындалат. Бошотуу – жогорку тартипте.
  2. Аймакта прокурорлор Жыйыны өткөрүлөт, республикалык Кошуунга өкүлдөр шайланат. Башкы Прокурор жетектейт.
  3. Мамлекеттик бийлик бутактарынын Чоң Кошуунуна, Чоң Жыйынына прокуратура өкүлдөрү байкоочу катары катышат.

СОЛ КАРЫ

ЭЛДИК СОТ

52-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасында сот адилеттигин элдик сот ишке ашырат.
  2. Элдик сот үч баскычтуу:

республикалык – Конституциялык Сот, Жогорку Сот, Жогорку Арбитраж Соту;

аймактык – аймак, шаар, аскер соттору;

айылдык сот;

өзгөчө, атайын сотторду түзүүгө жол берилбейт.

  1. Кыргыз Эл Республикасында соттордун жана калыстардын макамы, иштөө тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
  2. Калыс Конституцияга жана мыйзамга гана баш иет. Кол тийбестик укугуна ээ. Кылмыш үстүндө тутулгандан жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн өзгөчө учурлардан башка кез-де кармалбайт жана камакка алынбайт.
  3. Кыргыз Эл Республикасынын 35 жаштан 70 жашка чейинки юридикалык жогорку билими бар, кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иштеген жараны Конституциялык, Жогорку жана Арбитраждык сотторунун;

25 жаштан жогорку, 7-5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар квалификациялуу жарандар аймак, айыл сотторунун калыстары болуп шайлана алышат.

Шайлоо төмөндөн жогору – Эл тарабынан түз, тике шайланган сот өкүлдөрүнүн өз кезегинде өз эркин бийликтин улам жогорку органдарына уламал табыштоо (делегирование) жолу аркылуу элдик сот бийлиги ишке ашырылат.

  • 36. Жогорку Сот

53-статья

  1. Кыргыз Эл республикасынын Жогорку Соту – жарандык, кылмыш жана административдик сот иштери жагындагы сот бийлигинин жогорку органы.
  2. Жогорку Сот – Бишкек шаардык, аймактык, шаардык, аскер сот иштерине көзөмөл жүр-гүзөт. Арбитраж соту ишине жалпы көзөмөлдүк кылат.
  3. Башкаруу органы:

республикада – жылына бир жолу Кошуун;

аймакта – алты айда бир жолу Жыйын;

айылда – үч айда бир жолу Топ өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Топ, Жыйын, Кошуун кезексиз чукул чакырылышы мүмкүн.

Айыл Топ, Аймак Жыйын калыстары – элдик сот Кошуунунун өкүлдөрү.

  1. Жогорку Соттун калыстары – мамлекеттик кадр кызматынын маалымат-сунуштарына, Аталык Кеңеш менен Оң, Сол Билгилердин пикирине таяна Президентсунуштаган, Элдик Соттун Кошууну тандаган талапкерлердин альтернативдүүат салышуусунда көпчүлүк добуш менен жети жылга шайланат. Эки мөөнөткөшайланууга укуктуу.

Жогорку Соттун төрагалыгына – Президент сунуштаган; орунбасарларына – Кошуун тарабынан сунушталган талапкерлер үчтөн эки добуш менен Кошуунда шайланат.

  1. Иши, жүрүм-турумунан кынтык чыккан, мыйзамды бузгандыгыКонституциялык Сот тарабы-нан далилденген Жогорку Соттун калысы, Төрага,орун басарлары – Кош Билги, Аталык Кеңештин кароосунан соң Президенттарабынан мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулат. Сот системасындаиштээр-иштебесин Президент чечет.
  2. Жогорку Соттун Төрага, орунбасарлары, калыстары – Чоң Кошуундунөкүлдөрү. Төрага жана орунбасарлары – Чоң Кошуун Кеңеш мүчөлөрү.

Төраганын бир орунбасары жанаша бийлик бутактары менен байланышта иштейт.

  1. Жогорку Сот менен мамлекеттик бийликтин башка бутактарынын ортосунда орчун карама-каршылыктуу кризистик жагдай түзүлсө Президент Аталык Кеңештин макулдугу менен Жогорку Сот жетекчилерин таркатышы мүмкүн.

Алардын ордун Сот Кошуунундагы шайлоодо экинчи орунду ээлеген № 1 талапкерлер ээлейт.

  • 37. Аймактык Сот

54-статья

  1. Аймактык, Шаардык Соттун калыстары – ошол аймактагы, шаардагы айыл, райондук Сотторунун мүчөлөрү жана калыстары тарабынан Аймактык, Шаардык Сот Жыйынында мамлекеттик кадр кызматынын маалымат-сунуштарына таяна Аталык Кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин альтернативдүү ат салышуусунда көпчүлүк добуш менен беш жылга шайланат. Эки мөөнөткө Аймактык Сот, андан ары Жогорку Сот калыстыгына шайланууга укуктуу.
  2. Аймактык, Шаардык Соттун Баш Калыстыгына ушул тартипте Жогорку Сот өкүлү тарабынан сунушталган талапкерлердин бири үчтөн эки добуш менен альтернативдүү шайланат.
  3. Иши, жүрүм-турумунан кынтык чыккан, мыйзамды бузгандыгы жогорку органдар тарабынан далилденген, же чыгарган өкүмү Жогорку Сот тарабынан үч ирээт бузулган аймак, шаар калысы – Аталык Кеңеш мүчөсүнүн катышуусунда Жогорку Соттун Кеңешинде мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулат. Сот системасында иштээр-иштебеси Жогорку Сот Кеңешинде чечилет
  4. Аймактын, шаардын Башкы Калыс, орунбасарлары, калыстары – Чоң Жыйын өкүлдөрү.

Аймактык, Шаардык Башкы Калыс, орунбасарлары – Чоң Жыйын Кеңеш мүчөлөрү.

Башкы калыстын бир орунбасары жанаша бийлик бутактары менен иштешет.

  • 38. Айыл Соту

55-статья

  1. Айыл Соту юридикалык укукка ээ. Айылдык Соттун калысына – айыл эли тарабынан жалпы чогулушта мамлекеттик кадр кызматынын маалымат-сунуштарына таяна Аталык Кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин ат салышуусунда көпчүлүк добуш менен беш жылдык мөөнөткө шайланат. Эки мөөнөткө Айылдык Сот, андан ары Аймактык Сот калыстыгына шайланууга укуктуу. Калыс элдин сунуш, пикирлеринин негизинде Айылдык Сотту түзөт.

Айыл Соту – Топто баш кошот. Топ – айыл алкагындагы укук бузууга байланышкан бардык маселени териштирет, күнөөнүн мүнөзүнө карай аны же Топто чечет, же Аймак Сотуна ашырат.

Айыл Сотуна – айыл башкармалыгына юридикалык кызмат көрсөтүү жана элдик контроль озуйпасы жүктөлүшү мүмкүн.

  1. Айыл калыстары Аймактык Сот Жыйынынын мүчөсү болуп саналышат. Аймакка байла-нышкан кылмыш иштерин караган сот процесстерине присяжный катары катышышат, ал эми кылмыш каралып жаткан иш боюнча ошол айылдын Калысы соттун заседатели болот. Эгерде аймак Калысы туура эмес өкүм чыгарды деп саналса Айыл Калыстары чогулуп Жогорку Сотко Жоктом (Протест) жазууга укуктуу. Чыгарылган өкүмү жогорку орган тарабынан жокко чыгарылган аймак Калысы жаза тартат.
  2. Иши, жүрүм-турумунан кынтык чыккан, мыйзамды бузгандыгы жогорку органдар тарабынан далилденген айылдык калыс – айыл элинин жалпы чогулушунда Аймак Сотунун өкүлү жана Элдик Курултай делегаттарынын аймактык жетекчилигинин катышуусунда кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат жана андан ары сот системасында иштээр-иштебеси чечилет.
  3. Айылдык Сот үч айда бир жолу Топко чогулат.
    Айыл Сот мүчөлөрү – Чоң Топ өкүлдөрү.

Айыл Калысы – Чоң Топ Кеңеш мүчөсү.

56-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын Конституциялык, Жогорку АрбитраждыкСотторунун бардык калыстары элдик сот Кошууну тарабынан 53-статьядакөрсөтүлгөн тартипте альтернативдүү шайланышат жана кызматтан бошойт.

Сот төрагалыгына талапкерлер Оң Билги, Сол Билги жана Аталык Кеңеш менен макулдашуудан соң Президент тарабынан сунушталат.

Бардык деңгээлдеги соттордун бардык даражадагы калыстары аларды шайлаган өкүлдөрдүн жана органдардын алдында отчеттуу.

  1. Аскер сотторун шайлоо өзүнчө мыйзамда каралат.

57-статья

Конституциялык сот

  1. Кыргыз Эл Республикасынын Конституциялык Соту – Конституцияны сактоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы.
  2. Конституциялык Сот төрагадан, анын орунбасарынан жана Конституциялык Соттун беш калысынан, бардыгы жети Киши, түзүлөт. Жети жылга шайланышат.
  3. Конституциялык сот:
  • Мыйзам, башка норматив укук актылары жана сот чечимдери Конституцияга карама каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;
  • Конституцияны ишке ашырууга, колдонууга жана аны түшүндүрүүгө байланыштуу талаштарды чечет;
  • Кыргыз Эл Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугу жөнүндө корутунду чыгарат;
  • Кыргыз Эл Республикасынын Президентин жана Конституциялык Соттун төрагасын кызматынан четтетүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду чыгарып Улуу Курултайдын кароосуна сунуштайт;
  • Кыргыз Эл Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду чыгарып Улуу Курултайдын кароосуна коет;
  • Жарандардын конституциялык укугуна байланышкан укук колдонуу практикасында кетирилген чалкеш маселелерди чечет;
  • Мыйзам жана башка актылардын Конституциялык соттун Конституцияга ылайык эмес деп табышы алардын Кыргыз Эл Республикасынын аймагындагы ишке ашырылышын токтотот.
  • Конституциялык Соттун чечими эң акыркы инстанциядагы бүткөн чечим эмес. Эгерде Конституциялык Сот чечиминин тууралыгына (конституциялуулугуна) шек туулса, анда Конституциянын туу түбүндө турушкан Оң, Сол Билгилер деңгээлинде ага алдын ала баа берилип Аталык Кеңештин кароосуна коюлат. Аталык Кеңеш үчтөн эки добуш менен маакул тапса, Улуу Курултайдын кароосуна сунушталат. Улуу Курултай деңгээлинде гана Конституциялык Сот чечими жокко чыгарылат же калтырылат.

Жүйөөсүн далилдей албай калган тарап кызматтан толук чегинет. Саясий, моралдык жаза алат.

58-статья

Арбитраж Сот

  1. Кыргыз Эл Республикасынын Жогорку Арбитраж Соту жана Бишкек борбордук, аймактык, шаардык арбитраж соттору бир тутум. Жогорку Арбитраж Соту көзөмөлдүк кылат.

Элдик Соттун Кошуун, Жыйын алкактарында жамаатташ иш алып барышат.

  1. Арбитраж Соттору менчиктин ар түрдүү формасына негизделип чарба жүргүзүүчү субьектилердин ортосундагы экономикалык мамилелердин жана аны башкаруудан келип чыккан талаштарды чечет.

59-статья

  1. Кыргыз Эл Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, чарба жүргүзгөндөр, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылат. Сот актыларын аткарбоо, ошондой эле сот иштерине кийлигишүү – мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликти башка үйөт.
  2. Сот адилеттигинин Конституцияда белгиленген жол жоболору бардык сот, калыстар үчүн жалпы жана бирдей.

БОРБОРДУК ЖАНА ҮЧ БУТАК БИЙЛИГИ

60-статья

  1. Борбордук Башкы Бийлик: Президент; Оң, Билги, Сол Билги;

Улуг Кеңештен (Аталык Кеңеш – эл өкүлдөрү; Мамлекеттик Кеңеш – бийлик өкүлдөрү) турат.

Чоң Кошуун, Чоң Жыйын, Чоң Топ тогоолдору борбордук бирдиктүү башкаруунун төмөнкү уламалдары катары каралат.

  1. Чоң Кошуундун иш планы, күн тартиби Чоң Кошуун Кеңеш тарабынан эркин аныкталат жана ал өз укук чегиндеги мамлекеттик маселенин бардыгын карай алат. Чечими мыйзам күчүнө ээ.
  2. Үч бутак – Паритет.

Чоң Кошуун, Чоң Жыйын, Чоң Топ бийлик өкүлдөрү кезектешип төрагалык кылышат, Улуу Курултай аныктаган стратегиялык план, иш чараларга ылайык тийиштүү бийлик бутагы ортого (ичкиликке) алынат да анын жетекчиси (не Премьер, не ЖК төрагасы, не ЖС Төрагасы) Төр Кеңешти жана Чоң Кошуунду башкарып, ишти алып барышат.

Мындай кезмектешүү төмөнкү аймак, айыл деңгээлдерде бирдей кайталанат.

  1. Борбордук жана Үч Бутак бийлик – таман таянчы Элде (§ 2) бир кошулат-жошулат. Уч, Түп биригет демек, ушул.

КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА ТОЛУКТОО КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ

61-статья

Конституцияга өзгөртүү-толуктоо киргизүү демилгеси менен Улуу Курултай чакырууга:

  1. Президент;

Конституциялык Соттун корутундусу менен бекемделген Оң Билги, Сол Билги, Аталык Кеңеши;

Улуг Кеңеш;

500 миң шайлоочунун демилгеси ээ;

  1. Улуу Курултайдын төрттөн үчүнүн макулдугу менен Кыргыз Эл республикасынын Конституциясына өзгөртүү, толуктоолор киргизилет.

Бүткүл элдик референдум жалпы калктын төрттөн үч пайызынын катышуусундагы төрттөн үч добуш менен Кыргыз Эл Республиксынын Баш Мыйзамы – Конституциясына өзгөчө өзгөртүү, толуктоолорду киргизет.

  1. Улуг Кеңеш ушул Конституциянын нугунда анын негизги багыттары боюнча кеңейтилген Конституциялык мыйзамдарды кабыл алат. Конституциялык мыйзамдар гана өзгөрүлөт, таман таянычы Конституция өзгөрүүсүз зылдай калат!

ДОЛБООРДОГУ  АЙРЫМ  ПАРАГРАФТАРГА  ТҮШҮНДҮРМӨ

БОРБОР

  • 1. Теңрикут

«Телегей» системдин график, графика түрүндөгү берилишинде (28-б. кара) ирээттүү чагылдырылгандай Теңирдин Куту Уч менен Түптү, Көк менен Жерди бир өзөк биримдикте – манаста тепчип турат. Кут өзү, руханийлик менен материалдуулуктун ортосундагы эң ничке, аяр, аян абалдагы өтмө-кетме, оошкон-коошкон Жүл (Манас!) түшүнүк. Бул мыйзам – улуу жан жаратылыштын, табийгаттын башкы мыйзамы. Демек, Асман алды Жер үстү бар мыйзамдын баарлыгы, анын ичинде мамлекеттүүлүк философия концепциясы, мамлекеттин Башкы Мый-замы да табийгаттын мына ушул эң Башкы Мыйзамына далданышы керек. КЭЛ мамлекетинин Конституциясы ушул принципти тутунуп Теңрикутка тепчилет.

  • 2. Кыргызстан Эли

Борбордук жана Кош Карынын байтүбүн (негизин) Кыргызстан Эли түзөт. Кыргызстан Эли – туу түбү Кыргыз Эли жана туу түбү элдин тегерегине тыкыз баш кошкон мамлекетибиздеги башка аз сандуу улут өкүлдөрүнүн биримдигинен турат («Кыргызстан – көп улуттуу өлкө» деген жарамсыз илдет-түшүнүктөн арылуучу кез жетти. Кыргызстанда көп улут эмес, «көп улуттардын өкүлдөрү» жашайт жана акырындап алар Кыргыз Элине айланат деген чындыкты моюндаш керек!).

Кыргызстан Эли – Мамлекеттин таянч-негизи.

Байтүп «Кыргыз Элде» – жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик бийлик эриш-аркакталат, Жарандык Коом — Уруучулдук өтмө катышат. Нарк-Салт жана Элдик Мыйзамдын чегинде этишет-өтүшөт.

Салттуу Конституция Элдик Кодекстин негизинде иш алып барылат. Кодекс иштелип чыгат.

Киши Жолу. Мурдагы Конституцияда орун алып келген «Адам укугу жана эркиндиктери», «жаран укугу жана милдеттери» деген баптар бирикти. Анткени «укук» бар жерде «милдет» сөзсүз болот, турулуу. «Укук» жана «эркиндик» бир эле түшүнүк жана аны таңуулоо — жылма саясат. КЭЛ Конституциясында бир гана «Киши Жолу» деген түшүнүк калат.

а) «Киши» – таза түркий сөз. «ки» күү (кыт.: ци; жап.: ки; санскр.: дхамма – дем; суф.: нур) жана «ши», «чи» тукум деген уңгулардан турат. Мааниси – күүдөн, демден, нурдан бүткөн. Түшүнүк түбүндө: «ки — ши» руханий жана материалий бир уютунду экени, кара башында – материалдык эмес руханий башталыштын жолун улуулары айкын туру. Бул – гумандуулуктун негизи.

б) «Жол» – «укук» жана «милдет» маанилерин баардык учурга ылайык универсалдуу тең салмактап турган (Жолу Улуулук — Жолу Кичүүлүк) элдик философиядагы улуу түшүнүк. Ал – «укук» жана «милдет» деген түбү бөлүнгүс түшүнүктү жасалма жиктеп бөлбөй, табигый биримдигинде уютуп турат.

Демек, Конституцияда «укук» жана «милдет» деп парчаланбастан жалпы универсалдуу принциптер берилет. Ал кийин Салттуу Конституция – Элдик Наркта конкреттелет.

в) «Кишинин Жолу» – БУУ тарабынан кабыл алынган «Адам Укугунун Декларациясына» эч бир жеринде кайчы келбейт, анын гумандуу нормаларын толук тааныйт! Ошол эле учурда сырт күчтөрдүн Адам Укугун арамза саясатка айлантып мамлекет ичине кыйтыр агызып кирээр жолдорун бууйт.

Үй бүлө – коом жолу. Экономикалык эң түпкү биринчи, өз ара алака-мамилелер, жергиликтүү өзүн өзү уюштуруп башкаруунун чыныгы алгаачы негизи – Ынтымак. Бул деңгээлде топчо-жамааттар түзүлөт. Жамаат Башы – Аксакалдар башкарат. Мындан жогорку деңгээлдер (айыл, аймак) «жергиликтүү башкаруу» деп гана аталат (эч «өзүн өзү» эмес!) жана ал мамлекеттик биртуташ, бирдиктүү башкаруунун тепкичтерин түзөт.

Ынтымакка биригүү менен ар бир киши айылдык Топко, шаардык Жыйынга мурдагыдай жеке-жарым пенде катары стихиялуу катышпастан, аң сезимдүү, максаттуу, жамааттык талап менен катышат. Жарандык коом Мамлекет бийлигине жеринде табигый биригет, өнөт, өсөт.

«Өзүн өзү башкарууну» үй-бүлөө, жамааттан бийик деңгээлдерге алып чыгуу – синергетика илимине таяп жасалган, таңууланган, мамлекетти эң түбүнөн быдыратып-ыдыратып жеңүүгө багытталган сырткы сасык саясат! Батыш өнүгүү жолунда табигый калыптанган «муниципий башкаруу» бизге түбүндө жат, алымсыз!

  • 3. Улуу Курултай
  1. Эң төмөндөн Эл өзү жаңыдан шайлаган өкүлдөрү жана аймактан жогорку мамбийлик бу-тактарынын башкы жетекчилери өкүлдөрү болгон Улуу Курултай – Эл-Мамлекет  биримдигинин символу – эң башкы Көзөмөл-Аткаруучул бийликке айланат.

Салыштыруу үчүн Батыштын эң бир демократиялуу делген өлкөлөрүндө бийлик бутак-тарын тең салмакташ үчүн бүткүл эл тарабынан шайланган парламентке – мыйзам чыгаруу иши менен бирге анын аткарылышын да көзөмөлдөөчү озуйпасы кошо берилет. Ал эми бүткүл эл та-рабынан шайланган президентке – мамлекетке башчылык кылуу менен бирге аткаруу бийли-гинин да жоопкерчилиги кошо ыйгарылат. Бул, аларда – мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн эң бир идеалдуу делген даражасына чейин көтөрүү болуп саналат. Бирок, бирок… бир гана «идеалдуу» эмес! Анткени аларда биздегидей коом-мамлекет ажырагыс биртуташ абалда гана келип чыгаар нагыз элдик бийлик – тарыхый Элдик Курултай институту жок эле, болгон эмес!

Бул, батыш мамлекеттүүлүк философиясы али билбеген, жетпеген, катардагы «Респуб-ликалыктан» – «Элдик Республикалыкка» калкып кеткен улуу калкагар бийиктик! Же, мында, дал ошол парламентке берилген көзөмөл функция да, президентке берилген эң жогорку аткаруучул функция да бир бириккен!

Биз мында, б.а. жаңы «Кыргыз Эл» Республикасынын Конституциясында – дал ошол карт тарыхтын качанкы бүктөмүндө адашып кишенеп калып калган «кыргыз бээсин ээсине» эми кайра кайырып келип жатабыз, Заманбап!

Кайталайм, бир калкагар бийикте! Улуу Курултайга, бир эле учурда – бир мыйзамга эмес Баш Мыйзамга гарант жана көзөмөлдүк да (парламент), ошондой эле мамлекеттеги эң башкы бийлик жана аткаруучул да (президент) озуйпасын бир бириктирип, ширетип! Улуу Курултай деген Батыштын түшүнө да кирбеген ушул деңгээлдеги Көзөмөл-Аткаруучул кыргыз бийиктик!

  1. Президенттикке талапкерлерди Аталык Кеңеш ылгап, атаандаштык негизде сунуштайт, Улуу Курултай шайлайт.
  • 4. Эл Башы – Президент

Жанаша мамлекеттердин (КМШ) жакынкы тарыхы жана акыркы кездери дүйнөлүк практика ырастагандай (араб мамлекеттериндеги абал) Эл-Мамлекеттин тарыхында орошон роль ойногон Эл Башылардын ролу-кызматы, «эки мөөнөткө» сыйгыс кудуреттүү кубаты, келечек тагдыры эл тарабынан, тарых алдында адилет, калыс баалануу менен ал атайын мамлекеттик макам менен расмий мыйзамдаштырылууга тийиш.

Маселен, өзүнүн чыгаан көрөсөндүгүн далилдей алган Эл Башы үчүнчү мөөнөткө да шайлануу мүмкүнчүлүгүн алышы керек, эгерде мамлекеттин эли кааласа. Долбоордо үчүнчү мөөнөткө шайланууга талапкерлигин Улуу Курултай аныктайт, жана ал Эл Башылыкка кайрадан шайланып кетсе анда ага жаңы Тэңрикут даража-наамы ыйгарылат.

Кыргыз Мамлекетинин мындан аркы тарыхында буга чейинки улана келген нарк-салттын жолунда ысымы даңазаланууга өтөт, мисалы, Эр Курманбек, Эр Табылды, Эр Солтоной, Эр Тайлак ж.б. ысымдарды жаңы тарыхта улантып. Аты тарыхка түбөлүк калтырылып, ошого тең, өзүнө, көзү тирүүсүндөгү үй бүлөө мүчөлөрүнө мамлекетттик камкордук көргөзүлөт.

  • 5-6. Оң Билги, Сол Билги

Бакай – Кошойлук нускооч даражага ээ. Кан – Каранын бирин-бири дамамат «көрүшүп-угушуп» турган «көзү-кулагы» катары ээзелден Эл Каны менен кошо шайлай келген Кан атасы – Аталык озуйпасын аркалашат. Калк мүдөөсүнүн үдөөсү.

Тогузак – Мамлекеттик Кеңештин туруктуу мүчөлөрү. Ошондой эле үч бийлик бутагынын баштары кошулган Чоң Кошуундун, Чоң Жыйындын иштерине катышат, Борбордук бийликтин саясатын жүргүзүшөт, Улуу Курултайдын чечимдеринин аткарылышына көз салышат. Мамле-кеттеги бүткүл руханий-идеологиялык жана коопсуздук (саясий, экономикалык ж.б.) маселесин көзөмөлдөшөт.

Бул кызмат орундарды кулак көнгөн көндүм аталыштарда: мамлекеттик катчы (идеолог) жана вице-президент деп койсо деле болор эле. Бирок, акыйкатта, Билгилердин элчил даража-орду, нускоочул озуйпасы мындан бийик. Анткени алар элден ыйгарым укук алган Элдик Курултайдын делегаттары эркин шайлаган нагыз элчил өкүлдөр болуп саналышат – Элдик-Мамлекеттик кызыкчылыктын эң бийик сересине көтөрүлүшкөн.

Алардын мойнуна Улуу Курултай аркылуу тагылган эл ишеничи бул кызмат орунду аскар-латып турат. Конституциянын Туу түбүн кайтарышкан алар обозгер-аталыктык белгилүү өз алдынчалыкка да ээ. М: Эл Башынын жүргүзгөн саясатына макул болушпаса Аталык Кеңештин макулдугу менен Улуг Кеңешке Кайрылуу жолдоп, импичмент маселесин көтөрүп Улуу Курултайды чакырууга да демилгечилерден боло алышат жана аны алып барышат.

  • 7. Аталык Кеңеш

Курамы туруктуу – он үч кишиден турат.

Кеңеш бүтүмү ачык добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең бөлүнүп калган шартта Оң, Сол Билгилердин добушу чечет (Оң Билги, Сол Билги – бөлүнгүс бир добушка ээ).

Аз сан улут өкүлдөрүнүн башын кошкон Калк Ассамблей Төрагасы жана кыргыз урууларын Эл Биримдигине уюткан Ичкилик, Оң, Сол канат бийлеринин орду туруктуу сакталат. Эл бий-лигинин бул салттуу жолу аркылуу мамлекеттеги улуттук генофонд, тарыхый эстутум, адеп-ахлак, нарк-салт, рухий-маданий ж.б. өңүттөгү манилүү маселелер жөнгө салынат (№ 1-сх. «Эл бийлик» канатын караңыз).

Заман талабы, шартка жараша Кеңеш курамы Улуу Курултай тарабынан мезгил-мезгилдүү жаңыртылышы мүмкүн, бирок мындай «жаңыртуу» Курултай аралыктарында анын жалпы санынын үчтөн биринен ашпайт. Аталык Кеңеш курамынын өз ыктыярлуу жаңырышы – Президент, Оң, Сол Билги жана Аталык Кеңештин өзүнүн ички бүтүмүндө чечилет, соңунда Улуу Курултай кароосуна сунушталып курам жаңыртылат, толукталат.

Аталык Кеңеш мүчөлөрү өз милдеттерин жемиштүү, так аткарышы үчүн мамлекеттик шарт түзүлөт. Бюджеттен каржыланат.

Аталык Кеңешти Улуу Курултай шайлайт, бекитет.

Аталык Кеңеш Оң, Сол Билги башчылыгында Улуу Курултайды жетектешет. Улуу Курултай аралыктарында делегаттардын жер-жерлердеги ишке катышуусун уюштурушат. Борбордук Бийликке – Чоң Кошуун, Чоң Жыйын, зарылдык болсо Чоң Топторуна чейин катышып, өз ыйгарым укуктарынын чегинде Улуу Курултай чечимдерин көзөмөлдөшөт, анын жүзөгө ашырылышына көмөктөшөт. Элдин мүдөөсүн аткарат.

  • 8. Улуг Кеңеш

Курултайлар аралыгындагы мамлекеттик эң жогорку чечимдерди кабыл алган Расмий ТОГУЗАК – Мамлекеттик Кеңеш; Салттуу МҮЧӨЛ – Аталык Кеңештин башын кошкон улук кеңеш.

Чечими – расмий мыйзам күчүнө ээ. Кыргыз (көчмөн) мамлекеттүүлүк философиясынын турмушка реалдуу ашырылышы. «Эл–Мамлекет» БИРлигинин заманбап үлгүсү.

  • 9-18. Тогузак – Мамлекеттик Кеңеш

а) Эл Башы – Мамлекеттик Кеңештин төрагасы – 1,5 добушка ээ. Бул азчылык-көпчүлүк (4-5) ортосундагы калыстык бузулуп калган шартта аны сактаар механизм (5,5 — 5).

б) Эл Башынын Жолбашылык – Колбашылык бөлүнгүс касиетинин алып жүрүүчүлөрү болгондуктан, Оң Билги, Сол Билги экөө бир ооздуу гана болууга тийиш. Алардын көз караш-тарында карама-каршылыктуулук болууга тийиш эмес. Ошондуктан булар биригип бир гана бөлүнгүс добушка ээ.

  • 19-25. Эл башы жана Мамлекеттик Кеңешке түздөн туз баш ийген борбордук кызмат-түзүмдөр
  1. Борбордук кызмат түзүм башчыларын Аталык Кеңеш менен макулдашып Президенттин дайындашы, Жогорку Кеңештин тийиштүү жетекчилерди дайындоого макулдук бериши жана өзү шайлашы толук логикалуу. Анткени, Жогорку Кеңеш – шайлама орган Улуу Курултайдын ичинен кайрадан эленип шайланган элдик өкүлчүлүк орган.

Мамлекетти башкаруу ишинде ар бийлик бутактары баары бирдей паритет абалда тур-гандыктан Борбордук Шайлоо Комиссия мүчөлөрүнүн жана Эсеп Палата аудиторлорунун үчтөн биринин Жогорку Сот тарабынан сунушталышы да ушундай эле логикага ээ. Анткени, Сот бийлиги да түбүндө, эл тарабынан түз жана Эл өзү шайлаган өкүлдөрү – калыстарга өз укук-тарын табыштоо жолу менен түзүлгөн шайлама орган.

  1. Борбордук түзүмдөр мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өз алдынча иш алып барат. Бирок алардын ишиндеги жалпы мамлекеттик дэңгээлдеги ырааттуулук сакталышы үчүн Мамкеңеш дэңгээлинде нускоо жүрөт.

М.: Манас Жол, Мамбанк ишмердүүлүгүнө – Премьер Министр;

БШК, ЭП, Диний комиссияга  – ЖК төрагасы;

Кадр кызматы, Стратегиялык чалгын борборуна – Эл Башы Институту (Президент, Кош Билги) тарабынан жалпы көзөмөлдүк болушу мүмкүн. Тийиштүү маселе Мамкеңеште жалпы ка-ралат.

  1. Салттуу түзүмдөрдөн айырмаланып борборго жаңы эки түзүм киргизилет.

а) Кадрлар боюнча мамлекеттик кызмат. Бул, катардагы агенттиктен бийик, мамлекетте кадр окутуу, даярдоо, тандоо жана сунуштоочу бирдиктүү ордо озуйпасын аркалайт. Сунуштоо – тийиштүү бийлик бутактарына (м.: АБ, Сот) тийиштүү кызмат адамдары (Президент, Премьер, Сот) же органдары менен бирге атайын иштелип чыккан тартипте жүргүзүлөт.

Мамлекетте кадр саясатынын тээ жергилик – айыл түбүнөн өйдө, ырааттуу даярдалып, туруктуу, жеткилең болушуна жетишилет.

б) Манас Жол – бул КЭЛ мамлекетинин  руханий-светтик туташ-ажырагыс табиятына байланышат.

МАНАС ЖОЛ озуйпасы:

  • мамлекет ишмердүүлүгүнүн толтосунда-ортосунда Манас – Теңрикут философиясы-идеологиясы кызыл жип болуп сызылып өтүшүн камсыздоо;
  • улуттун манасий жан-дүйнө өзгөчөлүгүн экономикага айкаш алып өтүү, руханий-чарбалык-финансылык кубатты бир уйутаар этноэкономика үлгүсүн тынымсыз иштеп чыгуу, өркүндөтүп, мамлекетте тегиз жайылтуу;
  • традициялуу эмес альтернатив энергия – Кут Булагын (Возобновляемая Энергия) турмушка ырааттуу киргизүү;
  • «Кыргыз Эл» мамлекетинин дүйнөлүк цивилизациядагы ордун аныктоо, ага бап инвести-циялык саясат иштеп чыгуу жана тартуу;
  • Манас Цивилизациясынын Мамлекеттик – Эл Аралык жолун нуктоо (Манифест тезисинкараңыз 258-б.);

Көрүнүп тургандай инвестиция тартуу жана инновацияны өндүрүшкө киргизүү функциясы МАНАС ЖОЛ материалий-руханий (этноэкономикачыл!) борборго жүктөлөт. Ал, баамдалгандай, мамлекеттин экономикалык стратегиялык багытын тотал жеке менчикчил жолдон манасчыл (Теңчил этноэкономикачыл!) нукка буруп, жууруп, жаңы экономикалык саясаттын (НЭП) негизин калайт.

МАМЛЕКЕТТИК  БИЙЛИК  БУТАКТАРЫ

Кыргыз Эл республикасында – Мамлекеттик бийлик бутактары КР Конституциясындагы (1993) «мамлекеттик бийлик бутактары ез алдынча иштейт жана ез ара макулдаш, шайкештикте аракеттенет» (7 ст. 1 п.) деген базалык статьяны жетекчиликке алып иш алып барылат, б.а.:

Бийликтин ар бир бутагы:

Тик вертикалында:

айылда (айылтоп — округ) – Топ;

аймакта – Жыйын;

республикада – Кошуун өткөрүү.

Кыйыр-горизонталында:

айылда (айылтоп) – Чоң Топ;

аймакта – Чоң Жыйын;

республикада – Чоң Кошуун өткөрүү аркылуу Мамлекеттик башкарууну ишке ашырат.

Үч Бутак Паритет.

Чоң Топ, Чоң Жыйын, Чоң Кошуунда бийлик өкүлдөрү кезектешип төрагалык кылышат, т.а. Улуу Курултай аныктаган стратегиялык план-ишчара боюнча ар бир мезгилдин, жылдын приоритети аныкталат: бирде Аткаруу иши күчөтүлсө, бирде Мыйзамдуулукту чыңдоого башкы көңүл бөлүнөт, бирде Сот системин тартипке салуу көздөй максатталат.

Ушуга карай ТЕҢчил философиянын талабында (б.а. Оң, Сол, Орто оошуп-коошуп турат дегенбиз) ошол бийлик бутагы Ортого (Ичкиликке) алынат да анын жетекчиси (не, Премьер; не, ЖК Төрагасы; не ЖС Төрагасы) Төр Кеңешти жана Чоң Кошуунду башкарып, алпарат.

  • 26. Аткаруу Бийлиги ИЧКИЛИК

Премьер Министр Аткаруу Бийлигин толук жетектейт. Премьер Министрди Аталык Кенеш менен макулдашуудан соң Президент дайындайт. Премьер Министр өз Кабинетин түзөт, Президент бекитет. Бүткүл Аткаруу Бийлигине жетекчилик кылат. Жогортон төмөн карай баш ийүү – милдеттүү.

Мамбийликтин ар бир бутагы өз функциясын так аткарыш үчүн ички мейкининде өз укугуна толук ээ болушу керек.

Бийлик бутактарынын тең салмагы бир биринен полномочие талашып үстөмдүккө умтулуу аркылуу эмес, өз ара таасирлешип иштешүү аркылуу таразаланат.

Премьер Министр иши:

а) Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот бийлик бутактарынын башы бириккен Чоң Кошуун; Жогорку Кеңеш жана Жогорку Сот төрагаларынын башы кошулган Чоң Кошуун Кеңеш аркылуу – кыйыр;

б)    Премьер Министрди түз дайындап, Өкмөт ишине жалпы көз салган Президент аркылуу – түз, көзөмөлдүктө болот;

Демек, Аткаруу Бийлик башчылыгында  «өзү билемдикке» жол берилбейт.

  • 29. Өкүл бийлик ОҢ

Элдик Курултай да, Кеңештер да өкүлдүк бийлик болгондуктан шайлоо бир жүргүзүлөт.

а. Айылдык Кеңешке шайланган депутаттардын эсебинен (төрага жана орунбасарлары) Аймактык Кеңеш түзүлөт:

б. Элдик Курултайга шайланган делегаттардын курамынан Жогорку Кеңеш түзүлөт. Депутат саны – 35 — 40.

Депутаттыкка көрсөтүү тартиби:

Ар аймактан шайланып келген делегаттар Оң Билги, Сол Билги, Аталык Кеңеш менен кон-сультациялашуудан соң өз ичинен талапкерлерди альтернативалуу көргөзүшөт. Жеңгени –депутат болот. Талапкерлерди ылгоодо алардын адистик, улуттук, жыныстык өзгөчөлүктөрү эске алынат.

Республикадагы илимий, чыгармачыл, ишкер интелигенция өкүлдөрүнүн мыйзам чыгаруу бийлигине катышуусун камсыздоо максатында аларга квота бөлүүгө болот.

Аймактык Кеңеш өз курамынан төрага шайлайт. Аталык Кеңеш Улуу Курултай курамынан Ай-мактык Кеңеш төрагалыгына талапкерлерди альтернативдүү сунуштоого укуктуу.

Курултайдын аймактык делегат башчылары Аймактык Кеңеш менен;

Курултайдын айылдык делегаттары Айылдык Кеңеш менен тыкыз кызматташат.

Курултай жана Жогорку Кеңештин бир бирин дубляжы жана мүмкүн кездешчү карама-каршылыктары ушундайча түбүнөн жок болот.

Улуу Курултайдын статусу баардык бийликтен жогору. Андыктан Улуу Курултай шайлаган:

а) Оң Билги, Сол Билги – Мамлекеттик Кеңешке;

б) Аталык Кеңеш – республикалык бийлик бутактарынын башы кошулган Чоң Кошуунга:

в) аймактык делегат башчылары – аймактык бийлик бутактарынын башы кошулган Чоң Жыйынга:

г) айылдык делегаттар – айылдык бийлик бутактарынын башы кошулган Чоң Топко милдеттүү катышышат жана Улуу Курултайдын чечимдерин мамлекеттик бийликтин өзү аркылуу ишке ашырышат.

Эскертүү:

Мамлекеттик ишке катышууда партиялардын укугу коомдук башка уюмдардын укугунан ар-тыкчаланбайт. Андыктан Жогорку Кеңешке (Улуу Курултай аркылуу) партиялардан өкүл болуп шайланып келүү үчүн алардын мүчөлөрү ар бир аймак калкынын белгилүү пайызын (бул чек белгиленүүгө тийиш!) түзүшү керек. Ушуга байлап республикадагы партиялардын санын 3-5 ке чейин кыскартып, ирилештирүүгө болот. Лидеринен башка аты бар, заты жок, концепциясы куржалак, бытыраан партиялардан арылуу зарыл.

Калк – «Кара» калкагарына чыккан тушта, Мамлекетте бир гана Партия калат (өз ичинде Оң, Сол, Орто фракциялуулугуна гана жол берген). Элди түпкү идеалына баштаган. Алдыда: «ар бир партия бийлик үчүн күрөшүшү зарурат!» деген ичтен тымызын бүлдүргүч жүүт философияны түбүнөн курутуу, шарт! А негизи, түпкүлүк мамлекеттүүлүк философиясын, экономикалык стратегиясын, маданий-руханий концепциясын, кыскасы МАНАС багытын аныктап алган мамлекет үчүн – партиялуулук да, уруучулдук да (т.а. элчилдик дегенбиз), жаран-коомчулдук да, бир кызыкчылыктуу жалпы улуттук иш болуп калат.

Анткени мындай манасчыл мамлекетте:

Бир киши — Бир Үй-Бүлө;

Бир Үй-Бүлө – Бир Эл;

Бир Эл – Бир Мамлекет;

Бир Мамлекет – Бир Космос (!) философиясы гана сайран куруп калат! Теңирдин Куту ушунда түшүрүлөт ага! Манас Уйуган (Манас Йога) Мамлекет деген, ушул!

  • 30. Сот Бийлиги СОЛ

Республикада Сот бийлиги бардык Сот системин (Консоттон башкасын) камтыйт. Жогорку Сотко баш ийдирилет.

Сот бийлиги үч баскычтуу: айылдык (айылтоп), аймактык, республикалык.

Буга чейинки практикадан айырмаланып долбоордо Сот бийлигин «эл»-дештирүү, Элдик Сотко айлантуу аракети көрүлдү. Эл тарабынан шайланган Айылдык Сот бийлиги түзүлүп,

шайланган өкүлдөрү – калыстар аркылуу элдин эрки улам жогорку органга ыктыярлуу табышталды (делегирование). Жогорку Сот деңгээлине дейре жалаң гана альтернативдүү шайлоо киргизилип, калпыс чыгарган өкүмү үчүн Калыстарга жазалоо чарасы (сот системасынан кетиргенге чейин) киргизилди.

Конституциялык Соттун чечими да эң акыркы күчкө ээ эмес, аны Улуу Курултайдын буза

алаары белгиленди.

Кыскасы, бүткүл Сот системасын демократиялаштырууга карай олуттуу кадам ташталды.

Аткаруу Бийлигинин Башчысы – Премьер-Министр жана вице-премьерлери;

Жогорку Кеңеш Төрагасы жана орун басарлары;

Жогорку Сот Төрагасы жана орунбасарлары Чоң Кошуун Кеңеш мүчөлөрү болуп саналышат жана биргелешип Чоң Кошуундун мөөнөтүн, күн тартибин, талкууланар маселесин аныкташат. Зарылдык туулса Чоң Кошуунду чукул чакырышат.

Үч Бийлик Бутагынын баардык деңгээлдердеги кыйыр байланышы (Чоң Топ, Чоң Жыйын, Чоң Кошуун) алардын ар биринин ишин бирден жакшыртат. Аткаруучул, Мыйзамчыл, Укук сактоочул иштердин синхрондуулугу иш өндүрүмдүүлүгүн арттырып, мыйзамдуулукту сактап, коррупциянын колкосуна кол салат.

Туу, Асаба, Байрак, Желек – деңгээлди (республика, аймак, айыл, топ-жамаат) жышаандайт.

Мамлекеттик кызмат орундардын даражасын мезгейт.

Маселен: Тууда – Манас белги;

Асабада – Семетей белги;

Байракта – Сейтек белги;

Желекте – Кенен белги салынат.

Бул белгилер азыркы Кыргыз Эл Мамлекеттик Туусунун тутка башына жакын салынат.

Мамлекеттик Туудагы башкы белги да, түс да төмөнкү деңгээлдерде өзгөртүлбөйт. Тек, деңгээлдерине жараша Асаба, Байрак, Желекти көздөй чарчы аянты кичире барат жана тийиштүү даражадагы белгиси салынат.

Манас, Семетей, Сейтек, Кенендин белгилери – рун тамгасы менен стилденип жазылат жана келечектүү (элдин рухун өзүнө кайырып, өрлөтүп турат).

Ушинтип КЭЛ мамлекети өзүнүн түзүлүшүндө да, башкарылышында да ТЕҢИРден агылган ТЕҢчил Системге ылайык түзүлүп, Табияттын улуу Телегей мыйзамына шай аракеттенет. Демек, аны ТЕҢИР колдойт!

КЭЛ Конституциясы 1993-ж. КР Конституциясынын жана анын 1996-ж. 2-редакциясынын түркүк статьяларына таянат жана анын уламалы (преемственник) катары каралат.

Кийинки оңдоолорду тааныбайт.

2010-ж. КР Конституциясындагы парламенттик башкарууну жаңы деңгээлге чыныгы элдик парламентаризмге өркүндөтүп чыгуу максатын көздөйт.

«КЭЛ» МАМЛЕКЕТИМ, КЕЛ-КЕЛ! 

Долбоор автору Чоюн ӨМҮРАЛЫ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *