Бурят жомогу

Тайга деген жер болот. Токойлор, жыш дарактар, карагай-кайыңдар, бадал-черлер. Анан өтө көп жан-жаныбарлар. Ошол Сибирь жактарда андай чексиз аймактар көп. Бир кезде кыргыздар да аерлерде жашаган дешет. Ал эми бурят эл жомогу мынтип айтылат.

Ошол жерди турак кылган бир ит илгерки замандардын биринде өзүнчө ойлонуптур: «Жалгыз жашаган жанга батты. Эң эле тайбас, тартынбас, күчтүү жаныбарды табайын да, ошого дос болоюн, анан ошону менен түбөлүк жолдош катары күн өткөрөйүн».

Ошентип ит дос издеп токойго чыгат. Биринчи болуп коркок коёнго кездешип калбайбы. Ал айтат:

— Дүйнөдө эң эле күчтүү жана тайманбас жаныбар бул – карышкыр!

Ит карышкырды издеп баратса, ал тиштерин кычыратып алдынан чыкпаспы. Ага ит мынтет:

— Эй кашабаң, мен сени менен дос болгону келдим.

— А жакшы, — дейт карышкыр, – жалгыз мага да кыйын…

Түн кирет. Алар дарак түбүндө, көк чөп үстүндө оонап жатат. Бир убакта кандайдыр бир добуш чыгып, ит чочуп кетет да, үрүп жиберет.

Карышкыр да коркуп кетет, куйругун кыпчып, кайра итке жалынат:

— Акырын, акырын… Үргөнүңдү токтотчу? Азыр аюу укса экөөбүздүн тең кардыбызды жарат.

— Коркок турбайсыңбы, – дейт ит, – мен сенден кичине болсом да коркпоймун. Кана мага ошол аюуну көрсөтчү, ал өзү кандай жырткыч, мен аны менен бир сүйлөшөйүн!

Алар тайга аралап кетти. Бир убакта дал эле алдыларында күрөң аюу жатат.

— Мына ал! – Карышкыр ушинтип итке аюуну ыраактан көрсөттү да куйругун кыпчып, корккон бойдон артка качып жоголду.

— Эй, аюу, мен сени менен достошкону келдим! – Ит аюуга жакын барды да, ага ушинтип айтып жообун күтүп туруп калды.

Аюу аны акырын карады, баш-аягына бир сыйра көз жүгүрттү, анан жалкоолоно мынтти:

— Мейли.

Ошентип жаңы достор бирге жашап калды.

Түн кирди. Экөө жаткан. Бир убакта шыбырт угулду. Ит чочуп кетти. Адатынча үрүп ийди.

Аюу коркуп кетти да итке карап:

— Ай, дос, үрбөчү, акырынчы, сени жолборс угуп калса, экөөбүздүн тең терибизди тескери сыйрыйт.

«Жок, бул да достукка жарабайт экен, кайдагы бир жолборс деген немеден коркуп». Ит ушинтип ойлоду.

— Мага ошол сен корккон жолборсту кезиктирчи?

Эрте менен аюу итке акырын шыбырап айтты:

— Мына, жокемдин өзү келатат. – Анан өзү далбактап, майпаң-майпаң басып чытырманга кирип жоголду.

«Оо, бул чын эле чоң экен, күчтүү экен. Бу турушунда ал эч кимден коркпойт болуш керек. Мына ушу менин чыныгы досум болот». Ушинтип чечти ит.

Ит желе жортуп жолборско жете келди.

— Жолборс, мен сени менен достошсом кандай болот?

Жолборс ойлонуп, ойлонуп, чаар башын кашылап атып акыры макул болду.

Түн кирип, алар чогуу жаткан жерден кайрадан иттин үргөнү угулду.

Жолборс ыргып турду, корккон түрү бар:

— Ай, дос, акыры-ын, арстан деген бар, экөөбүздү чайнабай жутат.

— Көрсөтчү мага ошол арстаныңды!

Жолборсто да жүрөк жок тура, арстан турган жакка бара да албай койду. Болгону итке анын кайсыл тарапта жашарын гана жаңсап көрсөттү. Ит өзү кетти. Арстанды издеп баратты. Издей берди, издей берди, жырткычтардын паашасы жолукпады. Чарчап түнү уктап кетти. Бул күнү досторунун баарынан айрылып жалгыз жаткан эле. Бир убакта катуу бир үндөн ойгонуп  кетти, кулагы жарылганы аз калды, жер кыймылдап, токой шуулдап, дарактардын башы бири бирине тийет тим эле. Көрсө, ушул арстандын кылганы тура. Дос издеген ит коркмок беле, ээ? Алдына түз басып барды. А арстандын болсо жүнү тик туруп, жаалы чыгып, эки көзү дандырдагы оттой алоолоп:

— Сен эмне деген жансың!? — деди итке акырая карап.- Неге менден коркпой турасың?! Мен азыр сени тытып жейм!

Ит тартынбай туруп:

— Арстан, мен сени дос кылам! – дебеспи.

— Ии, андай болсо бир жөн, жүр анда мени менен, — Ал күнү эки дос ээрчишип жүрө берди, жүрө берди, токой-черди кыдырды, талаа-түзгө чыкты, алдынан эч нерсе учурабады, баары качып жоголо берди. Акыры чарчап суй жыгылып, бадалдардын жыш жерине кирип уктап кетишти.

Түнү дагы баягыдай болду. Коркуп кеткен ит үрүп жиберди.

Арстан акырын досун түрттү:

— Ай, акыры-ын, адам угат. Ал укса экөөбүздү тең соо койбойт.

— Адам деген эмне?

— Ой, аның өзү кичинекей эле неме, эки буттап, тик туруп басат. Колунда от бүрккөн темир таягы болот, андан катуу дабыш чыкканда сага бир нерсе келип ачуу тийет. Ошон үчүн биз андан коркобуз.

— Анда ошол адамды көрсөт! – Ит арстандан суранат.

Ошентип экөө адамды издеп жөнөштү. Чын эле кичинекей эле жандык экен. Мунун эмнесинен коркушат?

— Ушубу? – деди ит.

— Ооба, ушул, бирок бул али чоңоё элеги. – Арстан ушинтти да, жүр дегендей жолун улашты. Дагы кыйла жүрдү. Бир жерден карыяга кезикти. Ал ыргалып араң басып калыптыр. Колунда – таяк.

— Ушулбу? – Ит арстанга суроолуу тигилди.

— Ушул. Бирок бул карып калганы, карачы – үч бут менен араң кыбырайт.

Кыйла жүрүп алар ат үстүндө бараткан адамга кезикти.

— Мына келатат! – Арстан ушинтип кыйкырды да артын карай шарт бурулуп, дыр койду.

Ит адамга жакын келди, куйругун шыйпаңдатып:

— Эй, адам! Мен эң тайманбас, эң күчтүү дос издеп жүрөм! – деди. – Кел, достошолу!

— Жакшы болот! Мен макулмун! – Адам ыраазы боло ушинтти да, дагы кошумчалап койду. – Бирок мен коркокторду жаман көрөм!

Түн кирип, алар жанаша жаткан. Дагы баягыдай болбоспу, ит катуу үрүп ийди. Адам ыргып турду. Шырп эткен жакка карап баягы арстан айткан от чыгарган темир таягын алып, коркпой басып жөнөдү.

— Жүр, карайлы, эмне экен ал, биз экөөбүз турсак, ким тийсин!?

Ит ошондо өзүнө эң камкор, эң күчтүү, эң тайманбас дос тапканын түшүндү.

Мына, балдар, ит менен адам кантип дос болуп калгандыгы жомокто ушинтип айтылат.

Ошол күндөн ушул күн бул экөө кыйышпас достор экен. Бул эки достон бүт жарткычтар айбыгат турбайбы…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *