(1-МАЕК) ушул шилтемеде…

– Убагында Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» аттуу тандалма ырлар жыйнагы «Сорос» фонду тарабынан англис тилине которулганына кубанып, тебетейибизди көккө ыргыта сүйүндүк эле, кийин мага англис тилин мыкты билген досторумдун бирөө Алыкулдун ошол тандалма ырларын которууда кетирилген алешемдиктер оголе арбын экендигин айтып келгени бар. Андагы интерпретацияларда айрым поэтикалык ойлор бурмаланып калган жерлерди атайы белгилеп койгон элек. Сиз ошол китепти карап көрбөдүңүз бекен? Маселен, «Эне тили» аттуу ырында «тил» жөнүндөгү маани биологиялык кызыл эт маанисинде которулуп жүрөт деп калды эле. Анан да «Бизге түнөй кет» аттуу ырындагы береги «Касым болсоң каргап өткүн, тамак жеп» деген сап англисчесинде If you are Kasym, just eat, then swear at me! болуп турганында айырма барбы?

– Союз мезгилинде англис тилиндеги чыгармалар, эмгектер кыргыз тилине түз которулчу эмес. Адегенде орустар которуп, андан биз которчубуз. Кыргызчадан деле англисчеге түз которулуп жүргөнүн кудай билсин. Бул эми сорпонун сорпосу дегендей эле кеп. Колдон келсе, түп нускадан которуш керек. Анан Союз тарагандан кийин заман өзгөрүп, англисчеден кыргызчага, кыргызчадан англисчеге түз которуш керек болбодубу. Ошондо оорубуз ашкере болду: көрсө, биздин англисче билгендерибиз кыргызча билбейт экен, кыргызча жакшы билгендерибиз орусчадан башка тилди «тоготушпайт» экен. Ошондон улам мага окшогон кодура котормочулар чыкпадыбы. Тилчи болгондон кийин айта кетейин: «кодура» деген сөз бизге иран тилдеринен келген, «мурунку жылкы аӊызга өзүнөн өзү чыгып калган эгин» дегенди билдирет. Азыр эми кудайга шүгүр, кыргызчаны да, англисчени да мыкты билген муун келатат. Ошол үчүн жанагы cөздү айтып отурат да.

Тилекке каршы, сен айтып жаткан котормону окубаптырмын, ким которгонун да билбейм, бирок «окубасам да оюмду айтып коёюн» дегендей, жанагы калпыстык котормо ишине жаӊы аралашып жүргөн балдардыкы болуш керек. Антпесе, котормонун эӊ оору, эӊ кыйыны болгон тигиндей көркөм котормого ким даап тиш салат. «Билбеген киши баатыр болот» дейт, ошо билбей кирип кеткен да. Болбосо, көркөм котормо менен иштеш үчүн өзүӊдө да бир аз чымын болуш керек. Түп нускасын окугандар ыйлашса, сенин котормоӊду окугандар да ыйлаш керек, күлсө күлүш керек, башкача айтканда, чыгарманын эстетикалык таасирин чыпчыргасын коротпой котормодо бериш керек. Бул иш ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Менин оюмча, чыгарманы котормочу эне тилине которуш керек, анткени сөздүн лексикалык, грамматикалык маанилеринен тышкары, эмоционалдык да мааниси болот. Демек, бардык маанилерин билген күндө да ушул эмоционалдык маанини билбей калышыӊ ыктымал. Мисалы, кыргызчада да, түркчөдө да «жаным» деген сөз бар, мааниси эки тилде теӊ бирдей. Бирок түрктөрдө эркек эркекке да ушинтип кайрыла берет, аларда бул сырдык сөзгө айланып кеткен, ал эми сен бир кыргыз эркекке ушинтип көрчү, эмне дээр экен. Көркөм котормодо болсо сезимсиз, эмоциясыз мүмкүн эмес.

– Мен күнүгө дүйнө эл жомокторун кыргызчага которуп сайтка жарыялап келем, бирок негедир кыргыздын элдик жомокторунун бирөөсүн да дүйнө эл жомокторунун арасынан таба албадым. Ал эми мамлекеттик жерпайы жок цыган, дунган, уйгур ж.б. элдердин укмуштай жомоктору жүрөт. Бул эмнеден улам деп ойлойсуз?

– Баарыбыз билебиз, бизде керемет жомоктор көп, анткени «Манастай» улуу эпосту жараткан эл жомок жаратпай коюшу мүмкүн эмес (өзү жөө жомок деп айтышыбыз керек, бул үчүн адабиятчылардан кечирим сурайбыз). Болгону алардын баркына жетпей келебиз. Өзүбүздүн жакшы жактарыбызды башкаларга көрсөткөндү үйрөнө албай келебиз. Түштүк кыргыздарда «Апаӊды атаӊа пардаз менен көрсөт» деген сөз бар. Демек, ошончо жыл чогуу жашап, ошончо балалуу болгон чал-кемпир да пардазга (иран тилдеринен кирген бул сөз «косметика» дегенди билдирет) муктаж экен. Ошолор ошончо болуп атса, биз эмне үчүн кыргыздардын байыртан келаткан руханий мурасы менен мактанып, башкаларга айтып маашырланбашыбыз керек? Качанкыга чейин эле жаратылышыбызды айтып мактана беребиз? Аны биз өзүбүз жасаган жокпуз да. «Ачмайынча ким көрөт, айтмайынча ким билет» дегендей, айтыш керек. Аны биздин ордубузга эч ким айтып бербейт. Тыӊ элдер бекеринен чет өлкөлөрдө өздөрүнүн тил борборлорун ачып, өздөрүнүн көркөм адабиятын котортуп, жарыялап жаткан жок да.

Жомокторду которуп эле тим болбостон, аны азыркы замандын талабына ылайык аудиокитеп кылып чыгарыш керек, мультфильм кылып тартуу зарыл. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, керек болсо атайын фонддорду түзүү кажет. Баланча төө, баланча жылкы, баланча машине коюп чаӊ улак бергенден көрө ошол акчаны ушундай иштерге жумшаганга эмне үчүн болбосун?

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *