Алтай жомогу

Кыш бою күрөң аюу чээнде уктап жатты. Сары чымчык жаз келгенин кабарлап ырын төгө баштаганда гана ал өзүнө келип, караңгы ийинден каалгып чыгып, алаканы менен күндөн калкаланып, чүчкүрүнүп, өзүнө өзү каранды:

— Э-э-э, мен кандай гана арыктап калгамын… Узак кышта эч бир наар алган жокмун да…

Анын сүйүктүү азыгы – кедр жаңгагы. А эң эле жакшы көргөн кедри өзүнүн эле чээнинин жанындагы алты кулач алп дарак. Бутактары абдан жыш, ийне жалбырактары жибек сымал жалтырайт, анын арасынан тамчы жаан да өтпөйт.

Аюу арткы бутуна таканчыктап, алдыңкы колу менен кедрге аттап, бирок ал жактан бир да тобурчак таппай, кайра түштү.

— Э, мага не болгон!? – Аюу коркуп кетти. – Белиме коргошун уютулгандай оор, буттарым өзүмө баш ийбет ко?.. Карып калганмынбы же ачка жата бергенден ушундай болдумбу? Эми кантип жанымды багам?

Бейкут токойду каңгып аралап жүрдү: жай жылып азоо суудан өттү, кардан бошогон шагыл таштарды тебеледи, али кете элек карды малтады. Ошентип токойдун четине чыкты, жей турган эч нерсе оозуна илинбеди, эми дагы кайда барышты билбей башы катып турду.

Ошентип турса эле анын кулагына бир үн эшитилди:

— Брык-брык! Тык-тык! – Көрсө бул аюудан корккон кичинекей бурундуктун калтыраган үнү экен.

Аюу андан ары кетмекчи болуп, араң шилтенген бутун көтөрүп барып туруп калды.

«Э-э-э, неге мен бурундукту унутуп калдым? Бурундук – камбыл жаныбар. Ал үч жыл кийинкинин камын көрөт. Демек анда жаңгак толтура. Токто, токто, — деди аюу өзүнө өзү, – анын ийинин табуу керек. Алар жаңгактан жазда да өксүбөйт».

Аюу жер жыттап жөнөдү… Акыры тапты! Мына, бурундуктун турагы! Бирок ушул оозу кенедей ийинге килтейген колуңду кантип батырасың?

Али тоңу кете элек жерди тырмалоо кандай кыйын, анан калса мында олчойгон тамыр да бар экен, анысы темирдей катуу. Колу менен аны челип ыргытсабы? Жок, анте албайт! Тиши менен чайнап салсабы? Антиш да кыйын! Ошентип атса эле шуулдап келип бир пихта[2] жыгылды. Жанагы тамыр өзү эле омкорулуп түштү.

Ушуларды угуп аткан бурундуктун жүрөгү оозуна тыгылып, эсин жоготту. Жүрөгү кабынан ыргычуудай тез-тез сокту. Бурундуктун баласы болсо өзүн өзү жемелейт: «Неге мен кыйкырдым!? Неге мен азыр дале үнүмдүн болушунча кыйкыргым келип турат?! Менин шок оозум, ушунун баары сенин кылганың, деги жабылчы!»

Бурундук ийиндин түпкүрүнө тыгылды, эми ал дем да чыгара албай турду.

Аюу болсо кыш ичи соро берип майы түгөнгөн таманын бурундуктун ийинине салып, андан жаңгактарды сууруп чыкты.

— Э-э-э, мына айтпадым беле, бурундук камбыл неме деп, туура бекен? – Аюу сүйүнүп алды. – Дагы жашай турган күнүм бар экен…

Таманын ийинге дагы сойлотту, дагы шагыратып жаңгактарды сууруп чыкты.

Аюу курсагын кампайтып алды, анан ичин сылап ойлонду: «Курулдаган ашказан толду, түктөрүм алтындай жалтырай баштады, тамандарыма күч кирди. Эми бир аз жейин, анан күчтүү болушту көрүп алгыла.

Ал дагы жаңгак чыгарып жеди, эми ордунан козголо албай калды.

— Уф, уф…

Жерге отуруп, ойлоно баштады: «Ушул камбыл бурундукка ырахмат айтуу керекпи же жокпу? Керек ко? Бир жакшы эстелик калтыруу зарыл». Анан ал таманы менен кулактарын тырмап атып күңгүрөндү: «Чээнимден чыгып келатканда өзүм менен эч нерсе да алып албапмын. Баштыгым да, мүштөгүм да, бычагым да чээнимде калыптыр. Кала берсе бир чымчым туз да алып албапмын. Э-э-э, эми аябай уят болдум го, эмне кылсам?.. А мейли эми, жок дегенде өзүнө бир ооз ырахмат деп коёюн. Кана өзү?

— Эй, ийин ээси, кайдасың, барсыңбы?..

Бурундук болсо андан бетер бүрүшүп, демин ичине катып, оозун бекитет.

Аюу андан бетер уялат: «Кыштан араң чыгып, бирөөнүн чогулткан оокатын жеп алсам, анан ырахмат айтпасам. Кийин бул токойдо кайсыл бетим менен басып жүрөм».

Ийинди чукуй берип, аюу анын куйругун көрүп калды.

— Э-э-э, ийин ээси ушерде эле турбайбы? Сага чоң ырахмат, кичинекей жаныбар! Ырахмат, урматтуум! Сенин кампаң дайым данга толсун, ашказаның эч убакта бош калбасын… Уруксат этчи, мен сени боорума кысып, жүзүңдөн сүйөйүн!

Бурундук аюунун сөздөрүн түшүнбөйт эле, анын тилин үйрөнгөн эмес экен. Калтырап-титиреп бет маңдайында көлөкө түшүрүп, апсайып турган аюудан өлө коркуп, өзүнүн тилинде «брык-брык» деп бир нерселерди айткан болуп атты. Ийинден атып чыгып туш келди жөнөмөкчү болгондо аюу аны кармап алып, жүрөгүнө жакын кысып өзүнүн тилинде сүйлөп кирди:

— Ырахмат, агайин, ач калганда тоюндурдуң, чарчаганда эс алдырттың! Алсыз болбой, алдуу бол! Жаның жайнаган кедр болсун! Балдарыңдын, небере-чөбөрөлөрүңдүн курсагы эч ачпасын!

«Ой, кандай гана күрүлдөгөн коркунучтуу үн! Ой, кандай гана айбаттуу, ажал алып келген апсайган неме!»

Бурундук жан талашып аюунун колунан бошогонго тырышат, анын тамандарын тырмалайт, аюу болсо ырахматын кайра-кайра айтып, аны бооруна бекем кысат:

— Мен сени көккө көтөрүп, миң алкышымды айтам! Жок дегенде мага бир көзүң менен оңдуу карап кой, камбыл досум!

Бурундукта үн жок, сөз жок…

— Э-э-э! Кайсыл токойдо туулуп, кайда өстүң эле? Кай жердин таалим-тарбиясын алдың эле? Ырахмат айтсам, унчугуп да койбойсуң, жакшы сөзгө жан жыргатып көзүңдү да ачпайсың… Жок дегенде бир жылмаюуңду көрсөтчү?..

Аюу үн катпай калды. Башы ийилди. Жооп күтүп атты. Бурундук болсо ойлойт: «Ыркырап бүттү, бул апсакай эми мени сугунат!» Ошентти да бүт күчү менен ынтылып, аюунун колунан учуп түштү.

Бурундуктун жонунда аюунун беш тырмагынын изи жол-жол болуп түшүп калды. Ошондон бери бурундук аюунун эстелиги катары ала-була кооз ичигин кербезденип кийип жүрөт.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Бурундук – тыйын чычкандын бир түрү.
[2] Пихта – ийне жалбырактуу дарактын түрү.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *