Минис-тирчилик

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет:
— Акчаң жок болсо, ичиңди кестирбе, сокуричегиңди аман-соо көрбөй каласың!

* * *
Тышкы иштер министрлиги эскертет:
— Америкада ар бир кыргызга алты сотуктан жер берилет деген сөз калп, бизге ишенбегиле!

* * *
Финансы министрлиги эскертет:
— Кредит келелек, келбейт жана артпайт!

* * *
Транспорт министрлиги эскертет:
— Жол кире канча сомго кымбаттаарын Кытай өзү билет!

* * *
Улуттук-коопсуздук комитети эскертет:
— Үчөөнү бирөө шпион сезген заман — экөөнө зыян!

* * *
Коргоо министрлиги эскертет:
— Аскерге чакырылып аткан уландар — военкоматтан өзүңөр коргонгула!

* * *
Экономика министрлиги эскертет:
— Бээ десе төө деген экономика итке мингендер үчүн зыян!

* * *
Айыл-чарба министрлиги эскертет:
— Буудайдын барар жери — экспорт!

* * *
Билим министрлиги эскертет:
— Айлыгы кичине, алкымы чоң мугалимдер ата-энелерге зыян!

* * *
Бекерпоздор министрлиги эскертет:
— Белди бүгүп иштөө — радикулитке зыян!
Төлөгөн КАРЫКЕЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *