Баары кайталанат экен…

Ушул саптар тээ эгемендик алгандын эң биринчи жылдарында эле жазылган эле…

«Калың эл тагдыр чечилээр утулушта калбас бекен? Ошондо, күчөтүп айтканда, кечээ өз жеринде жүрүп орус кемпирдин тоокканадай үжүрөсүнө зар болуп, акыры айласыз «жер баскан басмачы кыргыздын» эми шаардагы үйлөрдү баскан, дүкөндөрдү чачкан, ишканаларды жардырган экинчи жаңы кыймылы жүрүп кетпейт деп ким кепилдик берет. Ошондо стабилдүүлүктүн ойрону бир чыкпас бекен? Жаш бай-манап (тегинде арам бизнес жаткан) жана ага шериктеш жаңы колонизатор үчүн адам укугунун коргону БУУ артындагы күчтөр аскер чаптырып Африкадагы мисалдар бизде кайталанып кетпес бекен?! Ооба, эгер түпкү басым калк өз жеринде өзү кайрадан жакырдын жакырына айланып калаар болсо, анда ал эртедир-кечтир дагы козголот жана андай кадамы толук акталган да, жазылбаган мыйзамий да түр күтөт. Себеби келип чыккан ал жакырлык түпкү калктын «жалкоолугунун» же бир «өксүк комплексинин» жемиши эмес, элинин тарыхый тагдырын, социалдык турпатын, руханий философиялык байтүбүн, миңдеген жылдарда калыптанган чыныгы ыңгай-менталитетин эсепке албай, билбей жүргүзүлгөн улуттук келте саясаттын, тайкы реформанын жемиши болмок».

(«Теңирчилик» — «Асаба» гезити 6.04.1993-ж.)

Бул азаттыгынын алгачкы жылдарында эгемендиктин эйфориясында ээленип, а бирок басар багытын да аныктай албай кооптуу түйшөлүп турган элибиздин бир абалы эле.

Ошондо, мамлекет манасчыл философиясын, идеологиясын, стратегиясын дүң болсо да чактап алып, ага анан элдин эйфориялуу эркин мүлдө жууруп, «Эл-Мамлекет!» деген бир багыттуу кудуреттүү зор күчтү төрөлтүп-торолтуп, аны Уйуган зыл Мамлекетке («Мамлекет-Йога») айлантып кетүүнүн улуу мүмкүнчүлүгү турган улуу бир жооптуу кезең эле.

А бирок…

«Жок, мамлекет башчылары мындай күчтүү бийликтин зарылдыгын моюндабаса, демократияны анархияга айлантса, анан мамлекетти кризистен алып чыгуунун жалгыз айласы катары алакандай жерин (!) менчикке берүүнү көзүр кармап өз алсыздыгын жашырса, «адам укугу» дегендин алдооч баштыктай саясатка айланган жагы барын элебей мамлекетти кагазда эмес, элди уюштуруп карандай мээнет менен кураар өткөөл опуртал кезеңде экенин унутса, Адамды Элден, Мамлекеттен да бийик, ыйык деп койторгой заманды жарлап турса, а алдында аңырайган аң турса, анда муну айткандын да, ага айныбай ишенгендин да Андерсендин королунан айырмабыз азыраак эле.

Байыркы баба да мен кыргыз дегендин баарына өмүр арытаар бир гана өрнөк Сөз айткан. «АДАМ БАШЫ КӨПҮРӨ БОЛСО АТТАБАГЫН, КАН БАШЫ КӨПҮРӨ БОЛСО… КАЛКЫ АТТАСЫН! «Же ар бир адамдын Теңир алдындагы Бар укугу бирдей (ал эч бир декларацияга сыйбайт), ошол укуктун каректей сакталышы үчүн кам көргөн мамлекет ар бир адам үчүн жеке алганда ыйык, бийик, анткени ар биринин алдында топон күргүштөп, тозок күйүп турган тушта мамлекет гана ага боорун төшөп далысын көпүрө сунуп берет. «Адам жана Мамлекет» биримдигин диалектикалык байланышта мындан артык эч ким эч качан айта албайт. Укук деген улуу сөздүн уңгу чындыгы ушул. БУУнун дубалына алтын тамга уютуп жазып коёр сөз ушул!

Жок, бул биз айткан, Адам, Эл, Мамлекеттин асыл гармониясын моюндашпаса, ошол Адамдын өзүнө Өткөөл-Дайрада көпүрө сунулуп аткан мамлекеттик активдүү саясат диктатура саналып, Адам укугунун бузулуп жатканы каралып, ички ишибизге кийлигишүүгө шылтоо болуп берээр болсо, анда демократия деген байыркы асыл дарактын түбүнө алда эбак ит чычып кеткени ошол. «Адам укугу» дегендин чыныгы маңызына доо кетип саясый оюнга айланып калганы ошол. Анда биз да күзгү алдында: «дүйнөдө адам укугу, демократия тенденциясы өктөм жеңип баратат» деп делбелене бербей, анын артында түгөнбөс болуп түтөп көбөйүп алган дүйнөлүк төбөлдөрдүн айла амалы жатканын да, өз тааным, тартибин таңуулап, таасир чөйрөсүн кеңитүүнүн ушунчалык ничке, кош миз митаам саясатынын укмуштай ийкем куралына айланып алганын да, аз улут тагдырын чакмак алып тарыта бараар опуртал тенденцияга өткөнүн да, андан аз улут бир муштум-мамлекетке биригип гана коргоно алаарын да, көзүбүздү чоң ачып таанышыбыз керек. «Король-жылаңач!»
(«Теңирчилик» — Асаба гезити 6.04.1993-ж.)

А бул Андерсен тамсилдеген «жылаңач королубуз» андагы жайдарман биринчи президентибиз Аскар Акаевич эле, жана алпейим президентибиз «аа» дегиче «баа!» деп жиреп коштоп турган бакырчаак темин демократтар — биз элек!

«Ал тургай улам барып маселе «Улуттук кайра жаралуу» эмес, кара жанды алакчылоо же орусча айтканда «физическое выживание нации» деген ырайымсыз, катаал суроого да барып такалышы ажеп эмес. Мына дал ошондуктан да калкты сактап калаар күч эмитен анын чыныгы тереңинен изделиши керек.

Кан-Кара же Бийлик-Эл бир нуктуу багытталышы үчүн Эл Бийликке тагдырын ишениши керек. Ал эми Башкы Бийлик — Манасөкүм, Бакайкеңеш, Кошойкалыска айланышы керек. Ошенткен биримдик бийлик гана ишенич актайт, калкка көпүрө сунулуп өткөөл стихиясынан эсен өткөрөт. Эл бузаар Абыке менен Көбөшүн толорсуктан шыпка илет. Ушул тарыхый вазийфатын аткарыш үчүн да мамлекеттик бийлик учурда чечкиндүү, аракетчил, күчтүү болмогу шарт. Жок, болбосо, демократиянын, жаш мамлекеттин кас-кас абалын пайдаланып эпчилдер эптей берсе, туташ паракорлук, кылмыш, бийликтегилердин коррупциясы, мамлекеттик структурадагылар менен мафиянын бой жалгашы мындан да опуртал чегине жетсе, анда аны эч нерсе токтото албасы анык. Подтянутый генералдарыбыз да … Орусча муну «принцип саморазрушения» деп коет же төө кыядан өткүчө океан ар жагынан маданияттуу коштоп коюшат, калганы стихиянын иши … анан, көк каскачандардын иши… «Эсиң барда этегиң жап, кудагый» деп айтаар жан барбы!

Эскиче айтканда, мамлекет тегинде Кан-Каранын идеалдуу биримдик принциби жаткан биздин Азиялык Элдин менталитетинин өзү да мындайда күчтүү, адил мамлекеттик бийликти зарылдап тураарын, эмкиче айтканда, унитардуу мамлекеттин табияты деле муну эч бир өгөйлөбөсүн «диктатор» жарлыгынан эч корпой-үркпөй, жалтанбай тике айтаар, иштээр башчы барбы? Барбы кыргыз»?!

(«Теңирчилик» — Асаба гезити 6.04.1993-ж.)

А бул анда «железный» атка коно да элек (эмики «желимдиги» түшүбүздө жок!), кындырдай белин буунган, мундирдей «подтянутый» генералыбыз — андагы «вице-президент» Феликс Кулов эле, жана мамлекеттик маң саясатта кайра эле каңгый баштаган, кайран синдбад кыргызым, сен экөөбүз элек…

«Бирок биз дале чыныгы режим-себеп Акаевде эмес, ал андан да арыда, тереңде чөккөнүн элебей койдук. Как жүрөк Конституциябызда уу казык кагылып жатканын кенебей койдук. Системанын философиясын тааныбай койдук. Натыйжада мына бешинчи ирет оңдолгону отурган Конституциябызда, тек, косметикалык түзөтүүлөрдү жасап, бийлик полномочиелерин бөлүштүрүү менен чектелдик. Ал эми система болсо, калды. Эми бул система, эртеңки күнү шайланаар Президентибиз кандай гана ак, так, асыл, пакиза жан болбосун аны да кезеги келгенде кирдетип тынат, тизеге чаап жыгат. Анткени системанын философиясы: «бийликке жетиш үчүн байлык топтоо, байлыкты сакташ үчүн бийликти алуу». Кандай гана жолдор менен болбосун! Ал эми ичтеги байлыктын жетишээрлик топтолушуна (кимдин гана колунда болбосун!) үлгүртпөй, бирин бири менен тытыштырып, бирин экинчисине шилтеп, байлыкты кайрадан үлөштүрүп-талаштырып, бирок негизги байлыкты сыртка — тиякка, тымызын куркуратып агызып кетип турар спруткүч башка, ал биздин ичибизге «укукчул мамлекет, гражданчыл коом» системин уютку таштап коюп, ууру жылмайып, глобализмди океандын ар жак бер жактарынан издетип коюп, өзү ичибизде ийри жылаан болуп ийирилип жатыры… »

(«Кыргыз Руху» гезити 8.07.2005-ж.)

А бул: «Акаев кылбаганды эми мен кылып экинчи баатыр Курманбек катары тарыхка алкыштуу кирем» деп келип, кан төгүп каапыр Курманбек аталып каргыштуу кирген К.Бакиев али президент болуп шайлана электе айтылган сөз эле. Система муну да сыкты, башын тирүүлөй көргө тыкты.

Баары кайталанат экен…

Баш сөз жазмакчы болуп отурган мен да эми, мындан туура 18 жыл мурункумдан беркини түгөл кайталап отурам, эми чачылган мамлекетимдин чачпагын жыйнай албай өзүм да чачылып, ачынып… Ачыгып!

Жаңы кошумчалаар эчтекем деле жок экен. Болгону: бул китептеги материалдар ар мезгилдери жазылгандыктан андагы кай бир ойлор кээде бирин бири кайталап калса, окуучум эми ага түшүнүү менен мамиле этсе деген тилек.

Анткени, Конституция маселеси деле 18 жылдан бери «ошол» эле экен…

Р.S. Илгери-илгери, дагы 18 жыл мурда (!), Токмоктун мясокомбинатында бир предатель эркеч болуптур. Ал өзүнө айныбай ишенип көнгөн момун койлорду күргүштөтүп убойный цехке ээрчитип кирүүчү экен. Кирүүчү экен да өзү жылт этип кайра запасной эшиктен эсен-соо чыгып кетүүчү экен. Сырттагыларды кайра ээрчитип кирүүчү экен, кайра өзү эсен-соо чыгуучу экен. Кайра, кайра… Акыры эркечтеринин предатель экенин билип калган эл эки жолу аларды тымтыракайын чыгарып кууп чыгышыптыр!

Эми ошондогу бала эркечтердин бири, басса, расса, куулугу салаңдап жер чийип чайкалган-чайпалган кулжадай зор Теке болуптур дешет. Кулпунуп алга суурулуп чыкты дешет. Ак эмгегине ыраазы мясокомбинаттын начандиктери венециядан жем ташып үпчүлөп багып жатышат дейт Текени, кайрадан мясокомбинат маселесин мыктылап колго алыш үчүн, убойный цехтин социалисттик милдеттенмесин ашыгы менен аткарыш үчүн!

Баары чын эле кайталанат экен… Канчага!?..

Курултайыңа аттан, кыргыз!

  1. «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН» ИЧИНДЕ ИЙИРИЛГЕН АЖЫДААР

Ата мурас, Эне үйрөткөн тил менен «Адилдик!»
деп сайрап турат баш кесер!
Дайырбек СТАНТЕГИН

Я бы хотел, чтобы никто в Государстве не мог ставить себя выше закона, и чтобы никто извне не мог навязать никакого закона, который обязано было бы признать Государтсво.
Ж.Ж.РУССО

Эгемендикке ээ болгон жыйырма жылдан бери Эл шорлогондон шорлоп, эл бийлегендер кедерине кеткенден кетип, арада эки Президентин маскара кылып кубалап чыгып, ошону менен эле оңуп кетпей коомдук идеалы жок дале ташжалак ташыркап, рухий деградацияланып, улам үчүнчү… жүзүнчү (!) революциялардын караанына зар жашап калган кайран кыргыздын азабы-казабынын эң түпкү себеби кайда жатат? Кайсы түпкүргө жашынган? Эки дүйнөңдү түт кылбай эки өркөчүндө элеп ойноткон Улуу Манасты жараткан калк эми эмне үчүн эки сап улуттук идеал, идеология жарата албай тарых, тагдыр алдында мыш болуп турубуз. Эмне үчүн? Деги ал барбы бу улуттук идеология дегениң бу жарыкта, бул ааламда?

Улуттук идеология, т.а. псевдокыргыз идеологиясы, мына чейрек кылымдан бери жашап жатат, жашап келатат кебелбей, дал биздин ичибизде, жүрөгүбүздө, толтобузда, колкобузда — Конституцияга айланып алып! «Кыргыз Республикасынын» Конституциясына айланып алып! Бул жаңы, псевдокыргыз идеологиясы Манасыбызды киргизбейт өз ичине! Киргизбейт!

Алты башын гана биз ар кай жактан көргөн, калган элүү төрт башы өз түпкүрүбүздө жашынган, ичибизге ийри жылаан. Жок, ийирилген ажыдаар болуп салынган, чейрек кылымдан бери өзөгүбүздөн кактабай каныбызды соруп, өлтүрбөй жаныбызды сууруп келаткан глобализм уйуткусу, ана ушул — өзүбүздүн Конституция! Бир-бир кездери ичибизге билги Левитин аркылуу былгы (!) салынган! 1993-жылы! Конституциябызды алиге ичтен сак кайтарып, Конституциябыз аркылуу өзүбүздү түгөл нак башкарып турган ошол — Ажыдаар! Мамлекеттик түзүлүшкө, ага бап мамлекеттик башкарууга айланып алып! Б.а. улуттук идеология дегениңдин өзү, бул дал ушул мамлекеттик түзүлүш аркылуу билги (былгы!) ишке киргизилген мамлекеттик башкаруу. Сен экөөбүздү, экөөбүз аркылуу бүтүндөй Кыргыз мамлекетибизди демократиялуу жиниктирип, куялуу жолго куйуктуруп кеткен мына ушул эркеч — Конституция!

Бул тууралуу мурдатан кеңири жаздым, эми да ток этээр жерин кыска кайрыйын. Эмесе, ичибизде ийирилип, Конституциябызда катылып жаткан көмүскө Ажыдаардын көрүнбөс баштары мобулар.

АЖЫДААРДЫН БИРИНЧИ БАШЫ

Демократия талабы: Укукчул мамлекеттерде бийлик бутактары бөлүштүрүлөт, алар биринин ишине экинчиси кийлигишпейт.

Ушул максатта укукчул Конституцияларда: «Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: …мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иш аткарышынын жана биргелешип аракеттенишинин принциптерине негизденет» (КР Конст. 7-ст. 1-б) деп кашкайта жазылат!

Эч жеринде кынтык жок. Тимеле үрдүн кызындай үлпүлдөйт, зымыраят! Мындан кине издегенди, башка эмес, демократиянын Кудайы өзү так төбөдөн ургудай! А бирок абай баксаң, бул, кандай гана митайым мээ магдыр манипуляция-аа!

Ооба, бийлик бутактары бүт бөлүштүрүлгөн, мүлдөм ажыратылган. Ал эми алиги айтылган: «макулдашып иш аткарышмагы, биргелешип аракеттениш-мегичи?»

Жок! Бул, жок! Чак түштө лупа эмес, микроскоп менен издеп таппайсың, муну. Анткени, бул принцип Конституцияга салынган эмес, атайылап! Тек, мээ азгырык, көз жазгырык үчүн алдамчы жазылып коюлган. А биринчи принциби — «бийлик бутактары бир биринен бөлүнөткө» келсек, ал бөлүнмөк тургай тумтак ажыратылган, аягына чейин! Тек, «тең салмак» деп кооз үпчүлөнүп биринин полномочиеси экинчисине чатыш ыргытылган: Аткаруу бийлигиники — Кеңешке; Кеңештики — Аткарууга! Ал эми формалдуу көз карандысыз саналган Сот бийлиги — арада тыткын: «менин катыным, жок, сенин катының», «мага көп кетип калды, жок, сага көп этип калды!.. »

Чексиз талаш, чексиз тыткын. Анткени, укукчул демократиялуу мамлекеттерде, «тоталитаризмдин калдыгы» (?) болуп саналган Жер жана Кен баштаган стратегиялык тармактар мамлекеттин ач тырмагынан тартылып алынган болот, жеке менчикке салынган болот. Ал эми полномочие, Бийлик тизгини кимдин колунда көбүрөк болсо Байлыктын майталканы ошонун жолунда! Көз карандысыз сотубуз болсо жеңген бийликтин колуна желбиреп суу куйуп жүргөн дилдирек кол балага айланып тынат.

Жыйырма жылдык тарыхыбызга кылчайсак, Конституциябыздагы жалгыз-ак фундаменталдуу оңдоо — «жерге жеке менчикти» (1998) эске албаганда («басма сөз эркин»-1998; «орус тилине расмий макам» 2003; ЖКнын Кош Палатага ажырашы, кайра биригиши»-1996, 2003-ж; булар чылк кызылдай гана саясый кызыкчылыкка байланышкан оңдоолор эле), калган оңдоолордун бардыгы бүт, жалгыз-ак Президент менен Жогорку Кеңеш ортосундагы гана ыйгарым укук талаштардын «ыз-бызы» менен өткөнүн көрөбүз.

Ошентип «бийлик бөлүштүрүлөт» дегендин чыныгы маани-маңызы, чындап эле, мамлекеттик бир бүтүн бийликти тик-вертикалында башынан аягына чейин ыдыратып сөгүп, байланышсыз ажыратып, алсыратып, ал эми «байланышты» аталган мерчемин болсо укук талашкан анык «мушка» айланыштырып салган эзелки «быдырат да, быркырат» («разделяй и властвуй») философиянын дал өзү, эң жаңы куу үлгүсү гана болуп чыгат — мамлекеттик түзүлүштүн так өзүнө салынган! Бизди 25 жылдан бери ичтен кактап соруп келаткан Ажыдаардын биринчи башы ушул!

АЖЫДААРДЫН ЭКИНЧИ БАШЫ

Демократиянын дагы бир талабы: бийлик жергиликтештирилиш керек (децентрализация!). Элге эң жакын болуш керек. Антмейин, тоталитаризмдин тиши эч чагылбайт!

Ушул максатта укукчул Конституцияларга момундай принцип киргизилет:

«Кыргыз Республикасында» мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бири биринен ажыратылат» (1993,7-ст).

Кайра кийин өлөсөлүү жамалат: «мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун милдеттерин так бөлүштүрүүнүн принциптерине негизденет» (1996, 7-ст).

Жергиликтүү бийлик деңгээли болсо обулустун деңгээлине чыгарылат. Ана, ошол деңгээлде анан: «район, шаар, облустардын жергиликтүү кеңештери… мамлекеттин жергиликтүү администрациясына көз каранды эмес» (95-ст. 2,3-б.) деп так, даана тасырайта жазылат.

Кийинчерээк гана (2003) «обулус», «район» термини айтылбай, «тийиштүү деңгээлдеги» деп жымсалданып, обулус, район депутаттары шайланбай келатканына, а обладминистрация башчысы баштагыдай «аким» эмес «губернатор» деп («губернатор Президентке түз баш иет») мүлтүңдөтүлгөнүнө карабастан Конституциялык эң башкы принцип ошол бойдон калып келди — «жергиликтүү өз алдынча» деген маани алдында мүлдөм обулустан ылдыйкы деңгээл жатты!

Акыркы Текебаев тобу иштеп чыккан Конституцияда гана «жергиликтүү өз алдынча башкаруу» деген термин кыйла ачыкталды. Бул системаны — жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, шаар мэриялары түзөрү так айтылды (111-б.). Ал эми район, обулусчу? Азырынча туман… Бийликтер жалаң Кеңешке өтүп, парламенттик аталган системге көчкөн шартта, бул маселе эми алдыда кандай жөндөлөт, чечилет? Бийлик алган «Кеңеш» деңгээлдер кай жерден башталат да, кай чектен бүтөт?… Туман, туман.

Бирок Текебаевдин «жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусу» алдыда кай чектерди чапчыбасын, кандай гана ойкуп-кайкыбасын, баары бир эч качан өзгөрүлбөй турган бир башкы нерсе калат, ал — биздин ичибизге салынган, ийри жылаан зыргытылган бая «жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» дегендин эң түпкү философиясы, башкы принциби!

Ал — бирдиктүү мамлекеттик түзүлүштү, башкарууну эми белинен кыя чаап алсыратуу философиясы! Мамлекеттин жогорку бийлик бөлүгүн төмөнкү бийлик бөлүгүнөн «маданияттуу» ажыратуу, борбордук бийликти жергиликтештирүүгө таянып алып. Ооба, «жергиликтештирүү» (децентрализация) деген түшүнүктө кайрадан эсти билги (былгы!) манипуляциялап!

Ооба, унитардуу мамлекетте «бийликти жергиликтештирүү», «жергиликтүү башкаруу» деген болот, бирок асты «жергиликтүү өзүн өзү башкаруу эмес! Мисалы, облустук башкаруу, райондук башкаруу, акыры айылдык башкаруу. Болду, токтогон жери ушул. Ал ушун үчүн «унитардуу» аталат, — мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу жогорку бийлик — төмөнкү бийлик арасында үзүлгүс бирдей «УНИ» түзүлөт, созулат, тек, укук — милдет деңгээлдери так ажыратылат; республикалык, обулустук, райондук, айылдык башкаруу, болду. Мамлекеттик бирдиктүү түзүлүш — башкаруу вертикалы милдеттүү сакталат. Ал эми «өзүн-өзү башкаруу» деген бул, айылдан төмөнкү деңгээл же «мамлекет» башталганга чейинки уюшуп, коомдошуунун адепки, биринчи ар кыл формалары

«Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» деген акыйкатта, жергиликтүү административдик түзүмдөрү белгилүү автономдуу укукка ээ болгон федералдык түзүлүштүү мамлекеттерде гана болот.

Биздин унитардык мамлекетибизде бирдиктүү мамлекеттик түзүлүш — башкарууну белинен карс сындырып, жогорку-төмөнкү бийлик арасын билги үзгөн «левитинбылгы» ыкма аркылуу Ажыдаардын экинчи башы ичибизге мына ушундайча салынган.

Бая, тик-вертикалында тилинип ажыратылган бүтүн бийлик эми кыйыр-горизанталында белинен кыя чабылып, мына ушундайча жана ажыратылган, алсыратылган. Бөлчөктөлүп!

АЖЫДААРДЫН ҮЧҮНЧҮ БАШЫ

Жогорудагы узуну — туурасынан сулпу-сулп тилинип кыя чабылган, бөөт-бөөт бөлчөктөлгөн бир бүтүн мамлекет денеси эми андан ары мындан да аёосуз майдаланып, тытылып бырчаланууга өтөт, мындайча!

«Адам Укугу» — деген бир адеми кооз чүмбөттүү, уккан кулакты жыргатып бой магдыраткан жанга жагым түшүнүк бар. Пенсиясы саал кечиккен чал-кемпирден өйдө ошону ала жыгылып: менин адамдык укугумду бузуп атасыңар, силер! — деп таягын жерге тык уруп, айылын аттап түз эле республикага чейин темине кетмейи бар.

Чынында мунун «Адамга» эч тиешеси жок, жөпжөнөкөй эле «граждандык укук» менен жөндөлчү иш экенин элебеген пенсионерде не жазык, алар эмес дээрлик бүтүндөй коомубуз азыр ушул «адам» оорусу менен ооруган.

А мунун философиясы, бул:

Укукчул мамлекеттерде Адам Укугу баарынан бийик, анын ичинде — элден, мамлекеттен да! Аңтара салып аныгын окусаң, бул: «Кыргыз эли, Кыргыз мамлекетинен да бийик»! дегенге келет. Ушинтип, «Адам Укугунун Бүткүл Дүйнөлүк Декларациясын» билги жамынган сырткы жеке капиталдын, жеке Адамдын Укугу улуттук жаш, алсыз мамлекеттердин ичине ушундайча ууру жылжытылат, митаам киргизилет.

Мындай укукчул мамлекеттердин укукчул Конституциясында: «жарандын укугу менен милдеттеринен» тышкары «Адамдын укугу жана эркиндиги» деген бүтүндөй өзүнчө бөлүм пайда болот. Бул эч бир «милдети» жок, а бирок «укугу» менен «эркиндиги» толо Бүткүл Дүйнөлүк сырт Адамдын укугу «жаран» менен жармакташып, эсти жана билги манипуляциялап мамлекеттин ичине кыйтыр өрүп кирет. Ал Адамдын бардык укугун «эларалык жеке укук» жете коргойт!

Ушинтип өзүнүн Конституциясы аркылуу өзүнүн «колу-бутун тыкыр» тушап берген укукчул мамлекетти эми, сырттан — күлтүң мамлекеттердин, мүлтүң эларалык финансы уюмдарынын (ЭВФ, ДБ ж.б.) карызга батырган кандуу чеңгээлдери чилдей тырпыратып чыгарбай мыкчыйт! Марионет мамлекетке айлантат! Өзүлөрүн өзүлөрү менен алыштырып — тытыштырып, табылбас улуттук идеологиянын ач талаасында маң каңгытып салышат. Улуттук идеологияны эч качан табылбас жана кармалбас улуу иллюзияга айлантып! Улуттун башына жалаң жел тегирмендер менен салгылашып жүрүп өмүрү өткөн улуу идальго Дон Кихоттун таңгажайып тагдырын кайрадан салып!

Эми бул митаам «укук» муну менен эле токтоп калса болду эле, жок, токтобойт, артылып андан аркы тереңге кирет:

«Окуучунун укугу»! Мугалимдин өзүн окуучулар чогулуп туруп «оптом окутуп» койсо болот, «тарбияга» чыкырып …

«Баланын укугу»! Бала-Ата-Энесин келжейип укпай койсо да болот, табияттан берилген табигый укугун астээ пайдаланып…

«Аялдын укугу»! Аял гендерлүү кейкейе басып кетсе болот, эркек деген эптеген жандын казыгын жерге как кагып коюп!

Ушинтип бая «мамлекет» деген бир бүтүндүктү узуну-туурасынан быт чыттап чарчылаган күч, андан арылай ар бир «Адам» деңгээлинде чачып парчалаган күч, эми мындан да тереңге шуңгуп кирип, ар бир адамды «адамчаларга» бытыратып бырчалап чыкканын көрөбүз. Максат бирөө гана: элди эсине келтирбей, биригүүнү ойлонууга да үлгүртпөй эң акыркы атомуна чейин бириндетип чачуу — мамлекетин шалдап, элин маңдап, кишисин малдап! Руханий-экономик деградациялоо! Ошентип, жерин талоо, элин тоноо!

Айтса, мындай бүтүндөй улуттун, мамлекеттин укугуна — күлтүң Адамдын мүлтүң Укугун каршы койгон эларалык левитинбылгы ыкмага саал эле каяша кайрымакчы болгон алсыз жаш мамлекеттердин ичинде сырткы акчага жеңил туйтунган «Адам Укугун» коргоочулардын бүтүндөй полку өстүрүлөт. «Баланын укугун», «окуучунун укугун» ата-эне, мугалимге үйрөтүп «көзүн ачкан»; «элдин укугун» сактоо үчүн шайланган элдик президенттин өзүн «Адамдын Укугу» атынан демитип желкеден ныгырууга шашкан желтаман фигаро укукчулдардын феномени пайда болот. Тешик-эшик эдилбайсал! Ушинтип бир колу менен мамлекетти ичтен билги иритип, саясы-экономик жойпу жолдордо тынымсыз укукту бузуп кордогон, экинчи колу менен элге адил көрүнүп укукту сактап мойсопут момун былгы «колдогон» сырткы иритки саясат ичибизге салган бая зор Ажыдаардын жанында эми Ата-Журттун өз кулундарынан куралган жылмаң жылаанча сайпана балдары жылжытма гүлдөтүлөт, өстүрүлөт.

Бул, буга дейре Дүйнөнүн канча бир жеринде, элинде, эчен бир сыноодон өткөн былгы ыкма, былгытма! Левитиндер билги ишке салган. Африканын, Латын Америкасынын, Түштүк Азиянын колониалдык чынжырларын жаңыдан үзүп чыгышкан жаш мамлекеттерин кайрадан кансыз кул кылыш үчүн, пул кылыш үчүн «тандалган элдер» тарабынан табылган ууру укукчул Жол!

Тандалган элдер демекчи, алардын Конституцияларына бир серп салсак:

Израил менен Англиянын өзүндө Конституция жок. Алар өз элдеринен башка эч кимдин алдында расмий конституциялуу милдеттенишкен эмес;

АКШ Конституциясынын негизги текстинде «Адам Укугунун» жыты жок. «Адам жана гражданин укугунун декларациям» (1789-ж.) АКШ Конституциясына «укук тууралуу билль» катары кийинки оңдоодо киргизилген;

Франциянын «5-республика» аталган 1958-ж. кабыл алынган акыркы Конституциясында да «Адам Укугунун» жыты жок;

Япониянын Конституциясында «Элдин укугу жана милдети» деген жалпы аталыш алдында «ар кимдин» («каждый») б. а. ар бир жапандын, демек, абстракт «Адамдын» эмес, конкрет гражданиндин укугу алып өтүлөт;

Германиянын Конституциясында да конкреттүү «немис эли» («немецкий народ»), «бардык немистер» («все немцы») дегендин гана укугу жана милдети айтылат;

Кытай Эл Республикасынын Конституциясында: «гражданиндин негизги укугу жана милдети» гана бар;

Индия Конституциясында да гражданиндин укугу жана милдети тууралуу айтылат.

Көрүнүп тургандай дүйнөлүк пил мамлекеттердин эч биринин эң Башкы Мыйзамдарында укук менен эркиндикке карк, а бирок «милдетиңди» уруп ойнобогон абстракт «Дүйнөлүк Адам» деген жок. «Дүйнөлүк Адам» (дүйнөлүк жеке капитал) неоколониалисттер Африканын, Латын Америкасынын, Түштүк Чыгыш Азиянын жаш, баео мамлекеттеринин ичине ийри жылаан зыргытылган укукчул конституцияларында гана бар жана алар өзүлөрү өз азабына-казабына шаң салтанат менен кабыл алышкан ошол эң демократиялуу «укукчул конституциялары» аркылуу маң башкарылышат!

Анткени, Баш Мыйзамдарында «күчтүүнүн алдында күчсүз дайым күнөөлүү» калган: «КР катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары КР мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат» (12ст, 3п.); «КРде чет өлкөлүктөр же жарандыгы жок адамдар КР мыйзамдарында жана макулдашууларда аныкталган негизде, шартта жана тартипте жарандардын укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат» — 14ст. 2 б.; (тьфу, кайсы милдет!? — Ч.Ө.) деп эң демократиялуу ноктолорду баштарына элпек кийип алышкан!

Конституциянын ар булуң-бурчуна ууру чачылган, өз бетинче турганында анчейин айыпсыз көрүнгөн, а бирок Дүйнөлүк Адам жеке капитал укугун «Эл аралык жеке укук» аркылуу жете коргоп, дүйнөлүк желесине чырмап чыккан азыркы неоколониал философиянын контекстинде карай келсек, анда мындай «жалпы таанылган нормалар менен принциптердин» чыныгы куну ачылып калат, таскарды тасырайып!

Бул укукчул Конституциябызга салынган уулуу Ажыдаардын ууру үчүнчү башы!

АЖЫДААРДЫН ТӨРТҮНЧҮ БАШЫ

Бул баш – сот бийлигине байланышат.

Түбүндө, элдин көзөмөлүнөн сыртта турган, эл алдында эч жооптуу болбой калган сот бийлиги эгерим оңолбойт! Айрым-айрым ак жүрөк, элчил, чынчыл, адилет калыс судьяларыбызга кыпындай кылаапатыбыз жок. Бирок кайталайлы, эл алдында тургай өзүлөрүнүн жыйындары алдында да эч бир жоопкерчилиги жок калган, «сот мыйзамга гана баш ийет» дегени менен ал мыйзамдардын өзүнүн байланган казыгы башка («источник права»), мүлтүң «жеке укук», күлтүң «эл аралык жеке укук» менен киндиги туташ аа жетеленди жаткан, бийлик кимдин колуна өтсө байлык кошо ага жылмышкан, ошол жаңырган ар бир бийлик-байлыктын камчысын катыра чаап «итжеми» оокаты үчүн абийир ыйманын кепшеп саткан философиялык режимге түшүп калган сот түзүлүшү эч качан бул бузулган табийгатын аттап сыртка чыгып кете албайт. Система чыгарбайт! Жөнөкөй жазыкты кой, Мамлекеттик жазыкты тескээр Конституциялык Сот деңгээлинде ыйык Конституцияны кыйык эки Президенттин колуна суу куйган кумганкуралга айлантып жиберишкен созулкан эки төрайымыбыздын бузулкан жоруктары буга айкын күбө.

Кыскасы, Эл алдында, Эл шайлаган өкүлдөр алдында эч качан жооптуу болбой калган Сот Бийлигинде эгерим адилеттик орнобосун, мындай Сот Кудайдын да, өзүнүн да ыйманын жеңил аттап, бир гана Камчынын жана Капиталдын Мыйзамынын гана жепен кулу болуп калаарын турмуш канчанчы бир ирээт өзүбүзгө өзүбүздүн Конституциябыз аркылуу кашкайтып далилдеп берди!

Бул — эч кимге көзкарандысыз (биринчи ирээтте Элге!) жалгыз-ак мыйзамга гана (акчанын мыйзамына!) көзкаранды аталган Сот Бийлиги аркылуу ичибизге ийирилтип салынган Ажыдаардын төртүнчү башы!

Конституциянын тереңине үңүлүп ары кире берсең философиялык концепциясы жогорку «Ажыдаар — Түркүккө» чырмалган суйкайган сулуу укукчул Конституциябыздан сур жылаандын баштары суурулуп чыга берет — ар кайсы бөлүмдөрүнө ар башка статьялар аркылуу, расса, былгы чачыратылган! Анын баарын терип тепчип отурууга эми убакыт да жок, кажаты да жок!

  1. АЖЫДААРДАН КАНТКЕНДЕ АРЫЛАБЫЗ?

Революция деген эмне жана анын чыныгы мааниси кандай?

Турмуш сынынан өткөн классикалык аныктамасы, жалпысынан мындай: эски түзүлүштө элдин жашагысы келбей калат, эл башкаруучулары да эскиче башкара албай калат. Жаңыны самап коом жарылат — Революция! Бирок ал бир бийликти экинчилери жыйылып келип тартып алган тек сарай төңкөрүшү болуп калбаш үчүн, чыныгы революция болуш үчүн төмөнкү үч нерсени түбүнөн өзгөртүшү керек:

  1. Мамлекеттин саясый түзүлүш-башкаруусун;
  2. Экономикалык түзүлүшүн;
  3. Маданий революцияны ишке ашыруусу керек. Ырас, бу соңкусу алдыңкы эки фактордун натыйжасы катары ишке жайынча ашат.

Ушунда гана ал чындап өзүнүн толук кандуу революция атын актамак, сактамак.

Кыргызстанда эки жолу революция болду деп келебиз, өйдөкү өңүттөн чыкканда алардын жөнү кандай?

Март, 2005-ж. революциясы Акаев режиминин эч нерсесин өзгөртпөдү, тек, аны тереңдетти. Бир президенттин жеке айдарлык (Айдар) авторитардык бийлигин, экинчи президенттин жете аксымдык (Максим) бийлиги ургаал улантты.

Мамлекеттин территориялык бүтүндүгү жана кемип, мамлекеттик стратегиялык менчик баягыдан жеке — президенттештирилди. Мамлекеттик саясы түзүлүш-башкаруу, жана экономикалык саясат куялуу жолго түшүп кеткен соң улуттук маданият да анын соңунан куйугуп кетээри бештен белгилүү. Демек, маданий революция деген мындайда оозуңуздан айлансын?

Апрель, 2010-ж. революциясынан кийинки абал кандай?

Арийне, «революцияны» карай жылыш бар, т.а. «жылышууга аракет» бар. Жеке адамдык-президенттик башкаруунун ордуна жеңген партиялык-парламенттик башкарууну киргизүү; жеке менчиктелип кеткен стратегиялык байлыктарды кайрадан казыналаштыруу (мамлекеттештирүү) аракети; ал эми маданий революция — ал арсар азырынча.

Жок, эмитен эле «дайын»! деп, т.а. болушу күмөн деп да кое берсек болот.

Эмне үчүн? Эмесе чечмелейли.

«Кыргыз Республикасы» деп аталган биринчи Конституциябыздын ичине былгы левитиндер аркылуу билги салынган ажыдаардын баштары алигүн былк этпей, солк этпей келет. Ал Конституциябыздын жүрөк толтосун мыжыгып мыкчып, сак кайтарып, дале ийирилип жатыры. Мындай Кара Ажыдаардын бар караанын биз өзүбүз көрө да элекпиз, керек болсо! Анын ордуна, аксакал Б.Ааматов баштап, юрист М.Чолпонбаев таштап, идеалдаштырып салган «1993» түн караанына эмгиче зар болуп аңсап-аңыздап келебиз.

Конституциянын буга чейинки бардык оңдоолорунда, анын ичинде акыркы Текебаевдик вариантта да алиги Левитин салган Ажыдаар ошол тейи жүлжүйүп тиктеп бизди арбап, Конституция тереңинде буккан бойдон (уткан бойдон!) кала берди.

Түпсүз түн жылчыгынан тикийип тиктеп бизди аңдыган бул сырдуу арбооч мындан ары да улам жаңы кырчылдашкан кызылдай революциялардын кыркаарына баштай берет, кыргызды кыргызга шилтеп кырылыштырып! Эгерде эле бул сурайыл азезилди мүйүзүнөн шап кармап, Конституциябыздан сууруп ыргытпасак! Ушундан соң гана чыныгы революция тууралуу чындап кеп салууга болот.

Ансыз — ? . .

Ооруну жашырсаң — өлүм ашкере кылат. Демек: «апрель революциясынын идеалын ишке ашыруу да али арасат жолдо турат» деп жашырбай, сыпайылабай, тике, ачык айтышыбыз керек. Алдыңкы «балким» революциялардын алдын алыш үчүн!

Ал эми «апрель» чыныгы революцияга айланыш үчүн, минимум катары:

  1. Бирдиктүү мамлекеттик түзүлүштүн тик-кыйырында текши кыйратылган баардык байланыштарын калыптоо;
  2. Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну чыныгы ордуна коюу;
  3. «Адам Укугунун» Конституциядагы орду, ролун так коюу;
  4. Сот системасынын ишин элдин кызыкчылыгына чындап буруу аракетин көрүшү керек.

Тилекке каршы, текебаевдик Конституцияда, соңку, сот системасындагы «Судьяларды тандоо боюнча кеңеш» деп аталган эмненин ичинен чыгары беймаалым жаңы монстрды эске албаганда («судьялардын кеңеши» үстүнөн түзүлгөн жана ошончо «байкоочу кеңеш» да бар!), КР Конституциясынын бая Ажыдаарлуу маңызы эч өзгөргөн жок. Демек, алдыда улам жаңы революцияларды шарттаар себеп да калтырылып жатат…

Суроо чыгат: өткөндө жаңы Конституция кабыл алынбадыбы, эл өнүгүүнүн парламенттик жолун тандабадыбы, алтургай эл референдумда бул Конституция он жыл бою (2020-жылга че!) эч өзгөртүлбөсүн деп добуш да берип койбодубу, эми мунун жайы кантет? . .

Жооп берилет: айтылган зор Ажыдаар ээси — Эл аралык жүүтчүл эбегейсиз экспансионизм менен тыкыз быгышып кеткен, элин сатууга даяр эң акыркы чекке жетип калган Максим менен анын айласыз ээрчиме атасы Бакиевди кулаткан, элди зор апааттан сактап калган мекен шейиттери Текебаевдик Конституция үчүн жан беришкен жок. «Июнда» да бул үчүн кан төгүлгөн жок! Алар элдин бийлиги, элдин эртеңи үчүн деп кан төгүштү, жан беришти. Калың калк да текебаевдик Конституциядан да мурда ошол калбаалуу күндүн тезирээк өтүшү, калк эртерээк тынчышы үчүн добуш беришти.

Демек, «апрель революциясынын» жазга чаңкаган кандуу айдыңында — максим ордун баскан, мекенин сатуудан кайра тартпаган жаңы аксым компрадар буржуазиянын тамыры мындан ары да гүлдөй бербеши үчүн, жалаң партиялык бийликтүү (аныгы: «акчалык — кландык» десек туура болот!) «жартычеке калакбаш» абалда калган азыркы парламенттик аталган (б.а. эл өкүлдүк) башкарууда, идея эмес, партбосстордун амбициясы элди чайкай бербеши үчүн алдыда чыныгы элдик башкарууга баштаар жаңы референдумдардын болорун да эч ким жокко чыгара албайт. Бул, өз тагдырынын ээси, эгемендиктин чыныгы кожоюну элдин эч ким, эч качан ичтен да, сырттан да экспансиялап ала албай турган улуу укугу!

Демек, эл өз тилегине жетиш үчүн он жыл эмес, бир жылда он жолу референдум өткөрүшү да мүмкүн — чыныгы өз бийлигин орнотмоюн!

Биз «март» да, «апрель» да революцияларынын жеңиши мындан ары да ушул бойдон эле уурдала бербеши үчүн Конституциянын жаңы долбоорун сунуштайбыз — «Кыргыз Республикасын» эми «Кыргыз Эл» республикасына айландырып! Жыйырма жыл бою түк бүтпөй созулган өткөөл кезеңди акыры жыйынтыктап! Кыргыз идеал-идеология уңгусун мамлекеттик түзүлүш-башкаруунун өзөгүнө чөгөрүп!

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулунун БАШ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ушул шилтемеден окуй аласыз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *