АҢГЕМЕ

Ошентип,  студенттик  жылдар  көзгө  илешпей шакылдап өтүп, университеттин эшигинин алдында төртүнчү жылдын жаз күндөрүнүн жолун таптап жүргөнбүз. Бүтөргө  эми  ушул  жаз  өтсө  бир  жыл  калат. Аман-эсен  болсок, эмдиги  жылдын  ушундай жазында бүтүрүүчү болобуз. Анан кудай буюрса, колго диплом тийсе, «мектепте мугалимбиз да» дей турган кез да келет. Жакында айрым сабактардан экзамен башталат.

Окумуш  этип,  санаа  тартып  ары-бери  караганча ошол жаздын жагымдуу күндөрүндө бере турган сынактардын үчөөнү да тапшырып жибердик. «Жаман эмес, колхоз «кеңеш» дегендей,  берип  чыккан  сынактардын  баалары өзүм күн мурунтан ойлогондой эле болгонсуду.

Эмки экзамен геометриядан үч күндөн кийин. Андан экзамен  алчу  агайыбыз  анча  каарын төккөн, заар тилдүү адам деле эмес. Жүргөн-турганы  токтоо,  тамашакөйлүгү  да  бар.  Баа койгону келгенде баага анча зыкымдыгы деле жок. Жанымдагылар келчү сынакка даярданганы, ошол кездеги борбордогу чоң китепкана – Чернышевскийге кетишкен. Биринчиден, уйкума каралап, экинчиден, агайдын жумшак мүнөзү  жандүйнөмдү  жибитип,  бөлмөдөгү бирге окугандарга кошулуп китепканага барбай койдум.  Экзамен  берчү  геометриянын бетин  ачпай  же  жазган  конспектилериме  көз жүгүртпөй  жатып:  «Бир  жакшылык  жылоолоп  «4»  алсам  болду  эле» деп коём уялбай.

Төшөктөн тура электе оюма бир жакшы ой кылт эте түштү кокусунан. Ал оюма өзүм да эмнегедир сүйүнүп кеттим. Апам байкуш «пенсиямдан биртике берип жиберем» дегенде дал ушундай сүйүнчүмүн. Өзүмдүн ойлогон оюм боюнча кечээ күнү ушул геометриядан экзамен берип,  13-билетти  алган  «а»  группасындагы Токтосунга токтоосуз бардым. Тилекке каршы, бөлмөсүндө жок экен. Ага кечинде жолугуп өз планымды бекемдемек болдум. Ал кечээ экзаменден чыгып келатканда кокусунан  жолугуп,  13-билетти  алгандыгын,  андагы  эки  суроо  тең оңой экендигин уккамын.

Кеч  кирип,  студенттер  жатаканага  жалпы  жайгашып  калган  кезде Токтосунду комнатасынан чакырып алып:

– Токо, ушул эле сен алган 13-билет эсимден кетпей атат. Түндө да түшүмө киргенсиди. Ушул эле билетти алчудай болуп турам. Сен суроолорун так айтып берсең жазып алайын да, жакшылап окуп, даярданайын, – дедим ага сыр бербей.

Оюнда эч нерсе жок курсташым атайын даярдай барган барагыма суроолорду толук жазып берди. Ал эле эмес билеттин айрым жерлерине кантип жооп бергенинен да жобурап жиберди. Ошентип,  балдар  менен  китепканага  убара  болуп  барбай  эле,  ээн бөлмөмдө  карандай  чайга  курсакты  нан  менен  толтуруп  алып,  баягы 13-билеттин суроолоруна жоопту жаттай бердим, жаттай бердим. Адам тойбойт деген чындык белем, «4» эле алсам деген оюм бузулуп, «5ке» да чаап кетет кээде.

Экзамен берчү күн да келип: «Кудай эми сактай көр!» – деп оң бутум менен окуу корпустун эшигин аттадым. Гитлердин «Барбаросс» планындай түзүлгөн планымдын ишке ашышын улам ичимден кайталап, кудайдан тилейм. «Куураган Гитлердин планынын ишке ашпагандыгындай болуп уят болбосом экен» – деп кээде кобурап жиберем. «Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт» деп кирип кеттим. Мындай киргенимдин себеби, мурунку адатымча элди аяктатып кирсем, 13-билеттен таза кол жууп каламбы деген ой бекем эле менде.

Столдун үстүндөгү жайнаган билеттерден көзүмдү албай, агайга салам айткан болдум.

– Саламат, Сейталиев. Биринчилерден болуп киргениңе караганда, даярданганың жакшы го ээ, – деди.

– Колдон келишинче, агай, – дедим муунум калчылдагансып. Анткени астыда көз боёмочулук ролду ойнош керек болуп атпайбы. Эгер үч-төрт күндөн берки планым ушул азыр ишке ашпай калса же кокусунан ал уурулугум менен кармалып калсам, өлгөнүм ошол да. Болору болду деген тобокелчиликтин акыркы жыйынтыгына келип, колумду жайнаган билеттердин үстүнө сунуп токтой калдым эле:

–  Эмне  токтоп  калдың? Коркпой ала  бер, Кочкордун  шуулдак жигити, – дебеспи. «Шуулдак» деген сөздү укканда «балаа басып менин планымды  билип  калганбы»  деген  ой  келип,  бүткөн  боюм  чымырай түштү. Болору болду дедим да колумду билеттердин үстүнө ортолотуп барып, бир билетти илип алдым. Алганым 7-билет болуп чыкты.

– Айт, Сейталиев. Канчанчы билет экен? – деп агай астындагы кагазына үңүлүп белгилегени калганда:

– Агай,башка эле билет алайынчы, 13-билет экен, – деп колумдагы 7-билетти көп билеттердин үстүнө таштай салып, шашылыш түрдө эки колумдун алаканы менен аралаштырып жибердим. агайым ордунан турбай:

– Сейталиев, ал азыркы билетиңди, – деди шашпай.

– Агай, башка эле билет алайынчы?..

– Эй, Сейталиев, ал дейм 13-билетиңди!

– Эми агай, башкасын эле алайынчы?..

– Сейталиев, сага эмне, экзамен тамашабы? Кайталап билет ала бергендей… Ал дегенден кийин ал, азыркы билетиңди!

– Агай… – дедим муңайыңкы кебетеленип ага карап.

–  Эмне,  агай? Агайың  сенин  теңтушуң  эмес!  Сенин  каалаганыңды аткаргандай! Ал, көп башты оорутпай 13-билетиңди! – деп, өңү бузулуп ордунан туруп, сөөмөйү менен столдогу билеттерди көрсөттү.

– Агай,башкасын эле… – деп айтканымча, агайым столдо көмкөрөсүнөн жаткан билеттерди бирден ачып карап, кайра көмкөрүп жатты. Бирок менин багыма жараша бат эле 13-билетти таап чыкты да:

– Ме! Мени тамаша чекпей, отуруп даярдан, – деп жаман көзү менен зекий  карады. Агайым  13-билетти  издеп  жатканда  да  жүрөгүм  түшүп калды. Кокус менин  13-билетим  көпкө  табылбай  калса,  тажап  кетип: «13-билет жакпаса муну ал» – деп башка эле бир билетти кармата коёбу деп менде жан жок.

Ойлогон  оюмдун  аткарылганына  ичтен  кубанып,  бирок  нааразы болгон адамдай илкий басып, ортолоп барып отурдум. Калп эле кабакты түйүп, башымды кармалап, кыйналган түр көрсөтүп, жаттап алган акжолтой билетимдин жоопторун кайталап отурдум, ичимден кудуңдап.

Анан мага да жооп бергенге кезек келди. Биринчи суроодогу «Параллель жана  кайчылаш  түз  сызыктарды»  токтоосуз  төгүп  жибердим. Ал  эми экинчи суроодогу «Перпендикулярдуу тегиздиктер» жөнүндөгү суроого кичине кыйналымыш болуп, далилдөөсүн айтканда адашымыш болгонсуп жооп бердим. Жоопту мындай берет деп күткөн эмеспи, агайым бир аз шекшигендей көз менен карагансып кетти. Бирок:

– Азаматсың! Анан эмнеге 13-билеттен качтың? Билет турбайсыңбы, – деди да зачеткамды ачып, «цилиндр», «конус», «призмалардын» аныктамаларына суроо берди. Башымды кайрадан адатымча кашымыш болуп, чала-бучук жооп бергенсидим.

– Кап, Сейталиев, ушуларга так жооп бергениңде бааң башкача болот эле. Мейли эми, – деген агайым зачеткага ручкасын бир аз токтотуп туруп, «хор» деп  шилтеп  салды.  Баятан  бери зачеткамдан  көзүм  өтүп турган жаным, аз эле жерден: «Ураа!» – деп бакырып жибере жаздадым.

Андан бери отуз жылдан ашып кетсе да, «13» деген санды эмнегедир жакшы көрөм жана 13-числодо ар дайым жолум болот. Бирок бул сырымды бүгүнкү күнгө чейин бир кудай, бир өзүм эле билчүмүн. Ал эми биринчи алгандагы 7-билеттин келиши, мени «коркпой эле ойлогонуңду аткара бер!» деген белгиси болсо керек деп жоруйм өзүмчө. Себеби «7» деген сан кыргызда ыйык сан эмеспи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *