Айтматов менен кыргыз балет искусствосунун чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосунда болгон махабаты туурасында эл арасында күбүр-шыбыр көп сөз болгон. Ал чындыкты акыры Айтматов өзүнүн ныгайыпташ жакын калемдеши, казак акыны Мухтар Шаханов менен болгон аңгемесинде ачык баяндаган… Ошол аңгеме «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу Ч.Айтматов менен М.Шахановдун бирге жазган китебинен кыскартылып которулду…

Айтматов: — Ар адамдын өз бешенесине жазылган тагдыры бар. Мобул аалам кандай чексиз болсо, ал да ошондой учу-кыйырсыз, купуялуу да сырдуу. Ар ким өз өмүр жолунда буюрган адамына жолугат. Биригип, ар кимиси өз түшүнүгүндөгү бакытын издөөгө аттанат.

Эскерүүгө, эстеликке айланса да, оюңа түшкөндө, көкүрөгүңдү тыз эткизген кыйбас учурлар биздин баштан да өткөн. Жашыра турганы жок, студент кезде, жаш чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон чыгар. Эң бир жагымдуу сөздөрдү тизмелеп кат жазган, кат алган күндөр да баштан өттү. Атыңды четине түрдүү кооз жиптер менен саймалап жазган сулуулар тартуулаган бет аарчынын канчасын чөнтөккө салып искедик экен? Атаганат, кайран күлгүн жаштык кез. Күлгөнүңө караганда сенин да чөнтөгүңө далай бет аарчы толсо керек чамасы… Бирок баары өттү да, кетти. Гүлгө келген көпөлөктүн конуп учканындай каш кагым учур. Алар мага ойдогудай таасир бере алган жок.

Ошолордун ичинде өзүнүн жан сезими менен да, бүтүндөй келбети менен да бүт эркимди бийлеген, шоола чачкан махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Атайын издеп табышканыбыз жок. Капыстан табыштык… Ошол күтүлбөгөн кездешүү мен үчүн өмүрүмдө бардык максаттан да бийик, ыйык эле. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу.

Муну тагдырдын жазмышы экенин кийин туйдум. Эки-үч матросу бар моторлуу кайык менен «Аврора» крейсерине жакындап келгенимде, биздин үйүрмө (делегация) палубада турган экен. Арасында айдай жүзү кубанычтан гүлдөй жайнаган чырайлуу да, сымбаттуу Бүбүсара. Чачын деңиздин желаргысы эркелете тарап, бизге кол булгады. Мурда бири-бирибизди жакшы билсек да, анча тааныш эмес элек. Бат эле сырдаш болуп кеттик. Деги сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Сезимибиз от сыяктуу алоолонду десем, ишенбейсиң. Ушул кезге чейин кантип кездешпей жүрдүк экен деп да таңдандык. Айланамдагы адамдар да, деги сайраган куш да, шыбыраган жалбырактар да, деңиздин албууттанган толкундары да көзүмө башкача көрүнөт. Дүнүйө мурдагысынан жадырап, кулпуруп чыга келди…

Санкт-Петербургдун ак түндөрүнө чөмүлүп, Нева бойлоп кыдырган, армансыз сырдашкан ошол кездер, ай! Үйдө калган жеңең менен эки бала да таптакыр эстен чыккандай, ажайып бир бал доорду баштан өткөрдүк.

Сапар мөөнөтү бүткөн соң, үйүрмө мүчөлөрү элге жөнөп кетишти. А мен болсо кетким жок, жипсиз байланып калдым. Жүрөгүмдүн жарымын Нева боюнда калтырып бара жаткансыйм. Акырында Москвада ишим бар эле, поезд менен кетем деп шылтоолоп, Санкт-Петербургда калып, Москвага эки-үч күндөн соң аттандым. Жетип-жетелекте алып учуп Бүбүсара да келди. «Москва» мейманканасында бир күн, бир түн, экөөбүз өзүбүзчө ээн-эркин калып, жүрөк сырларыбызды төгүп, сырдашып, махабаттын кучагында балкыган учурларды башыбыздан өткөрдүк. Кайра-кайра коштошуп, бири-бирибизди кыялбай, акыры кол кармашкан бойдон Бүбүсараны электричка менен Санкт-Петербургга узатып келдим. Орус токоюнун көк шиберлүү талааларын тепчип өтүп зуулдаган «Стреланын» үстүндө термелип кетип бараткан ошол бир кайра айланып келбес учурлар алиге чейин эсимден бир саам чыгаар эмес… Санкт-Петербургга келген соң, Бүбүсара мени кайра Москвага чейин узатып барам деди эле, өзүм өтүнүп жатып араң токтоттум.

Ошол күндөрдөн баштап, Бүбүсара көз жумганга чейин он төрт жыл бою алоолонгон жүрөктүн жалыны бир көз ирмемге да басаңдаган жок. Ушак-айыңдын өртү да ушул жылдары бизди чарпыды.

Бүбүсара Санкт-Петербургда окуп билим алган, театр, кино менен адабиятка келгенде өзгөчө бир сезимтал, керемет өнөрдүн ээси эле. Мүнөз менен көркүнө өнөрү шай келген тубаса бүткөн ушул бир ажайып таланттуу делбиримдин менин өмүрүмө, чыгармачылыгыма тийгизген таасирин айтып жеткирүү кыйын. «Миң бир түндүн жомогундай экөөбүздүн ашыктыгыбызды эшитпеген жан калган жок, «анда эмне себептен баш кошушпады» деген ой келээр. Мен ыкыс берсем, Бүбүсара такыр эле кепти башка жакка буруп, кечеңдете бере турган. Ошондо кокусунан табышып калдык десем болбой калат ко, атургай экөөбүздүн жаңыдан алган квартираларыбыз бир үйдүн коңшу подъезди болуп чыкты.

Кандай айтканда да Бүбүсара менин жылдызымдын ар дайым бийиктен жанып турушун тилеп, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан баш тарткан экен. Сабырдуу акылдын, сезимтал жүрөктүн ээси. Бири-бирине багына бербеген ушул эки касиеттүү орток сезимди бир максатка баш ийдирип, өзү жанындай сүйгөн адамга тилектеш болуп калуу — адамгерчилиги зор кишинин колунан гана келер иш.

Бир жолу Бүбүсара экөөбүз самолетко түшпөй, Москвадан Фрунзеге Москва-Алматы багытындагы тез жүрүүчү поезд менен кайттык. Эки гана адамга ылайыкталган ыңгайлуу купе. Адаттагыдай эч ким телефон чалып же эшик коңгуроосун кагып, айлаңды кетирбейт. Бүтүндөй ааламдан обочо ээн-эркин үч күн, үч түн айтып түгөнгүс жомоктогудай ажайып доорду баштан кечирдик. Капырай, ошондогу биздин көңүлдүн терең түпкүрүнөн сызылып чыккан, мурда жан кишиге айтылалек жүрөк сырларыбыз, өмүрдүн түбөлүктүүлүгү менен утурумдугу, адабият менен искусство жагдайында ар кыл пикирлерибиз дал келип, бирин-бири толуктап, ырахатка баткан элек.

Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок экенин ошол жолу туңгуч ирет жүрөгүмдүн тереңинде сезген элем. «Кылымга бергис күн болот. Бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күнүм» деди Бүбүсара да толкунданып.

Өз ара чексиз түшүнүшүп, көңүлүбүз эргий, сезим чабыттарыбызды поезддин дөңгөлөктөрү да тынымсыз коштоп таштакка салган жоргодой жулкуна дүбүрт салат. Маал-маал терезеге үңүлүп табиятка суктанабыз. Артыбыздан орустун жашыл токойлору кол булгалап, казактын пейилиндей мейкин кең талаасы жарышып калууда. Арал шаарына келип токтогондо вагондон чыгып, таза абадан жуттук. Ал жылдары деңиздин жээги тартыла элек, көбүрүп-жабырып турган кези. Эрке толкундары күнгө чагылышып жарк-журк этет. Андан бери Кызыл-Ордо, Арыс, Чымкент, Түлкүбас…

Бүбүсара менен бирге өткөргөн күндөрдө не бир шаарлардын маданий жайларында болуп, тарыхый эстеликтерине кандай гана суктанбадык дейсиң? Же ушул эле Бишкекти алалы. Кээ бир үйлөрдүн тушунан, көчөлөрдүн кесилишинен, коомдук маданий жайлардын алдынан өткөндө так ошол жерде эмне деп сүйлөшкөнүбүз, күлгөнүбүз, кубанганыбыз, муңайганыбыздын баары үтүр, чекитине чейин эсиме кылт эте калат. Өткөндө экөөбүз Кыргыз мамлекеттик опера-балет театрына кайсы бир жыйынга барбадыкпы? Көпчүлүктүн көөнү башкада. Мен болсо өз оюм менен алекмин. Бүбүсаранын искусстводогу эч ким кайталай албас азоо эрке таланты ушул театрдын сахнасынын төрүнөн Семетейдин ак шумкарындай канат күүлөп чабыттап сызбадыбы. Сахнага карасам, так азыр аппак ак куу кебинде ушунчалык узак жылдар бою ой-кыялымды бийлеген мөлтүрөгөн чырайлуу, сымбаттуу мүчө чыга келип чимирилип бийлеп жөнөчүдөй.

Ал кайсы бир жактан оорудум деп келген. Көп өтпөй көкүрөгүнөн башталган коркунучтуу шишик диагнозу менен Кунцова ооруканасында жатты. Бир жарым жыл катуу кыйналды. Айтуунун өзү оңой эмес… Кунцованын аймагына атайы уруксат кагазы менен киргизиле турган. Бүбүсара менен бир палатада так ошондой илдетке чалдыккан СССР эл артисти Ольга Андровская да жатты. Менин алгачкы повесттеримди, өзү баш редактор болуп турган «Новый мир» журналына басып, ак жол тилеген ыйманы саламат болгур Александр Твардовский да ошондой коркунучтуу шишиктин тузагына илинген экен. Ар барган сайын көңүлүн көтөрүп, ал жайын сурап турдум. Жүдөп, азып калыптыр. Көп узабай түбөлүк жайга кетти.

Бара-бара Бүбүсара да ал-күчтөн тая берди. Ордунан турууга да алы келбейт. Акырында абалы биртоп оорлоп калган соң, Бүбүсараны Бишкектин ооруканасына которду. Иште да чыдап олтура албай, сарсанаа болуп, утур-утуру оорукананы айланчыктайм. Тагдырдын катаал өкүмүнө аргасыздан моюн сунуп жатса да, мен кирип келгенде Бүбүсаранын нуру өчкөн жамалына билинер-билинбес жылмаюу пайда боло калар эле. Балким, жанын кемирип мүлжүгөн мындай оор дартты мага сездиргиси келбегени, дегеле ушул кейибесинчи деп мени аяганы болсо керек. Акыры 1973-жылы бугу (май) айынын 11инде Бүбүсара түбөлүк көз жумду.

Шаханов: — Опера жана балет театрындагы азалуу жыйындагы маркум менен коштошуу учурунда сизди кунунан куну качып, өзүн-өзү кармай албай, ботодой боздоп ыйлады дейт көргөндөр. Такыр эле чыдамы түгөнгөн ошол кездеги республиканын жетекчилеринин бири «Ой, тигини бирөөң барып кой деп койсоңорчу» деп айланасындагыларды жекирген экен. Сиздин мындай жоругуңуз такыр эле ыксыз, өөн көрүнгөн чыгар. Тоталитардык түзүлүштүн учурунда атак-даңкыңыз, кызматыңыз, үйбүлөңүз, партбилетиңиздин бар экенине карабай, бир гана жандүйнөңүздөгү болгон кайгыны сыртка чыгарып, эт-бетиңизден кетип, булардын барын эч кимден жаап-жашырбаганыңызга караганда, оңой сезим эмес экени сезилип турат.

Айтматов: Ооба, Бүбүсарадан айрылуу мен үчүн жарым өмүрүмдү жоготуу менен барабар экенин өзгөлөр кайдан билсин. Бүбүсара дүйнөдөн кайткан соң, көп өтпөй Италияга чакырып калышты. Түн ичинде кеме менен Сицилияга жөнөдүк. Мемиреген деңиздин бети. Ай сүттөй жарык, желаргы бүткөн бойду аймалайт. Ушул учурда Бүбүсара экөөбүз жакшы көрчү бир музыка сыбызгып созула калбаспы. Толкунда бир термелип келаткандардын карысы да, жашы да бийлеп киришти. Мен болсо көз жашыма ээ боло албай палубага сүйөнгөн калыбымда телмирип туруп калдым. Деңиз, түн, ай, элсиз аралдар жана көңүлдүн жалгыздыгы… Азыр да ошол музыканы уксам эле Бүбүсара эсиме түшүп, өзүмчө толкунданып кетем. Аны сага түшүндүрүүгө сөз кудурети да жетпейт.

Бүбүсарадан соң жалгызсырап, бош калган көңүлүмдү эч нерсе менен толуктай албай жүргөн чагымда тагдыр Мариям менен табыштырды. Көңүлдүн бөксөсү бүтөлгөндөй, жүрөктүн жараты айыккандай бакубат өмүр сүрүүдөмүн…

Керез — алгачкы жубайым, жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам — Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Азыр кудайга шүгүр, экөө эр жетип, эл жүгүн аркалоого жарап калышты.

Ал эми Таттыбүбү Турсунбаева болсо — бир кезде көңүлдүн эң тереңинде жанып-өчүп турган кайталангыс элес. Ал да кыргыз театр искусствосу үчүн жаралган жандын бири эле. Тагдырымдын буйткалуу жолдорунда булардан башка да аялдар болгон…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *