Мага койгон таш астында жатамын,
Мармар ташка толуп кетти катарым.
Биз уктайбыз жер астында ойгонбой,
Биз укпайбыз жер үстүнүн чатагын.

Сиздин үйгө — кагып киребиз,
Биздин үйгө — казып киресиз.
Сиздин үйдө — чиренип уктайбыз,
Биздин үйдө — түбөлүк уктайсыз.
Сиздин үйгө — эки күн батабыз,
Биздин үйдө — эсепсиз жатасыз.

Атасы жер айдады, энеси бала бакты,
Баласы курсагы ток өсүп жатты.
«Эр жеттиң, өнөр үйрөн» деп калды эле,
Атасын балта менен башка чапты.
Түрмөдө бир зөөкүрдүн бычагын жеп,
Түбөлүк баласы да жайын тапты.
Мүрзөдө: камкор ата, канкор бала,
Түшүнбөйм эмнеликтен катар жатты?

А бул маркум сараңдын сараңы эле,
Акчаны аяп… жашады араң эле.
Бекер кепин табылса, көрүстөнгө
Балким өзү жүгүрүп барар беле?
Бекер болсо, өлүүгө даяр эле.

Кыргызда эки мыкты акын өттү:
Бир оору, бири дайым жакыр өттү.
Бирок да экөө бирдей баатыр өттү,
Бир жатат түнөк кылып акыретти.
Алар ким?
Алыкул жана Мидин.
Андан кийин,
Таптакыр акындардын баркы кетти.

Балага кең-кесири жаткан бешик,
Ал бешик — кең дүйнөгө ачкан эшик.
Эр жетсе: тардык кылар жалган дүйнө,
Эр жетсе: аздык кылар алган кесип.
Кең болор казган мүрзө,
Мүрзөгө батат тура дүйнө мүлдө.

Сындабай нан жеп жүргөн наадандарды,
Сындайбыз күрөштөгү балбандарды.
Сындабай атак, сыйлык алгандарды,
Сындайбыз жүк көтөрүп баргандарды.
Даңктабай тирүүлөрдү,
Даңктайбыз каза болуп калгандарды.

Сулууну бир кучактап өпкөнүңдө,
Дүйнөнүн бүт кууралы ойдон чыгат.
Эргитип күлүк минип өткөнүңдө,
Эшекчен аргасыздан жолдон чыгат.
Чалды да, сулууну да,
Ач ажал аражолдо аңдып турат.

Билбей туруп таарынганың жарабайт,
Бир көрбөсөм көксөгөнүм тарабайт.
Көрмөк тургай көздөн учту карааның,
Көңүл үчүн ак булуттан кабар айт.
Келбей турган жайга кетип барамын,
Келе турган элге менден салам айт.

Өмүрдө бар көңүл шагын сындыруу,
Өлүм болот акыры анын чындыгы.
«Өлүгүңдү көрөйүн» деп калчу элең,
Өлүм эмне? Көрүп жаның тындыбы?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *